ТИЛ ТАЛААСЫНЫН КҮЖҮРМӨН ДЫЙКАНЫ

  • 27.05.2024
  • 0

Быйыл, 2024-жылы кыргыз эли Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынганынын 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөө алдында турат. Албетте, мындай учурда мамлекеттик тил катары кыргыз тилинин өнүгүү жолу, анын пайдубалынын түптөлүшү жана аны түптөөгө өз салымын кошкон инсандар тууралуу айтылат. Мен сунуштап жаткан бул  макаламда сөз кылууга арзыган, өзүнүн тагдырын, өмүр жолун тилдин тагдыры менен тыгыз байланыштырган мен билген мыкты инсандардын бири Нурия Абылаева тууралуу сөз кылгым келди.

ТИЛ ТАЛААСЫНЫН КҮЖҮРМӨН ДЫЙКАНЫ

Нурия Абылаева Абылаевна тажрыйбалуу кыргыз тили жана адабияты мугалими, эмгектин ардагери, Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу №57 жалпы билим берүүчү орто мектептин мамлекеттик тил боюнча директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, жаштардын сүйүктүү насаатчысы эле.

“Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” демекчи, эженин атын укканда толкунданып жүргөн убакта шаардык деңгээлде өткөн мамлекеттик тил боюнча шаардык семинарда эжени биринчи жолу жолуктурдум. Чекчейте чачты жарашыктуу түйүп алган, тыпырая кийинген, көз карашы сүрдүү, сүйлөгөнү так, таамай, бирде мактай, бирде сындай, бирде какшыктай  сүйлөгөн кара тору эжени көрүп, жаштыгымданбы абдан сүрдөгөн элем. Андан соң улам кийинки семинарларда жолугуп, кеңеш сурап, пикир алмашып, тажрыйбасын талашып жүрүп  жакындай түшкөнсүдүм. Көрсө, эжебиз сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен адилет, боорукер, негизгиси айланасындагыларга карамдуу жакшы жан тура, болгону жоопкерчиликсиз болгон жерде ачууланып кетээр эле, талапты катуу койчу, күнү бүгүнкү күнгө чейин ошол калыбында.

Нурия Абылаевна жаштайынан эмгекчил, көздөгөн максатына жетмейин тынч албаган, өзгөгө да, өзүнө да талапты катуу койгон чыныгы педагог-агартуучу. Ал өзүнүн эмгек жолун китепканачылыктан баштап, андан кийин мугалимдик кесипти  аркалады.  Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн сүйүктүү кесибинде талыкпай, үзүрлүү эмгектенип келет. Көп жылдык эмгек жолунда далай жаш адистерди тарбиялап, тажрыйбасын жайылтып, эжелик, энелик мээримин төгүп, туура багытка бура алды.

Ардактуу устат эжебиздин мугалимдик эмгек жолу 1960-жылдардан башталып, ушул күнгө чейин уланып, дагы да мектеп партасын таштабай ардагер мугалим катары жаш муундарга билимин берип келет. Талыкпаган эмгектин жыйынтыгында “Усулчу-мугалим” квалификациясына ээ болгон. 1991-1998-жылдары Фрунзе шаарындагы Республикалык мугалимдерди кайра даярдоо институтунда улук окутуучу болуп иштеген жана алгачкылардан болуп, мугалимдерге окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда кыргыз тили жана адабиятын окутуу усулу боюнча курстарды өткөн.  Республиканын жана борбор шаардын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн ар түрдүү багыттагы семинарларды, курстарды, ачык сабактарды өткөрүп, окутуунун заманбап усулдары менен тааныштырып, мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн алгачкы дың бузуучулардын бири.  Н.Абылаеванын иш тажрыйбасы, сабактарынын иштелмелери, макалалары «Кут билим», «Кыргыз туусу» республикалык гезит-журналдарына жарыяланып,  «Кыргыз тилин үйрөнөбүз» телеберүүлөрүнө байма-бай катышып турган.

Абылаева Нурия Абылаевна 1999-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин (2024-жылдын май айы) Бишкек шаарындагы №57 орто мектепте  мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип келди. Эженин жетекчилиги алдында бир катар мугалимдер жана алардын окуучулары райондук, шаардык жана республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болушкан.

ТИЛ ТАЛААСЫНЫН КҮЖҮРМӨН ДЫЙКАНЫ

Нурия Абылаевна  сабак берүү менен гана чектелбестен, колунан калеми түшпөй, чыгармачылык менен изденип, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1, 3, 4, 10, 11-класстары үчүн «Кыргыз тили» окуу китебин жазып чыккан авторлордун бири. 3, 4-класстар үчүн «Методикалык колдонмо» китебинин («Мектеп», 1991-ж.), окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги 9-11-класстар үчүн «Кыргыз тили боюнча сабактардын календарлык планы жана сабактардын көргөзмөлүү иштелмелеринин»  (Бишкек, 2006-ж.),  “Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 4, 8-класстар үчүн дидактикалык материалдардын”, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 1, 3, 4, 10, 11-класстар үчүн «Кыргыз тилинин 27 сабагы» аталыштагы дидактикалык колдонмонун автору, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги 1-класс үчүн «Жумушчу дептер» колдонмонун автору. Ошондой эле ал мугалимдерге жардам катары 1,7,10,11-класстын иштелмелерин, 1-11-класстардын календарлык планын, ошондой эле окуучулар үчүн “Кошумча көнүгүү” 10-11-кл. (2016-ж.),  “Көргөзмөлүү сабактын шилтемелери”, жат жазуу, окуучулардын билим сапатын текшерүү үчүн тесттик тапшырмаларды иштеп чыккан.

Мамлекеттик тил маселесине арналган сынактарга, конференцияларга тынбай катышып, 1994-жылы   «Орус класстарында кыргыз тилин окутууда элдик педагогиканын ролу», 1998-жылы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан уюштурулган илимий-практикалык конференцияда «Зачёт сабагынын түрлөрү», “Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде мамлекеттик  тилди окутуунун жаңы технологиясы», 2000-жылы «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан уюштурулган  автордук семинарында «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун өзгөчөлүгү» темасындагы баяндама менен чыккан.

ТИЛ ТАЛААСЫНЫН КҮЖҮРМӨН ДЫЙКАНЫ

Мындай жерде орус элинин улуу жазуучусу Лев Толстойдун мугалим тууралуу пикирине кайрылбай кетүүгө мүмкүн эмес: “Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим. Эгер мугалимде окуучуларга анын атасы жана энесиндей сүйүүсү болсо, анда ал бардык китептерди окуган, бирок жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү жок мугалимден жакшы. Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал — мыкты мугалим”. Абылаева Нурия Абылаевна мына ушундай инсандардын бири болчу. Эжебиз жумушун да, шакирттерин да, окуучуларын да сүйө алды, алар үчүн камкордук көрө алды. Алган билимин турмуш жолунда пайдаланып, кагаз бетине түшүрүп, жайылта да алды. Мамлекет тарабынан эженин тил жаатында жасаган көп жылдык эмгеги бааланып, 1991-жылдын 4-январындагы чечими менен «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги» төш белгиси, 1989-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 2006-жылдын 10-сентябрындагы №33 буйрук менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз тили” коомунун  «Ыйык тил» төш белгиси, 2019-жылы “Кыргыздын алдыңкы айымы” төш белгиси, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен менен сыйланган, ошону менен бирге «Методист мугалим», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамдары ыйгарылган.

Аттиң ушул материал даярдалып жаткан учурда эжебиз узак оорудан кийин түбөлүк дүйнөгө сапар алды. Эже, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун.

Гүлнара ИБРАИМОВА,                          Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер