ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ ҮЧҮН ЭЛЕТКЕ ӨМҮРҮН АРНАГАН ОРУС КЫЗЫ

  • 23.08.2021
  • 0

“Канча тил билсең, ошончолук дил билесиң”

Элеттик балдарды эмгекке чыйралтып, чет тилдерге кызыгуусун арттыруу максатында Россиядан келген жаш орус кызы Нарын жериндеги Дөбөлү айылында 1956-жылдан 1994-жылга чейин жарым кылымга чукул эмгектенген. “Жан дүйнөсү тунук, терең билимдүү адам ардактуу” — демекчи эженин билим берүүгө, анын ичинен окуучуларга жана жергиликтүү калкка орус тилин жайылтууга эмгеги зор болгон. Зинаида Степанова жөнүндө замандаштары төмөндөгүдөй эскеришет.

ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ ҮЧҮН ЭЛЕТКЕ ӨМҮРҮН АРНАГАН ОРУС КЫЗЫ

Нуркамила Ашырбаева, пенсионер:

– Степанова Зинаида Семеновна биздин сүйүктүү эжейибиз эле. Биздин Дөбөлү айылыбызга жолдошу Юра, кызы Лена менен орус тили мугалими болуп көчүп келди. Ошондо орус улутундагы адамдарды биринчи көрдүк. Мектептин жанындагы мугалимдер үчүн салынган эски барак тамдын бир башындагы үч бөлмөдө жашап, бизге сабак бере баштады. Ушунчалык кызыктуу өткөн сабактарын сүйүп, берилүү менен окудук. Зинаида эже абдан боорукер, жөнөкөй, келишимдүү адам эле. Ар бир окуучунун шарты менен таанышып, ата-энелери менен баарлашып тез элге алынды. Окуучуларды абдан жакшы көрүп, “5” алса кубанып көзүнө жаш алчу. Эже сабак бергенде колунда сөзсүз түстүү сүрөттөр, көрсөтмө куралдар көрсөтүлчү. Сабакты абдан кызыктуу өтчү, кол жазмасы сулуу болчу.

Зинаида эже класс жетекчи болгон окуучулар кийин дээрлик баары жогорку окуу жайларына окушуп, көпчүлүгү орус тили мугалими болуп чыгышты. Кыргыз тилинде сүйлөөгө аракеттенип, үйрөнүп, кадимкидей макал-лакаптарды кеңири айтып, айылдагы жакшылык, жамандыктарга катышып, салтты кадимкидей колдончу. Жетишпеген үй-бүлөлөргө жардамын берип, кийим кечеден да кайрылып турчу. Үйүнө конокко чакырып таттуу пирогдорду, даамдуу тамактарды жасап, сый көрсөтчү. Кийин бирге мугалим болуп иштешип калдым. Жаш мугалимдерге да жардамын аяган жок. Жайкы эс алууларда “Ленинградда эжем бар” — деп барып келген сайын түстүү сонун сүрөттөрдү ала келип, сабакка колдонгула деп берээр эле. Сабак өтүүнү үйрөтүп, насаатчы эле. Эже, Эл мугалими, Эл агартуунун отличниги болду. Кийин пенсияга чыгып көп жылы иштеди. Эжебиз менен сыймыктаныбыз. Ал кишини биз эч качан унутпайбыз.

Анипа Молдомамбетова, пенсионер:

Зинаида 1937-жылы Нижний Новгород шаарында туулган экен. Бул шаардагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп элүүнчү жылдардын башында Кыргызстанга чектелип, Тянь-Шань райлонунун Ийри-Суу айылына жиберилет. Жыл айланбай биздин Дөбөлү айылыбызга которулуп алган экен. Методист болуп облустун мектептерине барып тажрыйбасынан көп жардамдарды көрсөткөн. Той-торопо, жамандык-жакшылыктарда айыл ичинде активдүү катышчу. Кыргыз тилин кыргыздардан кем билген эмес. Окуткан окуучуларынын билим деңгээлине аябай көңүл буруп окуткан. 1994-жылы Чымкент шаарына кызы Лена келип көчүрүп
кеткен.

Майрамкүл Мусакожоева, китепканачы:

Зинаида эжени коллектив, жалпы айыл эли абдан сыйлачу. Айыл эли аш-тойдон калтырбай чакырышаар эле. Өзү да кыргызча таза сүйлөп, кыргыз салтын абдан сыйлачу. Мектептин методикалык иштерине улам жаңыланган техникалык каражаттары менен толуктоону камсыздап туруучу.

Шайыгүл Исманова, мугалим:

– Зинаида эженин адамгерчилиги зор бийик адам эле. Ал баардык адамдардын жакшылыгына кубанып, кайгысын тең бөлүшчү. Ишине так, ар дайым жадырап-жайнап жүрчү. Мектепте дайыма биринчи күндү «День русского языка» деп белгилөөчүбүз. Бул күнү мектепте баардык окуучулар жана мугалимдер орус тилинде гана сүйлөшчү. «Они хорошо говорят по русски», «Оно хорошо пишут» деген аталыштагы дубал газеталарды уюштуруп, окуучуларды шыктандырчу. Кабинети тыкан, таза болуп телевизор, магнитафон, радиопроиграватель, пластинкалар бар эле. Зинаида Степанова өз учурунда райондук Советтин депутаты болгон. Ошол мезгилде айыл жергесинде электр зымдарынын жакшырышына чоң салымын кошкон. Эженин элеси жана анын калкыбызга өтөгөн зор эмгеги аны билген замандаштарынын, окуучуларынын жана айылдаштарынын жүрөгүнөн эч качан өчпөйт.

Назгүл Кадырова,
Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Ө.Токтосунов атындагы орто мектептин директору:

– «Канча тил билсең, ошончолук дил билесиң» деген накыл кептин маанисин түшүнүү кыйын деле эмес. Чындыгында адам канча тил билсең, ошончо элдин өкүлдөрү менен баарлашып, рухий дүйнөсү байып, көз карашы кеңейет, бири-биринин тилин сыйлайт, дилин түшүнөт, маданиятын урматтайт. Сүйлөшүү жана жүрүм-турум маданияты калыптанат.

2020-2021-окуу жылында (Онлайн окуу учурунда) Кыргыз экономикалык университети аркылуу Москвадагы Пушкин институту менен байланыш түзүлүп, орус элчилери аркылуу мектепте онлайн сабактар өткөрүлдү. Бул онлайн сабактарынын негизинде орус элчилиги тарабынан мектеп окуучуларына жана мугалимдерге сертификаттар жана белектер берилди. Ошондой эле 2021-2022-окуу жылына орус элчилиги менен келишим түзүлдү. Келишимдин негизинде 2021-2022-окуу жылынан тарта орус элчилигинин ыктыярчылары мектепке келишип, биргеликте кызматташабыз. Демек, ааламга жол айылдан башталат демекчи, элет жергесиндеги мектеп окуучуларына заман талабынан артта калтырбай, болгон шарттарын түзүп берүүгө аракетибизди кыла бермекчибиз.

Чакан айылдын миңдеген балдарын билимге сугарып, ааламга аттанткан агай-эжейлердин элеси эстен эч качан кетпейт. Нарындын катаал шартынан кетпей, орус тилин бир нече муунга үйрөтүү менен өлкөнүн агартуу майданында эмгектенген Зинаида эже да алардын катарында болучу. Күн сайын жаңыланган ааламдын технологиясында, кыргыз жаштарынын аларга аралашуусунда жана башка дүйнө өлкөлөрүнө ишке кетүүсүндө бир кездеги мектептердеги мугалимдердин кадыр-баркы, андагы тартип, билимге сугарылган балдар учурдун талабына шайкеш келүүсү бүгүнкү күндүн талабыдыр.

Эгемберди УСУПОВ,
 “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер