ТАРБИЯНЫН МАКСАТЫ – ЖАШООДО ӨЗ ОРДУН ТАПКАН ЫЙМАНДУУ ИНСАНДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ

  • 30.03.2021
  • 0

 Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» алгачкы Жарлыгы коомубузда жаштарды тарбиялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын көрсөтүп  турат.        Ал жарлыкка ылайык «2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо Концепциясын» иштеп чыгуу боюнча  И.Арабаев атындагы КМУда талкуулоо болуп өттү.

Билим берүү жана илим министри ал талкууда идеалдуу, таза коомду куруу үчүн тарбия Концепциясын ар тараптан терең иштеп чыгуу милдетин окумуштуулардын  жана мектеп мугалимдеринин алдына койду.                        – — Жакында министрликте боло турган структуралык өзгөрүүлөрдө, атайын тарбия багытында иш алып бара турган сектор ачылат. Бул багытта чоң жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Биздин балдар биз жашаган доордо эмес, 10-15 жыл алдыдагы жаңы коомдо жашайт. Ошондуктан аларды өз доорлоруна ылайык келе тургандай этикалык, эстетикалык, руханий дүйнөсү бай болгондой кылып тарбия, билим беришибиз парз. Эгер биз куштун эки канатын элестетсек, ошонун бири тарбия болушу парз. Тарбияны билим деген түшүнүктөн ажыратып карап, аларды материалдык билимге сиңирип, тарбиядан өксүтсөк болбой турганын турмуш өзү тастыктоодо. Бул мамлекеттик стратегиялык багытка айланып отурат, — деп Концепциянын актуалдуулугун дагы баса көрсөтүп кетти (1).                                                 Тарбия коомдун негизги функциясы катары адамзат топтогон социалдык, руханий, материалдык тажрыйбалардын системасын улуу муундун кийинки муунга өткөрүп берүүсү аркылуу жаштарды турмушка даярдоо вазийпасын аткарып келет. Тарбия процессинин маңыз-мазмунун аныктоо боюнча окумуштуулар арасында түрдүү көз караштар бар. Кээ бири баладагы адамдык сапаттардын, жүрүш-туруш маданиятынын, мамилелердин системасын коомдук моралдын негизинде калыптандыруу багытында максаттуу уюштурулган иш-аракет десе, кээ бири баланын табият берген күчтөрүн, шыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү деп аныктап келишет. Кандай гана аныктамаларды карап көрбөйлү, тарбия бул максаттуу процесс экендиги талашсыз болуп турат. Ошондуктан азыркы мезгилде тарбиянын Концепциясын иштеп чыгууда  анын заманбап максатын аныктап алуу эң негизги маселелерден экендигин өзгөчө белгилеп кетебиз.

Чындыгында, максатсыз эч кандай иш-аракет болбойт. Кайсы гана иш-аракеттин түрүн карабайлы, баардыгы кандайдыр бир максатты ишке ашырууга багытталган. Философияда “максат адам тарабынан иштин келечектеги натыйжасын аң-сезим деңгээлинде көрө билүү жана ага карата ички мүмкүнчүлүктөрүн жана эркин аракетке келтирүү” деп аныкталат (2,543). Педагогика илиминде максатты “түздөн-түз түрткү берүүчү күч катары адамдын андан аркы иш-аракетин багыттайт, анын иш-аракетин башкарат жана оң таасирин тийгизет” деп аныктоо менен “билимдин, тарбиянын максаты — тарбияланып жаткан бала кандай болуш керек экендиги жөнүндөгү педагогдун оюнда жашаган элес” катары белгилүү окумуштуу-педагог Н.Асипова түшүнүк берип кетет (3,34). Жогоруда айтылгандарга таянсак, тарбиянын, билимдин максатын аныктап алуу таалим-тарбия процессиндеги негизги проблема экендиги көрүнүп турат.

Билим берүү мекемелери, мугалимдер балдарды тарбиялоодогу жалпы максатты аныктай алышпайт. Тарбия-таалимдин максаты коом тарабынан аныкталат. Билим берүү мекемелери, мугалимдер коомдун социалдык заказын турмушка ашырышат. Ошондуктан коом өзүнүн талабына, социалдык нормаларына жооп бере турган конкреттүү максатты иштеп чыгуусу керек, ал эми окуу мекемелери, мугалимдер, тарбиячылар, ата-энелер ошол максатты ишке ашырышы зарыл. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин тарбиянын максаты так аныктала элек.

Адегенде кээ бир педагогикалык түшүнүктөрдү тактап алсак. Мисалы, көптөгөн окуу китептеринде, тарбиянын концепциясында тарбиянын максаты деп айтылып жүрсө, кээ бир окуу китептеринде билим берүүнүн, билимдин максаты, ал эми айрымдары тарбия жана билимдин, же болбосо окуу-тарбия иштеринин максаты деп аныктап келишүүдө. Мисалы, 2014- жылкы “Жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында” Билим берүүнүн максаты: улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук жыргалчылыкты камсыз кылган инсандын жарандык жана кесиптик даярдыгы” деп көрсөтүлсө (4), ошол эле жылкы тарбиянын концепциясында “укуктук демократиялык мамлекеттин атуулун калыптандыруу” – деп айтылат (5). Мына билим берүү өзүнчө, тарбия өзүнчө каралып  бирдиктүү процесс болбой калган.

Союз мезгилинде билим берүү тарбиянын бөлүгү катары каралчы эле.  Азыркы концепцияда мындай калпыстыкты жоюу максатында “таалим- тарбия” десек болчудай деген ойлор айтылат (8). Мүмкүн, бул да туура көз караштыр. Убагында орус педагогу  П.Ф.Каптеров ушундай кайчылаш, башаламан түшүнүктөрдү жыйынтыктап келип, алардын бардыгын бириктирип “педагогикалык процесс” деп атап кеткен эле. Азыркы мезгилде да бул терминди академиктер Б.Т.Лихачев, В.А.Сластениндер окуу китептеринде кеңири колдонуп келишет. Бул ойду проф. Э.Мамбетакунов менен Т.Сияевдер да негиздешет. “Педагогика илиминде  акыркы мезгилге чейин окуу-тарбиялоо процесси” деген түшүнүк пайдаланылып келген. Көптөгөн педагогикалык  изилдөөлөр бул түшүнүк толук эмес экендигин жана ал процесстин бардык татаалдыгын, биримдүүлүгүн, бирдиктүүлүгүн көрсөтө албагандыгы далилденди. Окуу процессинин жана тарбиялоо процессинин биримдүүлүгүн, бирдиктүүлүгүн жана өз ара тыгыз байланышын педагогикалык процесс көрсөтүп турат” (6,102).

Эгерде тарбиянын же билимдин, же окуу-тарбия иштеринин максаты деп айтсак, бүтүндөй педагогикалык процесстин бир жактуулугун көрсөтүп койгондойбуз. Биздин оюбузча, совет  педагогикасынын теориясына кайтып тарбиянын  максаты эле деп белгилеп, билим берүүнү тарбиянын составдык бөлүгү катары караганыбыз туура болчудай. Мектеп билим берүү стандартын кайрадан карап чыгып, “билим берүүнүн максаты” деген түшүнүктү колдонууну токтотушубуз керек. Ошондо гана азыркы концепциянын аталышынын табияты жана логикасы туура болот деп ойлойбуз

Бүгүнкү күндө тарбиянын максаты — “ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандыруу деп мамлекеттик документтерде (“Билим берүү”, “Мугалимдин статусу” жөнүндөгү мыйзамдар), дегеле бардык окуу китептеринде аныкталып келет. Мисалга алсак, “Билим берүү жөнүндө”  мыйзамында “орто жалпы билим берүү — коомдо жигердүү социалдык көнүгүүгө жана өз алдынча турмушту тандоого, эмгек ишмердүүлүгүнө, өз алдынча билим алууга жана өзүн өзү жетилтүүгө жөндөмдүү, гармониялуу өнүккөн инсанды тарбиялоого жана окутууга максаттуу багытталган үзгүлтүксүз процесс”, “Педагогиканын негиздери” окуу китебинде “жаңы гумандуу педагогиканын негизги максаты — ар тараптан өнүккөн жана гармониялуу, интеллектуалдуу жактан жогору болгон жаш муундарды тарбиялоо” деп аныкталат (6,86). Бул идея адамды тарбиялоонун максаты катары Байыркы Римде (коллогагатия) пайда болуп, социал утописттер тарабынан күчкө кирип, коммунисттердин программасында официалдуу педагогикалык процесстин максаты катары ишке ашырылып келген. Тилекке каршы, бул максат өзүн-өзү актабады, турмушта ишке ашкан жок. Аны ишке ашырам деген коммунисттик партиянын өзү да жок болду. Ал максаттын бүгүнкү күндүн талабына жооп бере албай калгандыгы жөнүндөгү ойлор коомчулукта байма-бай эле айтылып келүүдө. Чындыгында, ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандырабыз деп жүрүп, же ал максатты ишке ашыра албай, же татыктуу тарбия-билим бере албай ара жолдо калып калгандайбыз.

Биздин мектептерден чыгып жаткан жаштарыбызды ар тараптан өнүккөн инсан деп айта алабызбы? Бул суроого бир жактуу жооп берүү өтө кыйын. Ар тараптан өркүндөтөбүз деп көптөгөн предметтерди окуу планына киргизип, окуучулардын окуу сааттарын чексиз көбөйтүп (1197 саат), кереги жок материалдарды окута берип билимдүү жаштарды тарбиялай алдыкпы? Анын бардыгын ПИZA программасынын негизинде жүргүзүлгөн эл аралык сынактын жыйынтыктары ачыктан-ачык көрсөтүп турат. Анын жыйынтыгы аркылуу дүйнөдөгү эң билими төмөн өлкө катары төгөрөктүн төрт бурчуна таанылып бүттүк.

2005-жылы биз “Кут билим” гезитине “Окуучунун ден соолугу чың болсо, окуу ийгиликтүү болот” деген макаланы жарыялап, балдардын ден соолугунун начарлап кеткендигине окуу жүктөмдөрүнүн жана предметтеринин көптүгү таасирин тийгизүүдө, бул терс көрүнүштөрдүн баары тарбия максатынан келип чыкты деп белгилеп кеткен элек (7). Ошондо биздин ойду сындаган адамдар чыккан болчу. Мына мезгил өзү көрсөтүп, окуу жүктөмдөрүнүн өтө көбөйүп кеткендигин моюнга алып, предметтердин санын жана окуу жүктөмдөрүн кыскартып  жатабыз. “Окуу предметтер боюнча жүктөм өтө көп. Жылдан жылга сааттардын саны кыскарганы менен, мазмун, материалдын көлөмү дээрлик азайган жок” (8).  Бирок, окуу жүктөмдөрүн азайтканыбыз менен тарбиялык процесстин максатын так аныктай албай жатабыз  Биз бул маселеге мектеп мугалимдери кандай көз-карашта болду экен деп Ош шаарынын мугалимдерине атайын суроо менен кайрылганбыз. Жыйынтыгында, отуз респонденттин ичинен “Ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандыруу идеясы мезгилдин талабына жооп береби?” деген суроого 26 мугалим терс жообун берген. Биз аларга берген, “Тарбиялык процесстин максаты кандай болсо жакшы болмок?” — деген суроого 22 мугалим: “Балдарды турмуштан орун таба билүүгө, ыймандуулукка тарбияласак, азыркы мезгилдин талабына ылайык болот эле,” — деп айтышат. Жогорку окуу жайларды бүтүрүшүп, турмуштан орун таба албаган көптөгөн дипломдуу жаштарыбызды мисал катары келтирип кетишти. Көпчүлүгүнүн 2014-жылы иштелип чыккан билим берүүдөгү жана тарбиядагы максаттар менен таныштыгы жок болуп чыкты. Жазылган концепциялар, стандарттар кагаз бетинде эле калып калгандай. Айтылгандарга саресеп салып көрсөк, ар тараптан өнүккөн инсанды эмес, турмуштан ордун таба билген, ыймандуу балдарды тарбиялап чыгыш маселеси бышып жетилгендей.

Биз да убагында ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандыруу идеясынын негизинде таалим-тарбия алып, жалпы билимге ээ болдук. 80-жылдары Москвада окуп жүргөндө батыштан келген аспиранттар, стажерлор, студенттер менен дискуссияга чыгып, өзүбүздү интеллектуалдуу, көп окуган, көп нерсени билген адам катарында көрсөтүп, аларды дайыма билимиңер тайкы, биздей көп нерсени билбейсиңер деп тураар элек. Мисалга алсак, америкалык студенттер тарыхтан, адабияттан ж.б. көп нерсени билишчү эмес. Бирок алар ага теригишпестен бизге “турмушка кереги жок билимдердин эмнеге кереги бар? Эгер силер ушундай эле билимдүү болсоңор, эмне үчүн жашооңор начар?” деген суроо берип калышчу.

Биз ошондо ушул маселеге маани берген эмес экенбиз. Көрсө, алар прагматикалык билим берүү теориясынын негизинде таалим-тарбия алышкан экен.

Прагматизм — бул эмне деген теория? “Прагма” — бул грек тилинен которгондо “иш-аракет” дегенди түшүндүрөт. Прагматикалык педагогикада “тарбиянын негизги максаты — турмуштун муктаждыгын чече билген жаш муунду тарбиялоо” — деп аныкталат (6,85). Прагматикалык билим берүү теориясын америкалык философ, педагог Джон Дьюи негиздеген. Ал билимди жана тарбияны жашоо-тиричиликтин ажырагыс компоненти катары белгилеп кеткен. Прагматизм идеясы боюнча балдарга практикалык иш-аракетинде, жашоосунда керек болгон билимдерди бериш керек деп айтылат. Азыркы мезгилде билим берүүдө “финдик керемет — финское чудо” деп жатышат. Анын маңызында негизги идея — балдарды турмушка даярдоо болуп эсептелинет.

Министрлик окуучулардын окуу жүктөмдөрүн туура эле кыскартып, компетенттүүлүк мамиледе окутууну ишке ашырып жатат. Бирок азырынча бул механикалык кыскартуудан билим берүү жакшы жагына өзгөрүп кетет деген ойду айта албайбыз. Анткени билим берүүнүн мазмунуна реформаларды жасай элекпиз. Качан гана  тарбиянын максатын реалдуу турмушка жакындатканыбызда, билим берүүнүн мазмуну мезгилдин муктаждыгынын негизинде өзүнөн-өзү эле өзгөрөт.  Эми ушул убакта талкууга коюлган тарбиялоонун концепциясындагы максатка көңүл буралычы. Анда “тарбиялоонун максаты: коомдогу социалдык, саясий экономикалык ж.б. өзгөрүүлөргө жеңил ыңгайланышууга шыктуу, маселе чечүүгө, ишин жакшы аткарууга жөндөмдүү, укуктук, демократиялык мамлекеттин ыймандуу, маданияттуу атуулдарын тарбиялоо” деп белгиленген (8).

Урматтуу окурман, ушул сөздөрдүн топтомунан конкреттүү бир нерсе түшүнсө болобу, же бирөөнүн эсинде калабы? Эмне эле биз татаалдаштыра бергенди жакшы көрөбүз. Кыска,  түшүнүктүү, турмушка жакындаган максатты жазса болбойбу? Концепциянын өзүндө  “жаңы концепция кыска, так жана түшүнүктүү жазылышы керек” деп турса да ага маани бербейбиз. Совет мектептеринде тарбиянын максаты кыска эле “ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандыруу” деп эле көрсөтүлгөн болчу.

Кылымдарды карыткан кыргыздын элдик педагогикасына кайрылып көрсөк да, анын өзөгүндө прагматикалык таалим-тарбиянын идеялары жаткандай. “Турмуштун татаал маселелерине кыраакылык менен мамиле жасаган бабаларыбыз балдарын эч качан социалдык инфантилизмге кириптер кылган эмес” — деп педагог Б.Апышев белгилеп кетет [9,26]. Алар жаштайынан эмгектенишип, өнөр алышып жашоого даяр болушкан. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”, — дешип аталарыбыз балдарга практикалык билимдерди беришкен. Балага билим, өнөр берип, аны турмушка даярдоо ата-эненин негизги милдети болгон. Өзгөчө кызды турмушка даярдоого көңүл бурулган. Турмушка чыккан кыз барган жеринен орун таап калышы — бакыттын башаты деп түшүндүрүлгөн. “Азыр бир кездеги үй-бүлөнүн бүт тиричилигин толук мойнуна алган курактагы балдар бүгүн көчөдөгү түрдүү оюн-зоокторго удургуп, натыйжасыз абстракттуу билимдерди алышып, үй-оокаттын камы алардын үч уктаса түшүнө бир да кирбей турган болду” (9,27). Элдик педагогиканын идеяларынын баланы тарбиялоодогу ролуна проф. А.Муратов, А.Алимбеков, К.Акматовдор кеңири токтолуп кетишкен. Эгерде прагматикалык билим берип, балдарды өз алдынча жашоого үйрөткөнүбүздө, мүмкүн мындай көрүнүшкө дуушар болбосок керек эле деп ойлойбуз.

Тарбиянын максатын аныктоодо диний педагогиканы да унутта калтырбасак. Диний  педагогикада баланы диний-моралдык негизде тарбиялап ыймандуу баланы калыптандырыш  керек деген идеяны пропагандалашат. Биз бул багытты светтик өлкө катары дайыма чанып келгенбиз. Бирок турмуш бул багыттын да туура экендигин далилдеп жаткандай  Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, диний тарбия турмушубузда кеңири тамырын жайып кетти. Ошондуктан догмалык түрдө динди жээрий бербестен, ал тарбиянын да алгылыктуу жактарын педагогикалык процессте колдонушубуз керек деп ойлойбуз. Дин тарбиянын негизги каражаттарынан болуп келген жана боло бермекчи. Мисалга алсак, ушул убакытка чейин тарбиянын түркүгү болуп келген идеологиябыз, идеялар бүгүнкү күндүн талабына жооп бере албай өзүнөн өзү жок болуп кетти. Ал эми дин түбөлүктүү баалуулук катары ыймандуулукту түптөөдө өзүнүн тарбиялык миссиясын аткара бермекчи.

Тарбиянын концепциясын иштеп чыгууда 2014-жылы да, 2021-жылы да конкреттүү мөөнөт көрсөтүлүп турат. Мисалга алсак, 2014-2020-жылдардагы тарбия концепциясы деп жазылган. Тарбия узак жана үзгүлтүксүз процесс болсо, аны кантип эле алты жылга, азыркысын он жылга бөлүп карайбыз! Кана ошол алты жылга түзүлгөн концепциянын жыйынтыгы эмне болду? Конкреттүү жылдарга бөлүп түзүлгөн концепциялар совет мезгилиндеги пландуу экономиканын калдыктарын элестетип тургандай. Россиянын, Казакстандын концепцияларын карап көрсөк да эч кандай  конкреттүү жылдарды көрө албадык (9,11). Ошондуктан бул маселеге да көңүл буруп, көрсөтүлгөн жылдарды алып койсок туура болчудай.

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктап келип, тарбиянын максаты — турмушта, жашоодо өз ордун таба билген ыймандуу инсанды калыптандыруу деген идеяны негиздөө менен ушул убактагы тарбиянын концепциясын иштеп чыгууда аны  эске алсак деген ойду билгизебиз. Ал эми кийинки макалаларда концепциянын маңыз-мазмунуна сарасеп салсак деген ойдобуз.

Адылбек Батыралиев, п.и.к.,

  ОшМУнун доценти

 

Адабияттар

  1. М.Токторов ТАРБИЯНЫН ЖАҢЫ ПАЙДУБАЛЫ КУРУЛУУДА “Кутбилим”, 02.2021.
  2. Филосовский словарь / Под.ред. И.Т.Фролова-М., 1986.
  3. Асипова Н. Билим философиясы жана тарыхы.-Б., 2010.
  4. Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты- Б.,2014
  5. Концепция воспитания школьников и учащейся молодежи в Кыргызской Республике до 2020 года – Б.,2014
  6. Мамбетахунов Э., Сияев Т., Педагогиканын негиздери-Б., 2008
  7. Батыралиев А., Эргешова А. Окуучунун ден-соолугу чың болсо, окуу ийгиликтүү болот. // Кут билим. Апрель.2005
  8. Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо Концепциясын- Б., 2021
  9. Бекембай Апыш, Тарбия назарияты-Ош, 1996.
  10. Концепция воспитания  в системе непрерывного образования Республики Казахстан, 2009
  11. Концепция духовно-нравственного развития и воспитания личности гражданина России, 2014

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер