“Ц”  ТАМГА

  • 22.08.2023
  • 0

Редакция: Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун видеоконференция системасы аркылуу 2023-2024-окуу жылына карата усулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар өткөрүлүүдө. Вебинарлар, мастер-класстар 14-августтан 27-августка чейин өткөрүлөт. «Окуу керемет!» долбоорунун адистери өткөн вебинар күндөлүгүнөн.

(1-класс, деңгээли: 1.2,  Кыргыз тили жана адабий окуу)

Күтүлүүчү натыйжалар: Окуучулар

— ырдагы «ц» тамгасы катышкан сөздөрдү туура окушат;

— «ц» тамгасы катышкан жаңы сөздөрдү табышат;

— чыгарма боюнча берилген суроолорго жооп беришет.

Колдонулуучу стратегиялар\ыкмалар: «Жаңырык окуу» ыкмасы, «Негизги тамганы тап» оюну

Керектелүүчү каражаттар: электрондук https://bloomlibrary.org/kyrgyzstan-OkuuKeremet

жана басмадан жарык көргөн китептер, ватман, фломастерлер

Окутууну уюштуруунун формасы: Жекече, жалпы класс менен иштөө

Иштөө кадамдары:

Текст менен таанышканга чейин

1-кадам: Мугалим суроо берет:

Цирк тууралуу эмнелерди билесиңер?

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Текстти окуу учурунда

2-кадам: «Жаңырык» ыкмасын колдонуп, мугалим тексттин улам бир бөлүгүн окуйт, окуучулар мугалимдин артынан кайталап окушат (1-тиркеме).

Доскада көрсөтүлгөн текст баарына даана көрүнө тургандай кылып окуучуларды отургузат.

Мугалим окуйт, окуучулар мугалим окуган темпти сактоо менен анын артынан кайталап окушат. Мугалим окуучуларга байкоо жүргүзүп, окуучуларга окуганга жардам берет.

Эгерде мугалим айрым окуучулардын жетишпей жаткандыгын байкаса, окуучулар текст менен бара-бара таанышып, өз күчүнө ишенүүлөрү үчүн окуу темпин акырындатып, көнүгүүнү бир нече ирет кайталоосу зарыл.

Текст менен таанышкандан кийин

3-кадам: Текстти окуп\угуп түшүнүүсүн бекемдөө максатында суроолор берилет:

  1. Циркте эмнелерди көрүүгө болот экен?
  2. Аюу аренага эмнени айдап чыкты?
  3. Ала таяк кармаган маймыл ким болуп алыптыр?
  4. Цирк оюндары бүткөн соң балдар ыр-бий жаңырган эмне көрүштү?
  5. Силерге да циркке баруу жагабы? Эмне үчүн?

 4-кадам: «Негизги тамганы тап» оюну (2-тиркеме) сөздөрдү шар окууга машыктыруу максатында колдонулат. Бул оюнда ватманга жазылган сөздөрдүн топтому берилет. «Негизги тамганы тап» оюу берилген сөздөрдүн ичинен өтүлүп жаткан тамганы табуу, ал сөздөрдү эстеп калуу жана аларды так, туура айтууга машыктырат.

Бул оюнду башка тамгаларды үйрөтүүдө да колдонсо болот.

Сөздөр ар бир окуучу аларды көрө ала тургандай жайгаштырылат. Алар бири-биринен жеңил айырмалоо үчүн түрдүү түстөрдө, чоң тамгалар менен жазылат.

Мугалим менен окуучулар чогуу иштешет: алар берилген сөздөрдөн “ц” тамгасын таап, аны тегеректеп коюшат.

Сөздөрдү муундарга алакан чабуу менен бөлүп айтышса да болот (цирк, мо-то-цикл, ми-ли-ция, кон-церт, цу-на-ми, це-мент, ци-фра).

Жогорудагы стратегияларды колдонуу менен окууга сунушталуучу китептер

Тамгалар тууралуу жазылган бардык тексттер өтүүдө колдонсо болот. (https://bloomlibrary.org/kyrgyzstan-OkuuKeremet)

1-тиркеме

«Ц» тамгасы

Циркке барсак кечинде,

Эл көп болду жайнаган.

Таң калтырды аюулар,

Мотоцикл айдаган.

Маймыл жүрөт шамдагай,

Ала таяк колунда.

Милиция болуп алыптыр,

Тескеп аюу жолунда.

Шаңдуу ыр-бий жаңырып

Концерт көрдүк соңунда,

Мына ушинтип баарылап,

Көңүл ачуу сонун да!

2-тиркеме

«Негизги тамганы тап» оюну

ЦИРК                      МОТОЦИКЛ

КОНЦЕРТ                      МИЛИЦИЯ

ЦУНАМИ                          ЦЕМЕНТ

ЦИРКУЛЬ                          ЦИФРА

Батма АБДУХАМИДОВА        

Бөлүшүү

Комментарийлер