ТУюк ПИКИР – ТУура ЖООП!

  • 17.01.2025
  • 0

Жакында жарыяланган журналист Нина Ничипированын профессор Рустам Тухватшин менен Кыргызстандын билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан кайра курумдардын жүрүшүнө арналган маегинде («Вечерний Бишкек», 09.01.2025) айтылган нерселерге таңгалбаска арга жок. Окумуштуумун деген неменин пикиринде, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, орто жана бийик тоолуу шартта туулуп-өскөн балдарды 6 жаштан мектепке берүү ары дегенде эртелик кылат, бери дегенде кенебестик же кеңкелестик имиш. Кыргызстандын орто жана бийик тоолуу шартында туулган бала физикалык, физиологиялык, психикалык, психологиялык, психопатиялык, акыл-эс жагынан алганда кыйла чабал, ошондуктан баштапкы билим берүүгө азырынча даяр эмес экен. Бир сөз менен айтканда, «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан кайра курумдарга караманча каршы. Чын эле ошондойбу?

Борбордук Азиянын дал толтосунда жайгашкан Кыргызстан – тоолуу өлкө. Анын жалпы аянты 199 миң чарчы чакырымды түзсө, 94 пайызы орто жана бийик тоолуу, ал эми калган жери тайпак тоолуу аймакка кирет. Демек, профессор Рустам Тухватшин мырза айткандай, бул биздин кемчилигибиз эмес, артыкчылык жагыбыз болууга тийиш. Бүтүндөй өлкө аймагында жашаган мекендештерибиз ар дайым тоо койнунун балдарыбыз деп сыймыктанып келебиз, сыймыктана беребиз. Анын жөнү бар.

Бирде чабылып – кайра жаңырып, бирде чачылып – кайра табылып, кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли нечен кылым мезгил көчүндөгү тарых-таржымалында катардагы мамлекет эмес, академик Бартольд айтмакчы, Улуу кыргыз дөөлөтүн (Кыргыз каганатын) түптөгөн, өзүнүн рун жазмасына ээ болгон калк. Байыркы кыргыздан калган ташжазмалар азыр деле бүтүндөй Евразия чөлкөмүндө өткөн-кеткенибизди эске салып турат. Ошонун баары тоо койнунда жетилген ата-бабабыздын сергек акыл-эсинен, орошон ой-туюмунан, уңгулуу улутмандык деминен жаралган.

Биз билгенден, кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз элинин тарых-таржымалында тоо койнунда туулуп-өскөн, баштапкы билим алган, эрезеге жеткенде журт уютуп эл баккан, илим менен илимдин туу чокусун багындырган кыргыздын чыгаан уул-кыздары арбын. Аны кантип танабыз. Анан да бу медицина илиминде “маңыроо бала – алжыган чал, айткандын баарына ылгабай ишене берет” чалагайым теориялык түшүнүгү же акыштуу аныктамасы бар экенин билбейт экенбиз. Баракелде, жолуң болсун.

Алыска барбай эле, кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыптандыруу, Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган өз алдынча Кара-Кыргыз автоном облусун (кара – накта, анык, нукура, чыныгы, көөнө) түзүү демилгесинин башатында турган аталарыбыздын дээрлик баары – тоо койнунун кулуну: Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев. Муну кантип танабыз! Эмне, алардын акылы кыска, тагдыры тайкы, басыгы жаздым, келечеги туюк беле?

Маселен, профессор Рустам Тухватшин мырза бир катар аты-жыты белгисиз кайдагы бир балкаймак соруп, балкондо өскөн илимпоздордун иликтөөлөрүнө таянуу менен, тоо койнунда чоңойгон 7-14 жаштагы балдардын түздүктө өскөн курбалдаштарына караганда, ою менен бою кыйла кыска, ал эми алайлык балакайлар менен чычымдардын салмагы 10 килого чейин жеңил болорун каңкуулайт. Чын эле ошондойбу? Деги акыл менен салмактын кандай катышы бар?

Илимий чөйрөдө “жердигүү” же «жатыгуу» деген түшүнүк бар. Албетте, балкондо өскөн балдарды тоого алып барып таштасаң, бир топко чейин адегенде алсырап, анан жиниге баштайт. Бул утурумдук нерсе. Илимий тилде “жер которуу өнөкөтү” деп коёт. Анан бала бара-бара жергиликтүү тоо шартына жердиге баштайт: жүрүм-туруму оңолот, көңүлү менен табити ачылат, оору-сыркоодон арылат, тулку-бою жазылат, дене-бою чыңалат.

Кыязы, баш-аягын таппаган илимпоз тууганыбыз, жылжыган жылан башын чыгарганы менен, тоо шартын анча билбегени, ал жасаган шилтеме тээ-э совет доорундагы иликтөөлөргө негизделгени байкалып турат. Анын айтымында, таза абада өскөн балдар алыс-жакынды так аныктай албайт, кышкысын көзү кардыгып, көзайнексиз жүрө албайт экен. Деги ушундай кыргыз баласын көрдүңөр беле? Анда өмүрү көзайнек тагынып көрбөгөн  көзгө атар мергендер кайдан чыкты?

Биринчиден, жеке билим эмес, илим менен бийликтин бийик сересине чыккан атуулдарыбыз арбын. Маселен, мамлекет жана илим менен билим башында турган жетекчилерибиздин 94 пайызы тоо койнунда торолгон кишилер болуп чыгат. Береги эле мамлекет башчылары: Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Турдакун Усубалиев, Аскар Акаев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров сындуу толгон-токой инсандарыбыз бийик тоолуу аймакта жетилген. өз заманынын эң билимдүүү адамдары делген академиктер Акаев менен Роза Отунбаеванын Теңир-Тоо сересиндеги Нарын шаарында окуганын билет болду бекен? Албетте, жалаң келди-кетти жоромолго жетеленгенине караганда, кабары деле жок же билмексен болот чыгар.

Ал эми улуттук чыгаан илимпоздордун чордонуна айланган Илимдер академиясында деле дал ошол бийик тоолуу аймактардан чыккан окумуштуулар иштеп келген, иштеп жатат, иштей берет. Мисалы, Илимдер академиясынын президенттери: Иса Ахунбаев, Курмангали Каракеев, Муса Адышев, Мырзабек Иманалиев, Аскар Акаев, Илгиз Айтматов, Турар Койчиев, Жаныбек Жээнбаев же анын азыркы президенти Канатбек Абдрахматов сындуу окумуштуулардын баары жанагы бийик тоолуу шартта чоңойгон жана баштапкы билим алган адамдар.

Маселен, Гиннес китебине кирген Ысык-Көлдөгү Бостери айылын кайда алпарып катабыз. Бир айылдан 4 академик, 17 илимдин доктору, 134 илимдин кандидаты чыгыптыр. Саламдашкан кишиңдин ар бир үчүнчүсү жок дегенде аспирантмын дейт экен. Азыр андан дагы кыйла көбөйдү болуш керек. Жан башына эсептей келгенде, мындай көрсөткүч дүйнөдө жок, туурабы?

Биз бул жерде “жердигүү” деген аныктаманы айланып өтө албайбыз. Ошондуктан бийик тоолуу шартта чоңойгон баланын утурумдук керектөөлөрү эске алынышы керек. Алардын табигый чөйрөсү, тамак-ашы, таалим-тарбиясы таптакыр башка. Ойногон оюну менен тарткан түйшүгү да бөлөк. Ырас, жер-жерлердеги жагдайларга байланыштуу ой-пикир алышуу жана көпчүлүккө аралашуу жаатындагы социалдык чөйрөсү чектелүү. Муну моюнга алышыбыз керек.

Турмуш бир орунда турбайт. Ушу тапта элеттик балдарды бала бакчаларга тартуу, демек социалдык чөйрөгө аралаштыруу жаатында иштиктүү чаралар көрүлүүдө. Буга чейин бала бакчага баргандардын саны 24 пайыздын тегерегинде болуптур, жыл жыйынтыгында 44,3 пайызга жетти. Буюрса, 2026-жылы балдарды бала бакчага тартуу 100 пайыз камсыздалууга тийиш.

Дегеле, элет балдары физикалык жактан чапчаң, шамдагай, турмушка эрте аралашат, мурда жетилет. Буга алардын кыргыз спорт жаатындагы ийгиликтери таасын далил. Алар балкаймак соруп, балкондо өскөн балдардан эмес. Ырас, элет балдарынын энөөлүгү менен баёолугун, бир аз тартынчаактыгын да эстен чыгарууга болбойт. Балким, бул элеттик балдардын башкалардан артыкчылыгы, табигый тазалыгы болуп жүрбөсүн? Муну жогоруда келтирилген турмуштук далилдердин өзү таасын тастыктап турат.

Эң башкысы, жанагы профессормун деген неменин, аны маңдай-тескей отуруп алып, ары-бери калчаган журналисттин “Алтын Казык” мамлекеттик программасы менен жакындан тааныштыгы жоктугу же андагы ынанымдуу жоболорго көңүл бурбаганы байкалып турат. Абай салсак, Кыргызстандын билим берүү тармагын 12 жылдык окутууга трансформациялоодо балдарды 6 жашынан окууга тартып, билим берүү жүрүмүн дагы бир жылга узартуу жөнүндө таптакыр сөз жок. Бул жерде баштагы 0-класс 1-класска которулат, ал эми алардын жалпы окуу мөөнөтү ошо бойдон калды.

Профессордун айтымында, мындан 50 жыл мурда эле балдарды 6 жаштан мектепке тартуу маселеси көтөрүлүп, бирок алардын 37 пайызы жаңы шартка көнө албагандыктан, мындай демилгеден баш тартылган имиш. Ой, “50 жылда эл жаңы, аны баккан жер жаңы” дейт, ошол учурда деле, ага чейин деле, андан кийин деле 5-6 жаштагы балдар мектепте окуп келбеди беле. Ар баланын өсүү деңгээли ар башка экенин жакшы билебиз. Муну кантип танабыз?

Кыскасы, профессор Рустам Тухватшин мырзага жээликме тараптын камчысын чаап, ар кимдин жетегинде жүрө бербей, “Алгачкы бүтүм – алдамчы, ар дайым кайра кайрылгын” деген накыл кепти эске сала кетүүнү туура таптык. Керек болсо, кайра тактап беребиз!

Кемел Белек, «Кут Билим»

КОШУМЧА МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Ушу тапта Кыргызстан 12 жылдык окутууга трансформацияланып, окуунун жаңы стандартына өтө баштагандан бери ата-энелерди класстан-класска көчүрүү, тагыраак айтканда, окуу жылынын жүрүшүндө биринчи класстар дароо эле экинчи класска көчүрүлөбү, балдардын 6 жаштан мектепке тартылышы эртелик кылбайбы деген сындуу соболдор түйшөлтүп келатканы чын. Ал ортодо бизди мына ушундай арабөк ойго түрткүсү келген профессор Тухватшинге окшогон чагымчыл күчтөр дагы жок эмес.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 3-класстан 5-класска, 6-класстан 8-класска, 9-класстан 11-класска которулуу келерки үч жыл аралыгында (2025/2026-окуу жылынан 2027/2028-окуу жылына чейин) сакталат. Окуучу бир жолу гана жогорку класска которула алат. Ал эми 2028/2029-окуу жылынан тарта Кыргызстандын мектептик билим берүү тутуму 12 жылдык окуу мөөнөтүнө толугу менен өттү деп эсептелет.

Ошентип, 12 жылдык окуу башталды. 2024-жылы мектепке барган окуучу келерки окуу жылында 2-класска отуруп, 12 жылдык окууну которулуусуз эле окуй берет. Ал эми 1-11-класстардын программалары 2-12-класстардын программаларына жылдырылат. Маселен, 11 жылдык окутуу мектебинин 3-классынан 5-классына секирик жасаган балдар 12 жылдык окуу программасынын 4-классы боюнча окуусун улантат. Ал 12 жылдык окуу программасы менен окуган, а чындыгында 11-класстын 2- жана 10-классынын программасы боюнча окуган 8- жана 11-класстарына да тиешелүү.

Окуу программасы үзгүлтүккө учурабайт. Ал эми иш ыңгайынын өнүгүшүнө, окуучулардын тапшырмаларды аткаруусуна жараша маал-маалы менен мектептик окутуунун талаптары, сабактын маани-мазмуну өзгөртүлүп турушу мүмкүн. Ошондон улам, 12 жылдык мектептин окуучусу мурдагыга караганда, өз аңдап-билүүсү менен билим деңгээли кыйла артык экенин сезе алары бышык.

Андан тышкары, 480 саатка эсептелген «Наристе» программасы боюнча баштапкы билим берүү класстарында окуган балдардын окуу программалары кыйла жеңилдетилген, 3-чейректе 2 жума кошумча эс алат.

Улуттук билим берүү тармагынын талаптарына ыңгайлаштырылган эл аралык стандарттардагы окуу китептери менен окуу колдонмолору улуттук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша кайра ыңгайлаштырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер