“ТАРБИЯНЫН ӨЗӨГҮ – МУГАЛИМ”

  • 06.09.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги «Ала-Тоо» эл аралык университетинин базасында «Өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү – татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү» аталышында биринчи жолу билим берүүнүн баардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн өткөргөн республикалык кеңешмеде кыргыз тилинин көйгөйлөрүн чечүү, биринчи орунга тарбия маселесин коюу, мугалимдин статусун жогорулатуу, сапаттуу окуу китебин чыгаруу боюнча маселелер талкууланып, сунуштар айтылды.

“ТАРБИЯНЫН ӨЗӨГҮ – МУГАЛИМ”

Кеңешмени билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева ачып, куттуктоо сөз сүйлөдү.

– Кеңешменин максаты — жалпы эле билим тармагындагы чечимдерди, милдеттерди талкуулоо, өз ара пикирлешүү, көйгөйлөрдү ортого салуу, аларды чечүү максатында сунуштарды берүү менен жаңы окуу жылына даярдык көрүү болуп саналат. “Ийри отуруп, түз кеңешели” дегендей, август кеңешмесинде кыргыз тилинин көйгөйлөрүн чечкенге шарт түзүлүп жатат. Мындан ары окуучуларга татыктуу тарбия, сапаттуу билим бергенге жакшы иштер аткарылат деп ишенем, — деди министрдин орун басары.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев кеңешменин катышуучуларын куттуктап, баардык нерсенин башында тил тураарын баса белгиледи.

– Август кеңешмесине туура аталыш коюлуптур. Билимден мурда тарбия турат. Тарбиясыз киши эч убакта билим алалбайт. Адамды адам кылып тарбиялаш керек. Биз окуп жүргөндө таалим-тарбияга басым коюлчу. Кийинчерээк таалим-тарбияны унутуп, эки жашар балага да мектепке чейинки билим беребиз деген концепцияны ойлоп таптык. Эки жаштагы балага каяктагы билимди беребиз? Тарбиясыз кишиге билим жукпайт. Ушул оюмду бүгүнкү кырдаал менен байланыштыргым келип жатат. Мамлекет башында ким гана турган жок?! Аларда билим болгону менен элдин кызыкчылыгын ойлогон жок, эл эмне дейт деген тарбия болгон жок. Таалим-тарбиянын өзөгү – мугалимдер. Ушул маселеге олуттуу көңүл буруу керек. Саясат дагы, идеология дагы ошол таалим-тарбиянын ичинде. “Билимиң өссө өссүн, бирок тарбияң андан өтсүн” дейт. Биздин ата-бабаларыбыз профессордой билим албай эле, нукура таалим-тарбиядан ушундай ойду айтып келишкен, — деди С.Мусаев.

“ТАРБИЯНЫН ӨЗӨГҮ – МУГАЛИМ”

Андан кийин ал сөзүн улап, тил жөнөкөй түшүнүк же лингвистикалык категория эмес экенине токтолду. Анын артында эл, мамлекет, элдин кызыкчылыгы, анын руху, духу, кайталангыс мурастары, баалуулуктары жатаарын белгиледи.

– “Элдин духу – бул анын тили” деп айткан улуу философтор. 32 жылдан бери мамлекет тилге маани бербей, космополиттик, нигилисттик мамиле кылып жатат. Балдарга кыргыз акындарынын ырларын окуп берип, тилге болгон алардын мамилесин сиңирүү керек. Тил маселесине ар бир кыргыз адилет, аруу мамиле кылуусу зарыл. Кыргыз тили боюнча окуу китептерин, мен тилчи профессор болуп туруп түшүнбөй калдым. Бул жерде бирөөнү жамандоо эмес, окуу китебинин сапатын оңдоо үчүн мугалимдер коркпой-үркпөй эле ачык айтышыңар керек. Сапатсыз китептер чыгып жатса, каяктагы сапаттуу билим жөнүндө кеп кылабыз? Чогулуп, китептин сапатын көтөрөлү, — деди академик.

КР Президентинин Администрациясынын Жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажиматов 2021-жылдын 29-январында чыккан Президент С.Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгына токтолду. Биринчи кезекте материалдык баалуулуктардан мурда руханий байлыкты жогору коюу деген маселени баса белгилеп өттү.

– Бул деген эмне? Коомго ким көп пайда алып келсе, ошол адамдар коомдо биринчи орунда турушу керек. Б.а. мектептин мугалимдери коомго эң чоң пайда алып келип жатат. Бирок мугалимдин статусу мурункудай болбой калды. Демек, биздин алдыбызда чоң милдет турат – мугалимдин статусун жогорулатуу. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө баалуулуктарды жана мамилени өзгөртүшүбүз керек. Экинчиси, биз башка мамлекеттердин, сырттан келген долбоорлордун тарбия системасын өзүбүзгө киргизебиз деп баарын башаламан кылып алдык.

“ТАРБИЯНЫН ӨЗӨГҮ – МУГАЛИМ”

Учурда тарбия системасын иштеп чыгып, нукура кыргыз өнүгүү моделин киргизүүнү сунуштаганы жатабыз. Бул дагы Жарлыктын негизинде ишке аша турган нерсе. Билимдүү, бирок тарбиясы жок адамдар коомду талкалап жатат. Ал эми тарбияны берген адабият сабагы, ал негиз болуп эсептелинет, — деди С.Тажиматов.

Мындан сырткары ал Президенттин дагы бир Жарлыгы менен кыргыз жараны жарандык милдетин өнүктүрүү концепциясы бекитилгени боюнча токтолду. Анда да мамлекеттик тилге өзгөчө орун берилиптир. Себеби жарандык интеграциянын тили – мамлекеттик тил. Б.а. башка улуттун өкүлдөрү бири-бири менен мамлекеттик тилде сүйлөшүшү тийиш.

– Биз ошол багытта иш алып барып жатабыз. Биздин Конституцияда дагы бар эне тилди сактоо, экинчиси, расмий тилди өнүктүрүү, ошол эле жерде көп тилдүүлүккө жетишүү деп. Ушуга байланыштуу Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Мамлекеттик комиссиянын аталышы да өзгөрдү, жалгыз эле мамлекеттик тил саясаты эмес, жалпы тил саясатын алып бара турган укукка ээ болду. Ушул жоопкерчиликтин баардыгы академик С.Мусаевге жүктөлдү. Ушул жерде кандай маселелер бар? Биринчи маселе – терминком менен байланыштуу. Азыркы мамлекеттик тилдин лексикасын унификациялоо маселеси турат. Бир сөз бир нече түрдө кайталанган учурлар жок эмес. Демек, терминкомдун алдында өтө чоң милдет турат. Экинчиси – мамлекеттик тилди эл аралык стандарттарда окутуу. Азыр мыйзам боюнча мамлекеттик кызматта иштөө үчүн Б2 деңгээлинде сертификат болушу шарт. Бүгүнкү күндө мектепте кыргыз тилин окутуу методикасын өзгөртүү керек болуп турат. Себеби лексикалык минимумдар А1, А2, Б1ге чейин мектепте, Б2 ЖОЖдордо окутулушу зарыл. Биз жарандарыбыздын тилдик компетенцияларын жогорулатуу үчүн эң кеминде үч тил билишибиз шарт. Ошондуктан ушундай эл аралык стандарттардын негизинде биз тилди окутуу деңгээлине жетишибиз керек болуп турат. Ааламдашуу шарттарында келген чакырыктар ушулар. Мектепте тилди окутуу боюнча программанын мазмунун карап чыгуу керек болуп калды, — деди эксперт.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова сөзүнүн башында кыргыз тилдин тагдыры, келечеги баарыбызды ойлондуруп турган убак экенин айтты.

– Бүгүнкү республикалык кеңешменин негизги максаты – бала бакчадан баштап жождорго чейин кыргыз тили мугалимдеринин башын бириктирүү. Анткени баарыбызга белгилүү кыргыз тилин окутууда мектеп өзүнчө бир дүйнө, кесиптик билим берүү өзүнчө дүйнө. Мектепке чейинки билим берүү программасын мектепте кайталап, мектептин программасын жождордо кайталап, бир баскан изибизди эки жолу басып келатабыз. Ошондуктан максатыбыз – кыргыз тилин өнүктүрүү, бир аянтчага биригүү. Мындан сырткары Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунда координациялык кеңеш түзүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Ушул кеңешке кыргыз тилине тиешеси бар, айтала турган сөзү, бере турган сунушу бар, идеясы кеңири адамдарды топтоп, кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында бир топ маселелерди карасакпы деген оюбуз бар. Экинчи бир максатыбыз – программа, стандарт. Ар бир кыргыз тилчи, ар бир мугалим стандарттан башташы керек. “Билимиң бар, эсиң жок” деген кеп бар эмеспи, тарбия жагы калып калууда. Тарбияга дагы өзгөчө көңүл бурушубуз керек экен. Көп тилдүү билим берүү боюнча дагы бир топ иштерди алып барышыбыз зарыл. Кээ бир учурда майда деп маани бербеген учурлар кездешет. Кыргыз тилчилерибиз негизги иши менен эмес, ар кандай иш-чараларга катышып, Маданият министрлигинин өкүлдөрү болуп калды. Жыйынтыгында окуучуларыбыз эки сөздү кошуп сүйлөй албай жатышат. Кыргыз тилчилердин негизги милдети – сапаттуу билим, тарбия берүү. Дагы бир орчундуу маселе, 20-30 жыл кыргыз тилин, манасты окутуп жүрүп, Таласты көрбөгөн, өмүр бою Баласагынды окутуп, Бурананы, Кошой-Коргонду көрбөгөндөр бар. Ошондуктан “Жылдын мыкты мугалимдерин” аныктап туруп, турларды уюштурсак, алда канча мааниге ээ болот. Дагы бир маселе, тажрыйба алмашуу боюнча баткендик кесиптештер нарындыктарга келсе, нарындыктар көлгө барса ж.б.у.с. тажрыйба алмашсак дейбиз, — деди сектор башчысы.

Пленардык жыйында Кыргыз билим берүү академиясынын кыргыз тили жана адабияты лабораториясынын кызматкери С.Рыспаев “Кыргыз тилин эне тили, экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясы тууралуу”, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, ф.и.д. В.Акматова “Кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери”, РМКЖжКДИнун “Интеграциялык технологиялар” борборунун директору Г.Артыкбаева “Көп тилдүү билим берүү – мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн багыты катары”, “Ала-Тоо” эл аралык университетинин Квалификацияны жогорулатуу жана инновация институтунун директору К.Жузупбекова “Кыргыз тилин окутууну санариптик муунга адаптациялоодогу ыкмалар”, Бишкек шаарындагы №1 орто мектебинин мугалими А.Карагулова “Манас” эпосун окутууда республикалык “Манас таануу” телетаймашынын тийгизген таасири”, “Оку” басма үйүнүн жетекчиси С.Идирисов “Кыргыз тилинде китеп чыгаруу маселелери” жана “Улут” мобилдик тиркемесинин негиздөөчүсү Ө.Андарбеков “”Улут” мобилдик тиркемеси жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу” деген кызыктуу баяндамалар окулду. Андан соң кеңешменин катышуучулары сегиз секцияга бөлүнүп, жигердүү иш алып барышты. Кеңешменин жыйынтыгында тилге байланыштуу маселелер талкууланып, резолюция кабыл алынды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер