ТИЛ ПАРИЖГЕ ЖЕТКИРЕТ

  • 12.02.2021
  • 0

КР Эмгек сиңирген мугалими, КР Билим берүүсүнүн мыктысы, агартуу тармагында ашык-кеми жок туура 50 жыл эмгектенип, алыскы Токтогул жергесиндеги мектеп окуучуларына француз тилин үйрөтүп келаткан Илатбү Сатарованын француз тилине арзуусу мектептен эмес, студенттик кезден пайда болгон.

ТИЛ ПАРИЖГЕ ЖЕТКИРЕТ

 

Илатбү Сатарова 1948-жылы 15-сентябрда Токтогул районундагы Жаңы-Жол деген айылда мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Башталгыч класстын мугалими болуп иштеген атасынын таасириненби, ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле мугалим болууну, болгондо да англис тилинен окуткан мугалим болууну самачу. Бирок ал 1965-жылы райондун борборундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепти аяктап, баш калаадагы жогорку окуу жайына келгенде, өзү каалагандай, англис тили эмес, француз тили тайпасында окуп калды. Эң башкысы, окууга өтүп студент болгонуна сүйүнгөн секелек кыз мурда тап-такыр тааныш эмес тилде кантип окуйм деп чоочулаган жок, ал тескерисинче, баш көтөрбөй окуп, тез эле алдыңкы студенттердин катарына кошулду.

— Чет тилдер факультетинин француз тили кафедрасынын башчысы Надежда Петровна Киселеванын эмгегин ушул кезге чейин унутпайм. Бул тилде эки ооз сөздү кошуп сүйлөбөгөн элеттен келген мага окшогон студенттерге француз тилин үйрөтүп гана тим болбой, бул тилдин түбөлүк фанаты болуубузга түрткү болду. Айрыкча мен аябай кызыгып окуп кеттим. Ал аракетим текке кетпей, жогорулатылган стипендия алып окудум. 4-курста окуп жүргөндө СССР боюнча мыкты окуган студенттердин катарында Парижге эки айга стажировкага барууга татыктуу болдум, — деп эскерет студент кезин.

Ал кез бир чети кыргыз кадрлары тартыш кез эле, бирок ошол эле учурда орус тилдүү кадрлардын үстөмдүгү күчөп турган, СССРдин бийлиги гүлдөгөн кез эле. Ошол талапка ылайык, чет өлкөлөргө баруучу адамдарды Москвага жиберип, капиталисттик өлкөлөрдө өзүн кантип алып жүрүү керектиги  жөнүндө 10 күндүк атайын даярдыктан өткөрүшүп, анан гана сыртка чыгарыша турган. Анткени союздун адамы өзүн бардык жерде татыктуу алып жүрүүгө милдеттүү болуп, эч убакты уятка калтырууга тийиш эмес эле.

— Эки айга Парижге барып, француз тилин өркүндөтүп окуп келдим. Ошол эле жылы турмушка чыктым. Жолдошум Кудайберген Кулданбаев  медициналык институтта окуган өзүмдүн классташым эле. 1970-жылы окууну аяктап, университеттин өзүм окуган факультетинде мугалим ассистент болуп иштеп жүрдүм. Аңгыча балалуу болдук. 1971-жылы жолдошум окууну аяктаганда айылга кетүү маселеси кабыргадан коюлду, анткени, ал үй-бүлөдө үч кыздын ортосунда жалгыз эркек болгондуктан, шаарда калуу туурасында сөз да болушу мүмкүн эмес болчу. Анын үстүндө жаш балабыз менен батирден батирге көчүү көйгөйү көкөйгө тие баштаган. Бирок мени Надежда Петровна П.Лумумба атындагы эл аралык университетине аспирантурага жаздырып, менден көптү үмүттөнүп жатканы чечим кабыл алышымды татаалдантпай койгон жок. Бирок, энебиз жалгыз болгондуктан, дипломдорубузду колубузга алдык да, айылга жөнөп кеттик. Бирок мен өзүм менен кошо: “Кайсы жерде болсо да, француз тилин окутушум керек” деген каалоо-талабымды ала кеттим.

Унутулган убада

Ошентип эки жаш адис жетелешип Каракөлгө көчүп барышты. Бул 1971-жылдын сентябрь айы эле. Аспирантура тууралуу кыялы алыстагандан алыстап отуруп, акыры өчтү, эжейи да алгач тез-тез кат жазып жүрүп, акыры ал да кат жазбай калды. Аспирантурада окууну улантуу жөнүндө ойлогондо шаар турмушу, батирден батир издеген көчмөн жашоосу көз алдыларына тартылып, барган жеринен жаш адис катары алган жаңы батири, айланасындагы туугандар, элеттик балдардын тил үйрөнүүгө болгон ынтызарлыгы үстөмдүк кылып кеттиби, айтор, убадасы унутулуп калды. Ишине тың, келечеги кең жаш адисти тез эле партиялык-советтик кызматтарга сунуштай башташты. Бирок француз тилине кан-жаны менен берилгендиктен, мектепти, айрыкча, француз тилин таштап эч кайда кете албастыгын айтып, көп-көп кызматтардан баш тартты.

Кара-Көлдө 1986-жылга чейин иштеп, Токтогулдун борборуна үй салып, көчүп кетишкенде көңүлү ток кетти, себеби ордун өзүнүн жакшы окуган окуучусу, француз тили боюнча жогорку билим алып келген Урбү Курманалиевага өткөрүп берди.

Токтогулга келгенден кийин адегенде, райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1987-жылы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепке директор болуп барды. Жетекчилик кызмат 13 жыл тарбия завучу болуп иштеген адис үчүн кыйын деле болгон жок.

Революция себепкер олимпиадалык жеңиштер

Жетекчилик кызматка келгени менен жүрөгүнүн түпкүрүндөгү балдарга француз тилин окутуу мүдөөсүн ишке ашыра албай жүргөндө, 1989-жылы француз революциясынын 200 жылдыгы белгиленип, анын алкагында иш-чаралар уюштурула баштайт. Буга чейин аткарылбай жүргөн кыялы революциянын эпкини менен аткарылып, балдарга француз тилин окута баштагандагы кубанычы алигиче эсинен кетпейт.

— 1996-жылы биринчи жолу республикалык олимпиадага француз тили предмет катары киргизилип, окуучулар катыша башташты. Ошондо Кабылбекова Назгүл деген окуучум республикалык олимпиадада 3-орунга ээ болгон, ал азыр Ж.Бөкөмбаев мектебинде француз тилинен сабак берет, андан тышкары, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Ошондон баштап жетекчилердин да, ата-энелердин да француз тилине көз караштары өзгөрүп, мамилелери оңолуп калды, — деп жылмайды Илатбү Сатаровна.

1996-2011-жылга чейинки республикалык олимпиадаларда ал окуткан 19 окуучусу байгелүү орунга жетишкен. Тилекке каршы, 2011-жылы өзбек, француз, немис тилдерин олимпиададан алып салышканда, бул көрсөткүчтөр менен кошо ата-энелердин да деми дароо сууду.

Кыргыз-француз үй-бүлөлүк катышы

Эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстанда француз элчилиги жок эле, 1997-жылы француз атташеси Жорж Колер Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана РФда француз тилин, маданиятын жайылтуу багытында көптөгөн иштерди аткарган. Атташенин жардамы менен олимпиадада жеңишке жетишкен окуучулар, мугалимдер Франциянын шаарларына кызыктыруучу сыйлык катары башталган саякаттоо саамалыгы ошентип олимпиададан алынгандан кийин, бат эле токтоп калды.

Илатбү эже 1997-жылы экинчи жолу Францияга барып, эки ай педагогикалык билимин өркүндөтүп келди. Француз тили боюнча окуу куралдарынын тартыштыгына карабай, окуткан эжейине таасирленип, 16 окуучусу француз тилинин мугалими кесибине ээ болду. Ал окуткан окуучулар эле эмес, өзүнүн балдары, туугандары да француз тилине байланып калышты. Англис тили басымдуулук кылган азыркы шартта француз тилинин кадырын сактоо оңой иш болгон жок. Эжесинин жолун жолдогон сиңдиси Раатбү Сатарова Тынчтык корпусу менен алакада иштешип келатканына 20 жылдан ашты, ал азыр Ж.Бөкөмбаев атындагы мектепте англис тилчи мугалим. Илатбү Сатаровнанын уулу Калыйнур да Францияда окуп, иштеп жүрүп, өз мекенине кайтып келип, туризм тармагын өтүктүрүүгө өз салымын кошуп келатат.

— Жолдошум экөөбүз алты баланы тарбиялап, эрезеге жеткирдик: эки кыз, төрт эркегибиз бар. Эң улуу балабыз медицина илиминин доктору Нурбек Кулданбаев Москва шаарындагы Н.Пирогов атындагы медициналык академиясын аяктаган, ал азыркы учурда А.Салымбековдун медициналык университетинде чет элдик студенттерге сабак берет.

Жолдошум Кудайберген Кулданбаев 2007-жылы КР Эмгек сиңирген врачы наамын алгандан көп өтпөй, каза болду. Ал 1989-жылдан баштап салттуу медицина менен элдик медицинаны айкалыштырып иштеген, медициналык билимин ар тараптан өркүндөтүүгө ынтызарланып, жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө умтулган адис эле.

Франциядан окуп билим алган уулум Калыйнур кезегинде француз кызга үйлөнгөн, бирок турмуштук жолу эки башка түшкөн соң, ортодогу 15 жашар неберебизди француз куда-кудагыйыбыз менен биргеликте тарбиялап келатабыз. Ал бизге жыл сайын келип турат.

Кызыбыз Нургүлдүн кесиби технолог, анын күйөөсү корей улутунан, учурда Канадада жашашат. Андыктан бизди көп улуттуу үй-бүлө десе да болот. Дагы бир кызыбыз Миргүл уулум Калыйнур экөө Токтогулда сүт заводун ачышып, иштетүү аракетин көрүп жүрүшөт. Айтор, чет тилди жакшы билген үй-бүлөгө чет өлкөлөр менен кызматташтык мамиле түзүү оңой болот экен, — дейт эже.

Толубай сынчы жөнүндө француз тилинде чыккан жомок китеп

Илатбү Сатарованын дагы бир уулу Мунарбек кесиби боюнча экономист болгону менен чет өлкөдөн келген туристтер менен тыгыз алакада жүрүп, француз тилин үйрөнүп, туризм тармагына ооп кеткен. Туризмди өнүктүрүү далалатында жүргөн эки уулу биздин тоолорубузга ашык болгон чет элдик туристтерди тоо-таштарды аралатып чарчап келгенде, апасы аларды үйдөн тосуп алып, ысык чайын берип, ара-чородо француз тилинде сүйлөсө, эжеге таң калгандарын жашыра албай калышат. Чет өлкөлүктөр айрыкча СССР баянына кызыгып, көптөгөн суроолорду беришет.

 

ТИЛ ПАРИЖГЕ ЖЕТКИРЕТ

Уулу Мунарбек акыркы жылдары жылкы баласына өзгөчө кызыгып жүрөт, ал жөнүндө бир кызыктуу окуяны эстегенде эне азыр да бырс күлүп алат.

— Мунарбек мектепте окуп жүргөндө негедир жылкы баласына кызыгып, жылкычы болом деп кыялданчу. Жолдошум экөөбүз кызматкер болгондуктан, мал-көл күткөн жокпуз, болгону бир тоокканабыз бар эле, бир күнү тоокканага кирип, дубалга тегерете “жылкы, жылкы” деп жазылган жазууларды окуп калдым. Буга адегенде анчейин деле маани берген жокпуз. Ал учурда Нооруз майрамдары ат чабыштар коштолуп, жаңыдан шаңдуу майрамдала баштаган кез болчу, теңтуш балдарынан калбасын деп, атасы экөөбүз ага бир тай сатып берген элек, ошол күнү Нооруз майрамынын урматына уюштурулган ат чабышка Калыйнур экөө жөнөп кетишти. Бир маалда чаап келатса эле тайы үйрөнгөн адаты боюнча ачык турган дарбазабызга кирип кетсе болобу! Көрсө биз майрамга алаксып жүрүп, дарбазаны жаппай калыптырбыз да… Бул окуяны көрүп бир чети күлкүм келсе, бир чети боз ала болгон балама боорум ооруганы эсимде. Мунарбектин жылкычы болуу кыялы ошону менен унутулуп, экономист билимине ээ болду. Бирок бала кездеги кыялы утурумдук унутулса да, биротоло калып калбайт белем, учурда Мунарбектин чаар атка “арзуусу” артып, ошону менен алектенип жүрөт. Ал чаар ат баянын улантып, былтыр Францияда Толубай сынчынын окуясынын негизинде жазылып, француз тилинде жарык көргөн балдар жомогун китеп кылып чыгарып, китептин бетачарын өткөрүп келди, — дейт.

Кыргыз кол өнөрчүгүн өркүндөтүүгө түрткү берген чет элдиктер

Илатбү Сатарова ар дайым жаңы бир демилгелерди көтөрүп, изденип иштегенди жакшы көрөт. Кайра куруу маалындагы кыйынчылык учурунда Ноокат районундагы Саадат Сатарова деген билимкананын жетекчисине атайын барып, анын кеп-кеңештерин уккан соң, “Жаш муун” деген БӨУ ачкан. Балдарга гуманитардык багыттагы ийримдерди уюштуруп, көптөгөн эл аралык уюмдар менен кызматташып, колдоого муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдарды берип жүрдү. Андан кийин долбоор жазып, жүн тыткыч машина алып, бош жүргөн кыз-келиндерди кыргыздын кол өнөрчүлүгүнө үйрөтө баштады. Тынымсыз изденүү үстүндө ийгилик жаратып көнгөн адам үчүн иштебей үйдө отуруу мүмкүн эмес. 2004-жылы мектеп директору кызматын өткөрүп берген соң, өзүнүн бар өмүрүн арнап келаткан француз тили мугалими кесибин улантууда. Азыр аны экологиялык көйгөйлөр тынчсыздандырат, айрыкча, жол жээктериндеги таштандыларды көргөндө, заманасы куурулат.

— Чет өлкөлүктөр 22-апрелди Жер күнү деп жарыялашып, ошол күнү жапа тырмак чыгышып, айлана-чөйрөнү тазалашат экен. Бизде деле 22-апрель эбактан бери эле элдик ишембилик эмес беле, жаратылыш маселесин жалпылап чечпесек, бизди келечек муун кечирбейт,  — дейт тажрыйбалуу мугалим ойлуу.

Билим тармагына арналган 50 жылынын 30 жылын жетекчилик кызматты аркалаган Илатбү Сатарова билим берүү тармагынын көйгөйлөрүнө кайдигер карай албасын айтат. Айрыкча, кадр маселесине ат үстүнөн жасалган маселеге капа экендигин жашырбайт.

— “Кадрлар баарын чечет” деп туура айтылган. Сабаттуу, талапты кое билген, ак дилдүү жетекчи өз ордунда мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербей, өзү да компетенттүү адистерди тарбиялап өстүрө баштайт. Андай шартта коррупция өзүнөн өзү жоголот. Өзгөрүү жасоодо жаңылык издеп убара болуунун кереги жок, татыктуу кадрларды тандай билүү гана керек, — дейт.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер