ТАРБИЯ ИШИН КАНТИП ТАРТИПКЕ САЛАБЫЗ?..

  • 12.03.2021
  • 0

Акматали Алимбеков,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Азыркы кыргыз мектептеринде максаты, натыйжасы айкын, белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүктөргө негизделген тарбиялоо системасы бар экендигине ынангандарга караганда күмөн санагандар арбын. Айрым мектептерде тарбиялоо иши эң эле жакшы дегенде “кожо көрсүн” максатында статистика үчүн даталуу, күндөр үчүн анда-мында өткөрүлө калуучу иш-чаралар деңгээлинен өйдө көтөрүлбөй келе жаткандыгы өтө өкүнүчтүү.

Тарбиялоо ишин долбоорлоо, программалоонун зарылдыгы

Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан тарбиялоонун натыйжалары курактык баскычтарга ылайык так аныкталганда, долбоорлонгондо гана ырааттуу жүзөгө ашат. Ал эми тарбиялоонун күтүлгөн натыйжаларын конкреттештирүү үчүн олуттуу ойлонуштурулган программа зарыл. Тажрыйбаларга таянсак, мындай программа тарбиялоонун максат-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн балдардын ишмердүүлүгүнүн мазмунун аныктоо, айкындоого багытталып, мугалим үчүн да, окуучу үчүн да жол картасы катары кызмат кылат.

Программа, педагог тарбиячыга балдардын кишилик сапаттарынын өнүгүшүнө багытталган иш-аракетинин чектерин конкреттүү айкындоого мүмкүнчүлүк берсе, окуучуга өзүн-өзү өнүктүрүүнүн ориентири катары кызмат аткарат.

Программанын баскычтар боюнча түзүлүшү, руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн, ар бир курактагы мүнөздөмөлөрү менен көрсөткүчтөрүн конкреттештирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн биринчи баскычы (1-4-класстар) төмөнкүдөй сапаттардын калыптанышы менен мүнөздөлөт: адептик түшүнүктөр, көз-караштар, эрежелер тууралуу алгачкы маалыматтарга ээ болот; классташтары, эже-агайлары, ата-энелери жана башкалар менен адептүү өз ара алака-мамиле түзө билүүнүн эреже-жоболорун, жолдорун жана ыкмаларын өздөштүрүп, аны колдонуу боюнча баштапкы тажрыйбага ээ болот. Бул курактагы балдарга айрым учурда тажрыйбасыздыгынан, эрки жетпегендиктен, өзүн-өзү башкаруу жөндөмүнүн жетиле электигинен улам адептик нормалардан четтө мүнөздүү. Аны окуучунун атайлап жасаган жоругу катары кабылдоого болбойт. Балдардын мындай өзгөчөлүктөрүн коррекциялоо, башталгыч мектептен негизги орто мектепке өткөн күндөрдө кылдат эске алынышы абзел.

Негизги орто мектептеги (5-9-класс) руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн өзгөчөлүктөрү: Руханий дүйнөсү кыйла байып, адептик нормаларды аткаруунун маанисин түшүнөт, ыраатуу билимге ээ болуп, өзүнүн, жакындарынын, теңтуштарынын жүрүм-турумуна баа берүү, жеке субъективдүү руханий-ишеним, ынанымдарын коргой билүү боюнча баштапкы тажрыйбага ээ болот; Улуттук, диний, аймактык, гендерлик жана башка өзгөчөлүктөргө карата адептик туура көз карашта болууга умтулат; Өзүн-өзү тарбиялоо, өнүктүрүү боюнча идеалдары конкреттешет; Улуттук, салттык турмуштун субъекти катары тууган аралык жана жамаат аралык алака-катыш тажрыйбасы түптөлө баштайт; Оокат-аш, кийим жана башка материалдык баалуулуктар мээнет, эмгек аркылуу келээрин түшүнүп, өзү да ага кол кабыш кыла баштайт, ата- эненин таянычына айлана баштайт; Өмүрдүн, ден-соолуктун баркын түшүнө баштагандыктан, спортко активдүү катыша баштайт; Улан-кыздарда үй-бүлөлүк турмуш тууралуу түшүнүктөр кеңейип, өз ара мамиле түзө билүү, баарлашуу жана сезим маданияты аркылуу көрүнө баштайт.

Ошону менен бирдикте, бул курактагы балдар интернеттин, жоро жолдошторунун, айрым учурда чоң адамдардын таасири аркылуу жеңил баалуулуктарга да азгырылып кетүү ыктымалдыгы бар. Бул курактагы балдарды туруктуу, баалуулуктарга багыттоо, ата энелердин, педагогдордун, коомчулуктун эң жооптуу иши.

Толук орто мектептеги (10-11-класс) руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн өзгөчөлүктөрү: Руханий-адептик дөөлөттөрдүн компоненти катары, улуттук салттардын, адептик-ыймандык, саясий-идеологиялык жана башка ар түрдүү көз- караштардын жана көрүнүштөрдүн адептик маани-маңызын чечмелей билет, турмуштагы руханий-адептик көрүнүштөргө карата өзүнүн көз карашын айкындап билдире алат; Кыргыз элинин руханий-адептик баалуулуктарын жалпы адамзаттык маданияттын үлгүлөрү менен салыштырып, аларга карата тандалма мамиле кылуу тажрыйбасы түптөлө баштайт; Үй-бүлөсү жакындары, теңтуштарына, коомго жакшылык иш жасоо ыкласы, тажрыйбасы артат; Үйдө, көчөдө, мектепте учурай калуучу пикир келишпестиктерге кайдыгер карабай, калыстык менен чечүүгө салымын кошот; Эмгекте, өнөрдө, адамдык мамилелерде асыл үлгүлөрдү жаратууга умтулат жана жүзөгө ашыра алат.

Мектеп бүтүрүүчүсүнүн бейнеси – предметтик компетенттүүлүктөрдүн гана суммасы эмес. Ал коомдук активдүүлүккө, сынчыл ойломго ээ, үй-бүлө, коом, мамлекет, адамзат алдындагы жоопкерчилигин туйган, башкалардын пикирине сый-ызаат мамиле кылып, конструктивдүү диалог кура алган, сергек жашоо образын тутунган, айткан сөзү менен кылган ишинин ажырымы жок, эл-журтун сүйгөн, анын руханий-адептик баалуулуктарына сугарылган, элине ак кызмат кылууга даяр, абийирдүү адам, атуул болууга тийиш. Демек, ал атайын ойлонушутурлган тарбиялоо ишинин продуктусу. Бул болжолдуу натыйжа таризинде мүнөздөлгөн балдардын руханий -адептик сыпаттары мектептеги тарбиялоо процессинин ар бир кадамында көңүлгө алынышы керек.

Руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан тарбиялоо ишин уюштуруунун шарттары жана принциптери

Балдардын инсан катары калыптанышын аныктаган факторлорго өзүнүн турмуш агымы, мектептеги окуу, мугалим, ата-эне, коомчулук, теңтуштар тобу, виртуалдык дүйнө, өзүнүн субъективдүү өзгөчөлүктөрү кирет.

Бул шарттарда окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан тарбиялоо ишин уюштуруунун негизги принциптери катары төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот:

  1. Окутуу жана тарбиялоонун интеграциясына, биримдигине жетишүү

Руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, окуучулардын сабактагы, сабактан тышкаркы, мектептен тышкаркы турмуш чөйрөсүндөгү баардык негизги ишмердүүлүгүн ичине алышы абзел. Билим берүүнүн мазмунунда, инсандын базалык баалуулуктарын руханий адептик, укуктук, эстетикалык, дене-бой маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгөлөр бар. Алсак, адабият сабагы руханий адеп тарбиясы менен өз ара тамырлаш, түгөйлөш дөөлөттөр экендиги адамзат маданиятынын тарыхы аркылуу таасын далилденген аксиома. Бирок, азыркы мектепте ошол функцияны аткарып жатабы? Биздин пикирибизде мектепти бүткөнгө чейин ар бир окуучуну адамдын рухун ойготуп, бул жашоодо абийир менен жашоодон башка альтернатива жок экендигине ынандырууга кудуреттүү улуттук жана дүйнөлүк адабияттын расмий тандалган 100 классикалык чыгармасын окуп чыгууга милдеттендирүүбүз керек. Дүйнө мамлекеттеринде мындай тажрыйба бар.

Окутуу процессинин тарбиялык милдеттер менен интеграциясы, мугалимдин окуучунун өзгөчөлүктөрүн таануу, ага гумандуу мамиле кылуу менен бирдикте, жүрүм-турумуна баам салып, сабактагы ыңгайлуу кырдаалдардарды балдардын адептик нормалар тууралуу билимин тереңдетүү, жүрүм-турумга көнүктүрүү, кемчиликтерин түзөлтүү ишмердүүлүгүнө жараша болот. Окутуунун жана тарбиялоонун интегративдик мүнөзү, предметтик мугалимдердин, тарбиячылардын, билим берүү мекемесинин администрациясынын жана ата-энелердин көз-караштарынын биримдиги аркылуу бекемделет.

  1. Руханий-адептик жана дене-бой жактан тарбиялоодо ата-энелердин, коомчулуктун биргелешкен иш аракетин камсыз кылуу

Руханий-адептик жана дене-бой жактан өнүктүрүү ишине катышкан баардык субъекттердин (үй-бүлө, коомдук уюмдар, салттуу дин уюмдары, кошумча билим берүү, маданият жана спорт мекемелери ж.б.) өзүнүн тарбиялык ишмердүүлүгүндө, улуттук тарбия идеалын, анын базалык баалуулуктарына шайкеш жүргүзүшү зарыл. Балдардын эң биринчи жана эң таасирдүү мугалимдери ата-энелер экендиги педагогикалык аксиома. Атактуу педагог П.Блонский балдарды тарбиялоону ата-энелерден баштоо зарылдыгын белгилеген. Белгилүү кыргыз педагогу Гапыр Мадаминов
өзү жетектеген Лейлек районуна караштуу №3 гимназияда «Эне мектебин» уюштурган. Энелер 60 сааттык программанын көлөмүндө балдарды тарбиялоо, окуу ишине көмөкчү, жардамчы болуу багытында атайын билим алышат. Бул тажрыйба директивалык негизде баардык мектептерге жайылтылышы керек.

Тарбиялоо ишинин системдүүлүгүнө жетишүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын маданий, спорттук, таалим-тарбия иштерин координациялоо жоопкерчилигин арттырууну талап этет. Жалпы элдин руханий байлыгын өстүрүү үчүн китепканалардын ишин ар тараптуу багытта активдештирүү зарыл. “Бир китепкана, бир түрмөнүн жабылышына себепкер боло алат” (Мевлана). Жогоркулар менен бирдикте мектептер элет жеринин социалдык-маданий адептик салттарынын таасирин кайтарымдуу пайдалануу үчүн этномаданий диалог куруулары шарт. “Адамдар өзү жашаган чөйрөнүн таасири астында өсүшөт жана тарбияланышат, демек, алардын жан дүйнөсүнүн калыптанышында ошол чөйрөнүн таасири чечүүчү мааниге ээ” (К.Д.Ушинский). Жалпылап айтканда тарбиялоонун субьектеринин ортосунда паритеттүү, партнердук кызматташууну активдештирүү шарт.

  1. Инсанды руханий-адептик жана дене-бой жактан өнүктүрүү процессин гуманисттик баалуулуктардын чегинде аңдоо

Руханий-адептик жана дене-бой жактан өнүктүрүү иши инсанды өзүндө өнүгүү программасы бар кайталангыс зат катары таанып, аны ачууга багытталган гуманистик баалуулуктарга негизделиши шарт. Мындай парадигманын шартында ата-энелер, педагогдордун ишмердүүлүгү балдардын өзүн-өзү өнүктүрүүчү инсандык функциясын иш аракетке келтирүүгө багытталат. Буга ылайык тарбиялоо иши инсандын өзүнө өзү жардамчы болуп, өзүн-өзү тарбиялоосун колдоо, коштоо катары каралат. Буга байланыштуу концепциянын өзөктүү принциптеринин бири – инсанды социалдаштыруу анын жеке өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүү менен шайкеш келгенде гана ыкчам алдыга жылат деген гуманисттик баалуулукту сунуштоо болуп эсептелет.

  1. Мугалим, тарбиячынын инсандык өрнөгү, тарбиялык таасирине таянуу

Жаш муундарды, улуттук тарбия идеалынын баалуулуктарынын негизинде тарбиялоо ишине тике жоопкер, эң башкы субьект – мугалим. Руханий-адептик жактан тарбиялоонун талаптары, мугалимдин инсандыгынын өрнөк үлгүсү аркылуу гана балдардын ишенимине татып, чындыкка айланат. Башкача айтканда, мугалимдин кишилик нускасы, тарбиялоо ишинин ийгиликтүү ишке ашуусунун эң башкы кепилдиги. Бул педагогикалык мыйзам тууралуу К.Д.Ушинский “Тарбиячынын жаш муундардын жан дүйнөсүнө таасирин эч нерсе менен теңдештирүүгө болбойт, аны окуу китептер да, ар кандай адептик осуяттар да, мактоо жана жазалоо системасы да алмаштыра албайт” — деп жазган. Демек, мугалим балдар үчүн жөн эле сабак бергич эмес, “насаат нускасы, таасирлүү чоң адамдын идеалы”, “турмуш жана улуттук дүйнө тааным булагы” образында кабылданышы абзел. Ал өз элинин руханий-адептик маданиятын, дүйнөлүк маданияттын үлгүлөрү менен жуурулуштуруп, балдарды билим жана маданият чөйрөсүнө баштоочу “гид” болушу шарт.

Окуучулар үчүн жүрүм-турум эрежелери зарылбы?

Биздин пикирибизде балдар үчүн мектепте, айыл ичинде, үй-бүлөдө, виртуалдык дүйнөдө өзүнүн беделин сактоо, коргоо, өнүктүрүүгө өбөлгө болгон эреже кодексттерди иштеп чыгуу зарыл. Мектеп окуучуларынын жүрүм-турумун жөнгө салган эрежелер дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде бар. Алсак, Япониянын мектептеринде окуучулардын жүрүм турумун жөнгө салган 18 эреже белгилүү. Алардын айрымдарын аткаруу чоңдор үчүн да оңой эместиги белгиленип жүрөт. Жүрүм-турум эрежелеринин эң башкыларынын бири – сабак учурунда мугалимдин сөзүн бөлбөө, айткандарын чын дилден кунт коюп угуу. “Башкаларга таандык буюм сеники эмес” — деген эреже эскерткич мектептин жана жолдошторунун буюмдарын өтө аяр жоопкерчилик менен колдонуу маданиятына үйрөнүү муктаждыгын жаратат. “Англиянын мектептеринин жүрүм турум кодексинин” (Arnold House School) өзөгүн “Башкалардын сага кандай мамиле кылышын кааласаң, сен да ошондой мамиле жаса” — деген принцип түзөт. Кодекске ылайык мектепте кичүүлөр улууларга, жогорку класс окуучулары кенже класс окуучуларына, уландар кыз балдарга жол бошотуп сый-ызаат менен мамиле жасашат. Англис мектептеринде коридордо бир нерсеге түйшөлүп турган окуучуга же мектеп айланасына келип калган бейтааныш адамга ар бир окуучу «Мисс, сизге жардам бере аламбы?», “Сэр, кимдир бирөөнү издеп жатасызбы?» — деп камкор мамилесин көрсөтүү көнүмүш адатка айланган.

Кыргыз мектептеринде окуучулар үчүн түзүлө турган жүрүм-турум эрежелери демократиялык, гуманисттик жана улуттук салттык этикетке негизделип, балдардын элдин жашоо турмушу менен тутумдаш өнүгүүшүн камсыз кылышы абзел.

Жогоркудай амалдар тарбиялоо ишиндеги башаламандыктарды азайтып, ал процессти ойлонуштуруп, ырааттуу, системалуу уюштуруу жолдорун бекемдөөгө негиз болот.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер