ТООЛУК БАЛДАР ТООДОЙ БИЙИК
- 20.01.2025
- 0
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, тоо шартында билим алган балдардын физиологиялык, психологиялык, дене жактан өсүп-өнүгүү өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары тууралуу айтып берүүнү алыскы аска зоолуу, көк мөңгүлүү Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында туулуп-өскөн, учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Бейшенбек Исмаиловду кепке тарттык. Cебеби жакында эле Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Рустам Тухватшин мектептик билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүүгө Кыргызстан даяр эмес, мектеп окуучуларынын физикалык өнүгүүсү жашаган жерине жараша, т.а. бийик тоолуу жерде өскөн балдар дене бою, акыл-эси жагынан түз жерде жетилгендерден артта калат деген аргументтерди келтирди.
— Бейшенбек Байдылдаевич, “Ааламга жол айылдан башталат” дегендей, Сиз тоого чукул айылда төрөлүп, чоңойгондон кийин бийик тоолуу жерде өскөн балдардын физиологиялык, психологиялык, дене жактан өсүп-өнүгүүсүн жакшы билет болушуңуз керек. Чын эле тоолук балдар түз жерде жетилгендерден бардык жактан артта калабы?
— Адам баласынын боюнун бийик өсүүсү көп нерседен таасир этет. Биринчиден, ошол жерде жашаган элдин генофондуна, рассасына, ар кандай улуттар менен аралаш никеге (смешанные браки) байланыштуу жана жашаган жеринен болот. Мисалы, бийик тоолуу шарт, нымдуу, суу жана ысык климаты, жеген азык-түлүгү, экологиялык абалы, коопсуздугуна байланыштуу. Түштүк-Чыгыш Азиядагы Филиппин, Лаос, Вьетнам мамлекеттери деңиз деңээлинин чегинде турса деле адамдардын бойлору кичинекей. Ал эми скандинавиялыктар суук жерде жашаганы менен узун бойлуу келет.
Тоолуктардын жана түздүктөгү балдардын дене бою боюнча айырмачылык бар. Себеби түздүктөгү айылдар тоолордун арасында жайгашкан. Шаардык балдар спорт менен машыкпаса, арыкчырай же семиз болот. Себеби алар болгону таштанды төгүп, дүкөнгө барып керектүү нерселерди сатып келгенге ата-энелерине жардам беришет. Көп учурда интернетте отурушат. Айылдык балдардын түйшүгү: үйдөгү короо тазалоо, суу алып келүү, малдарды жайлоо ж.б. кыймыл-аракеттери көп. Таза абада көп жүрүшөт. Айылдыктар шаардыктардан кем калбайт. Телефон, интернетти пайдаланганды жакшы билишет. Айылдык балдардын жашоосунун көбүнчөсү эле дене тарбия менен өтөт. Статистикага карасак, республикадагы илимдүү-билимдүү, бийик деңгээлге жеткен инсандардын 90%дан ашыгы айылдан чыккан тоолуктардан турат.
Кыргызстандагы эң бийик, күчтүү инсан Кожомкул балбан, атасы Каба, энеси Алмадай. Суусамырдан чыккан. Ал эми эң узун адам Жеңишбек Ак-Талаадан болгон. Акылдуу датка энебиз Курманжан Алайдан.
Баланын тарбиясын, билимин өстүрүүдө кеч калбаш керек. Азыркы шартта алты жаштагы баланын жашына ылайык программа түзүлсө окутууга болот. Жаш баланы кайсы жашта болбосун окутуу оңой. 15-16 жаштан кийин кеч болуп калат, кыйын.
— Гипоксиядан улам мектеп окуучулары физикалык жактан бат чарчашат, сабакта чаалыгып, жада калса бат-бат дем алуусу да мүмкүн, түздүктө үндүн кайдан чыгып жатканын так аныктоого болот, анткени тоодогу жаңырыктан улам муну жасоо оңой эмес. Ал эми кычкылтектин жетишсиздигинен көпкө жана узун сөз айкаштары менен сүйлөө тоолуктар үчүн кыйын дейт профессор. Сиз ушундай аргументке кандай жооп берет элеңиз?
— Ар бир бала төрөлгөн жеринин абасына, климаттык шартына жана жашоо өзгөчөлүктөрүнө жараша өсөт. Мисалы, бийик тоолуу жерде абанын сейректеши көпчүлүк убакта улгайган организмге көп таасир берет. Ал эми жаш балдарга гипоксия эритроциттердин көп болушун шарттап, мээсинин иштешине эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Алсак, спортсмендерди тоолуу шартта машыктырганда организм тез калыбына келет. Айылдык балдар суукка карабай жука кийим менен эшикте ойноп жүрөт. Шаарда өскөн балдар жылуу кийинсе да ооруп калат.
Кыргызстандын 95% аянты тоодон турат. Өткөн кылымдарда шаар менен айылда жашагандардын айырмасы болгон. Айылда таза суу, телерадио жокко эсе болгон, маалымат аз эле. Бирок ошол эле кыздар-балдар бир сөз орусча билбей туруп, институт, техникумдарда окуган кездерде 1-1,5 жылдан кийин ыңгайлуу өрөөңдө жашаган замандаштарын артка калтырып, кызыл диплом менен окууну аяктап, аспирант, илимдин докторлору болгон. Тоолуу шартта жашаган балдардын шаардыктардан психикалык жактан эч айырмасы жок. Учурда айылда шаардагыдай эле ванна, душ, таза суу, интернет, ТВ, баары бар. Айылдык балдардын тили же англисче, же орусча чыгып жатат. Тоолук балдардын мойнунда үйдөгү майда жумуштар: короо тазалоо, музоо, козу, улактарды айдоо, атка минүү ж.б. көп болгондуктан, физикалык жактан дене-бою чымыр келет, ал эми аң-сезими, керек болсо, шаардыктардан алдыда турат. Профессор айткандай, балдар адашып кетет дегендер шаарларда, жапыз жерлерде жайгашкандарга тиешелүү, айылдыктар адашпайт.
Балдардын тилинин өнүгүшү төрт айдан башталып 8-9 жашка чейин болот. Эгер кулагы укпаса дудук болот. Кулактын оорусун айыктырып, 8-9 жашында угуусу калыбына келсе дагы, бала 8-9-жаштан кийин сүйлөбөй калат.
Баланын көрүүсү, угуусу 7-8 жашка чейин абдан өсөт.
Жайлоодогу балдар үндү, жаңырыкты эң жакшы ажыратат. Изилдөөчү адам тоолуу жердеги айылдарды көрбөстөн эле интернеттен көчүрүп, плагиат изилдөө жүргүзгөн окшойт. Болбосо жаңырыктар айыл жеринде болбойт. Ал аска зоолордо, чөп жок жерлерде болот. Жаңырыкты шаардык бала эмес, чоңдору да ажырата албайт.
Дене тарбия сабагында, тыныгууларда алты жаштагы балдарды тынчтандыра албайсың, бир жерде тура албайт, алар чарчашпайт дагы. Ошондуктан таалим-тарбия, билимдин эрте болуусу зыян болбойт. Тоолуу шартта айылдагы апалар, чоң энелер неберелерди, балдарды салт-санаа менен тарбиялашат. Тоолуктардын балдары үчүн билим алуу – бул чоң мотивация. “Ааламга жол айылдан башталат” деп бекеринен айтылбайт. Кычкылтектин аздыгы сүйлөөгө эч кандай тоскоол болбойт. Тескерисинче, эң күчтүү окумуштуулар, ырчы-комузчулар, опералык ырчылар тоолуктардан чыгат. Мисалы, Мыскал Өмүрканова, Муса Баетов, Сагыйна Чечейбаева, Токтобек Асаналиев, Каныкей Эралиева, Боогачы, Калык Акиев, Актан Тыныбеков, Тыныбек манасчы, С.Орозбаков ж.б.
— Бийик тоолуу шарттарда абдан жогорку күн радиациясы болгон үчүн окуучулар кара көз айнек кийиши керекпи?
— Тоолордо инфра-кызыл жана ультра-сыя көгүш (фиолетовый) нурлар көп болот.
Бийик тоолуу деген шкала деңиз деңгээлинен 1800 метрден башталат. Ал эми Кыргызстандагы айылдар 1800-2500 бийиктикте жайгашкан. Кара көз айнек кие турган жерлер 3500-8000 метрлерге туура келет. Кыргызстанда окутуу ачык асманда эмес, мектептерде жүргүзүлөт. Кара көз айнек кийген балдар жокко эсе.
— Профессордун айтымында, тоолордогу эриген кар суусунда электролиттер жок, ал дистилденген, аны эч качан иче албайсың. Ал эми бала аны көзөмөлсүз түрдө колдонсо, анда өпкө жана мээ шишиги пайда болот имиш. Суу туздуу болушу керек деген аргументи дагы бар. Сиз дарыгер катары айтсаңыз, мээдеги шишик эмнеден пайда болот?
— Ичүүчү таза суунун булагы – бул мөңгү, кар, жамгыр болуп эсептелет. Эгер кар, жамгыр жаабаса мөңгү азайса, булактар, дарыялар соолуйт. Учурда Кыргызстанда суу тартыштыгы пайда болууда, кар аз жаап жатат. Дүйнөдөгү мамлекеттер таза, тузсуз сууга муктаж. Изилдөөчүнүн түшүнүгүндө туздуу суу баалуу болсо, дүйнө эли океандан эле сууну алып ичмек. Автор айткан тузсуз кардын жана жаандын суусу аркылуу Кыргызстан сууну сатып албай кенен пайдаланып келет. Ошол мөңгүнүн суусу жерге сиңип булак болуп, мал-жан, өсүмдүктөргө өмүр тартуулап, эң кооз жаратылышты тартуулап келет. Мээнин шишиги мөңгүнүн суусунан эмес, фасфут, химикат, энергетиктен, ГМОлордон пайда болот.
— Алты жаштагы баланын вестибулярдык аппараты өнүгө элек болсо, бул өз кезегинде жаракатка алып келиши мүмкүнбү?
— Бала бакчадагы жана үйдө өскөн балдардын айырмасы чоң. Эне-ата баланы бакчага кандай алып барса, мектепке да алып барышы керек. Мектепке барган бала өз чөлкөмүнө бара турган болсо, тез эле жоопкерчиликтүү болуп, эки-үч айда көнүп, өз алдынча бара алат. Ал эми баланын вестибулярдык аппараты жашына жараша өнүгө берет. Балдар ичке тростун үстүнөн баскан жок да, жыгылса дагы салмагы жеңил болуп, жаракат албайт. Бул жерде «надкостница» (сөөктү каптаган ткандар) балдардыкы калың, чоңдордуку жука болот.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер