УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

  • 21.04.2022
  • 0

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплекси окуучуларга билим, тарбия берүү менен гана чектелбестен, аларды турмушка да даярдашат.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

Улуттук мектеп – өлкөнүн жүзү

Бул комплексте учурунда мамлекеттик мектепте иштешкен беш директор, он завуч эмгектенет. Команданы түзөөрдө дагы республиканын булуң-бурчундагы эң мыкты деген мугалимдер тандалып алыныптыр. Ошондуктан ишке кирди-чыкты мамиле кылынбайт. Элдин бүйүрүн кызыктырып келген мектептин каржылоосу, негиздөөчүсү тууралуу суроо берилгенде, башкы директор Гүлнара Дайырбекова мындай деди: “Бишкек шаарындагы №68 гимназияда 30 жыл математика предметинен сабак берип иштедим. 30 жылдан кийин гана “КРнын эмгек сиңирген мугалими” деген наамды алдым. Ошол учурда саатына жүз сом коюп, ЖРТга даярдоочу курс ачайын деп жүргөм. Тилегимди бүтүрүүчүм Алмаз ишке ашырды, ал ижарага эки кабинет сүйлөшүп берди. “Аны төлөй албай калам” десем, “ал жагын ойлонбоңуз” деди. Ал курсту 3-4 жыл иштеттим. Материалдык кызыкчылыгымды ойлосом, ал жер мага ыңгайлуу болчу. Эч кимге көз каранды эмес элем. Ал жерде дагы мыкты команда менен иштедим. Өзүбүзчө отурганда кыялданып, улуттук  мектеп ачсак дечү элек. Кыялданып жүргөндө азыркы имараттын ээсине, ал дагы биздин бүтүрүүчүбүз, жолугуп калдым. Сүйлөшүп отуруп, кыялымды айтсам эле, “Эже, менде имарат бар, бир жыл ижара төлөбөй эле мектебиңизди  ача бериңиз”, — деди. Келип көргөндөн кийин мектеп ачса болот экен десем, Элдияр деген бүтүрүүчүм 2 млн сомго мектепке ылайыктуу эмеректерди жасап, алып келип берди.  Ошентип, кыялдарым орундалып, мектепти ачып калдык,  — дейт башкы директор.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

Гүлнара айымдын эң башкы максаты —  эркин, чыгармачылык менен иштөө. Ошол кыялы орундалып, ишке ашып отурат. Маселен,  мамлекеттик мектепке шахматты, комузду сабак катары киргизүүгө болбойт.  Ошондой эле англис менен немис тилдерин каалагандай окутуу программасына да киргизе алмак эмес.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

— 1-4-класска чейин милдеттүү түрдө шахмат менен комуз сабактары эки сааттан киргизилген. 5-класстан кийин кааласа улантып, комузду үйрөнө берет, каалабаса төрт күү менен калат. Мен айтайын дегеним, Казакстанда менчик мектептер мамлекеттик эсептен эле типтүү имараттарда турушат. Менин дагы бир максатым —  мамлекеттик типтүү салынган имаратты ижарага алуу. Көп эле имараттар ээн турат. Бизге ижарага берсе, мамлекеттин эсебине каражат түшүп турмак. Экинчиден, сырттан бирөө-жарым келип калса да, окутуу кыргыз тилиндеги  улуттук мектепти мактанып, уялбай көрсөтмөкпүз, — дейт Гүлнара Мелисовна.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

Анын кыялында келечекте чет өлкөдөн келгендерге көрсөтүү үчүн заманбап стилде салынган имаратка кирүү. Ошонун ичин улуттук баалуулуктарга байытып, кыргыз, орус, англис, немис тилинде мыкты сүйлөй алган күчтүү окуучуларды чыгарган кыргыз мектеп болсо десе “ак эткенде, так этип” жаткан учуру.

Жакында эле химия сабагы боюнча Кытай мамлекети өткөргөн  альтернативдүү  олимпиадага катышкан  1760 баланын ичинен “Креатив-Таалим” ББКнын 11-классынын окуучусу 11-орунга чыккан.  Ал эми бул мектептин бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан жогорку балл алып, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттеги жогорку окуу жайларда окуп жатышат.

Боз үй көтөрүү

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин башкы директорунун ийримдер боюнча орун басары Жылдыз Сарыгулованын айтымында, окуучулар сабактан кийин өздөрү тандап алган ийримдерде билим алышат. 8-9-10-класстын окуучулары мугалимдердин жардамы менен боз үй жасап жатышат. Бул сабакка жынысына карабай бардык окуучулар тартылган.  Маселен, боз үйдүн чийин, керегелерин, түндүгүн жасоого эркек эле балдар тартылса, калган ички, тышкы жабдыктарын даярдоого эркек да, кыз да окуучулар катышат.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

— Боз үйдүн тегиречесин жөрмөп, оюп, бастырып, жээктешет.  Өрмөктү да азыр жасап жатышат. 3-4-класстын окуучулары боз үйгө илип койчу китеп кап жасашты. Боз үй тигип, чечкенди үйрөнүп жатышат. Ал эми 0-класстын окуучулары  боз үйдү тартып, тиккенди үйрөнүшүүдө, — дейт директордун орун басары.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин мугалимдери Аксана Молдалиева менен Айжан Асанкулова элдик кол өнөрчүлүк боюнча, т.а. «Боо согуу (өрүү)» жана “Боз үйдүн чачысы» ыкмасын иштеп чыгып, кенже курактагы  жана жогорку класстагы окуучуларга мастер-класс өтүп турушат. Дегеле улуттук мурастарга өзгөчө басым жасалган мектепте балдар кичинекей кезинен эле боз үй, комуз, калпак, аттын жабдыктарын ж.б.у.с. улуттук баалуулуктарга сугарылып эле тим болбостон, анын тарыхын да изилдеп окушат.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

— Ыкманы окуучуларыбыз дээрлик өздөштүрүп кетишти. Заманбап билим берүү технологиялары окуучулардын чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн ачып, өнүктүрөт. Чыгармачылыкта кылым карытып келген кыргыз элинде не деген таланттар, не деген гана өнөр адамдар кездешпейт. Бүгүнкү күндө  мына ушундай кол өнөрчүлүктү окуучуларга үйрөтүп жатабыз. Негизинен боону кадимки эле жиптен согуп же өрүп, кооз оймолорду, ар кандай көчөттөрдү түшүрүү менен бирге түстөрдү айкалыштырып, бир кооздукту жаратуу ыкмасын үйрөттүк. Ал эми боз үйдүн чачысы өзүнчө бир сабак, аны ромбик түрүндө жасаса болот. Көл өнөрчүлүк менен тарбияланган балдардын тырышчаактыгын байкоого болот. Көнүгүүлөрдүн натыйжасында колдор жана манжалар күчкө, жакшы кыймылга жана ийкемдүүлүккө ээ болот. Баланын акыл-эсинин өрчүшүндө кол жана манжалардын таасири чоң. Анткени мээдеги көрүү, угуу, сүйлөө, кабыл алуу жана эс тутум үчүн жооп берген нерв системалары алакан менен түздөн-түз байланышкан. Ушундан улам манжа көнүгүүлөрүн жасоо майда моториканын өнүгүшүнө түрткү болот. Майда моторика – кол жана буттардын манжаларынын так кыймылдарды аткаруусундагы нерв, булчуң жана сөөк системаларынын координацияланган кыймылы болуп саналаарын барыбыз жакшы билебиз. Баланын колу, манжалары канчалык кыймылсыз болсо, анын логикалык ой жүгүртүүсү, сүйлөөсү дагы ошончолук жай өрчүйт. Ошондуктан окуучулар менен манжа жана колду активдүү кыймылга келтирген ою түшүрүү, жиптен боз үйдүн боолорун согуу, чачыларын өрүү ыкмаларына көбүрөөк басып жасап жатабыз, — дейт сүрөтчү-педагог Аксана Молдалиева.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

 

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

Ийримдер балдарды өнөргө шыктандырат

Биз барган учурда 4-класстын окуучулары “Билим фестивалына”  А.Н.Толстойдун “Алтын ачкыч, же Буратинонун окуялары” (1936) жомогун даярдап жатышыптыр. Баары тең татынакай кийинип алып, жомоктогу ар бир каармандын ролун такылдап аткарып жатышты. Андан өйдө бассак ат жабдыктары эмнеден турат, кантип атты токуйт деген суроого окуучулар биринен бири өтүп, талашып жооп берип жатышты.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

Андан соң, балдардын бий ийриминде кара жоргону бийлөө техникаларын үйрөнүп жатканына күбө болдук. 4-класстын окуучулары кыргыздын ыйык аспабы комузда кол ойнотуп, төрт жылдын ичинде төрт күүнү кадимки чоң комузчулардай ойноп калганын көрдүк. Кийинки ийримде башталгыч класстын окуучулары немис тилинде ырдап, бийлеп жаткандары бизди кубандырбай койгон жок.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА ОРДОСУ

Тил Кыргызстанга жеткирди

Филадельфиядан келген волонтер жигит Марк Уияльямга жолуктук. Ал англис тилин башталгыч класстын окуучуларына тил алып жүрүүчү катары сабак берип жатыптыр. Эң башкысы, башталгыч класстын мугалимдери бир эле кыргыз тилинде эмес, англис тилинде мыкты сүйлөгөндөрү абдан кубантты. Анткени волонтер Марк менен сүйлөшүп жатканда, айрым сүйлөмдөрдү англис тилинен мугалим кыйналбай эле которуп жатты.

— Бардык окуучуларды жактырам. Филадельфиянын окуучуларына салыштырмалуу  бул жердеги окуучулар менен кызыктуу сабак өтсө  болот. Кыргызстанда балдарды окутканга мүмкүнчүлүк бар, ал эми бизде мугалимдердин  эмгек акысы жогору, — дейт волонтер.

Улуттук мектепте ар бир окуучунун жөндөмүнө жараша ийримдерди тандап алып, кичинекей кезинен эле окуп жатканы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Маселен, мектептин ичин түрө кыдырып, мугалимдер, окуучулар, жетекчилер менен баарлашкандан кийин мен дагы неберелеримди ушул гана мектепке берүүнү чечтим. Анткени ааламдашуу доорундагы балдар өз тилибизди, дилибизди билбей калганы мени ойлондуруп жүрдү эле. Көрсө, өзөгүн билген бала башка тилдерди дагы кыйналбай эле үйрөнүп, саймедиреп сүйлөйт экен. Башталгыч класстын эки окуучусу таптак орус тилинде Украинда болуп жаткан саясий кырдаалды анализдеп жатканын угуп таң бердим. “Келечегибиз кең, уучубуз кур эмес” экен деп, сүйүнгөн бойдон менен кесиптешибиз экөөбүз жумушубузга жөнөдүк.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,

Сүрөттөрдү тарткан Нурзат КАЗЫБЕКОВА

 

Бөлүшүү

Комментарийлер