ТАРБИЯНЫН ЖАҢЫ ПАЙДУБАЛЫ КУРУЛУУДА

  • 19.02.2021
  • 0

Атайын түзүлгөн комиссия Тарбия концепциясы боюнча иштеп жатат

Өткөн жумада Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык «2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо Концепциясын» И.Арабаев атындагы КМУда талкуулоо болуп өткөн эле. Министр өз сөзүндө идеалдуу, таза коомду куруу үчүн тарбия Концециясын ар тараптан терең иштеп чыгуу милдетин койду.
– Жакында министрликте боло турган структуралык өзгөрүүлөрдө, атайын тарбия багытында иш алып бара турган сектор ачылат. Бул багытта чоң жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Биздин балдар биз жашаган доордо эмес, 10-15 жыл алдыдагы жаңы коомдо жашайт. Ошондуктан аларды өз доорлоруна ылайык келе тургандай этикалык, эстетикалык, руханий дүйнөсү бай болгондой кылып тарбия, билим беришибиз парз. Эгер биз куштун эки канатын элестетсек, ошонун бири тарбия болушу парз. Тарбияны билим деген түшүнүктөн ажыратып карап, аларды материалдык билимге сиңирип, тарбиядан өксүтсөк болбой турганын турмуш өзү тастыктоодо. Бул мамлекеттик стратегиялык багытка айланып отурат, — деди министр.
Жыйында сегиз кишиден турган комиссия түзүлүп, Концепциянын долбоорун кайрадан толуктап, иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Ушул жумада Кыргыз билим берүү академиясында Тарбия концепциясынын жаңы долбоору боюнча комиссиянын чогулушу болуп өттү. Анда концепциянын структурасы, максаты, милдеттери, тарбиянын мазмунун реализациялоонун принциптери, формалары жана методдору, глоссарий, тарбия идеалдары жөнүндөгү маселелелер талкууланды. Талкууга педагогика илимдеринин доктору А.Мамытов (төрага) С.Байгазиев, Н.Асипова, А. Калдыбаева, А.Токтомаметов, А.Алымбеков ж.б. окумуштуулар катышып, концепцияны өркүндөтүү боюнча орчундуу ойлорун ортого салышты. Биз төмөндө концепцияны иштеп чыга турган топтун айрым катышуучуларын кепке тарттык.

Спорттогу агрессияны даңазалаганды токтотолу

Абакир Мамытов,
Педагогика илимдеринин доктору, Профессор, Тарбия концепциясын иштеп чыгуучу топтун төрагасы:

– Концепциянын негизги багыты-билим берүү уюмдарынын инсандык, социалдаштыруу ишмердүүлүгү менен алек болгон башка субьектер менен кантип кызматташат деген суроону алдына койду. Концепцияга мына ушундай жагдайды аныктаган нормативдик- баалуулук катары колдонулат деген жобону киргизели деп жатабыз. Ошондой эле дене тарбия, спорт боюнча коомдук уюмдар, ата-энелер, диний бирикмелер, ММКлар менен иш алып баруунун багыттарын баса көрсөтөлү деп макулдаштык. Мындай ишмердүүлүктүн негизги максаты-инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын жетиштүү деңгээлде бирдиктүү камсыз кылуу болсун деген чечимге келдик. Негизинен үч багыттагы миссия так аныкталды. Анын биринчиси – үй-бүлөлүк, адамзаттык, коомдук баалуулуктарга болгон багытын, жогорку моралдык ченемдерге, сергек жашоо образына таянган жаңы тарбиянын идеалдык мүнөздөмөсүн берели дедик. Экинчи багыты – инсандын руханий-адептик, дене тарбиясын камсыз кылуунун иш-аракетин, максатын, милдеттеринин базалык баалуулуктарын, системасын так аныктап берели деп жатабыз. Үчүнчүсү- концепциянын миссиясы болгон мына ушул ишмердүүлүктүн социалдык-педагогикалык шарттарын кармануучу принциптерин так, даана көрсөтөлү деп жатабыз. Күтүлүүчү натыйжаларын иштеп чыгалы деп макулдаштык. Бүгүнкү күнү концепция жазуу үчүн 15 түйүндүү түшүнүктүн аныктамаларын тактадык. Бул – мамлекет жана мамлекеттүүлүк, жаран жана жарандык коом, мекен жана мекенчилдик, маданият жана маданий көп түрдүүлүк, улут, улуттук аң сезим, иденттүүлүк, базалык улуттук баалулуктар жөнүндөгү түшүнүктөрдү чечмелеп жатабыз. Этностордун биримдиги, инсан жана инсанды социалдаштыруу деген түшүнүктөргө мүнөздөмө берилет. Улуттук тарбия берүү, улуттук тарбия берүүнүн идеалы деген түшүнүктү , руханий адеп-ахлактык өнүгүүнү чечмелеп беребиз. Дене бойдун өнүгүүсү, саламаттык абалы, кыймыл аракетке үйрөтүү, сергек жашоо образы деген түшүнүктөрдү да концепциянын мазмунунда иштеп чыгалы деп макулдаштык. Мында мурдагыдан айырмаланып, буйруса, улуттук тарбиялык идеал өзүнчө бир бөлүм болот. Калган бөлүмдөрү инсандын өнүгүүсү, максаты, милдети, базалык баалуулуктары деп бөлүп, социалдык, педагогикалык шарттарын, принциптерин белгилеп, такташып
алдык.

Жумушчу топ экиге бөлүндүк. Биринчиси топ профессор А.Алымбековдун башчылыгы менен руханий-адеп ахлактык өнүгүүнүн проблемаларын иштеп чыгат. Экинчи бөлүктү – дене тарбия жаатын мен өзүм жетектеп жатам. Комиссиянын мүчөлөрүнө тарбияга тиешелүү иш-чараларга байланышкан бардык сунуштарды алып келгиле дедик. Ошонун жөндүүлөрүн өкмөткө, министрликке сунуш кылабыз.

Экинчиден, тарбия багыты өзүнчө сабак болуп киришине макул болгон жокпуз. Себеби, ар бир сабактын үч милдети болот эмеспи. Ал: билим, тарбия берүүчүлүк, саламаттыгын сактоо жана сергек жашоого үйрөтүү болуп бөлүнөт. Дагы бир маселе, мектептен тышкаркы тарбиялык жумуштар көбөйөт. Спортто агрессияны даңазалагандардын тизгинин тартсак. Концепция адам баалуулуктардын чегинде ушундай көрүнүштөргө бөгөт коюшу керек деп ойлойм.

Окуу жүктөмдөрүнүн көптүгү тарбияны өксүттү

Алмазбек Токтомаметов,
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору:

– Учурда окуучуларды жана жаштарды тарбиялоонун абалы Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө боюнча көйгөйлүү, тарбия маселеси дүйнөлүк деңгээлде кайра кароону талап кылууда. Азыр тарбия маселесинде абал оор. Биринчиден, коомдогу асылдыктардын, дөөлөттөрдүн (баалуулуктардын) өзгөрүүсү, алмашуусу же баркын, наркын жоготуусу тарбияга абдан күчтүү таасир этүүдө. Экинчиден, кийинки кезде күчтүү мамлекеттердин алсыз мамлекеттерге, бийлиги, байлыгы бар адамдардын карапайым адамдарга басым жасашы тарбия маселесин аңга түртүүдө. Үчүнчүдөн, айрым бир өлкөлөрдө эле эмес, дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде коррупциянын күчөшү тарбияны алсыздандырып салды. Төртүнчүдөн, демократиянын шарданына жамынып, айрым асылдыктар, дөөлөттөр туура эмес түшүндүрүлүп, колдонулуп калганын көрүүгө болот.

Балдарды тарбиялоо окуу предметтерди окутуп-үйрөтүү аркылуу ишке ашат. Ар бир окуу предметтин тарбиялык даремети абдан чоң. Карап көрөлү: адабият, музыка, көркөм өнөр, тилдер, тарых, адам жана коом, табият таануу, география, физика, биология, математика, дене тарбия ж.б. Окуу предметтерге кошумча тарбиялык сааттар, класстан тышкаркы ишмердик, коомдук иш-чаралар бар. Бирок, мындай мамиле натыйжасыз болууда. Анткени окуу предметтер боюнча жүктөм өтө көп. Жылдан жылга сааттардын саны кыскарганы менен, мазмун, материалдын көлөмү дээрлик азайган жок. Натыйжада мугалимдер предметти окутуу учурунда анын тарбиялык жагына көңүл бурмак турсун, предметтин өзүндөгү материалдарды өткөнгө убактылары жетпей калууда.

Ашыкча кагаз иштери, түрдүү отчеттор мугалимдердин көп убактысын алып, тарбиялык иштерге көңүл буруусуна убактысы, күчү калбайт. Тарбиялык сааттарды, класстан тышкаркы иштерди, коомдук иш-чараларды уюштурганы үчүн класс жетекчиге төлөнө турган акынын көлөмү өтө эле төмөн. Андыктан, көп мугалимдер класс жетекчи болуудан качышат.

Болочок мугалимдерди даярдоодо тарбиялык иштерди жүргүзүүгө аз көңүл бурулат. Ошондуктан, көптөгөн мугалимдер тарбиялык иштерди жүргүзүүнү жакшы биле беришпейт. Тарбия маселесине мамлекет тарабынан да, коомчулук тарабынан да анчалык көңүл бурулбай калган.

Тарбия концепциясынын жаңы долбоорун даярдоодо буга чейинки концепциялар талданды жана аны кыска, так жана түшүнүктүү жазуу аракети болду. Анткени ал конкреттүү болуп, иштеп кетиши керек. Ошондой эле баланын кызыкчылыктары, анын дараметин ачуу, шайкеш өнүккөн инсан катары калыптануусу концепциянын борборунда болду.

Концепцияны кеңири коомчулук менен талкуулоо жана бул жаатта маалыматтык кампанияларды өткөрүү, аны ишке ашырууга бардык тараптарды (мектеп жамааты, ата-энелер, жаштардын өздөрү, коомчулук, активисттер, билим берүүнү башкаруу органдары, жергиликтүү жана борбордук бийлик ж.б.) тартуу, улуттук жана жалпы адамзаттык асылдыктардын карым-катышынын так чагылдырылышы концепцияны иштеп чыгууда жана ишке ашырууда негизги маселелер болуп калды.

Пейил оңолмоюн, заман оңолбойт

Акматалали Алимбеков,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор:

– Бүгүн коомду түйшөлткөн маселелер көп. Бирок алардын кеп башында эң башкы көйгөй  – адам пендесин пейилинин бузулушунан сактап калуу көйгөйү турат. Ошондуктан Президент С.Жапаровдун руханий-адептик тарбия тууралуу жарлыгын өлкө башчысынын коомдун азыркы руханий абалына карата адекваттуу рефлекциясы катары кабылдоого болот. Бүгүн «Пейил оңолмоюн, заман оңолбойт», “Адам өнүкмөйүн өлкө өнүкпөйт” — деген көпчүлүк тарабынан айтылган сөздөр нукура аксоматикалык акыйкатка айланып калды.

Ырасында эле адам табиятынан адам болуп төрөлүп, адам затына таандык асыл жана нукура нарк насилге тарбия аркылуу гана жете алат. Тилекке каршы соңку илимий техникалык прогресс, жапайы капитализмдин таасиринен улам пайда алып келүүчү баалуулуктарга көбүрөөк байланып, руханий дүйнөнү өгөйлөгөн, адамдык ченем менен алганда “алсыз” бир зат болуп бара жатат.

Жакынкы күндөрдөгү концепцияны иштеп чыгуу боюнча талкууларда бул туңгуюукка кептеген себептер катары төмөнкүлөрдү белгиледик:

— тарбиялоонун максатын өбөлгө болуучу улуттук идеологиялык ориентирлердин чабалдыгы;

— билим берүү мекемелеринин түгөл баарында окутуу иши гана актуалдашып, тарбия иши олуттуу милдет катары каралбай калгандыгы;

— массалык маалымат каражаттары, интернеттин негативдүү таасири;

— ата-энелердин жоопкерчилигинин, тарбиялык таасиринин тайыздыгы;

— мектептин, мугалимдин ишин баалоодо окуудагы көрсөткүчтөр гана жүргүзүлүп келе жаткандыгы.

Концепцияда, төмөнкүдөй маселелер орчундуу маселе катары орун тапса деген ойдомун: Эң оболу тарбия ишин реалдуу колго алуу үчүн “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам жана башка мыйзамдык актыларда тарбия түшүнүгүн бекем орнотушубуз керек. Бүгүн жалпы билим берүү программасынын мазмунунун, окутуу процессинин аксиологиялык потенциалын б.а. балдардын базалык тарбия маданиятын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу өтө актуалдуу. Тилекке каршы, учурда адепке тарбиялоо милдетин аркалаган адабият сабагы да өз вазийпасын толук аткарбай келет.

Учурда мектепте балдардын ар бир курактык баскычындагы тарбиялоонун максат, мазмун, критерийлерин баалоо инструменттерин камтыган программа зарыл. Анын борборуна балдардын руханий адептик баалуулуктарга мамилесин өнүктүрүү, аларды турмушунда жетекчиликке алуу багытындагы ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелери коюлушу зарыл. Мындай программа педагог үчүн да, окуучу үчүн да жол картасы катары кызмат кылышы керек.

Концепцияда “Улуттук тарбиянын идеалы” максат катары так аныкталышы абзел. Максаты так аныкталбаган иш ар дайым стихиялуу мүнөзгө гана ээ болот. Бүгүн Кыргызстан үчүн үй-бүлө, таалим-тарбия мекемелери, коомдук мекемелер, массалык маалымат каражаттары, маданият мекемелери, диний уюмдар тарабынан таанылып, милдет катары кабылданган улуттук тарбиянын идеалы зарыл. Ал мезгил кечээгиге, эртеңкиге да эмес, бүгүнкү турмуш чындыгына адекваттуу болушу абзел.

Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер