ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ — ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

  • 01.04.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы “Креатив-Таалим” билим берүү комплексиндеги окуучуларды эмгекке тарбиялоо тажрыйбасын өрнөк катары көрсөтүүнү туура көрдүк. Күчтүү команда  жаш муундарды бала бакчадан баштап тазалыкка, жоопкерчиликке, мекенчилдикке  тарбиялоо боюнча  бир нече долбоордун үстүндө иштеп жатат.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

Мугалимдер окуучуларга өрнөк

“Эшигин көрүп, төрүнө өт” демекчи, биз барган жеке менчик мектептин кире беришинен баштап ар бир кабинетинин тазалыгынан көз уялат. Биз суктанып кеп кылып жаткан Япониядагы, Түркиядагы, Лондондогу мектептерден  “Креатив-Таалим” ББК ашса ашат, кем калбайт экен. Мени таң калтырганы мектептин башкы директору жалпы мугалимдер отурган кабинетте, болгондо да босого тарапта иштеп отурганы болду. Көрсө, анын жеке кабинети жок экен. Бул жерде сен директор, мен мугалим деген бөлүнүп-жарылууга таптакыр жол берилбептир. Кандай гана жумуш болбосун баары бир кишидей, бир муштумга түйүлүп, мектептин өнүгүп-өсүшүнө өзгөчө көз караш менен иштегенин угуп бир жагынан сүйүнсөм, бир жагынан Кыргызстанда уникалдуу мектеп бар экенине сыймыктанып турдум. Башталгыч класстын окуучуларынан баштап жогорку класстагылар өздөрү отурган парталарды, отургучтарды, кабинеттеги эмеректерди таза кармоого, сындырбоого жооптуу экен.

-Ар бир киши өзүнүн отурган ордун, баскан жерин тазалап кетүү ал кайсы кызматта иштейт, канча жашта экенине карабай өзү милдеттүү деп эсептелинет. Ата-энелер чогулушунда жашына, түсүнө, жынысына, акча төлөп жатканына карабай, ар бир окуучу мектептин тазалоо жумушуна катышууга милдеттүү экенин айтам. Алар дагы балдарын эмгекке үйрөтүүгө каршы эмес экенин билдиришет. Окуучулар өздөрүнүн кирген кабинеттерин, отурган парталарын бир жумада бир жолу жууп, тазалап, жыйнашат. Ал эми күнүгө ар бир класс өздөрүнүн кабинеттерин тазалап кетүүгө милдетүү. 1-5-класска чейин атайын техникалык кызматкер полду жууп кетет, — дейт мектеп жетекчиси, “КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим” Гүлнара Дайырбекова.

Кабинетти толугу менен жууп тазалоо 6-класстан башталат. Мугалимдер тазалоо процессине түздөн-түз катышып, кайсы жерди кандай жана кантип жууш керек, гүлдү  кандай сугарыш керек деп чогуу-чаран иштегенге көнүшкөн.

Өзгөчө жаз  мезгилинде айлана-чөйрөнү тазалаганда окуучулар, мугалимдер, башка кызматкерлер чогуу чыгып, тазалашат. Көрсө, креативчилер үчүн бул жагымдуу көрүнүш эч кандай көйгөй жаратпайт экен.

-Биздин жетекчилик мугалимдерге болгон мээримибизди төгүп, кандай мүмкүнчүлүк болсо дагы шарттарды түзүп жатабыз. Өткөн алтынчы күнү мугалимдер улуу-кичүү дебей шатыра-шатман, ырдап-күлүп эки кабат мектепти актап бүтүрүп койдук. Албетте, бул мугалимдердин милдети эмес, буга биз мажбурлабайбыз. Бирок мектебибиз жаркырап, таза турса өзүбүздүн ишибизге да жакшы. Анан бизди көргөн окуучуларга — чоң тарбия сабак болот. Ушундай иш-чараларда мугалимдерге ысык тамак уюштуруп, эмне кылаарыбызды билбей калабыз. Мугалимдер чарчашты деп эс алдырабыз. Шарттар бар, бирок шартты да түшүнгөн адам, жакшылыкты да жасаганды билген адам болуш керек. Жан дүйнөмдө ушундай мыкты адамдарга туш болгонума ыраазымын. Командада бири-бирине атаандашкан киши жок. Бири-бирин аяп, жөлөп-таяп турушат. Мектепте 50% улуу муундагылар, 50% жаштар, анын ичинен 40% агайлар, 60% эжейлер. Баланс жакшы сакталган. Оор жумуштарды эркек мугалимдер жасаса, жеңилдерин эжейлер кабагым-кашым дебей эле иштешет. “Ынтымак бар жерде ийгилик бар” дегендей, мындай иш-чаралар жылына бир же эки жолу болот.  Же болбосо бул тазалоо иштери мугалимдердин компетенциясына кирбейт, — дейт жетекчи.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

Мектепте авторитардык мамиле жок болгон үчүн кайсы жумуш болбосун мугалимдерге катуу тийбейт. Анткени баары бирдей.

-Эгерде мектептин тепкичи чаң болуп калса, аны эч кимге айтпай эле мен өзүм тазалай баштайм. Аны көргөн окуучу болобу, мугалим болобу чуркап келип колуман алууга аракет жасашат. Эгерде мен авторитардык мүнөздө “бар, коридорлорду барып шыпырып келгиле” десем, мугалимдерге катуу тиймек, кемсинткен болмокмун. Ошондуктан биздин мектепте мугалимдерге, окуучуларга өзгөчө мамиле бар. Мындай мамиле балдарды мейли үйүндө, мейли мектепте болсун таза кармоо керек экенине үлгү болот.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

Техникалык кызматкерлер бар, алар күнүгө тазалыкты камсыздап турушат. Мен айтайын дегеним,  жалпы субботникке чыгууда баарыбыз бирдей иштейбиз.  Бул окуучулардын таалим-тарбиясына болуп көрбөгөндөй таасир этет. Коомдо ушундай нерсе бар, полду бир эле киши жууш керек,  ал милдеттүү, эмгек акы алат, калганыбызга милдет эмес деген түшүнүк калыптанып калган. Бала кичинекей кезинен мектепте болобу, үйдө болобу турган жери кир болсо, сүртүп тазалап турганга үйрөнүшү зарыл. Ушундай нерселерди балдардын аң-сезимине сиңдириш керек. Бизде дагы бир жакшы тенденция бар. Бир үйдөн 3-4 бала окуйт.   Бир туугандардын классташтары инисине, карындашына байкесиндей, эжесиндей сезилет. Окуучулар үй-бүлөлүк аяр мамиле менен тарбия алып жатышат. Ошондуктан башка мектептерден айырмаланган салттарыбыз, ишке болгон мамилебиз башкача. Мугалимдердин жигердүүлүгү, жан дили менен берилип иштеп жаткандарын көрүп туруп, кантип ыраазы кылыш керек, мындан ары кандай мотивация берсек болот деп  Түркияга 18 мугалим, бир мугалим Дубайга, Сүмбүлгө 32 киши барып, эс алып келишти.  Кандай мүмкүнчүлүк болсо эле мугалимдердин көңүлүн алганга аракет кылып жатабыз, — дейт Г.Дайырбекова.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

Турмуштук көндүмдөр

Гүлнара Дайырбекова окуучу таңкы тамакты жасаганды билсе деп кыялданчу экен. Былтыртан бери этап-этап менен тамак жасоону окуучуларга ийримде үйрөтүү боюнча долбоор ишке аша баштаптыр. Ал үчүн атайын бир кабинет  эмеректер менен жабдылып, тамак жасаганга бардык шарттар бар экен.   4-класстын окуучулары таңкы тамакка блинчик, омлет, бутерброд жасашса, 7-8-класстын окуучулары биринчи тамактарды жасаганды үйрөнүшүптүр. Эми салат жасаганды үйрөнүп жатышат. Бул бир жагынан мектеп жашында эле кесипке даярдоо болсо, экинчи жагынан турмушка даярдануу экени көрүнүп турат. Анткени балдар мектепте эртеден кечке чейин болушат. Үйгө берилген тапшырмаларын аткарып бүткөндөн кийин, ийримдерде кошумча билим алышат.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

-40-50 жыл мурда УПК деген бар эле, менин кыялымда ошондой нукта кылсакпы деген ниетим бар. Эгерде мыйзамга туура келсе, 10-11-классты бир кесипке даярдап, окуганы тууралуу сертификат же күбөлүк берсек сонун болот эле. Экинчи долбоор  — топчу кадоо. Бул чоң проблема экен. Окуучулар топчусу түшүп калса  үч күнгө чейин кадабай жүрө беришет. Бул дагы мейли эркек, мейли кыз болсун керек көндүм. Бул этаптан окуучулар өттү. Кийинки этап эмдиги жылкыга пландаштырдым – кийим үтүктөө. Ата-энесин күтүп отурбай ар бир окуучу өзү ушулардын баарын жасаганга үйрөнүшү керек. Бул турмуш талабы. Ошондуктан мектеп партасынан тарта биз окуучуларды ушундай жашоодогу күнүмдүк көндүмдөргө үйрөтүп, калыптандырып жатабыз. Бул уланат. Мындай элементтерди мектеп алдында ачылган бала бакчаларда да үйрөтөбүз, — дейт директор.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

Тарбия башаты – бала бакча

Мектептин алдында эки бала бакча иштейт. Бала бакчанын окуу программасына Монтессоринин элементтери киргизилген.  Кичинекей кезинен балдарды тамакты кантип куюп ичиш керек экенине үйрөтүп жатышат. Бул жерде бардык коопсуздук каралган. Кайнап бышкан тамак өтө ысык, өтө муздак эмес болгон учурда ашпозчу өзүнүн нормасы менен куюп, балдарга берет. Ошол күнкү дежур бала столдорго орто жерине тамакты коюп берет. Калгандары өздөрү тарелкаларына куюп алышат.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

-Бала бакчада экинчи тамакты балдар өздөрү даярдашы керек. Биз азыр эксперимент катары алманы арчыганды үйрөтүп, печенье бышырганды тарбиячы жасаса, балдар ага чейинки даярдоо процессине катышат. Жашоо көндүмдөрүн бала бакчадан баштап калыптандырып келатабыз, — дейт Гүлнара айым.

Тарбияны ата-энеден баштоо зарыл

-Таалим-тарбияны ата-энеден башташ керек. Бир жылда төрт жолу ата-энелер чогулушун милдеттүү түрдө өзүм өтөм. Ата-энелер 100% келет. Себеби мен чогулушта балдардын жеке жетишкендиктери менен кемчиликтери тууралуу ачык айтпайм. Эмне үчүн? Себеби кошуналар, туугандар, теңтуштар, кудалар отурушат. Балдардын жаман окуганын же тентектигин айтуудан бала оңолуп кетпейт. Болгону ата-энесинин шагы сынат, жакшы окуган баланын ата-энеси өзүн жакшы сезет, жаман окуган баланын ата-энеси кийинкиде келбей коюшу мүмкүн. Чогулушта класстын жалпы жетишкендиги, билим сапаты, тарбия маселеси жалпы айтылышы керек. Көп жылдан бери ата-энелер менен иштөө үчүн өзүм түзгөн күндөлүк бар. Ошол күндөлүккө баалар коюлуп турат. Ал эми ата-эне чогулушунда балдарды тарбиялоо сырлары тууралуу кеп кылабыз. Мисалы, 5-класстагы адаптациялык өзгөчөлүктөрү, өспүрүм убактагы бала менен мамиле түзүү, үй-бүлөдөгү ата-эненин ролу ж.б.у.с. атайын тема менен өтүлөт. Ата-энени чогулушка же иш-чарага чакырууда бир жума эрте чакыруу жөнөтүлөт. Чогулуштан кийин класс жетекчилер кыска маалыматты класска барып беришет, — дейт Г.Дайырбекова.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

Баарлашуу сааты

Класс жетекчилер өткөргөн класстык саатты алып салып,  баарлашуу саатын киргизишкен. Анткени тарбиялык саат башка предметтерден өтө оор жана жооптуу сабак экенин айтышты.  Тарбиялык саатты өтүүдө класс жетекчинин ошол тема боюнча жашоодогу өзүнүн ою, көз карашы болушу керек. Көп учурда дал келбей калат.

ТАРБИЯ ЖАКШЫСЫ - ТАГДЫРДЫН АЧКЫЧЫ

-Тарбиядан балага туура эмес багыт берип, өзүңдүн көз карашыңды таңуулап койсоң, мүмкүн ал баланын тагдырына балта чабылып калат. Ушул маселе мени абдан ойлонтчу, ошон үчүн биздин мектепке баарлашуу саатын киргиздик. Мисалы, бул саатка достук, жеке гигиена, мекенчилдик тууралуу ж.б.у.с. темаларды бөлүп койгонбуз. 80 мугалим ушул темаларды бөлүп алдык. Бештен мугалим бөлүнүп алып, 5-класстын окуучуларына мекенчилдик жөнүндө эмнелерди айтып беребиз, 10-класска эмнени айтабыз деп теманы байытып отурабыз. Мазмуну каралат, жашоодон мисалдар келтирилет, — дейт мектеп жетекчиси.

“Креатив-Таалим” ББКнын билим берүүдөгү, ийримдерде иштөөдөгү өзгөчөлүктөрү тууралуу кийинки санда айтып беребиз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Сүрөттөр Нурзат Казыбекованыкы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер