ТАЛАНТ МЕНЕН  АДИСТИКТИ АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАН

  • 07.07.2021
  • 0

Жакында Улуттук жазуучулар союзунун  демилгеси менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң залында Ысмайыл Кадыровдун  70 жылдык мааракесин утурлап, илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Анда окумуштуулар, жазуучулар, акындар, калемдештери, окурмандары анын чыгармачылыгын кеңири талдашты. Балдар үчүн чыгармалары университеттин филология факультетинде жана колледжинде окутулуп жатканын айтышып, Ысмайыл Кадыровго И.Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору деген наам ыйгарышты. Ал эми  “Кыргызстан педагогдор коому” жаштарды руханий-адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү боюнча жасаган көп кырдуу өзгөчө эмгектери үчүн ага коомдун “Педагогиканын каарманы” медалы тапшырылды.

Ат-Башы району. Жаңы-Күч айылы. 1951-жылдын 16-июль күнү. Мен анда алты жарым жашта элем. Биринчи классты окуп бүтүргөмүн. Ал убакта айыл мага чоң эле болуп көрүнгөнү менен, азыр байкап көрсөм кичинекей эле экен. Биздин үйдүн так маңдайында Кадыракун акенин тамы. Анын ылдый жагында Кантай эненин үйү бар эле. Ал үй менен Айты жезденин тамынын ортосунда бир аз бош жер бар болучу. Ал жерге бирөө там салам деп ээлеп алып, анан салынбай калса керек.  Ал күнү  мен ошол бош аянтта балдар-кыздар менен ойноп жүргөм. Түштөн кийинки убак  болучу. Бир учурда Сабира эжем келип, “Салиман эжең эркек төрөдү, элге  сүйүнчүлө” деди. Мен сүйүнүп туугандарга сүйүнчүлөө үчүн чуркадым. Ар бир үйгө кирип “Салиман эжем эркек төрөдү. Сүйүнчү” деп айтып жүрдүм. Ар кимиси жалынып-жалбарып: топчу, таза чүпүрөктүн айрындысы, бет аарчы, ширенке, бир сындырым нан жана башкаларды  берип жатышты. Менин сүйүнгөнүмдү айтпа.

Ошентип, Кадыр жездем, Салиман эжем эркек балалуу болушту. Киндик энеси Батма деген эже болуптур. Жездем 23 жашта, эжем 20 жашта экен. Айылдагы эң билимдүү жана кадырлуу адам – Бакчек сопу азан чакырып, баланын атын Ысмайыл коюптур. Кийин тамашалап “Атка тарткан басмайыл, ача сакал Ысмайыл” деген сөзү да кулагымда.

Эжем менен жездем экөө тең колхоздун жумушунда иштешчү. Тартип өтө катуу болсо керек. Жумушка барбай калган киши болчу эмес. Кийинки  жылдын жазында Ысмайылды биздин үйгө калтырып, экөө жумушка кетишчү. Кечинде   үйүнө алып кетип, эртең менен кайра алып келишчү. Ошентип жүрүп, ал бизге, биз ал балага өтө эле ынак болуп кеттик. Кайсы бир күндөрү келбей калса, биз коңултактап, бир нерсебиз жетишпегендей, сар-санаа болчубуз. Эмнегедир Ысмайыл дебестен  Жаныбек деп атап алганбыз. “Жаныбек келгенде үйдүн ичи жайнай түшөт”, — деп кубанчубуз. Кийинчерээк бизге көнүп калгандыктан үйүнө чырлап барбай койгон күндөр болду. Биз да кетиргибиз келчү эмес. Ошентип отуруп, ал биздин бала болуп калды. Эжем менен жездем  да каршы болушкан жок. Азыр ойлосом алар деле жаш экен. Андан калса үйлөр жакын болучу. Бир үйдөгүдөй  эле кирип-чыгып жүрчүбүз. Жаныбек болсо токтоо, чыр чатакты билбеген, үйдөгү майда барат иштерди орду менен жасаган бала болду.

1954-55-жылдар болсо керек эле. Кадыр жездем Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Оргочор совхозуна Кытай эл Республикасынан көчүп келген өзүнүн атасы Ыбырайдыкына учурашканы барып, кайра кайтканда Жаныбекке деп үч дөңгөлөктүү велосипед сатып келип берди. Баарыбыз сүйүндүк. Кийин ойноп жүрүп, өзүбү же чоңураак балдар аралаштыбы, велосипеддин отургучунун астындагы темир рулга бириккен жеринен сындырып алыптыр. Аны көрүп энем абдан капа болду. Балдарын жакшы ойното албай койду деп айтпайбы деп жездемден уялды окшойт. Албетте, бул анча деле чоң иш эмес эле. Бирок энем муну өтө чоң калпыстык катары санады. Калинин колхозунда  жашаган Талбеев Ахмедге алып барып, велосипедди оңдотуп келди. Темирди  рулга жармаштырып бурама менен бекиткен жерин кийиз менен каптаганда, өзүнчө эле ээр токум сыяктуу болуп калды. Ал жөнүндө эч ким эч нерсе айткан жок. Көңүл деле бурулбады. Бирок энемдин кичине болсо да ар кандай ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаганы бизге сабак болду.

Жаныбек биринчи класска 1958-жылы барды. Мен дем алыш күндөрү гана келип, анын окуусуна анча жардам бере алганым жок. 1960-65-жылдары Фрунзеде окууда болдум. Окууну бүтүп келгенде Жаныбек 7-классты бүтүп калган. Ошондон ушул күнгө чейин чогуу болуп келе жатабыз. Кудайга шүгүрчүлүк.                                                                        Жаныбек 8-классты Ат-Башынын борборундагы №1 В.И.Ленин атындагы кыргыз орто мектептен окуду. А мен №2 В.И.Ленин атындагы орус тилдүү мектепте иштеп калдым. Сегиз жылдык мектепти бүтүргөндүгү жөнүндөгү күбөлүктү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү маалымат боюнча жазуу шарт экен. Ошол убакка чейин Мамбетакунов Жаныбек болуп  жүргөн иним Кадыров Ысмайыл деген документке ээ болду. Мен мектептин директору менен сүйлөшүп, мурдагы эле аты, фамилиясын калтырайын десем, энем болбой койду. Энем туура чечим чыгарган окшойт. Чындыктан эч нерсе бузулбайт эмеспи. 10-классты Калинин атындагы орто мектептен окуп бүттү. Андан кийин жогорку окуу жайдан окуу иши башталды.

Биздин үй-бүлөдөн, ага-туугандардан же башка айылдаштарымдан Жаныбек жөнүндө эч кандай терс пикир укканым жок. Мен ушуну менен сыймыктанам жана мактанам. Ыраазычылыгымды билдирем.

Эми Жаныбектин мектептен кийинки турмушуна токтолоюн. 1968-жылы орто мектепти аяктагандан кийин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл-чарба институтунун гидромелиорация факультетине өттү. Ысмайылдын окуусунун токтошуна институтта жогорку математикадан сабак берген окутуучу, менин курсташым Бородайга окшогон  шовинисттердин кыргыз балдарына жасаган мамилеси себеп болгонун билем. Мен барып аны менен сүйлөшөйүн десем Жаныбек болбой өз арызы менен окуудан чыгып кетти. 1969-70-жылдары Жаныбек Ат-Башы райондук керек-жарак союзунда иштеп калды. Анын ыр жазып жүргөнүн мурда билчү эмесмин. 1970-жылы январь айында В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейине арналган райондук мекемелердин өздүк көркөм чыгармачылыгынын конкурсу өткөрүлгөн. Ага өз кесиптештери менен Жаныбек да катышып, райондук клубдун сценасында Ленинге арналган ырын окуду. Үйгө келгенден кийин бул ыр кимдики десем, өзүмдүкү деди. Ии! Ырың жакшы экен деп ийгилик кааладым. Бирок ага анча деле маани берген эмеспиз. Ошентип жүрүп бир күнү Ат-Башы райондук Быткомбинатынын мебель жасачуу цехине уста болуп орношту. Аны өзү жактырып, чечим кабыл  алган. Ишке өтө берилип, кызыгып иштеп жүрдү. Кол менен эмес станокто иштегенине, эшик, терезенин рамаларын жасап жүргөнүнө сүйүнүп, айтып келчү. Ошондой күндөрдүн биринде фрейзердик станокто иштеп жатып, сол колунун манжаларын алдырып алды. Ал кышында, алтынчы күн болучу. Мен мектепте жүрсөм айтышты. Ак каш  Касымов деген хирург ооруканада жок. Аны башка жактан таап ооруканага барсак, баланын колунан кан агып токтобогондо Асек деген окулист врач операция жасап баштаптыр, аягына Касымов өзү чыгарды. Хирург менен сүйлөштүм, баары жакшы дегенинен стационардык бөлүмгө жаткызып коюп үйгө келдик. Колун таңып койгондуктан эмне экенин билбейм. Эки-үч күн түнү менен ыйлап чыктым. Ооруканада бир жумача тургандан кийин үйгө чыгарып келдик. Кара козу союп, түлөө жасап, элден бата алдык. Кудай жалгап жакшы айыгып кетти. Андан кийин анын окуусу жөнүндө көп ойлондум. Филология факультетине окуйм деген ою да ордунан чыкпай калды. Акыры математикага окуйм деген жыйынтыкка келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин  даярдоо курсуна кирди. Ал жерде сабак берген агайы Калый  Курманбеков менен жакшы мамиледе болуп, кийинки убактарга чейин ымалалашып жүрүшөт.

Ошол учурда оңдой берди болуп мен Фрунзе политехникалык техникумуна физика мугалими болуп ишке орноштум. 1971-жылы августта Ат-Башыдан Фрунзеге көчүп келип, Герцен 96-үйдө жашап калдык. Ал бизге тууган болушкан манасчы, фольклорчу, агартуучу, манас таануучу Ыбрай Абдрахмановдун үйү эле. Өзү 1967-жылы каза  болгон. Мурдатан эле ал үйдө Сатыбалды Нааматовдун аялы Салиман эже жашачу. Баарыбыз ошол үйгө чогуу жашадык. Эже Жаныбекти өтө жакшы көрүүчү. Бош убактыларында карта ойноп, өткөн тарыхтан да айтып берчү. Ошентип, Жаныбек Нааматов таануучу болуп чыга келди. Ал жөнүндө көптөгөн макала-баяндарды жазып, басма сөздө жарыялады. Атбашылык окумуштуу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ж.И.Койчуманов экөө биргелешип С.Нааматовдун атын Нарын мамлекеттик университетине ыйгарууга өзгөчө салым кошушту.

1975-жылы сентябрда Ботаника массивинен эки бөлмөлүү квартирага ээ болуп, Жумагүл, Жаныбек, Жылдыз, Улан бешөөбүз жаңы үйгө көчүп келдик. Жаныбек окуусун эң жакшы улантып, 1977-жылы университеттин математика факультетин аяктады жана курсташы Койлубаева Шарипа менен баш кошуп, үй-бүлө курду. Группалаштары менен чогуу темир жол вокзалындагы Ак-Суу ресторанында чакан той өткөрүп, сүрөткө түшүп, анан үйгө келдик. Балыкчы шаарынан келген Беделбай жезде жана математик Абдыманап болуп, Жаныбек менен Шарипаны Ат-Башыга алып кетишти. Биз Ат-Башыга эртеси автобус менен жетип, Жаңы-Күчкө бизнесмен, меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбековдун энеси Сайраке таеже менен чогуу бардык. Түлөө  жасап, энем келиндүү болгонуна сүйүнүп, баарыбызда чоң кубаныч болду. Анан энеме кайрылдым. “Жаныбек окуусун бүттү. Келиниңиз да мугалим. Эми Ат-Башыга келишсин. Балким, Жаңы-Күчтө иштеп калышар”, — десем, энем: “Силер  ал жакта жалгыз үй болуп жүрөсүңөр. Жаныбек өзүңдүн жаныңда болсун”, — деди. Баарыбыз макул болуп, сентябрда Фрунзеге келдик. Алгач Жаныбек Төкөлдөштөгү мектепте математика мугалими,  Шарипа илим-изилдөө институтуна илимий кызматкер болуп орношушту. Квартирага чыгышты. Көп убакыт өтпөй эле Кыргыз Совет Энциклопедиясынын  башкы редакциясына орношуп, ошол жерден өзүнүн келечектүү ишмердүүлүгүнө чыйыр салып кетти. Өзүндө болгон табигый талантын адистик кесиби (математик жана энциклопедист) менен бекемдеп, чыгармачылыктын ар тараптуу жолун энциклопедиялык нукка салып тактап, системалуу иш жасоого жөндөмдүү инсан болуп калыптанды. Чаалыкпас изденүүчү, майдадан чоңду жаратуучу, акын, балдар адабияты боюнча көрүнүктүү ишмер аталды.

Кыргыз энциклопедиясында иштеп жүргөндө “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген  ардак наамга татыды. Кийин бир нече мамлекеттик жана коомдук сыйлыктардын ээси болду. Алар өзүнүн кажыбас эмгегинин натыйжасында жана ар түрдүү багытта жаралган  чыгармалары боюнча берилген.

Мен билгенден алгачкы ырлары чыгармачыл жаштардын жыл сайын чыгуучу адабий альманахында жарыяланган. Мисалы анын 1981-жылкы 9-чыгарылышында (Түзгөн Нурпаис Жаркынбаев) Ысмайылдын   үч ыры жарыяланыптыр: “Бала”, “Бүчүр”, “Энеме”. Бул ырлардын саптарына катылган философиялык ойлорду азыр окуп алып, өзүмчө сыймыктандым жана шыктандым.

1987-жылы көркөм түйүүнү үйрөнүүчүлөргө арналган “Түймө өнөрү” деген китепчеси жарык көрдү. Мында кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүндө түйүндөн түймөгө чейинки изденүүлөрү, табылгалары, чеберчиликтери тарыхый өңүттө талдоого алынып, искусство таануучулук ыкмалар менен коштолгон баалуу маалыматтар топтолгон. Ал эми 1988-жылы “Таң тосуу” деген биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн. Андан кийинки 2010-2020-жылдары  Ысмайыл 20дан ашык китеп чыгарыптыр. Анын эң кичинесинин көлөмү 16 бет болсо, эң көлөмдүүсү 556 бетти түзөт. Алардын мазмуну өтө ар түрдүү. Арасында ыр жыйнактары, балдар үчүн көркөм чыгармалары, кыргыз маданиятына арналган илимий-популярдуу китептери, Кыргыз Гиннес китеби, сөздүктөрү, энциклопедиялары ж.б. бар. Аларды шарттуу түрдө да классификациялоо менин колумдан келбейт. Балким, филологдор, адабият таануучулар, сынчылар, маданият кызматкерлери өз ойлорун айтышат деген үмүттөмүн.

 Урматтуу   Ысмайыл  Кадырович!

Сиздин сүйүктүү Республикабыздын мугалимдеринин, агартуу кызматкерлеринин, окутуучу-тарбиячыларынын башын бириктирген “Кыргызстан педагогдор коомунун” мүчөлөрүнүн атынан 70 жылдык мааракеңиз менен чын дилден куттуктайбыз!

Сизди кыргыз журту таланттуу акын, терең жана кенен билимдүү эңциклопедист; балдардын жан дүйнөсүнө өзгөчө таасир берүүчү дидактикалык материалдарды түзүп, аларды балдардын жаш курагына жараша орду менен сунуш кыла билген педагог-изилдөөчү, психодидакт; ар кандай багыттагы илимий терминдердин сөздүгүн түзүүчү; математика илиминин мазмунун жана өнүгүү тарыхын популяризациялай билген илим таануучу; жеке адамдын жашоо турмушундагы, табияттагы же коомдогу өзгөчөлөнүп көрүнгөн айрым фактыларды кылдат байкап, аларды математика менен логиканын мыйзамченемдерине ылайык тактап, бири-бири менен салыштырып ой корутундулап алып, анын  рекорддук жыйынтыктарын элге тартуулаган гиннесчи; кыргыз элинин жан дүйнөсү менен жашоо шартындагы маданиятын терең үйрөнүп, анын маңызын чыгара талдап, анан өзүнүн дилинен чыккан мүрөк катары элине сунган этнограф, этнопсиходидакт катары билишет. Сизден жалпы журттун маданий деңгээлин көтөрүүгө, балдардын таанып-билүүчүлүк жөндөмдөрүн, билгиликтерин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө арналган китептериңиз кыргыз маданий чөйрөсүндө  сейрек кездешүүчү эмгектерден болуп эсептелет. Мындай терең мазмундуу жана көлөмдүү илимий-нускоочулук китептерди даярдоо жеке бир адамдын эмес, бүтүндөй бир институттун ишинин жыйынтыгы катары  баалоого болот.                                                                                        Сиздин мына ушундай фундаменталдуу иштерди жасаганыңыз менен биз педагогдор сыймыктанабыз, шыктанабыз жана күндөлүк ишибизде үзүрлүү пайдаланабыз! Сизди үйрөнүүгө, чыгармаларыңызды окуп түшүнүүгө, сыйлап-урматтоого окуучуларыбызды үндөйбүз, алдыга багыттап шыктандырабыз деп убада беребиз!

Сизге аманчылык, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!

Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ, “Кыргызстан педагогдор коомунун” төрагасы, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер