ТАГДЫРЫН ТААЛАЙГА АЙЛАНДЫРГАН ИНСАН же академик Б.Мурзубраимовдун илимий-педагогикалык, коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө штрихтер

  • 29.03.2024
  • 0

ТАГДЫРЫН ТААЛАЙГА АЙЛАНДЫРГАН ИНСАН же академик Б.Мурзубраимовдун илимий-педагогикалык, коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө штрихтер

РЕДАКЦИЯДАН: ОшМУнун 85 жылдыгы белгиленгени жаткан учурда анын даңазалуу ректору, профессор Каныбек Исаковдун  устаты Бектемир

Мурзубраимов тууралуу жазган макаласын жарыялоону туура таптык.

Ар бир адамдын инсан, адис, жетекчи болуп калыптанышына таасирин тийгизген өзүнүн адамга, ишке, турмушка болгон мамилеси менен сени түздөн-түз жана кыйыр түрдө тарбиялаган устаздар болот. Алар сени тарбиялоону да максат кылбайт. Өздөрүнүн жүрүм-турумунан, адамдарга жасаган мамилесинен, ишке карата жоопкерчилигинен, адамдык сапатынан өзүң көрүп тарбияланасың. Алардын жакшы касиеттерин өзүңө жуктургуң, жан дүйнөңө сиңиргиң келет. Менин да инсан жана жетекчи болуп калыптанышыма таасирин тийгизген устаттарымдын бири — Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов агайыбыз өрнөктүү өмүр жолунда дагы бир белеске чыгып,  кесиптештери, замандаштары, устаттары жана шакирттери менен бирге белгилөөдө.

Бүгүн мааракелик макаланы жазып жатып, агайдын бейнесине саресеп салып олтуруп, ошол  кезде илим-билим жеткиликтүү бара элек эң четки тоолуу айылдардын биринде — Өзгөндүн Ничке-Сайында төрөлгөн бала кантип илимдин кандидаты, илимдин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги даражасына жетти? Илимде эмне жаратты? Кантип университетте окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, декан, проректор, Кыргызстандагы эки чоң университетке - Ош технологиялык университетине, Ош мамлекеттик университетине ректор болду?  Кантип илимий мекеме болгон УИАнын Химия институтунда директор болуп калды? Бул жооптуу кызматтарда кандай иштерди жасады? Үч  ирет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кантип депутат болуп шайланды? Эл өкүлү катары кандай маселелерди көтөрдү? Бүгүн  Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы катары кандай ишмердүүлүк жүргүзүп жатат? — деген соболдордун айланасында ой жүгүртүп, өзүмчө жооп издедим.

Башында эле баса белгилеп кетейин дегеним, Бектемир агай кандай кызмат, кандай даражага жетпесин, кокустан эле ага бакыт жылмайып бул кызматтарга күтүүсүз келген жок. Бардык кызматтык тепкичтерге ички даярдык, тиешелүү тажрыйба, табигый мыйзам ченемдүүлүк, эволюциялык жол менен келгенин көрөбүз. Ошондуктан кайсы кызмат  болбосун анын кадырын  көтөрүп, кырын чыгарып, үзүрлүү, жемиштүү, ийгиликтүү эмгектенди.

Өмүрдүн  бийик даванына чыгып, элибизге эсебин берип жаткан агайыбыз бул куракка кандай камылга менен келди? Анын жарык дүйнөгө келгенден берки өмүр таржымалы кандай болду? Жашоодогу максаты эмнеде эле да, эмнеге жетишти?

Бектемир агайдын жекече өмүр жолуна үңүлүп олтуруп, кыргыз элинин акыркы 75 жылдык тарыхын, өмүр жолун да көрүүгө болот.

Каардуу согуштагы балалык

Агай жарык дүйнөгө келгенден бир жылдан кийин дүйнөнү дүңгүрөткөн каардуу согуш башталыптыр. Оор мезгилдер адамдарды  курчутат, оптимизмге  жетелейт, өжөрлүккө, боорукерликке тарбиялайт, адамдарды сынайт. Ошон үчүн ата-энеси ысымын чыдамдуу жана күчтүү темирдей бекем болсун деп Бектемир койсо керек. Кээде адамдын мүнөзүн анын ысымы да аныктап коёт.

Бектемир агайдын атасы Мурзубраим өз мезгилиндеги динди бекем туткан, сопу-кожолорго кол берген такыба киши болуптур.  “Баскан жол” аттуу автобиографиялык очеркинде агай минтип эскерет:  “Кыштын узак түндөрүндө атам, агам Бекмамат экөөбүздү жанына отургузуп алып, турмуштан, өзүбүздүн эле айылдан алынган ар түрдүү окуяларды айтып берип, алардын жакшы жактарын талдап бизге түшүндүрчү. Кийин ойлосом, жакшы, жаман окуялар аркылуу өз насаатын айтып, бизди тарбиялап жүргөн экен. Атам Улуу Ата Мекендик согуш башталары менен кан майданга жөнөп кетиптир. Согуштан кийин келип, биз эс тарткандан тартып бизге согуштагы окуялар, адамдардын эрдиктери жөнүндө айтып берчү.

Атам мени атына учкаштырып алып, Өзгөнгө алып барчу. Ошондо Ничке-Сайдан шаарга жеткенге чейинки Каганович, Красный Маяк, Жыланды, Шоро-Башат, Ана-Кызыл айылдарын аралап баратып, аларда жашаган элдер, уруулар, көчүп келген орус, украиндер жөнүндө кызыктуу окуяларды айтып берер эле.

Апам Сулуукан алгач колхозчу, кийинчерээк балдар бакчасында башчы болду. Биздин мүнөздөрүбүздүн калыптанышына апам да көп таасирин тийгизди”, - деп эскерет. Ничке-Сайдагы жети жылдык Совет мектебинде биринчи классты бүткөндөн кийин эле анын идиректигин, зиректигин эске алып 2-классты аттатып, дароо 3-класска которушат.

Агайдын классташы белгилүү сатирик акын Сатыбалды Кадыров минтип эскерет:  “Оор шарт, мезгилдин кыйындыгына  карабай, ал кездеги окуучулар тырышчаак, намыскөй болчу. Ошо намыскөй, жакшы окуган балдардын көч башында Бектемир жүрөр эле”.

Макаренко орто мектебинде окуп жүргөндө химия мугалими Рыскул агай өзгөчө таасир эткен.  “Ал агайым химияны мээбизге куюп койчу. Сабагын угуп отурган адам, дүйнөдө химиядан башка кызыктуу жана керектүү илим жок болсо керек деген ойдо калар эле. Агайдын согуштан бир колу жок келгени да баарыбызды өзүнө тартчу”,-деп эскерет Б.Мурзубраимов.

Жогорудагы айрым штрихтер агайдын балалыгындагы, анын мүнөзүнүн калыптанышына, келечегин тандоосуна дайыма алдыга умтулуусуна катуу таасирин тийгизген. Анын чоң турмушка ишенимдүү, батыл киришүүсүнө, өз киндигин өзү кесип, турмуштагы бардык ийгиликтерге жетүүсүнө жол ачкан.

Студенттик курак -жетилген убак

1957-1958- окуу жылдарында азыркы ОшМУнун андагы Ош педагогикалык институтунун химия-биология факультетине окууга өтөт.  “Баскан жолунда” агай минтип айтат:  “Биринчи күндөн эле окууга баш отум менен кирип кеттим. Бир да жолу лекцияга кечиккеним жок. Окууга келбей коюу оюма да келген эмес. Заманбап шарттар болбосо да, биздин билимге умтулуубуз күчтүү экен. Мени илимий ишке кызыктырып, колдоп жүргөндөрдүн бири профессор Тельманс Яков Васильевич болчу. Агай согуштун айынан Одесса университетинен бизге келген экен. Бир күнү мени менен сүйлөшүп, анан үйүнө алып барып, китепканасы менен тааныштырып, институтту бүткөнчө ушул китептердин баарын болбосо да көпчүлүгүн окуп чыгышың керек. Адам илимде бир эле тармак менен чектелбейт, ар тараптан өнүккөн интеллектуал болушу керек, — деди.

Барган сайын мен профессордун баласындай эле болуп калдым. Ал турсун аялы экөө курортко кетерде мени үйгө чакырып, ачкычын мага таштачу. Китепканадан пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк болот”,-дечү. Профессордун ишенимине кирүүсү ага дүйнөлүк илим-билимден кабардар болууга эшик ачкан.

Бектемир агай  көркөм  адабиятты мыкты билген, спортту жанындай сүйгөн, маданиятты, искусствону кадырлап түшүнгөн, тарыхка да саресеп салган ар тараптуу инсан. Совет мезгилиндеги адам факторун калыптандыруунун, ар тараптуу адамды тарбиялоонун, универсалдуу адам болуунун үлгүсү  катары агайды айтсак болот.

Агайдын замандаштарынын бири профессор Токтош Танаев минтип эскерет:  “Институтта студенттер арасында баскетбол боюнча мелдеш болуп жаткан. Оюн жүрүп жатканда арасынан шыңга бойлуу, элпек, кыймыл аракети өтө  чапчаң, топту талашып, каалаган жеринен жулуп алганга үлгүргөн, тегерек темирдин көзүнө колу жетип турган, жүзүнөн нуру жанган турпаты мени бир жагынан таң калтырса, бир жагынан суктантты.

Ошол кезде мени баскетболдогу чеберчилиги менен таңдандырган, жүрүм-туруму үлгүгө айланган, эмгеги элге жаккан, бара-бара илими, өтөгөн кызматы, жасаган иштери аркылуу университеттин лидерине айланган жигит – Бектемир  Мурзубраимович экен.

Философ Аркабай Топчуев болсо:  “Баскетбол боюнча институттун курама командасында жалаң орус, украин жана  башка улуттардын арасында жалгыз кыргыз жигит ойночу – ал Бектемир Мурзубраимович эле”, — деп  эскертет.

Ал эми бокс боюнча спорт чебери, доцент Артыков агайдын:  “Ошондо менин көзүмдү баскетбол менен кол теннисин аябай чеберчилик менен ойногон узун бойлуу, жайдары мүнөз, мамилеси сылык бир жигит өзүнө тартты. Кийин билсем ал спорттун эле чебери эмес, сталиндик стипендия менен окуган, окуунун мыктысы, химия-биология факультетинин студенти Бектемир Мурзубраимов экен.

…Бектемир акеден үлгү алып, ага суктанып, аны ээрчидик. Ошол кезде студенттер арасында абийир таап, уюштуруучулук таланты менен бизди пайдалуу иштерге жетелей турган лидерибиз эле»,-деп айтканы бар.

Биринчиликти бербеген Бектемир агай

1965-жылы 25 гана жашында ОшПИнин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен  биринчи  илимдин кандидаты болууга жетишкен. ОшПинин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында эң биринчи болуп 1967-жылы доцент наамын, 1970-жылы проректорлук кызматка коюлуп, 1984-жылы докторлук диссертациясын коргогон. 1997-жылы Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, 2000-жылы академиги болуп шайланган.

ОшМУда биринчи жолу Кыргыз улуттук илимдер академиясынын химия илими боюнча кандидаттык диссертацияларды коргоо кеңешинин көчмө жыйынын уюштурган. ОшМУнун  бүтүрүүчүлөрүнүн ичинде КРдин Жогорку Кеңешине үч жолку депутаты болуп шайланган.

 

Аспиранттык жылдар, илим жолуна сапар

Агай институтту артыкчылык диплому менен бүтүп, Өзгөндөгү Макаренко мектебинде химия мугалими, завуч болуп эмгек жолун баштаган. Ошол жылы эле ноябрь айында КМУнун аспирантурасына жөнөп кеткен.

Аспирант мезгили жөнүндө агай минтип эскерет:  “Теориялык жана  лабораториялык иштер менен алек болуп жүрүп бир жарым жыл өттү, бирок эксперименталдык изилдөөлөр такыр оң натыйжа бербей койду. Ошондо эң күчтүү химиктердин бири – академик  Дружинин Иван Георгиевичке кайрылдым. Ал мага:  “Кыйынчылыкка мүңкүрөп калбастан, башыңды бийик көтөр, кайрадан шымаланып тагдырың менен күрөш. Сен чыныгы илимпоз болсоң инсандык да, илимпоздук да эрдик жасашың керек”, — деди. Андан кийин илимий жетекчим Рысмендеев Кадыракун болуп калды. Дем алыш, кино, майрам, оюн-зоок деген түшүнүктөр мен үчүн жоголду. Бир жылда лабораториялык изилдөөлөрдү аяктап, диссертациямды жазып бүттүм. Темам:  “Жез жана никель микроэлементтеринин туздары менен мочевинанын курамынын суу эритмесинде аракеттенүүсүнүн натыйжасында жаңы пайдалуу жер семирткичтерин алуу” деп аталды. Кандидаттык диссертациямды ийгиликтүү коргоп, 25 жашымда химия илиминин кандидаты деген наамды алдым. Аспиранттык жылдарда жүздөгөн илимий монографияларды окудум, китептерди талдап, тажрыйба топтодум. Аспирант өзүнүн илимий дүйнөсүн байытуу, интеллектуалдык жактан өсүү, дүйнөлүк маданиятты өздөштүрүү, рухий байлыгын кеңейтүү үчүн да кызмат кылышы керектигин түшүндүм. Кандидаттык диссертациямды үч жылда жактасам, докторлук ишимди коргоо дээрлик 20 жылга созулуп кетти. Толгон — токой коомдук иштер, институттун комсомолдук коомунун катчысы жана профсоюз уюмунун мүчөсү ж.б. кызмат тоскоол болду окшойт. Докторлук диссертациям Өзбекстан илимдер академиясында корголду. Кеңештин курамында академиктер Беремжанов, К.Сулайманкулов, М.Набиев,
Н.Парпиева, Я.Фридман сыяктуу көрүнүктүү илимпоздор болду. Докторлук диссертациям  “Металлдардын туздарынын амиддер менен болгон комплекстик бирикмелерин синтездөө, касиеттерин изилдөө, практикада колдонуу чектери”, - деп аталат.

Агай илимий изилдөөлөрү менен Москвада, Ленинградда болду. Өзбекстандын, Казакстандын, Украинанын, Молдованын көрүнүктүү илимпоздору менен тажрыйба алмашты, пикир алышты.

Илимий макалалары, эмгектери, СССР илимдер академиясынан, Киевден, Тбилисиден, Минскиден, Кытай Эл Республикасынан жарыкка чыкты.

Бүгүн өзүнүн багыты боюнча ондогон аспиранттарды, докторанттарды тарбиялады. Өзүнүн  илимий мектебин түздү.

Акыркы жылдарда КРУИАнын Химия жана технологиялар институтунда лаборатория башчысы, Химия жана химиялык технологиялар институтунун директору болуп кызмат кылды. Химия жана химиялык технологиялар институтунун алдында ведомстволор аралык диссертациялык кеңештин төрагасы болду.

Илимий ишинин үзүрү катары илимдин жогорку чегине чыгып, УИАнын академиги. Бүгүн да аспиранттарга, докторанттарга жетекчилик кылып, илимий изденүүлөрүн,  жыйынтыктарын жарыялап келүүдө.

Жогорку билим берүүнүн күчтүү менеджери

Бектемир Мурзубраимов – ОшМУда ага окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, сырттан окуу боюнча проректор, университеттин партиялык комитетинин башчысы, табият таануу факультетинин деканы кызматтарында, жогорку билим берүүнүн бардык тепкичтеринде үзүрлүү иштеди. Бардык жерде кызматтын чоңу же кичинесине карабай өзү тейлеген тармакты жөнгө салып: өнүктүрүүгө, өстүрүүгө, башкаларга үлгү  кылып көрсөтүүгө жетишкен.

Ал эми 1993-жылдын июнь айынан баштап Ош жогорку технологиялык колледжинин ректору болуп Бектемир Мурзубраимовдун дайындалышы окуу жайдын өнүгүшүндөгү жаңы этаптын башталышы болгон.

Кийим тигүү жана аларды конструкциялоо, эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалар менен жабдуу, айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу сыяктуу адистиктерге жогорку деңгээлде окутуу жолго коюлуп, Ош курулуш, соода техникумдары, У.Салиева атындагы лицей ОшТУнун курамына өтүп, университетте окуу-өндүрүштүк комплекс калыптанган.

Бектемир Мурзубраимов Ош жогорку технологиялык колледжин 1996-жылы Ош технологиялык университетине айландырууга жетишкен. Жаңы шартка жараша окуу жайдын стратегиялык маани-мазмуну өзгөртүлгөн. Б. Мурзубраимов ОшТУда 1996-жылы 6 кабаттуу административдик – окуу имаратынын курулушун баштаган. Ага мамлекеттен, университеттин өз резервинен, марафондордон  каражаттарды тапкан. ЖОЖдор аралык аскердик кафедра ачылган,  “Жаштык” телестудиясы иштеп турган.

Улут аралык мамилелерди чыңдоо үчүн 1995-жылы 19-июнунда Өзгөн шаарында ОшТУнун Өзгөн технологиялык билим берүү институтун ачкан. ОшТУ Б.Мурзубраимов иштеген жылдары сандык жана сапаттык жактан өсүп-өнүгүүнүн бийик деңгээлине чыккан.

Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты

Бектемир агай Ош шаардык кеңешине, Жогорку Кеңешине үч ирет депутат болуп шайланып, элдин ишенимине татыган. 1981-1984-жылдары Ош шаардык Кеңешинде депутат болуп Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы, Ош шаардык партиялык комитетинин мүчөсү да болгон.

Бектемир Мурзубраимов 1995-2000-2005-жылдардагы 15 жылдык депутаттык ишмердиги жаш мамлекетибиздин тарыхындагы тагдыр чечер жылдарга туура келип, ошондо анын окумуштуулук гана эмес, саясатчылык да ажары ачылды. Жогорку Кеңештин сессияларында турмуштук тажрыйбасы бай, иштин көзүн билген инсан катары арзан популизмге кызыкпай, учурдун эң маанилүү  маселелери боюнча гана чыгып сүйлөп келди.

Ош шаарынын абалын жакшыртуу жана аны өнүктүрүү, шаарга экинчи борбор статусун берүү боюнча бир канча жолу демилге көтөрүп, бул маселе ОшМУнун базасында өткөн областтык активде талкууланган.

Республиканын ички байланышына өмүр берген кан тамырдай мааниси бар Бишкек-Ош жолунун Өзгөн Жалал-Абад аркылуу өтүшү туура болорун белгилеп, жолдун курулушун Сосновкадан эмес, Ош  областынан башталсын деп өтүнүп, ал маселе оңунан чечилген.

Элибиздин жакырчылыгынын негизги себептеринин бири болуп жаткан ысырапчылыкка чек коюу демилгесин көтөрүп,  “Кыргыз Туусу” гезитине жарыялаган. Макалалары аркылуу республикада кызуу талкууну жараткан. Кыргыздарда байыртадан бери келаткан каада-салттарды, ырым-жырымдарды азыркы шартка, социалдык абалга жараша жаңылап өзгөртүү демилгеси менен чыгып, анын долбоору Жогорку Кеңеште, Өкмөттө жактырылган.

Бүгүн да бул маселе  жер-жерлерде актуалдуулугун жоготпой келет.

Үй-бүлөсү жана достору – жашоодогу байлыгы

Агай бүгүн уулдары жана кызы, неберелери, чөбөрөлөрү менен бактап-шактаган үй-бүлөнүн бактылуу атасы, чоң атасы жана таятасы, бабасы болду. Жубайы Калыскан эже менен ар бирине акыл-насаатын айтып, кеп-кеңешин берип өрнөктүү өмүр кечирүүдө.   Артынан из калтыруу, эмгегин элге арноо агайдын жашоосунун мазмуну болсо керек.  Бул ийгиликтерге агай кантип жетти? Кара жанын карч уруп күн-түн билбеген эмгектенүү, өзүн аябаган өжөрлүк, көздөгөн максатына жетүүдөгү тыным билбеген аракет, керек мезгилде бараткан жолунан кайтпаган чечкиндүүлүк Бектемир агайдын ийгиликтерине жол ачты деп ойлойм.

Досторуна, улуу-кичүүгө тууган-урукка, куда-сөөккө мамиле кылуунун маданияты да агайдын жан дүйнөсүндө жакшы өнүккөн. Өзгөчө искусство, маданият ишмерлерине урмат-сый менен мамиле кылгандыгы Кыргыз эл баатырлары Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев сыяктуу улутубуздун аксакалдарына агайдын жасаган сый-урматын көрүп мен да өзүмө сабак алганмын.

Бир мезгилде түштүктөгү окуу  жайлардын бардыгын агайдын тарбиялаган шакирттери башкарган учурлар болду.

Таалайга жеткирген татаал жол

Бирок Бектемир агайдын жолу деле шыр, дангыр боло койгон жок. Өмүр жолунда канча тоскоолдуктар, каршылыктар, жолтоолуктар көп болду.

Негизсиз жазуулар, жок жерден асылуулар жол катар алдынан чыгып жатты. Себеби чоң иштерди жасаганга, прогрессивдүү өнүгүүгө жол ачканга бизде оңойлук менен жол бериле койбойт эмеспи. Сен элди, жамаатты ойлоп жүрсөң, буйткадан чыгып буттан чалгандар, арттан найза сунгандар болот. Ошондуктан агайдын өмүрү да тынымсыз күрөш менен коштолду. Бирок ошондой күндөрү да университеттин жамааты Бектемир агайдын жанында болуп колдоду. Кээде агай менен түнү бир оокумга чейин иштеп, кайра таңкы саат алтыда иште болуп калган күндөрүбүз көп болду.

Ошентсе да ал кезде адамдарда пейил кенен, бири-бирине карата болгон мээр да, сый да, мамиле да башкача болгон экен деп ойлоп кетем. Ар кандай шартта ОшМУга эмгек кылган азаматты жамааты университеттин туусун көтөрүп биримдикте, ынтымакта колдоп келген. Ошондуктан
ОшМУнун уулу катары, окуган, билим алган жамаатына ак кызмат кылган, өсүп-өнүгүшүнө жол ачкан, эмгеги сиңген инсан катары, кандай кырдаал болсо да жамаатыбыз Сизди кубаттап, дем берип келди. Анткени Сиз да университеттин өнүгүшүнө жөлөк-таяк, арка бел болдуңуз деп айтар элем.

Ал эми мен да жети жыл Бектемир Мурзубраимовичтин жанында ректордун жардамчысы, университеттин тарбиялык иштери боюнча проректору катарында бирге иштедим, таалимин алдым, үлгүсүн үйрөндүм. Көп жакшы сапаттарын өзүмө сиңирүүгө аракет кылдым. Агайдын ар кандай кырдаалдарда эмнени жасоого ниеттенип тургандыгын көз карашынан сезүү ички дүйнөсүндөгү оюн ишаарат аркылуу түшүнүүнү, көп нерсени айттырбай туюп жасоону өзүмдүн мүнөзүмдө калыптандырдым. Өрнөктүү өмүрүңүз узун болсун!

Бөлүшүү

Комментарийлер