ТАРЫХЫЙ ЧЫНДЫКТЫ, КАЛЫСТЫКТЫ ОРДУНА КОЮЛУ!

  • 07.05.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти

Жапаров Садыр Нургожоевичке

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин төрагасы

Шакиев Нурлан Тургунбековичке

 

             КАЙРЫЛУУ

            Урматтуу Садыр Нургожоевич

            Урматтуу  Нурлан Тургунбекович

             Президентибиздин Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде кеңири масштабда белгилөө боюнча Жарлыгы жогорку деңгээлдеги тарыхый эстутумдун жана тарыхый аң сезимдин гана эмес, тарыхый жоопкерчиликти терең сезген мекенчилдиктин да үлгүсү болду. Эгерде А.Сыдыков, Э.Арабаев, Ж.Абдрахманов баштагандардын демилгелери менен 1924-жылы 14-октябрда ККАО түзүлбөсө, азыркы көз карандысыз Кыргыз Республикасы болмок эмес. Алардын ысымдары, иштери даңазаланып, жаңы тарыхыбыздын төрүнөн орундарын тапты, коомдук аң сезимге бекем кирди, сиңди, дагы даңазаланат, баркталат. Бирок, ошол эле мезгилде Кыргыз мамлекеттигин түптөп, өнүктүрүүгө алардай эле салымдарын кошушкан, кыргыз этносуна чоң симпатияда мамиле жасаган башка улуттардын өкүлдөрү  негизсиз четке сүрүлүп, унутта калып баратат.

Михаил Фрунзенин атасы Василий Фрунзе кыргыздарга жакшы  мамиле жасаган, Абдыкерим Сыдыковдун чоң атасы Өзүбек Бошкоев, Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдей эле, анын жакын досу болгон. Кыргыздарды өзү иштеген ооруканага жаткырып, дарылап жатканын көргөн Жети-Суу облусунун  губернатору фон Таубе: “Превратили больницу в зверинец! Кто додумался помещать сюда инородцев!” (1:8)  деп кызматынан куугандыктан маянасы жок  калып, кыргыздарды, башка майда элдерден кайрылгандарды дарылап, алар бергендер менен тиричилик кылып  жүрүп жарыкчылыктан өткөн.

Михаил Фрунзе 1919-жылы августта Түркстан фронтунун командачысы, ошол эле жылы 8-октябрда  В.Лениндин демилгеси, ВЦИКтин токтому менен анын Түркстан иштери боюнча комиссиясынын мүчөсү да болуп дайындалып, аймактагы советтердин иштерине кураторлук кылган. Анын фронттун командачысы катары 1919-жылдын 23-октябрындагы буйругунун 1-пунктунда:“Всем начальникам и военкомам под их личной ответственностью иметь неослабное наблюдение за тем, чтобы никаких безообразий по отношению к киргизскому населению не учинялось” деп айтылса, 3-4-пункттарында кыргыздарга ыдык көрсөтүп, талап-тоногондорго карата атууга чейинки чаралар колдонуларын эскерткен (2:131). Ал кыргыз тилин жетиштүү, ал эми Түркстандагы башка  этностордун өзгөчөлүктөрүн жакшы билген.Ал ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча комиссиясынын отурумунда бир гана Түрк  республикасын түзүү жөнүндөгу сунушка: “мында өзбектер, тажиктер, кыргыздар, түркмөндөр да бар” деп категориялуу түрдө каршы чыгып,  “РКП(б) БКнын Түркстан бюросун түзүп туралы, калганын кийин көрөбүз” (1:406-407) деген сунушун өткөргөн. Кийин 1921-жылы 11-апрелде ТССР түзүлгөн менен ал Борбордук бийлик тарабынан да, жергиликтүү жетекчилер тарабынан да ажырымдаштыруунун алгачкы этабы катары гана каралган.  Борбордук бийликте андай көз караштын калыптануусуна М.Фрунзенин позициясы да өз таасирин тийгизбей койгон эмес.

Мында кошумчалай кетчү нерсе, ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча комиссиясында партиялык, мамлекеттик башкаруунун баардык ыйгарымдары болгон. Же аны кийин түзүлгөн ревкомдордой эле, убактылуу өкмөттүн жана партиялык жетекчиликтин алгачкы формасы десе да болот.

ККАО түзүлгөндө, кийин ал КАССРге айландырылганда М.Фрунзе  эң жылуу куттуктоолорун жиберген.

Борбор калаабыз 66 жыл даңазалуу полководец, СССРдин Реввоенсоветинин төрагасы, кыргыздардын чоң досу М.В.Фрунзенин ысмын алып жүрдү.Ал кыргыз эли үчүн кайра жаралып, телигип-телчигип, экономикалык жана социалдык, маданий жактан дүркүрөп өсүп өнүгүүнүн  мезгили болду. Михаил Фрунзе- тарыхка стратег-колбашчы, чыныгы интернационалист катары кирип калса,анын атындагы борборубуз улуттук кайра жаралып, гүлдөп өсүп өнүгүүнүн символу болгон. Ошондуктан анын иштерине тарыхый калыстыкта мамиле жасап, ысмын чоңураак администривдик-аймактык субьектиге койгон туура болмок. Эгерде 100 жылдыкты белгилөөнүн алкагында Октябрь же Свердлов районуна Михаил Фрунзенин ысмы  берилсе, тарыхый адилеттүүлүк ордуна келмек. Советтик мезгилде расмий түрдө: “Ленин десек- Октябрды, Октябрь десек-Ленинди түшүнөбүз” деп айтылган. Демек, анда бир эле түшүнүктү, атты катарлаш эки райондун алып жүрүүсүнүн кандай зарылдыгы бар? Октябрь менен Ленин Баден-Баден дегендей эле түшүнүк.Бирок, Швейцарияда ал бир эле шаардын аты болсо, бизде бир түшүнүктө эки район аталып келатканы туура эмес. Бизге Лениндин аты  калса жетишет. Ал эми Я.М.Свердловдун Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок.

Тилекке каршы, мамлекеттигибиздин кайра жаралуусунун алгачкы этаптарында облустук, андан кийин республикалык партиялык уюмдарды жетектегендердин эмгектерин баалоодо да бурмалоолор, бөлөксүнтүүлөр болууда.Республикалык партиялык уюмду түптөгөн М.Д.Каменский, баарын санабайлы, андан кийинки  Н.А.Узюков, А.О.Шахрай, А.В. Вагов, Н.С.Боголюбов Кыргызстанды калыптандырып,өнүктүрүүгө аябагандай чоң салымдарын кошушкан.М.Д.Каменский топтук тирешүүлөрдүн курмандыгы болгон, ККАОну КАССРге айландыруу демилгесин советтердин 1925-жылы марттагы ККАОну Уюштуруу сьездинде  биринчи ошол көтөргөн. А.В.Вагов согуш мезгилинде эс алуусу, дем алышы жок, кабинетинде түнөп иштеген. Анын Кыргызстанда мобилизациялык  иштерди жана “Баардыгы жеңиш үчүн!” деген талапты,  жүз миңдеген эвакуацияланган балдарды, аялдарды, адистерди ж.б., ондогон заводдорду, фабрикаларды, мекемелерди, уюмдарды ж.б. жайгаштырып, зарыл нерселер менен камсыз кылып,ишке киргизүүнү уюштуруп жетектөөдөгү эмгеги абдан чоң. Ал согуштун алдында баардык мамлекеттик жана советтик органдарга, мекемелерге жана уюмдарга жумасына эки жолудан милдеттүү түрдө кыргыз тилин окутуп, үйрөтүүнү киргизген. Н.С.Боголюбовдун жетекчилигинде  республикабыз согуштун кесепеттерин жоюп, кайра өнүгүү жолуна түшкөн.

Өз  тилин, маданиятын жана ата-тегин унутканды -манкурт дейбиз, ал туура, бирок тектери кандай этностордон чыкпасын  мамлекеттигибиздин пайдубалын түптөп, алгачкы кыштарын коюп, акыбалдары  жетишинче өнүктүрүп өстүрүүгө күч аракеттерин жумшагандардын эмгектерин унутуу, бурмалоо- жакшылыкты билбегендик, баалабагандык, белгилүү деңгээлде ал да манкурттук.

Булар ысымдарын жок дегенде  бирден көчөгө койгонго татыктуу тарыхый инсандар. М.Л.Белоцкийдин ысмы ашкере караланып, бокочого айландырылып келди. Ал 1937-жылы мартта  НКВДынын чагымы менен башка жетекчилерге кошулуп кызматынан алынып, өзү да камалса, 1937-жылдын экинчи жармынан башталып 1938-жылдын аягында аяктаган массалык репрессияларга анын кандай тиешеси бар?

Элибиздин: “Мал арыгын семиртсе, оозду майлайт, адам арыгын семиртсе, оозду кандайт” деген акылман макалынын жекече инсандарга гана эмес, этносторго да тиешеси барын айрым республикалардын Союз кыйрагандан кийинки саясаттары көрсөтүүдө. Биз андай алабармандарды ээрчип,Кыргыз мамлекетин түптөөгө салым кошкон башка элдердин өкүлдөрүнүн кемчиликтерине, жаңылыштыктарына гана басым жасай бербестен, жакшы иштерин да унутпашыбыз керек. Мында эйфориядан улам баштары айланып, анан балээни өздөрү өз баштарына чакырып алган жана чакырып жаткан  айрым элдерден  эмес, египеттиктер Мухаммед Алиге жана анын шакирттерине, Индия эли моголдордон калгандарга урмат менен мамиле жасашкандай, мамлекетибизди түптөп, калыптандырууга салым кошкондордун баарына этникалык тектерине карабастан ызат-урматыбызды көрсөтүүбүз зарыл.Жүз жылдыкка арналган иш чаралар көз карандысыздыктан кийин бурмаланып, бир жактуу болуп кыйшайып кеткен жолдон чыгып, чындыктын түз жолуна түшүшү керек. Бул жагынан Британия империясынан бөлүнүп чыккан мамлекеттерден,Балкандагы айрым элдерден үлгү алсак да болот.

Мен бул жерде Сиз терең сыйлаган, ошол убактагы окуяларга аралашып жүргөн Хусеин Карасаевдин эскерүүсүнө да көңүлүңүздү бургум келет: “Ошол кезде орус секретарлары, айрыкча М.Л.Белоцкий Касымды коргоп жүрдү. Ал Касымды  өз уулундай көрө турган. Аалы Токомбаев менен элдештирүүнүн да камын жеди. 1933-жылдагы чоң камоодон алып калды” (3:467) деп эскерген ал.Патриархыбыз   бул сүйлөмдө Белоцкийди жаңылыш Боголюбов деп жазган, аны  Белоцкий деп оңдодук.К.Тыныстанов 1938-жылы атылса,Н.С.Боголюбов Кыргызстан КП(б) БКга  1945-жылдын августунда биринчи катчы болуп шайланса, кайдан ал К.Тыныстановду коргомок? Анын үстүнө эскерүүсүнүн  469-бетинде  “Ал жолку камоодон Касымды Белоцкий алып калды” деп тактап, өз катасын оңдогон.

“Мен канчалык куру жалаалар менен айыпталбадым. 6 жыл кызматсыз жүрдүм,- дейт Х.Карасаев эскерүүлөрүндө. …мени тепкилеген партия да эмес, совет органдары да эмес, ошол мекемелерде отурган ичи тар кыргыз туугандарым” (3:352). Ал өзүн жана башкаларды  куугунтуктаган кыргыздар кимдер экенин да атаган, бирок  алар да азыр биз үчүн урматталган  ысымдардан болгондуктан, мында  келтирбедик.

Сөзсүз, жогоруда аталгандардын кемчиликтери, жаңылыштыктары да болгон, андай көрүнүштөр  биз даңазалап, барктагандардын иштеринде да аз болгон эмес. Бирок, кытайлардын ыкмасы менен: Пайдалуу иштери канча болгон? Жаңылыштыктары, зыяндуулары канча пайыз?- деп таразалаганда А.Сыдыков менен Э.Арабаев, Ж.Абдрахмановдой эле жогоруда аталгандардын аткаргандарынын иштеринин жакшы жактары басымдуулук кылары шексиз.

Ошондуктан, урматтуу Садыр Нургожоевич, урматтуу Нурлан Тургунбекович, жогоруда аталгандардын иштерине калыстык кылып, зарыл болсо атайын комиссия түздүрүп  каратып, ысымдарын түбөлүккө калтыруу демилгеленсе, улуу 100 жылдыгыбыздын  маани-мазмуну дагы байып, кеңейип, кадыры жана таасири да артмак. Кыргызстанды өнүктүргөнгө салым кошушса да, сөөктөрү ар жактарда калып, унутулуп бараткандардын арбактары да  ыраазы болмок. Эң негизгиси, тарыхый чындык, калыстык ордуна келмек. Калыстык жок жерге- чындык жакындабайт.Ал-эл катары рухубузду, духубузду жана насил-наркыбызды да көтөрмөк. Улуу орус эли менен болгон мамилебизге да оң таасирин тийгизмек.

 

                                  Сизди терең урматтап,

   Дүйшөнбаев Папан, жазуучу, адабиятчы

Бөлүшүү

Комментарийлер