ТАТЫКТУУ ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ТАНДООНУН УБАГЫ КЕЛДИ

  • 12.02.2021
  • 0

Кыргызстанда билим берүү уюмдарынын жетекчилерин биринчи жолу аттестациядан өткөрүү каралууда. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, кабыл алуунун алдында турат. Мектеп жетекчилери өздөрүнүн кесиптик даярдыгын далилдеш үчүн аттестациялык электен өтүшөт.

Мектеп директорлорун аттестациялоо темасына 8-февралда билим берүүнүн шаар жана райондук жетекчилеринин республикалык семинарында сүйлөгөн сөзүндө билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев дагы токтоло кетти.

“Кыргыз Республикасында, керек болсо Кыргыз ССРинин убагынан бери биринчи болуп жаткан иш чара – бул билим берүү тармагындагы жетекчилерди аттестациялоо маселеси. Азыр Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууда турат. Ага Өкмөттүн корутундусун бердик. Кудай буюрса, жакынкы арада мыйзам күчүнө кирет. Мындан кийин билим берүү мекемелеринин жетекчилери жалпы ырааттуу түрдө төрт баскыч менен аттестациядан өтөсүздөр, өзүңүздөр баш болуп. Ошол аттестациянын негизинде, эч кандай жашына, өңү-түсүнө карата дискриминация болбойт. Коомдо кандайдыр бир талкуулар болуп жатат, жаңы келген жетекчилик жашы улгайган адамдарга терс көз карашта окшойт деген. Эч кандай андай маселе жок. Аттестациядан ким өтсө, ошол бойдон иштей берсин. Мектеп жетекчилери, бала бакча башчылары, колледждердин, лицейлердин жетекчилери баары аттестациядан өтөт. Бир гана жогорку окуу жайларынын ректорлоруна тийиштүү эмес, анткени алар шайлоо механизми менен келип жатышат”, — деди министр сөзүндө.

Калк айтса калп айтпайт

Алыскы айыл аймагындагыбы же шаардагы мектеппи, өзүнүн бака-шака түмөн түйшүгү менен алек болуп, иш жүргүзүп жатканы менен ички: мугалим-директор, директор-ата-эне, директор-жетекчи мамилелери көзгө көрүнбөгөн нерселерге токулуп келип, акыры директорго ишенбөөчүлүк жараткан жагдайлар жар салынып келет. Мектеп жетекчилерин аттестациядан өткөрүү жөнүндөгү мыйзам долбоору учур талабы болуп кабыл алынып, эл ичинде кызуу талкуу жаратып жатат: чыгаан педагогдор директор болуп шайлануусунан үмүт кылгандар жана пессимисттик көз карашта болуп, сынакка ишенбегендер арбын.

– Сыйга сыйбаган сынактар кайра эле өз тааныш билиштерине жол ачат, “тестированиеден Бишкекке барып өтүп келиптир” дегенде эле “тиги кудасы центр тестированиеден даяр тест өткөрүп бериптир”, “досу сүйлөшүп коюптур, баланчаны ортого салыптыр” деп эле колунда талканы бар, артында жөлөгү барлар өтөт.

Айжаркын, Жалал-Абад обл.

– Директорлук ставка миң доллар экени белгилүү, райондун акими менен РайОно өздөрү эле чечип коет, ким биринчи берсе. Ал ставка келишим мөөнөтү бүткөн сайын жаңырып турса, директордун башкаруу мөөнөтү узара берет.

Болот, Жалал-Абад обл.

– Шаардык башкармалыктан баштаңыз, урматтуу министр мырза! Ал жерде отуруп алып окуу планды 600 сомдон сатып, оңдуу жооп бербей, директорлордун чай пулуна тойгондор, WhatsAppка документ жүктөй албагандар отурат.

Гүлбайра Умарова, Бишкек ш.

– Кыргызстан боюнча директордун бири калбай жаманбы ошондо? Антип баарынын кадырына шек келтирбей сүйлөш керек, туугандар! Анткени калк арасында капчыгын эмес кадырын сыйлаган адамдар бар!

Кубаныч Осмонбаев

– Демек реформа таза же таза эмес жүргөнү марттан баштап билине баштайт экен да. Мартта баягы эле коррупция менен отурган директор болсо аны, “сиз мыкты экенсиз” же “акчаңыз көп экен” деп айта алабызбы кеп ошондо.

Орозгүл Азимова

– Бир аттестация менен эле чечпестен, коллективдин да чечими эске алынса жакшы болмок.

Айчүрөк Максутова

– Калыс, так директорлор жок эмес, аларды РайОнолор көтөрмөлөбөйт, анткени текшерүүгө акча берип бөгүлбөйт, “белая ворона” болуп.

Айдай, Ысык-Көл.

“Кеп чынынан бузулбайт” демекчи, талкууга катышкан жердештерибиздин сөздөрүндө чындык бар. Бирок каарманыбыз Кубаныч Осмонбаев белгилеп өткөндөй, баары эле кантип жаман болуп калсын? Мектептин түндүк жабуусундай болгон директорлор жок эмес: таңдан кечке мектепте, чыгармачылыктын үстүндө, методикалык иштерди өркүндөтүп, жаш мугалимдерге ата-энедей камкордук кылган. Андай директорлор “идея генератору” катары, мектептин бир стратегиясын көздөп, коллективине калыстык менен иш бөлүштүрүп, кадр өстүрүп, педагогикалык тажрыйбасын сиңирип, тарбиялуу, билими жогору балдардын өсүп чыгышына өбөлгө түзүшөт. Коллективди бир калыпка түшүрүп, туура башкаруу оңойго турбайт жана көп убакытты талап кылат. Эгер жетекчи туура нукта иш алып барып, билим сапатында өсүш болуп турса, эмнеге он, он беш жыл иштегенге болбосун? Республикабыздын булуң бурчтарында мындай кадырлуу жетекчилерден уучубуз кур эмес.

Мыкты жетекчинин, иши так, жүзү жарык. Күтүлүп жаткан сынактан татыктуулар суурулуп чыгып, билим берүү жаатында ийгиликтерди жаратып берет деп ишенели.

Айнура АСАНАЛИЕВА,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер