ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС БОЛБОЙТ

  • 06.06.2024
  • 0

ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС  БОЛБОЙТ

КР эмгек сиңирген мугалими, балдарга билим-тарбия берүүгө 35 жыл өмүрүн арнаган Майрам Дүйшекеева өзүнүн алгачкы агартуучулук чыйырын өзү кыялданган Кара-Балта шаарындагы А.Макаренко атындагы жатак-мектепте баштаган. Ал ушул мезгил аралыгында ар бир бала өзүнчө өзгөчө дүйнө экендигин, баланын ошол дүйнөсүнө, аруу сезимине аяр мамиле жасай билген адам гана мугалим жана тарбиячы боло аларына терең ынанды.

Майрам Дүйшекеева 1940-жылдын 15-декабрында Жайыл районундагы Ак-Башат айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдагы мектептен 7-классты аяктаган соң, Кара-Балта шаарындагы кыздар жатак-мектебинде окуусун улантып, жетилүү аттестатын ошол жерден алган секелек кыздын өзү туулуп-өскөн айылдагы мектепте пионер вожатый болуп иштеп калганы анын болочок кесибине жол ачып берди десек болот. Бир жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирип, аны 1965-жылы ийгиликтүү аяктаган соң, кыялындагы мектепте алгачкы эмгек жолун баштаган.

— Мен университетте окуп жүргөндө эле Кара-Балта шаарындагы А.Макаренко атындагы жатак- мектепте иштесем деп кыялданар элем. Ошол кыялым орундалып, университеттин дипломун колума алган соң, мектептеги башталгыч класстарда тарбиячы, ортоңку класстын окуучуларына тарыхтан сабак бере баштадым. 1972-1973-жылдан баштап өзүнчө класс алып, класс жетекчилик, тарбиячылык милдетти аткарууга кириштим. Мен иштеп жүргөн жылдары мектепти алтын жана күмүш медаль менен аяктаган окуучуларым көп эле болду. Алар Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенип, билим берүү, экономика, өнөр жай жаатында өлкөгө салым кошкон сыймыктуу инсандардан болушту, — деп эскерет ардагер агартуучу.

ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС  БОЛБОЙТ

1966-жылы өзүнүн кесиптеши, кыргыз тили жана адабияты мугалими, Эл агартуунун отличниги Раимбай Сыдыков менен баш кошуп, эки кыз, бир уулдуу болду. Балдарынын баары жогорку билимдүү. Жолдошу окуучуларга эле эмес, өзүнө да устат мугалим, балдарына өрнөктүү ата болгонун сыймыктануу менен эскерди.

— Адам өмүрүндө эки нерсени: кесибин жана өмүрлүк жарын туура тандашы керек деген сөз чын окшобойбу, мен ушул эки нерсени туура тандаганым үчүн жаратканга ыраазымын. Жолдошум мага да мугалим болду дегенимдин жөнү бар. Өз кесибин, окуткан балдарын аздектеп сүйгөндүктөнбү, баланын балалыгын сыйлаш керек деп көп айтар эле. Экөөбүз бала окутуп, тарбиялоодо ар дайым кеңешип, улуу инсандардын жазып кеткен акыл сөздөрүн, кеп-кеңештерин казып окуганга, аны өз тажрыйбабызга колдонууга аракеттенчүбүз. Бардык адамдар ар түрдүү болгондой эле, балдар да ар кандай болот эмеспи, кээ бири тил алчаак, баарына эле макул, көп сүйлөбөйт, ал эми кээ биринин кичинесинен эле көп нерсеге акылы жетик, зирек, өз көз карашы болот. Мыкты мугалим ошондой идиректүү балдарды колдоп, жан дүйнөсүндөгү бүчүрдү сактап өстүрүшү керек. Баланын жан дүйнөсү жазылбаган ак барактай эмеспи. Баланын өсүп-өнүгүүсү, калыптануусу мугалимдин же тарбиячынын ошол ак баракка күн сайын, атүгүл, саат эмес, мүнөт сайын эмнелерди жазгандыгына жараша болот. Өзү да бала болгонун унутпаган мугалим гана баланын абалын жакшы түшүнөт, — дейт тажрыйбалуу педагог.

Майрам Дүйшекееванын баланын билиминен мурда тарбиясына терең маани берип, маселенин тээ түпкүрүнө үңүлө карап, келечегине кам көрүшү, балким анын улуу педагог жана жазуучу Антон Семенович Макаренконун ысымын алып жүргөн, кезегинде Чүй өрөөнүнө эле эмес, бүтүндөй республикага белгилүү жатак-мектепте иштегендигине түздөн-түз байланыштуу болсо керек. Аты эле айтып тургандай, балдар жатып билим алган жатак-мектепте таалим-тарбияга басым жасабай коюуга мүмкүн эмес. Ал классындагы балдардын жүрүм-турумуна, башкаларга жасаган мамилелерине кылдат көз салып, баланын кулк-мүнөзүнө карап баа бергенге аракеттенчү.

— Турмушта ар кандай жагдайлар кездешет эмеспи, ошол кырдаалдар баланын тагдырына, келечегине түздөн-түз таасир этип калышы мүмкүн. Чыныгы педагог жана тарбиячы өзүнүн таасирдүү сөзү менен жеке үлгүсүн көрсөтүп, алардын окууга, эмгекке болгон каалоосун, чыгармачылык жөндөмүн ойгото алат. Балдарга жасалмасыз, чын дилинен мамиле жасаган мугалим гана анын ишенимине ээ болот. Бала, айрыкча, ата-энесинен алыс жүргөн баланын сезими өтө аялуу, таарынчаак келет, анын ишенимине кирүү өтө кыйын. Ал тарбиячынын жасалма сөзүн, жасалма мамилесин дароо сезет. Тарбиячы аны менен чын дили менен сүйлөшкүсү келип эмес, жөн гана өзүнүн ишин аткарып жатканын түшүнөт да, андай тарбиячыны сыйлабайт жана ачылып сүйлөшкүсү келбейт. Баланын назик жан дүйнөсүнө таасир этүүчү бирден бир ыкма – бул тарбиячынын акылдуу, орундуу, жандуу жана туура сөзү деп ойлойм. Тарбиячынын сөзүнүн таасирдүүлүгү анын сүйлөө маданиятынын жогорулугуна, баланын аруу жүрөгүнө этият мамилесине жана анын сөзүнүн чындыгына байланыштуу, — дейт ардагер мугалим.

ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС  БОЛБОЙТ

Ал тарбия башаты үй-бүлөдөн башталарын, бөбөктүн кандай адам болушу анын балалыгы кандай өткөндүгүнө, анын колунан ким кармап жетелегендигине, дүйнөдөн акыл-эсине жана жүрөгүнө эмнелерди алгандыгына байланыштуу болорун кайра-кайра айткандан тажачу эмес. Бала кичинесинен бири-бирин сыйлабаган, бири-бирине орой мамиле жасаган үй-бүлөдө чоңойсо, ал жакшылыкка да, сулуулукка да кайдыгер болоруна турмушта бир канча ирет ынанган жайы бар. Биз, улуу адамдар адатта балдарыбызга ачууланганда,  анын жоругун тургай, өзүн да жокко чыгарып, ачуу сөздөрдү айтабыз, муну эч ким тана албайт. Көрсө, туура эмес иш кылган баланы урушканда, ошол уулуу сөздөрү менен анын мүнөзүн эле эмес, ой-кыялдарын, өзүнө жана адамдарга ишенимин кошо талкалап жатканыбызды аңдабайт турбайбызбы…

Балдар менен улуу муундагы адамдардын ортосундагы мамиленин түзүлүшүнө данакер болгон же тескерисинче, ошол мамилени талкалаган себептер жөнүндө терең ой жүгүрткөн тажрыйбалуу педагог Майрам Дүйшекееванын басып өткөн эмгек жолуна баам салып олтуруп, анын айткан насааттары кийинки муундагы жаштарга үлгү болсо, “кулактарына күмүш сырга” кылып тагып алса абдан сонун болмок эле деген ойлорго аргасыз жетелендим.

— Балалык адамдын өмүрүндөгү маанилүү учур. Үй-бүлө — тарбия башаты. Тилекке каршы, көпчүлүк ата-энелер тарбия ишин мугалимдерге түртө салышат. Бала жети жашка чыкканча ата-эненин тарбиясын алат. Кыргызда “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген макал бар эмеспи, анын сыңарындай ар бир ата-эне балдарына олуттуу көңүл бөлүп, орундуу тарбия берүүсү зарыл.

ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС  БОЛБОЙТ

Албетте, тарбия иши – көп тармактуу татаал иш. Ар бир бала өзүнчө, өзгөчө дүйнө. Аны туура түшүнүү менен кабыл алып, жан дүйнөсүнө, акыл-эсине сиңире билген, баланын назик, аяр сезимине этият мамиле жасай билген адам гана мыкты тарбиячы боло алат, — дейт ал.

 

Майрам Дүйшекеева А.Макаренко атындагы жатак-мектепте 1965-жылдан 2001-жылга чейин, т.а. 35 жыл үзгүлтүксүз иштеп келди. Балдарды тарбиялоодогу үзүрлүү эмгеги татыктуу бааланып, 1987-жылы Эл агартуунун отличниги, 1995-жылы тунгуч президент А.Акаевдин колунан
“КР эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наамды алган. Ошол жылы ардактуу эс алууга чыкканына карабай, 2001-жылга чейин насаатчылык улуу вазийпасын аткарып келди. Ушул жылы 84 жаштын даамын сызып олтурган ардактуу ардагер агартуучу эжейибиз бакубат карылыктын бараандуу төрүндө бак-дөөлөттүү өмүр сүрүшүнө тилектештигибизди билдиребиз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер