ТЕКСТТИ ОКУТУУДАГЫ БААЛУУ ЭМГЕК

  • 29.11.2021
  • 0

Турусбек Маразыковдун “Көркөм текст: иликтөө жана окутуу маселелери” аттуу монографиялык эмгегинин баалуулуктары тууралуу учкай кеп

Дегинкиси, текст жөнүндөгү маселеде төрт нерсе алдыга чыгары анык, алар: тексттин табияты, аны иликтөө, текстти окуп-үйрөнүү жана текст түзүү. Албетте, булардын ар бири өз алдынча тереңиликтөөлөрдү жана практикалык бир катар үзгүлтүксүз иштерди талап кылат. Ошолордун ичинде тексттин төмөндөгүдөй беш кызматы бар. Алар:

— текст – тил жатыктыруунун каражаты;

— текст – окуп-үйрөнүүнүн объектиси;

— текст – кеп ишмердүүлүгүнүн өнүмү (продукт);

— текст менен иштөө – машыгуунун бир түрү;

— тематикалуулугу, көп түрдүүлүктүн биримдиги.

Ошентсе дагы, бул маселе ушуну менен чектелбейт. Аны биз алдыда сөз кыла турган эмгектен дагы да окуп күбө болобуз.

Азыр биз сөз кыла турган монографиясынын баш сөзүндө профессор Т.Маразыков мындай деп жазат: “Тынымсыз өнүгүп, өзгөрүп турган азыркы учурдагы илимий болмушта тажрыйба канчалык мол болсо да, ар дайым жетишсиз. Ошондуктан, өчүп бараткан отту көзөп, тутандырып тургандай, илимий тажрыйбаны ар тараптан өөрчүтүп, жаңылап, жакшылап туруу изденгич, жаратман ар бир илимпоздун алдындагы негизги милдет болуп саналат” (аталган китеп, Б., ЖИ “Сарыбаев Т.Т.”, 2020., 3-б.). Туура айтат. Демек, текст туурасындагы буга чейинки орус, кыргыз окумуштууларынын жолун, ой-пикирлерин, илимий салтын улап, Т.Маразыков аталган багыттагы көп жылдык иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын жана тажрыйбасын илимий коомчулукка сунуш кылып олтурат. (Китеп 18, 25 б.т., 300 нуска)

Эгер, Т.Маразыковдун буга чейинки дал ушул текст таануу боюнча изилдеп жана жарыялап келаткан эмгектерин, т.а. “Текст таануу жана анын айрым маселелери” (1-китеп, Б., “Бийиктик”, 2005), “Экстралингвистикалык факторлордун тексттеги интеграциясы”, (2-китеп, Б., “Бийиктик”. 2005) жана “Кыргыз тилиндеги текстти интеграциялоочу лингвистикалык каражаттар” (3-китеп) аттуу үч китептен турган эмгектерин эске алсак, колубуздагы бул жаңы монографиясы анын көп жылдан талыкпаган изилдөөчүлүк ишмердигинин логикалык уландысы жана анын дагы да жаңычыл кадамдарынын бири экендигин эске салат.

Негизинен, аталган жаңы эмгек үч бөлүмдөн турат. Анын биринчи бөлүмү тексттин жалпы табиятына жана көркөм текст маселесине арналса, экинчи бөлүмүндө көркөм текстти окутуу маселеси каралган. Ал эми үчүнчү бөлүмүндө көркөм текстти иликтөө тууралуу кеңири сөз болгон да, илимий-теориялык баалуу пикирлери айтылган.

Текст – негизинен, өзүнө маалыматты камтып туруучу жана адамдардын маалыматтарды алмашуусунун каражаты. Ал тилдик жана тилдик эмес (мимика, жест, кыраат ж.б.) каражаттары аркылуу ишке ашат, ошону менен адам бири-бири менен текст аркылуу пикир алмашат. Китепте ушулар тууралуу кеңири кеп болот да, андагы маалымат алмашуунун негизги белгилери, процесси тууралуу ырааттуу илимий пикирлери айтылат.

Албетте, сүйлөшүүнү сүйлөм жана текст түзөт. Анын белгилери түрдүүчө, т.а. автордун пикири боюнча ага: фактылык, эмоционалдык, экспрессивдүүлүк, контексттик, каймана ж.б. маалыматтар кирет, ошону менен бирге, сүйлөшүүдө “сөздүн төркүнү” (16-б.), түпкү мааниси чечмеленет. Ошону менен бирге, сүйлөшүүнүн системалуу жүзөгө ашышынын түрдүү шарттары козголот, анын ичинде: пикирлешүүнүн максаттуулугу, тематикасы, сөздүн бирөөгө арналаары, сүйлөшүү багыты, кызматы, логикалык түзүлүшү, сүйлөшүү кырдаалдары, андагы адабий нормалар, маалымат алмашуунун универсалдуулугу, андагы сүйлөшүү чөйрөлөрү, сүйлөшүүчүлөрдүн маанайы, кызыкчылык, сүйлөшүү орду менен мезгили, зарылдыгы жана муктаждыктар, анын орундуулугу, үндүн ыргагы менен тону ж.б. ачыкталган.

Көркөм тексттин стилистикалык табиятына китепте өзгөчө орун берилген. “Текст таануу маселелери стилдик жагдайларсыз толук кандуу мүнөздө чечилбейт… Стилдик маселелер тексттин тулкусунда жашайт, тексттин өзүндө түр өзгөртүп, диалектикалык табиятка ээ болот” (31-б.) деп белгилейт автор. Андан ары коомдогу маалымат алмашуу факторлоруна жараша, тексттин колдонулуу чөйрөлөрүнө ылайык тексттин стилдери, анын ичинде, турмуш-тиричиликте колдонулган текст, анын оозеки жана жазуу түрүндө ишке ашышы (Мисалы, “Салам кат”, 33-б.) жана алардын жекече стили тууралуу айтылуу кеп уланган. Анда, негизинен функционалык стилдерге: иш стилиндеги текст, көркөм текст, илимий текст жана публицистикалык тексттер тууралуу сөз болуп, алардын табияты, кызматы, тилдик каражаттары, түзүлүшү, белгилери, өзгөчөлүктөрү, мисалдар менен далилдүү айтылган.

Эмгекте көркөм стилдин табияты айрыкча маани берилүү менен иликтенген. Анын кызмат аткаруу табияты, уюштурулушу, логикалык, коммуникативдик түзүлүшү боюнча башка стилдерден кескин айырмачылыктары, анын дүйнөнү көркөм чагылдырышы, адамга эстетикалык ыракат тартуулоосу, образдардын кызматы, поэтикалуулугу, адамдын ички дүйнөсүнүн ар түрдүү кырларын ачып берүүсү ж.б. кеңири талданган. Бул стилди иликтөөдө, негизинен көркөм адабияттын ролун ачып берген жагын баса айткым келет. Бул маселе Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинин, анын башкы каарманы Дүйшөндүн образы аркылуу, андагы метатексттерди, анын ички эволюциясын талдоо менен ачыкталганы ийгиликтүү болгон.

Эмгектеги өзгөчө көңүл жагдайын бурган дагы бир маселе – экинчи бөлүмдөгү көркөм адабиятты окутуу методологиясынын объектиси, максаты жана милдеттери туурасындагы автордук ой жүгүртүүлөрү экендиги талашсыз. Анда аталган түйүндүү маселе мындайча мүнөздөлөт: “Көркөм адабиятты окутуунун методикасы – адам тууралуу илим. Мына ошондуктан, ал адамды окутуу жана тарбиялоо, ар тараптан өнүккөн заманбап адамды жетилдирип калыптандыруу максатын көздөйт” (109-б.) деп эңтуура белгилеген. Ошону менен бирге, бул оюн “методика – бир нече илимдердин тогошуусу, алардын табигый биримдигинен турган, куралган илим жана өзгөчө өнөр” (ошол эле бетте) деп уланткан. Андан ары автор, адабиятты мектептерде жана жогорку окуу жайларда окутуудагы: көркөм адабиятты эмне үчүн окутуу керек, көркөм адабиятты окутууда эмнени окутуу керек жана көркөм адабиятты кантип окутуу керек деген талылуу маселелерди козгогон. Ага карата тыянактуу ойлору менен далилдүү жоопторду айта алган.

Көркөм адабиятты окутуунун өзгөчөлүктөрү туурасындагы маселе китепте айрыкча көңүл буруу менен иликтенген, анда: көркөм адабиятты окутууда учурда чечилбей келаткан көйгөйлөр (анда автор: “көркөм адабиятты окутуудагы “негизги душман” – аны туура эмес тандоо деп туура белгилейт, 113-б.), адабият сабактарынын негизги объекти, адабият сабактырынын философиясы, мүнөзү, максаттары, милдеттери ж.б. тууралуу ырааттуу сөз болгон.

Китептин үчүнчү бөлүмүндө көркөм текстти иликтөөдөгү талаптар, андагы көңүл буруучу урунттуу жагдайлар, текстти талдоодо колдонулуучу ой жүгүртүү амалдары, тексттеги негизги ойду табуу, аны мазмундук бөлүктөргө бөлүп иликтөө, анын каражаттарын мүнөздөө жана көркөм каармандын образын туюнтуу маселелери ырааттуу берилген.

Мында автор төмөндөгүдөй чулу ой туюмун берет: “Көркөм адабият – бул, адам таануу. Азыркы учурда көркөм адабиятты окутуунун негизи – ушул идеяга барып такалышы зарыл” (132-б.). Мектеп балдарын турмушка даярдоодо туура мамиле жасоо, ал учурда көркөм адабияттын маани-маңызын туура ачууда текстти талдоо (интерпретациялоо), тексттин идеялык-тематикалык маанисин туура белгилөө, образдарды жеткиликтүү талдоо иштерине басым койгон. Бул багыттагы ойлорун акындар А.Осмоновдун жана
О.Султановдун поэтикалык саптарын мисалга алып, кылдат талдаган. Көркөм тексттеги негизги ойду табуу, аны бөлүктөргө бөлүп иликтөө ж.б. маселелерде болсо, Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестин мисалга алган жана аны талдоодо өз алдынча автордук жаўыча ойлор, ыкмалар сунушталган.

Албетте, эмгектеги баалуу кеңештер, көз караштар жана сунуштар мектепте жана ЖОЖдордо адабиятты окутуунун теориясы менен методикасы илимине салым кошор алгылыктуу ойлор экендиги талашсыз.

Сөзүмдүн жыйынтыгында Т.Маразыковдун “Көркөм текст: иликтөө жана окутуу маселелери” аттуу монографиялык эмгегинин илимий-теориялык жана методикалык баалуулуктары жогору, текст таануу, аны иликтөө, талдоо жана окутуу маселелеринде жаңы ойлорго жана көз караштарга бай эмгек экендигин белгилейм. Ал эми, анын авторун республикабызда кыргыз тили илиминдеги орчундуу маселе болуп саналган текст таануу илиминдеги бараандуу, потенциялдуу жана келечектүү илимпоз экендигин баса айткым келет.

Сулайман РЫСБАЕВ,
педагогика илимдеринин доктору, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер