УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ

  • 11.05.2022
  • 0

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплекси окуучуларга билим, тарбия берүү менен гана чектелбестен, аларды турмушка да даярдашат.

Улуттук мектеп – өлкөнүн жүзү

Бул комплексте учурунда мамлекеттик мектепте иштешкен беш директор, он завуч эмгектенет. Команданы түзөөрдө дагы республиканын булуң-бурчундагы эң мыкты деген мугалимдер тандалып алыныптыр. Ошондуктан ишке кирди-чыкты мамиле кылынбайт. Элдин бүйүрүн кызыктырып келген мектептин каржылоосу, негиздөөчүсү тууралуу суроо берилгенде, башкы директор Гүлнара Дайырбекова мындай деди: “Бишкек шаарындагы №68 гимназияда 30 жыл математика предметинен сабак берип иштедим. 30 жылдан кийин гана “КРнын эмгек сиңирген мугалими” деген наамды алдым. Ошол учурда саатына жүз сом коюп, ЖРТга даярдоочу курс ачайын деп жүргөм. Тилегимди бүтүрүүчүм Алмаз ишке ашырды, ал ижарага эки кабинет сүйлөшүп берди. “Аны төлөй албай калам” десем, “ал жагын ойлонбоңуз” деди. Ал курсту 3-4 жыл иштеттим. Материалдык кызыкчылыгымды ойлосом, ал жер мага ыңгайлуу болчу. Эч кимге көз каранды эмес элем. Ал жерде дагы мыкты команда менен иштедим. Өзүбүзчө отурганда кыялданып, улуттук  мектеп ачсак дечү элек. Кыялданып жүргөндө азыркы имараттын ээсине, ал дагы биздин бүтүрүүчүбүз, жолугуп калдым. Сүйлөшүп отуруп, кыялымды айтсам эле, “Эже, менде имарат бар, бир жыл ижара төлөбөй эле мектебиңизди  ача бериңиз”, — деди. Келип көргөндөн кийин мектеп ачса болот экен десем, Элдияр деген бүтүрүүчүм 2 млн сомго мектепке ылайыктуу эмеректерди жасап, алып келип берди.  Ошентип, кыялдарым орундалып, мектепти ачып калдык,  — дейт башкы директор.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ

Гүлнара айымдын эң башкы максаты —  эркин, чыгармачылык менен иштөө.  Маселен,  мамлекеттик мектепке шахматты, комузду сабак катары киргизүүгө болбойт.  Ошондой эле англис менен немис тилдерин каалагандай окутуу программасына да киргизе алмак эмес.

— 1-4-класска чейин милдеттүү түрдө шахмат менен комуз сабактары эки сааттан киргизилген. 5-класстан кийин кааласа улантып, комузду үйрөнө берет, каалабаса төрт күү менен калат. Мен айтайын дегеним, Казакстанда менчик мектептер мамлекеттик эсептен эле типтүү имараттарда турушат. Менин дагы бир максатым —  мамлекеттик типтүү салынган имаратты ижарага алуу. Көп эле имараттар ээн турат. Бизге ижарага берсе, мамлекеттин эсебине каражат түшүп турмак. Экинчиден, сырттан бирөө-жарым келип калса да, окутуу кыргыз тилиндеги  улуттук мектепти мактанып, уялбай көрсөтмөкпүз, — дейт Гүлнара Мелисовна.

Анын кыялында келечекте чет өлкөдөн келгендерге көрсөтүү үчүн заманбап стилде салынган имаратка кирүү. Ошонун ичин улуттук баалуулуктарга байытып, кыргыз, орус, англис, немис тилинде мыкты сүйлөй алган күчтүү окуучуларды чыгарган кыргыз мектеп болсо десе “ак эткенде, так этип” жаткан учуру.

Жакында эле химия сабагы боюнча Кытай мамлекети өткөргөн  альтернативдүү  олимпиадага катышкан  1760 баланын ичинен “Креатив-Таалим” ББКнын 11-классынын окуучусу 11-орунга чыккан.  Ал эми бул мектептин бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан жогорку балл алып, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттеги жогорку окуу жайларда окуп жатышат.

Боз үй көтөрүү

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин башкы директорунун ийримдер боюнча орун басары Жылдыз Сарыгулованын айтымында, окуучулар сабактан кийин өздөрү тандап алган ийримдерде билим алышат. 8-9-10-класстын окуучулары мугалимдердин жардамы менен боз үй жасап жатышат. Бул сабакка жынысына карабай бардык окуучулар тартылган.  Маселен, боз үйдүн чийин, керегелерин, түндүгүн жасоого эркек эле балдар тартылса, калган ички, тышкы жабдыктарын даярдоого жынысына карабай бардык окуучулар катышат.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ

— Боз үйдүн тегиречесин жөрмөп, оюп, бастырып, жээктешет.  Өрмөктү да азыр жасап жатышат. 3-4-класстын окуучулары боз үйгө илип койчу китеп кап жасашты. Боз үй тигип, чечкенди үйрөнүп жатышат. Ал эми 0-класстын окуучулары боз үйдү тартып, тиккенди үйрөнүшүүдө, — дейт директордун орун басары.

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин мугалимдери Аксана Молдалиева менен Айжан Асанкулова элдик кол өнөрчүлүк боюнча, т.а. «Боо согуу (өрүү)» жана “Боз үйдүн чачысы» ыкмасын иштеп чыгып, кенже курактагы  жана жогорку класстагы окуучуларга мастер-класс өтүп турушат. Дегеле улуттук мурастарга өзгөчө басым жасалган мектепте балдар кичинекей кезинен эле боз үй, комуз, калпак, аттын жабдыктарын ж.б.у.с. улуттук баалуулуктарга сугарылып эле тим болбостон, анын тарыхын да изилдеп окушат.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ

— Ыкманы окуучуларыбыз дээрлик өздөштүрүп кетишти. Заманбап билим берүү технологиялары окуучулардын чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн ачып, өнүктүрөт. Чыгармачылыкта кылым карытып келген кыргыз элинде не деген таланттар, не деген гана өнөр адамдар кездешпейт. Бүгүнкү күндө  мына ушундай кол өнөрчүлүктү окуучуларга үйрөтүп жатабыз. Негизинен боону кадимки эле жиптен согуп же өрүп, кооз оймолорду, ар кандай көчөттөрдү түшүрүү менен бирге түстөрдү айкалыштырып, бир кооздукту жаратуу ыкмасын үйрөттүк. Ал эми боз үйдүн чачысы өзүнчө бир сабак, аны ромбик түрүндө жасаса болот. Көл өнөрчүлүк менен тарбияланган балдардын тырышчаактыгын байкоого болот. Көнүгүүлөрдүн натыйжасында колдор жана манжалар күчкө, жакшы кыймылга жана ийкемдүүлүккө ээ болот. Баланын акыл-эсинин өрчүшүндө кол жана манжалардын таасири чоң. Анткени мээдеги көрүү, угуу, сүйлөө, кабыл алуу жана эс тутум үчүн жооп берген нерв системалары алакан менен түздөн-түз байланышкан. Ушундан улам манжа көнүгүүлөрүн жасоо майда моториканын өнүгүшүнө түрткү болот. Майда моторика – кол жана буттардын манжаларынын так кыймылдарды аткаруусундагы нерв, булчуң жана сөөк системаларынын координацияланган кыймылы болуп саналаарын барыбыз жакшы билебиз. Баланын колу, манжалары канчалык кыймылсыз болсо, анын логикалык ой жүгүртүүсү, сүйлөөсү дагы ошончолук жай өрчүйт. Ошондуктан окуучулар менен манжа жана колду активдүү кыймылга келтирген ою түшүрүү, жиптен боз үйдүн боолорун согуу, чачыларын өрүү ыкмаларына көбүрөөк басып жасап жатабыз, — дейт сүрөтчү-педагог Аксана Молдалиева.

 

STEAM-боз үй

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ

Жакында комплекстин жамааты  STEAM-боз үй долбоорун ата-энелерге презентациялашты. Узак мөөнөттүү долбоорду эң билимдүү, жигердүү, республикалык масштабда чоң эмгектерди жасап келаткан, т.а.  “Айбилим” билим платформасынын ээси, заманбап технология боюнча окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Касымбек Жамалбеков жетектеген.

 

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ

— STEAM багытындагы иш-чарабызга окуучулар эле эмес, мугалимдер дагы көп маалымат топтоп, билимибизди байыттык. Балдарга үйрөтүү үчүн өзүбүз үйрөнүшүбүз керек болду. Окуучулар ар бир предмет боюнча боз үйдөгү илимди изилдешти. Ата-бабаларыбыздын акылман болгондугуна баа да, таң да бердик. Боз үйдүн тегерегинде өтө чоң илим камтылган экен. Биз кичинекей эле тамчысын көрсөттүк. Аны жөн эле изилдеп койбостон, окуучулар менен мугалимдер чогуу бардык жабдыктарды өз колдору менен жасап чыгышты. Өз колдору менен жасаган үчүн балдар баарына аяр мамиле жасап калышат экен. Кыргыз мектеп болгон үчүн улуттук баалуулуктарды даңазалоо багытында мындай иш-аракеттерди уланта беребиз, — деди долбоордун жетекчиси.

 

 

Боз үйдөгү илим, тарбия, салт-санаа, үрп-адатты жайылтуу жана кыргыз элинин баалуулуктарын даңазалоо – мектептин миссиясы.

Бул иш-чарага чейин аттардын түрү, өзгөчөлүктөрү, ат жабдыктардын аталышы тууралуу болгон экен. Комплекстин генералдык директору Гүлнара Дайырбекованын айтуусунда, негизги иш-чаралардын максаты – илим менен улуттук баалуулуктарды айкалыштыруу.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ

— Негизги мииссия — ата-энелерге балдардын алган билиминен сырткары алардын сүйлөгөн сөзүнөн, баскан-турганынан рахат алсын, сүйүнсүн деп уюштурдук. STEAM-боз үй  иш-чарасына 51 окуучу катышты. Мектепте бир гана билим берүү эмес, жашоого да даярдоо керек.УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ Эртеңки күнү балдардын арасынан кандайУЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ сонун адамдар чыгат. Булардын келечеги кең, кезегинде элдин алдына чыгып сүйлөшү, команда менен иштеши мүмкүн. Биздин максат – турмуш көндүмдөрдү калыптандыруу. Бир гана предметтерди терең билбестен, адамдар менен мамиле түзүүнү, өз оюн дыккан, так айта алган, өзүн алып жүргөндү, эмоциясын башкара билүүнү  үйрөткөнгө туура келет. Үгүттөөгө караганда, үлгү көп таасир этет дейт. Андыктан мугалимдер жумасына үч жолу чогулуп, чогуу иштеп, сабырдуулук, чыдамкайлык менен үйрөткөнгө аракет кылышты. Ата-энелер балага улуттук баалуулуктарды жүрөгүнө сиңиргенге мүмкүнчүлүктөрү жок. Биздин окуу комплекс  кылымдар жашаган комплекс боло турган болсо, ошонун керегесин кең кылып, түндүгүн көтөрө турган — бул биздин окуучулар. Өткөөл куракта балдарды алаксытуу керек эле, ал миссиябыз дагы ишке ашты. Ата-эненин милдети — баланы жарык дүйнөгө жаратканы эмес, татыктуу тарбия бергени менен бааланат. Башка кишинин баласы үчүн жан дүйнөсү менен жакшы көрүп, анын жасап жаткан ишине сүйүнгөн бир гана кесип – мугалимдик кесип, — деди Г.Дайырбекова.

Ийримдер балдарды өнөргө шыктандырат

Биз барган учурда 4-класстын окуучулары “Билим фестивалына”  А.Н.Толстойдун “Алтын ачкыч, же Буратинонун окуялары” (1936) жомогун даярдап жатышыптыр. Баары тең татынакай кийинип алып, жомоктогу ар бир каармандын ролун такылдап аткарып жатышты. Андан өйдө бассак ат жабдыктары эмнеден турат, кантип атты токуйт деген суроого окуучулар биринен бири өтүп, талашып жооп берип жатышты.

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫН НУКУРА БИЛИМ ОРДОСУ

Андан соң, балдардын бий ийриминде кара жоргону бийлөө техникаларын үйрөнүп жатканына күбө болдук. 4-класстын окуучулары кыргыздын ыйык аспабы комузда кол ойнотуп, төрт жылдын ичинде төрт күүнү кадимки чоң комузчулардай ойноп калганын көрдүк. Кийинки ийримде башталгыч класстын окуучулары немис тилинде ырдап, бийлеп жаткандары бизди кубандырбай койгон жок.

Тил Кыргызстанга жеткирди

Филадельфиядан келген волонтер жигит Марк Уияльямга жолуктук. Ал англис тилин башталгыч класстын окуучуларына тил алып жүрүүчү катары сабак берип жатыптыр. Эң башкысы, башталгыч класстын мугалимдери бир эле кыргыз тилинде эмес, англис тилинде мыкты сүйлөгөндөрү абдан кубантты. Анткени волонтер Марк менен сүйлөшүп жатканда, айрым сүйлөмдөрдү англис тилинен мугалим кыйналбай эле которуп жатты.

— Бардык окуучуларды жактырам. Филадельфиянын окуучуларына салыштырмалуу  бул жердеги окуучулар менен кызыктуу сабак өтсө  болот. Кыргызстанда балдарды окутканга мүмкүнчүлүк бар, ал эми бизде мугалимдердин  эмгек акысы жогору, — дейт волонтер.

Улуттук мектепте ар бир окуучунун жөндөмүнө жараша ийримдерди тандап алып, кичинекей кезинен эле окуп жатканы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Маселен, мектептин ичин түрө кыдырып, мугалимдер, окуучулар, жетекчилер менен баарлашкандан кийин мен дагы неберелеримди ушул гана мектепке берүүнү чечтим. Анткени ааламдашуу доорундагы балдар өз тилибизди, дилибизди билбей калганы мени ойлондуруп жүрдү эле. Көрсө, өзөгүн билген бала башка тилдерди дагы кыйналбай эле үйрөнүп, саймедиреп сүйлөйт экен. Башталгыч класстын эки окуучусу таптак орус тилинде Украинда болуп жаткан саясий кырдаалды анализдеп жатканын угуп таң бердим. “Келечегибиз кең, уучубуз кур эмес” экен деп, сүйүнгөн бойдон менен кесиптешибиз экөөбүз жумушубузга жөнөдүк.

Ата-энелер эмне дейт?

Чолпонбек Тиленбаев, чон ата:

— Бүгүнкү иш-чарада Кыргызстандын келечегин көрүп жатам. Биринчиден, улуттук нарк-насил, баалуулук, боз үйдүн изилдениши тан калтырды. Илгери математика боюнча бирөө диссертация жазып жүргөн. Карасам, ал окумуштуунун жасаганынан дагы, бул билим берүү комплексинин  жамааты андан ашык жасаган иштери көп экен. Менимче, бул мектепке алып келген үй-бүлөнүн келечеги кең болот. 25-30 жеке менчик мектеп болсо, анын 98% орус тилдүү мектептер. Менимче, доллар менен төлөгөн мектептер караганда, бул билим берүү комплекс бардык жагынан жагынан  өтөт.

Тилек, ата:

— 8-класста уулум Азим окуйт. Кыргызстанды сүйөм. Креатив-Таалим ББК ачылганда келгенбиз, шартка байланыштуу башка мамлекетке көчүп кеттик эле. Кайра таап алганыбызга сүйүнүп жатабыз. Боз үй ата-бабабыздан келаткан мурас. Ата-бабаларыбыз ушунчалык билимдүү, акылман болгонун бүгүн окуучулар изилдөөсүндө далилдеп беришти. Сыймыктанам. Боз үйдү окуучулар өз колдору менен жасап, эмгектенгендери таң калтырбай койбойт. Бир дагы чоң кишинин жардамысыз боз үйдү тигишти. Бул мактоого арзыйт. Окуучулар эмес, ата-энелер биз билбейбиз. Баарыбыз Батышты карап жатканда, Кыргызстанда улуттук баалуулуктарга чоң маани бурган мектеп болгону кубандырды. Кыргызстандан кооз, табияты таза бир дагы мамлекет жок.

Динара Жунушова, эне:

— Жаңы ачылганда үч баламды алып келгем. Эки балам жакшы бүтүрүп кетишти. Бир балам И.Раззаков атындагы КУТУнун инженерия факультетинде окуйт, экинчи балам Ата-Түрк колледжинде билим алып жатат. Үчүнчү балам 8-класста окуйт. Мугалимдер абдан күчтүү, мыкты иштерди жасап жатышат. Боз үйдү илим аркылуу далилдешкени абдан жакты. Анан дагы бул изилдөөлөрдү окуучулар иштеп чыккан сайтка жайгаштырылганы ого бетер бизди толкундатты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер