ТИЛИБИЗДИ ҮЙРӨТӨ БИЛЕЛИ

  • 15.04.2022
  • 0

Кыргыз тилин онлайн окутуу аркылуу чет өлкөлөрдөгү мекендештердин жана башка улуттагылардын үйрөнүүсүнө жол ачуу боюнча Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Талант Жайлообаев жакшы демилге көтөргөндүгү жөнүндө мурда кабарлаган элек. Бул иштин алгачкы жыйынтыгы чыгарылып, конкурстун жеңүүчүсү Гүлзада Осокеевага 100 000 сомдук байге тапшырылды. Ошол аземге катышкандардын сөзүнө көңүл буралы.

ТИЛИБИЗДИ ҮЙРӨТӨ БИЛЕЛИ

Эң башкы баалуулукту барктай билели

Талант ЖАЙЛООБАЕВ:

– Мен өзүм эне тилимди билбей өскөнмүн. Демек, улуттук маданиятыбызды да, тарыхыбызды да билбейм, түшүнүшүм кыйын. Бирок мигранттардын балдарын жоготуп албашыбыз үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү керек дегендерге кошулбайм.

Эгер тил үйрөтүүнүн азыркы мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алсак, бул маселе кыйла оңой чечилип, мугалимдер да кошумча киреше булагына ээ болушат. Бул мамлекетибиздин экономикасына да пайдалуу иш болот – башка улуттагыларды биздин тилди үйрөнүүгө кызыктырып, алар үчүн ыңгайлуу шарт түзө алсак, өзүбүздүн дүйнөлүк рухий мейкиндиктеги ээлеген ордубузду кеңейтебиз. Тил үйрөтүү туризмдин өнүгүшүнө да түрткү болот.

Интернетте англисчени үйрөнүүчүлөр үчүн кызыктуу жана пайдалуу тиркемелер абдан көп экен. Дүйнөдө көптөгөн адамдар жыл сайын улам жаңы тилдерди өз алдынча эле үйрөнө беришет. Алар Google’дан, мисалы, KG дегенди караса, Кыргызстан жөнүндө кишини өзүнө тарткыдай маалымат аз, тилди үйрөтүү ресурстары жокко эсе экенин көрөт да, “аа, бул тилди үйрөнө албайт экенмин, булардын өзгөчө кызыктуу баалуулуктары деле жок окшойт” деп башка тилге өтүп кетет.

Туристтер келгенде жол киреге, тамак-ашка, конгон жерине канча акча сарптайт! Миң киши миң доллардан эле апкелсе, биздин экономикага кандай салым болот!

Биз кыргызчаны үйрөнө, үйрөтө албасак, биздин тилде жакшы китептер жазылбайт.

Бул конкурска 30дай мугалим катышты. Эми бул ишти улантып, кеңейтип кете алсак, жакшы. Болбосо максатыбызга жетпей калабыз. Биздин көздөгөнүбүз тил үйрөнүүдөгү, үйрөтүүдөгү интернеттин эбегейсиз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү эле. Жүз миң сомдук байгени Казакстандагы мекендештер чогултуп беришти. Биз Баткен окуяларынан кийин да жардам уюштуруп, бир тайпа балдардын Ысык-Көлгө келип эс алуусун каржылаганбыз.

Эми бул ишти улантуу үчүн эстафета катары Камчаткадагы мекендештерге өткөрдүк. Нооруздан кийин алар баштайт. Алар бизден жакшыраак иштейт деп ойлойм. Мен ютубду пайдалансам, алар тик-токту да колдонуп, англисчени да кошобуз дейт.

Кийинки жылы Америкадагы туугандарга өткөрөлү деп турабыз. Каталарыбызды жоёлу, жазуучу, журналист, окуу китеп жазган авторлор болуп чогуу иштейли.

Турат АЛЫБАЕВ,
“Жылдыз академия” уюмунан:

– Мен окуган система менен баламды окутуп жатасыңар деди го бир депутат билим берүү министрине. Асылбек агайга да, онлайн университетке да жардам бере албадым. Ошондуктан окуучулар жана кесиптештер менен биргеликте ыңгайлуу тиркеме иштеп чыгууну көздөдүк. Муну ишке ашыруу үчүн жыл сайын 150 миң доллар жумшоо керек. Сүрөөнчү болоюн дегендер бар. Мисалы, Казакстандагы ишкерлерибиз айына миң доллардан берип туралы дешти. Бирок бул акча маселени чечпейт, ошондуктан албай коё туралы дедик.

«Отун жаргың келсе, балтаңды курчут» дегендей, эми балдарды даярдап жатабыз. Биргелешип иштесек, жакшы тиркеме болот.

Былтыр 2700 адамды IT боюнча акысыз курстардан өткөрдүк. Ошол бүтүрүүчүлөр азыр интернеттеги кыргызча маалымат булактарын көбөйтүүгө аракет кылып жатышат. 30дай долбоор менен иштешет. Эми биздин тилде маалыматтар мурдагыдан көбүрөөк чыга баштаптыр. Бул аз, бирок кичинеден болсо да жылыш бар экени сүйүндүрөт.

Асылбек МАДАЛИЕВ,
“Санарип мугалим” долбоорунун негиздөөчүсү:

– Өтө орчундуу маселени козгоп жатасыздар. Кыргыздын кайдыгер эмес жарандары бирге иштеши керек. Мен 2014-жылы Кытайдын Ланьчжоу университетинде билим алдым. Эң оор тилдердин бири болгон тилин кытайлар миллиарддарды сарптап, дүйнө жүзүндөгү адамдарды акысыз окутуп жатат. Биз да ошондой программалар боюнча барган элек. Бардык өлкөлөрдөн барышат, анткени акысыз окутушат, жатакана, тамак-аш бекер, стипендия бар.

Кытайдын негизги максаты – өз тилин жайылтып, кытайлаштыруу саясатын жүргүзүү. Алар өз тилинин баркын англис тилиндей көтөрүүнү көздөшөт.

Мунун аларга кандай пайдасы бар? Каалаган мамлекетте кытайлар ээн-эркин иштей ала турган болот. Он жылдай мурун котормочуга миң доллар төлөшсө, азыр ар бир алтынчы адам бул тилди билгендиктен, котормочулар 500 долларга, көпчүлүгү 20 миң сомго эле иштеп калды. Бул кытай компанияларынын иштеши үчүн мүмкүнчүлүктү кеңейтет. Он жыл мурун Африкага же башка жактарга барып, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен сүйлөшө албай, котормочу таппай кыйналып жаткан болсо, азыр ар бир алтынчы адам кытайча билет.

Биздин тил жоголуп кетүү коркунучуна туш келген тилдердин катарында калууда. Эгер биз өзүбүз эне тилибизди колдонбосок, заманбап нерселерди кыргыз тилинде иштеп чыкпасак, жаңы муун даяр маалымат көп деп англис тилине, инвесторлор менен иштешкенге жакшы деп кытай тилине өтүп кете берет. Тил жоголсо, кыргыз мамлекети да жок болот.

Ошондуктан биз колдон келгендин баарын эне тилибизде даярдашыбыз керек. Мисалы, бүгүн мага бирөө чалып, эмне үчүн “Санарип мугалим” конкурсун кыргыз тилинде гана өткөрөсүңөр, орус тилинде да уюштурбайсыңарбы дейт. Бирок кыргызча сурап жатат. Биз эки кыргыз бири-бирибиздин сөзүбүздү түшүнбөй, башка тилде сүйлөшөбүзбү? Кыргыз тили ошончолук жардыбы?

Албетте, биз башка тилдерди үйрөнбөгүлө, жалаң гана кыргызчаны билгиле дебейбиз. Англис тилин билсеңиз, канча миллиард адам менен сүйлөшө аласыз, сиздин алдыңыздан миллиондогон эшиктер ачылат. Кытай, япон ж.б. тилдерди да үйрөнө бериш керек. Бирок эне тилибизди унутпайлы. Эки кыргыз бири-бири менен башка тилде сүйлөшүүдөн уялышы керек.

Мурдагы доордон” азыркыга келели

Бийик РЫСКУЛОВ, мугалим:

– Бизде мугалимдердин эки тобу бар. Биринчи топтогулардын ой-санаасы, дүйнө таанымы Советтер Союзунда калып кеткен. Газдалган сууну бир эле стакандан чайкап коюп иче берчүбүз, эч кандай оору жок, ширеңке бир тыйын эле ж.б. деп өткөн доорду көп эстешет, кайра ошондой заман болсо дешет. Алар азыркы Кыргызстанга ыңгайлаша албай жатышат. Экинчи топтогулар – эгемендикке жеткенден кийин бойго жеткен жаштар. Орто жана улуу муундагылардын арасында жаңы доордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланып, өзгөрүүлөр канчалык зарыл экенин түшүнгөндөр бар. Бирок кыйла аз.

Азыр жазуу иштери боюнча орус тилинде даяр нерселерди интернеттен эле көчүрүп келишет, ошол материал жайгаштырылган беттеги уятсыз жарнамаларга чейин кошуп салышат. Кийин өзүм сабак бере баштаганда студенттерге: “Көчүрсөңөр да маалымат булактарын белгилеп, керектүүсүн иргеп, туура иреттегиле, тема боюнча суроолорго жооп бере алгыдай болгула”, — дейм.

Мектепте кыргыз тилинен начар баа алган башка улуттагы балдар ийримге келгенде өздөрүн эркин сезип, биздин тилге кызыгып, үйрөнүп жатышат. Анткени мектепте мугалим адаштыруучу суроолорду берет, балдар “2” алып калам деп кысынат, а биздин ийримде билимге дилгирлик биринчи орунда турат. Жаңы нерселерди үйрөнөм деп келет. Сентябрда “агай” деп орусча тыбыш менен айтып, кыйналып сүйлөгөндөр бир-эки айдан кийин “кутман таңыңыз менен!”, “арыбаңыз!” (жообу – “бар болуңуз”), “кутман күнүңүз менен!”, “кеч жарык!” деп саламдашуунун түрлөрүн эч такалбай, шар айтып, эркин сүйлөшө башташат.

Муктаждыкты эске алуу зарыл. Мына биз отурган китепканага эмне үчүн балдар аз келет? Анткени мындагы китептерде азыркы смартфондор, маалымат технологиясы жөнүндө эч нерсе жок. Бул китептерде “2000-жылдардан кийин байланышуунун өзгөчө каражаттары чыгарылышы мүмкүн” дегендей божомолдор гана табылышы ыктымал.

Англис тилинин кеңири таралышына өбөлгө түзгөн бир жагдай дал ушул алдыңкы технологияларга тикелей байланыштуу болгондугу деп ойлойм. Кыргыз тилине кызыгуу күчөшү үчүн да бул тилде балдарды кызыктыргыдай нерселерди чыгарышыбыз кажет.

Жаңы теманы окутканда жеңилинен, жөнөкөйүнөн баштап, татаалына ырааттуу түрдө өтө берсе, балдар кыйналбайт. Ушул жобону эске албагандыктан окуучулар сабакты жаман көрүп, өзүнүн дареметине да анча ишенбей калат. Айрыкча кыргыз тилин үйрөтүүдө ушуну эске алуу зарыл.

Мисалы, башында бир сүрөттүн астына бир оңой суроо менен жооптун эки эле вариантын коюш керек. “Бул кайсы жер? 1) жыйын; 2) мектеп”. Окуучу ойлоно баштайт. Кийинки бетте “жыйын” сөзүнүн кыска-нуска аныктамасын берсе болот. Сөздүн сүйлөмдөгү ордуна жараша формалары (жөндөмө, жак ж.б. мүчөлөрү менен) келтирилет. “Агай кайда отурат? Жыйындабы?”

Класстагы балдарды тил билүү деңгээлине карай топторго бөлүп окутса жакшы болмок.

Биз башкаларды кыргызча билбейт деп эле орусча сүйлөй бербешибиз керек, билбейм дегендер өзүнө керек болгон учурда сопсонун эле түшүнүп, сүйлөйт экен. Демек, муктаждык болушу керек. Мамлекетти эле карап отура бербей, демилгелүү адамдар жолугуп, биргеликте иш жүргүзүүбүз керек деген ойго толугу менен кошулам.

“Сабакка үйрөнүүчүнүн көзү менен карайлы

Гүлзада ОСОКЕЕВА,
Ысык-Ата районундагы “Алтын уя” мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими:

– Кыргыз тили жана адабияты мугалимимин. Кыргыз тилчилердин төрт тайпасында бармын. Мен ушул конкурска катышалы деп көп эле кыргыз тилчилерди үгүттөдүм. Бирок колдон келбейт, технологияны үйрөнбөгөндөн кийин бекер эле убара болобуз ж.б. деп чыгынбай коюшту.

Ырас, сабагын абдан жакшы окуткан мугалимдер бар, бирок медиасабат жагынан аксайт. Смартфон, компьютер менен иштөөнү үйрөнүшө элек. Ошондуктан COVID-19 убагында ватсап ж.б аркылуу иштөөгө туура келген кезде өтө кыйналышты. Мен үйрөтүүчүнүн эмес, үйрөнүүчүнүн көзү менен карагым келет. Кыргыз тилдүү да, орус тилдүү да класстарга сабак берем. Кыргыз тилдүү класстарда грамматикага басым жасалат – бышыктооч деген эмне ж.б. деп. Анан гана текстке өтөбүз. Окуу китептер да ушундай жазылган.

Орус тилдүү класста тексттен, кептик кырдаалдан баштап, анан грамматиканы колдонобуз. Буларды салыштырсам, орус тилдүү класста жетишүү жакшы. Мисалы, Покровкада дунган улутундагы балдар тартынбай сүйлөп, грамматиканы да жакшы түшүнүп калышты. Кыргыз класстагы окуучулар сүйлөө жөндөмүн өнүктүрбөйт.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдында окурмандык компетенция боюнча окуу болду. Анда биринчи кезекте кырдаалды карап, тилдик практиканы бекемдөөгө үйрөтүштү. Мисалы, бир бала автобуска түштү. Ага бир кемпир: “Балам, мага ордуңду бошотчу”, — дейт. Бала: “Келиңиз, отуруп алыңыз!” — деп айта алышы керек.

Мен түркологияны, анан кыргыз филологиясын бүтүргөм, арап тили боюнча да адисмин. Бирок эмне үчүн кыргыз тилин үйрөткүм келет? Анткени, Асылбек Мадалиев айткандай, кыргыз руху сакталып, тилибиз өнүксө дейм.

Эми видеосабак даярдоодогу өзүм көргөн кыйынчылыктарды айта кетейин. Көп эле сабактарды көчүрүп алдым. Англис тили боюнча да далай үлгүлөрдү көрдүм. Бирок өзүмдүкүн жасайын дегенде эле эчтеке кыла албайм. Акыры колдо бар нерселерди эле пайдаланып, видео жасашка аракеттендим. Үч сабагымдан кийин мага Нарындагы Ага Хан университетинде иштеген америкалык киши кыргыз тилин үйрөтүңүз деп кайрылды. Өзү инженер-геолог экен. Ошол кишинин абалына ылайыкталган сабак өтүшүм керектигин түшүндүм. Ал эртең жумушка барганда кандай сөздөрдү, фразаларды колдонот?

Көрсө, биздин кыргыз тили боюнча сабактарыбыз кыргыз тилчи адистерге эле керектүү терминдер менен чектелет экен. Турмушта керектүү сөз айкаштары, диалог формалары үйрөтүлбөйт. Догдур оорулуу кишилер менен эмне деп сүйлөшөт? Башка кесиптегилер үчүн эмнелер керек? Турфирманын кызматкеринчи? Ар бирине тиешелүү кырдаалдарга жараша тил үйрөтүшүбүз кажет экен.

Сиз, Талант, ар бир аймактагы мугалимдерге чыктыңыз, маалыматты ватсап тайпалар аркылуу да кеңири жеткиргенге аракет кылдыңыз, бирок ошончодон аз эле киши катышканы өкүнүчтүү. Бийик Рыскулов айткандай, “мурунку доордун адамдары” көнүмүш абалдан чыгууга батынбайт экен.

Медиасабат боюнча курстар көп уюштурулса, катышсак, билимибизди өркүндөтсөк дейм.

Нурлан НУРКАМИЛОВ,
УКМКнын мурдагы кызматкери:

— Билим берүү жана илим министрлиги менен келишим түзүп, онлайн сабак даярдоо жолдорун беш миңдей мугалимге бекер үйрөттүк. Пандемия убагында Онлайн университетте көп сабактарды даярдап чыгардык. Министрликтен биринчи сунушталган видеолор убактысы чоң, форматы туура келбейт. Жаш балдарга 3-5 мүнөттөн ашпаган роликтер жарайт экен. Чоңдор деле 15-20 мүнөт көңүл буруп, анан башка нерселерге алаксып кетет.

Даярдаган Жолдош Турдубаев,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер