ТАЛДЫ-СУУНУН АРДАКТУУ АГАРТУУЧУЛАРЫ

  • 08.07.2021
  • 0

Быйыл Түп районунун Талды-Суу айылы мектебинин жүз жылдыгын белгилейт. Гезитибиздин өткөн санында бул мектепти узак жылдар бою башкарган Ибраев Бекбо агай жөнүндө сөз кылган элек. Бул жолу ушул мектепке узак жылдар иштеген, эмгеги сиңген, бүтүндөй өмүрүн бала тарбиялоого арнаган агартуу тармагынын алдыңкылары жөнүндө кепти уламакчыбыз.

Ушул айылдын эң кадырлуу, сыйлуу аксакалы Абдыкалыков Кадырбай дагы Мукай Элебаев орто мектебинде окуп, иштеп, пенсияга чыгып, учурда өмүрүнүн 97-жылын жашап жаткан кези. Аны бир эле айыл эмес, бүтүндөй Түп районунун, Ысык-Көл облусунун эли сыйлайт, урматтайт. Себеби ал азыр бүтүндөй бир райондо жалгыз калган согуш ардагери, эң узак жашаган ардактуу атуулу.

Кадырбай агай мектеби менен кошо бир кылымдык өмүрүн татыктуу сүрдү. Пржевальск шаарындагы педагогикалык окуу жайын аяктаган күнү Улуу Ата мекендик согуш башталып, бир жыл Талды-Суунун орто мектебинде математика мугалими болуп иштегенден кийин согушка чакыртылып, Мекенин коргоо үчүн аскерге жөнөп кеткен. Совет эли менен Жеңиш күнүн майрамдоо кыргыздын бул мекенчил уулуна да буюрган экен, Кадырбай агай фашисттерди кууп Германияга чейин барып келген.

ТАЛДЫ-СУУНУН АРДАКТУУ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Ал күндөрдү өзү минтип эскерет: “Биз 7-класска чейин эле окучубуз. Агам Салыйдын аркасы менен Педучилищада окуп калдым. Бирок тилекке каршы, ал жакты бүтүп жатканда согуш башталып, мен бир эле жыл иштеп калдым. 42-жылы 30-августта аскерге чакырылып, Куйбышев шаарындагы горнизондо эки айлык лыжа тебүү курсунда окудум. Андан кийин фронтко жөнөтүштү. 1943-жылы февраль айында Харьковду бошотууга катыштым. Андан кийин 1-украиналык фронтто согуштун акырына чейин мекенди коргодум.  Согуш бүткөндөн кийин Ровно шаарындагы кенже командирлерди даярдоочу курстан окуп калдым. Алты айдан кийин ушул шаардагы конвой полкуна кенже командир кылып жиберишти. Ал жакта жүрүп туулуп-өскөн жеримди, мектебимди эстеп такыр калгым келген жок. Бир күнү Кыргызстанда мугалимдер жетишпейт экен деген кабарды угуп, Сталинге “Мени бошотуңуз, өз айылыма, мектебиме барып иштешим керек” деп кат жаздым. Кудай жалгап, катыма тез эле жооп келип, мен аскер кызматынан бошотулуп, айылыма жөнөп кеттим”.

Ошентип, 1946-жылы Кадырбай агай Талды-Суу айылына кайтып келип, өзү окуган мектебине мугалим болуп калат. Ал согуштан келгенче атасы каза болуп, карындашы турмушка чыгып, апасы жалгыз калган экен. Кайтып келгенден кийин анча көп узабай өзүнүн эле айылдашы, коңшу Арал айылынын мугалими Койгелдиева Сурмаканга баш кошуп, төрт кыз, бир уулду болушуп, 69 жыл бирге түтүн булатышып, бактылуу өмүр сүрүштү.

Жогорку билим алгысы келген  Кадырбай агай үч жыл иштегенден кийин Пржевальскийдеги Педагогикалык институтка тапшырып, аны бүтөөрү менен Сан-Таш орто мектебине директор болуп дайындалат. Андан кийин Обком партияда үгүт жана пропаганда бөлүмүндө инструктор, көп өтпөй Обком комсомолуна секретарь болуп иштеп жүрүп, 1956-жылы Алматы шаарына жогорку партиялык мектепке окууга жөнөтүлөт. Төрт жыл билим алып келгенден кийин Түптүн райкомпартиясында үгүт бөлүмүндө иштеп, 1964-жылдан баштап үч жыл Жети-Өгүз районунда “Маяк коммунизма” гезитинде редактордун орун басары болуп да эмгектенди. Бул жакта эмгектенип калышынын бирден-бир себеби — Алматы шаарында жогорку партиялык мектепте окуп жүргөндө өзү суранып жатып журналистика бөлүмүнөн билим алганында. Андан кийин беш жыл Маяк совхозунда парторг, Маяктагы ПТУга директор болуп дагы беш жыл иштеп калат. Акыры туулуп-өскөн айылына кайтыш керек болуп, Талды-Сууга көчүп келип, биротоло ата конушунда отурукташып калат. Ошол жылдан ардактуу эс алууга кеткенге чейин мектепте мугалим болуп үзүрлүү эмгектенди.

Кадырбай агай басып өткөн ушундай узак жана татаал эмгек жолу мамлекет тарабынан бааланбай калган жок. Анын эң алгачкы жана эң сыймыктуу сыйлыгы болуп Улуу Ата мекендик согуштан алган орден, медалдары эсептелет.

– Ал мен үчүн эң баалуу медаль. Жуковдун медалы менен да сыйлангам. Лениндин 100 жылдыгына арналган “За трудовую доблесть” медалын, “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисин дагы Москвадан тагынып келгем. Көптөгөн Ардак грамоталарды алдым. 2013-жылы Панфиловдун юбилейине Москвага Кыргызстандын атынан барып катышып келдим. Бул мен үчүн эң чоң сыймык”, — дейт ардагер.

ЭЛЕБАЕВДИН ЭҢ МЫКТЫ ЭЖЕЙИ

ТАЛДЫ-СУУНУН АРДАКТУУ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Сопалиева Созул эжей дагы ушул айылдын келини, мектептин ардактуу агартуучусу. Фрунзедеги Кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктагандан кийин эмгек жолун Арал айылынан баштап, үч жылдан кийин Талды-Суу айылындагы Токтонбаев Качкынбек деген жигитке турмушка чыгып, айылдык мектепке которулуп келген.

Созул эжей Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылында төрөлгөнү менен башталгыч классты ушул Мукай Элебаев атындагы мектептен окуган. 7-классында Бишкектеги №5 мектепке которулуп кеткен. Жогорку билим алуу үчүн Москва шаарына барып, бирок ден соолугуна байланыштуу кайра Фрунзеге келген.

Созул Сопалиевна орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдигинен мектептин директорлугуна чейин жетип, жумуш менен турмуштун түйшүктүү жүгүн бирге көтөрдү. 1960-жылы окуу бөлүм башчысы, андан кийин 1968-1973-жылдары мектептин директору болгон. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында райондук, областтык билим берүү бөлүмдөрүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Эл агартуунун отличниги.

Созул эжей мектепте гана эмес, коомдук иштерде да активдүү болуп, көптөгөн жылдар бою аялдар кеңешин жетектеп, турмушта жеке жашоосун эмес, ишин биринчи орунга койгон инсандардын бири болду.

ЖАЛКООНУ ИШКЕ ҮЙРӨТКӨН АСКАРБЕК АГАЙ

ТАЛДЫ-СУУНУН АРДАКТУУ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Иманакунов Аскарбек дагы Талды-Суу айылынын дагы бир бычакка сап уулу эле. Тилекке каршы, өткөн жылы 69 жашында дүйнө салып кетти. Аскарбек Мукалаевич дагы айылдаш агай-эжейлериндей эле мугалим болууну бала кезинен эңсеп, көздөгөнүнө жетип, бүтүндөй өмүрүн бала тарбиялоого арнаган айылдын эң ардактуу атуулу эле.

Ал 1968-жылы мектепти аяктагандан кийин Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун математика факультетине тапшырып, аны 1972-жылы аяктаган. Ошол эле жылы алгачкы эмгек жолун Нарын облусунун Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 немец тили багытындагы мектепке математика мугалими болуп баштаган. Чкалов мектебинде иштеп жүргөн учурунда жогорку партиялык уюмдун төрөгасы болуп дайындалып, андан сырткары мектепте тарбия завучунун милдетин да аткарган.

Аскарбек Мукалаевич ата-энесинин жалгыз уулу болгондуктан 1982-жылы Талды-Суу айылына үй-бүлөсү менен көчүп келип, өзү окуган мектептин алдындагы жатак интернатына бөлүм башчы болуп дайындалган. Өзүнүн кесибин сүйгөн, мугалимдик кесип менен жетекчиликтин сырын жакшы билген Аскарбек агайды 1983-жылы Корумду айылындагы Корумду орто мектебине директор болуп дайындаган. Алты жылдык өмүрүн, эмгегин, болгон күчүн Корумду орто мектебине арнап, билим берүүдө көп иштерди аткарып, бир топ сыйлыктар менен сыйланды.

Эмгекти сүйгөн агай 1989-1992-жылдар аралыгында кайрадан Талды-Суу айылындагы жатак интернатка бөлүм башчы жана М.Элебаев орто мектебине математика мугалими болуп которулуп эмгектенди. 1998-2000-жылдары окуу-тарбия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Андан кийин ардактуу эс алууга чыкканга чейин математика мугалими болуп, көптөгөн келечек муунга таалим-тарбия, билим берип, татыктуу балдарды уядан
учурду.

Жубайы Чогулдурова Зулайка менен 50 жыл бактылуу жашап, төрт уул, бир кызды тарбиялашты. Балдарынын баарын жогорку окуу жайынан окутуп, турмуштан өз ордун табышына түрткү болду. 17 небере, төрт чөбөрө көрдү.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,  «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер