ТАНДООНУН ТАЗА МЕХАНИЗМИ

  • 21.07.2022
  • 0

Мектеп директорлорун тандоо сынагы ар бир облус борборлорунда өткөрүлөт. Сынактардын жүрүшүн жалпы коомчулук, журналисттер, активисттер, ата-энелер көрө алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

— Эң негизги максат – билим берүүнүн сапатын көтөрүү, кадрдык потенциалды күчтөндүрүү. Билим берүү тармагы – республикабыздагы эң чоң тармак экендиги белгилүү, учурда 2236 мамлекеттик мектеп бар. Президенттин жарлыгы мамлекеттик мектептердеги ишмердүүлүктү жандандыруу, кадрдык потенциалды көтөрүү жана келечекте боло турган модернизациялоого, реформага даярдануу багытында мектеп жетекчилерин конкурстук негизде дайындоо тууралуу болуп жатат, андыктан биз жарлыкты коомчулук менен бирге жалпылап ишке ашырышыбыз керек, — деди Алмазбек Бейшеналиев.

966 орунга сынак өтөт

Министрликтин адистери жүргүзгөн атайын анализдин негизинде, учурда беш жылдан көп иштеген мектеп директорлорунун жалпы саны 966 экени аныкталды. Ал эми калган мектеп директорлору иштөө мөөнөтү беш жылга толгондо, автоматтык түрдө кызматын аяктап, жылда өтүп турган жалпы тестке катышууга укуктуу.

А.Бейшеналиев мындан ары мектеп директорунун орду ар беш жылда бир өтүүчү конкурста дайындала турган механизм аркылуу бекитилерин, конкурска мурда ал орунда жакшы иштеп жаткан директорлор да катыша аларын баса белгиледи.

— Тест компьютердик негизде жүрөт. Мындан ары билим берүү тармагы IT тармагына тыгыз байланышат. Пандемия учурунда канчалык деңгээлде IТ тармагын өздөштүрүү керектиги айкын далилденди. Анткени мектеп директору өзү окуучуларды ЖРТга, сынактарга, олимпиадаларга дайындап жатса, алардын баары компьютер аркылуу өтүп жатса, ал эми өзүнүн ал тууралуу түшүнүгү жок болсо, ал кадрды алмаштыруунун мезгили келип жеткенин көрсөтөт, — деди А.Бейшеналиев.

Сынактын шартына ылайык, эң көп упай алган талапкер мектеп директору болуп дайындалат. Босого упайдан жогору алган башка талапкерлер ошол райондун же шаардын кадрдык резервине киргизилет.

Президенттин Жарлыгы республиканын мектептеринде жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү максатын камтыгандыгын баса белгилеген министр, буга чейин райондук, шаардык билим берүү бөлүм башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда чечилип келген кадр маселесинде адамдык факторлор кездешип, анда өң тааныштарын шайлоо сыяктуу коррупция элементтери орун алып, иштин сапаты таптакыр артта калып кеткендигин айтты.

— Мындан ары бирдиктүү мамиле жасайлы. Ар бир жетекчи ачык-айкын конкурстун негизинде коомчулуктун көзөмөлү менен тандалсын деген кадамга баралы. Бул кадамды ишке ашыруу үчүн биринчиден ачыктыкты камсыздашыбыз керек, министрлик ал үчүн бардык чараларды көрмөкчү. Келе турган директорлорубуз өлкө үчүн таза, ачык-айкын жигердүү иштеп берет деген үмүттөбүз, — деди ал.

Мектеп директорун тандоо механизми

Мектеп директорлорун тандоонун жаңы механизми кыйла жөнөкөй, ачык-айкын жана коррупция элементтерин жокко чыгарууга багытталган. Мында эң оболу адам фактору катышпайт.

Мектеп жетекчилерин конкурстук негизде тандоо эки этап менен жүргүзүлмөкчү.

Министрликтин билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун директору Б.Шамшидинованын айтымында, сынактын биринчи этабында атайын критерийлерге жооп берген талапкер тиешелүү документтеринин баарын КР БИМ сайтына өз алдынча жүктөйт жана бардык маалыматтарды электрондук почтасынан алып турат.

— Сынактын атайын критерийлерине жооп берген талапкердин документтери борбордун кызматкерлери, БӨУ өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз эксперттердин кароосунан өтөт. Бул процесске министрликтин жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, кызматкерлери катыша албайт. Эгерде талапкер экинчи этапка өтсө, экинчи этабынын өтө турган орду, датасы, убактысы жана графиги боюнча бардык маалыматтар да электрондук почтасына келет.

Сынактын экинчи этабы бардык облустук борборлордо өтөт. Тесттин мазмуну  педагогика, башкаруу менеджменти, жаш курактык психология, билим берүүнүн ченемдик укуктук актылары, маалыматтык-коммуникативдик технологияларды камтыйт.

Борбор учурда тесттин структурасын, тесттик тапшырмаларды иштеп жатат. Бардык тесттик тапшырмалар апробациядан өткөрүлгөн соң, алымча-кошумча жана оңдоолор менен толукталат. Июль айынын аягында биздин борбордун сайтында сынакты өткөрүү боюнча бардык ченемдик-укуктук документтер жайгаштырылат. Бул талапкерлер сыноо тесттеринен өтүп, кандай суроолор болорун билиши үчүн жасалат, — дейт Бактыгүл Шамшидинова.

Толугу менен автоматташтырылган тестирлөө учурунда талапкерлер болжолдуу түрдө 60-80 суроого жооп берет, буга орточо эсеп менен 1:20 мүнөт сарпталат деп болжолдонууда.

Борбордун директору белгилегендей, тестирлөө ачык айкын өтөт, аудиториялар онлайн режиминде көрсөтө турган видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылып, жалпы коомчулукка онлайн чагылдырылып турат, анын жыйынтыгын биринчи кезекте талапкер өзү көрө алат. Ар бир облус борборлорунда өтүүчү сынактардын жүрүшүн жалпы коомчулук, журналисттер, активисттер, ата-энелер көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишеним бар.

Ача пикирлерди айырмалай билели

Директорлор мындан ары беш жылдык мөөнөткө тандалаары тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Айрыкча беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорун Президенттин Жарлыгы менен иштен алуу Эмгек кодексине каршы келбейби, анын укугу бузулбайбы деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Бул суроого Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов мындайча жооп берди.

— Эмгек кодексинин 3-беренесинде эмгекке болгон байланыштар, мамилелер, кодекстен тышкары Президенттин жарлыгы, Министрлер Кабинетинин токтому жана башка укуктук-ченемдик актылар менен жөнгө салынат. Бул процесс ошондой документтердин негизинде болуп жаткандан кийин, эч кандай Эмгек кодексине каршы келбейт. Мектеп директору жарлыктын негизинде жана кодекстин “Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу” деген 83-беренеси менен иштен бошотулат, — деди Б.Ибрагимов.

Юрист айткан 3-берене “Эмгек мыйзамдары жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу башка ченемдик укуктук актылар. Эл аралык укуктук ченемдер” деп аталат. Анда эмгек мамилелери жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелер Конституцияга ылайык эмгек мыйзамдары жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу башка укуктук актылар менен жөнгө салынары жазылган.

Интернет желесинде директорлорду тандоо сынагына байланыштуу эки ача пикирлер да жок эмес. Бул тема катардагы карапайым адамдардан баштап, саясатчылар, журналисттердин кызуу талкуусунда болуп жатат. Алсак, “Temirov Live” каналынын журналисти Болот Темиров да четте калбай өз пикирин таңуулоодо. Ал буга чейин тест, тандоо аркылуу жүргүзүлгөн реформалар өз жемишин бербегенин жүйө кылат. А бирок Болот мырза ал учур менен күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүп жаткан азыркы учурду анча айырмалай албай жатат көрүнөт. Биринчиден, Темиров өзү бул тармакты билбейт, экинчиден, ал өзүнүн жеке оюн коомчулукка таңуулап, коомдук пикирге ойноп, журналисттик абалынан пайдаланып жатканы, бери эле болгондо, кесиптик этикага туура келбейт. Кесипкөй журналист бардык тараптардын пикирин салмактап, арбитр катары мамиле кылууга милдеттүү экендигин да эсинен чыгарып койгон шекилдүү.

Беш жылдык мөөнөт менен тандоо – эң сонун ыкма

Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүл Тайыр кызынын пикиринде, жаш кадрларды директорлук кызматта иштетүү үчүн аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү керек.

—  Директор болуп иштөөгө ар бир эле каалаган мугалим даяр эмес. Маселен, чет өлкөлөрдө башкаруу менеджменти деген атайын окуулар, курстар бар, ошол жактан окуп, билим алгандар гана жетекчиликке келет. Ал эми бизде бара-бара үйрөнүп кетет деп дайындап келишкен. Эч кандай план-программасы, атайын даярдыгы жок эле адамдарды тобокелге салып дайындап алып, анан азабын кайра эле өзүбүз тартып жүрөбүз.

Эгер сынактын программасы дыкаттык менен иштелип чыкса, беш жылдык мөөнөт менен тандоо — эң сонун ыкма. Себеби адам көп иштен эмес, бир нерсени кайталап, бир орунда отургандан тажайт да, жеңил жолдорду издеп баштайт.

Менин жеке оюмда, жигердүү, креативдүү ой жүгүрткөн жаштар директор болуп иштөөсүн кааласак, директорлордун айлыгын жогорулатуу жагын да карап чыгуу керек. Министрлик жаш жетекчилерди ар тараптан коргоого, колдоого албаса, азыркы жаштардын 90 пайызы директорду тандоо сынагына катышпайт. Анткени түйшүгү көп, жемиши жок ишке баргандан көрө, башка иште иштегеним оң деп ойлойт, — дейт жаш адис.

Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жашаган ардагер мугалим Загира айымдын айтуусунда, директорлорду тандоонун жаңы механизми көптөгөн талаштарга чекит коюуга тийиш.

— Мен социалдык желелерден мектеп директорлорун тандоо темасы боюнча ар түрдүү пикирлерди окуп, өзүмдүн да оюмду билдиргим келет. Биринчиден, директорлор беш жылдык мөөнөт менен чектелип тандалганы эң туура болду. А бирок мөөнөтү аяктаган директор кааласа, кайра эле катыша алат экен, эгерде ал жеп-ичкен жетекчи болсо жана кайра тандалып калса, ал мурдагысын улантпайт деген кепилдикти ким берет, мага ушул жагы кызык болууда. Чындыгында заман талабына шайкеш, жаратман, иштерман жетекчиге билим берүү тармагы эмес, башка бардык тармактар да муктаж. Алсак, бала бакча жетекчилеринен баштап, райондук билим берүү бөлүм башчыларына чейин ушундай көз карандысыз конкурстарды өткөрүү жолу менен тандоого эбак эле мезгил келип жеткени жашыруун эмес, — дейт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер