ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРГЕ КЫЗЫККАН  КЫЗДАРДЫН САНЫ АРБЫДЫ

  • 14.04.2022
  • 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун “Илимдеги кыздар” долбоору 2020-жылдан бери Бишкек, Ош шаарларында, Кара-Суу районунда жана Чүй облусунда ишке ашырылып келе жатат. Негизги максат – өспүрүм кыздарды илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана кантип тандап, кандай жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп-үйрөтүүнү көздөйт.      

Чүй

Новопокровкадагы №1 мектептин директору Чынара Мамбеталиеванын айтымында, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси  жана  БААУнун Инновациялык колледжи “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында  Чолпон-Ата шаарында мектеп  директорлору менен өткөргөн консультативдик жолугушууда STEM-билим берүүнүн учурдагы абалы жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү, STEM предметтер боюнча мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, кыздарды табигый илимдерге тартуу, гендердик теңчилик тууралуу маселелер каралып, талкууланган.

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРГЕ КЫЗЫККАН  КЫЗДАРДЫН САНЫ АРБЫДЫ

— Бул долбоордун алкагында жергиликтүү бийлик, мугалим, ата-энелер менен бирге иштеп келатабыз. Анткени кыздардын кесип тандоосунда ушул адамдардын ролу өтө чоң. Биз тарбиялап жаткан мектеп окуучуларын  XXI кылым  талап кылган көндүмдөргө окутушубуз керек. Ал STEM предметтерине байланышкан.  Семинарда  STEM багытындагы предметтерди мындан ары тереңдетип окутууга, ошого басым жасоого көңүлүбүздү бурду. Биздин мектептен былтыр 15 кыз, быйыл 6 кыз ушул долбоорго кирди. Жалпысынан  21 кызыбыз менторлукка даярдалып жатат, — дейт мектеп жетекчиси.

Былтыркы окуу жылында “Илимдеги кыздар” долбооруна катышкандардын ичинен бир окуучу кыз ЖРТдан жогорку балл алып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин программалык инженерия факультетине  өтүп, окуп жатат.

Семинардан келген соң, мектеп жетекчиси жамаат менен жолугуп, STEM багытындагы предметтерди мектепке тиешелүү бардык документтерге киргизип, аны терендетип окутуу боюнча иш-аракеттерди  жүргүзүү керек экенин айтып, тиешелүү мугалимдерге, ийрим жетекчилерге тапшырма берип, милдеттендирген.

— Усулдук бирикмелердин жардамы менен STEM багытын тандап алган окуучулардын тобун түзө баштадык. Андан соң,  ата-энелер, коомчулук, бирикмелер, жергиликтүү бийлик, эл аралык уюмдар менен иш алып барабыз.  STEM багытындагы предметтерди окутуу үчүн  талапка ылайык  кабинеттерди жабдып чыгышыбыз керек. Бул демилгелер демөөрчүсүз ишке  ашыруу өтө татаал. Ошондуктан бизге коомчулук менен иштөө негизги багыт болуп эсептелинет, — дейт Чынара Мамбеталиева.

Бекитилген тариф боюнча акы төлөнүп окутулуучу кошумча окууларды уюштуруу, ийримдердин ишин күчөтүү жагы дагы планга киргизилген.

Жетекчинин айтымында, технология, инженерия, математика, информатика жаатындагы кесиптерди тандап алган бүтүрүүчүлөрдү Ысык-Ата районундагы “Аталык”, “Монтажник”  ЖЧК, “Наша марка”, “Тойбос” компаниялары менен сүйлөшүп, бир пикирге келип, алар менен келишим түзгөнгө аракет кылуунун үстүндө иштеп жатышыптыр. Келишимге бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайды аяктап келгенден кийин ушул компанияларда иш орду менен камсыз болот деген пунктту киргизүү талабын коюшкан.

Кара-Суу

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапованын берген маалыматына таянсак, бул райондогу 132 мектептин ичинен төрт мектеп  “Илимдеги кыздар” долбоору менен тыгыз иштеп жатышат.

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРГЕ КЫЗЫККАН  КЫЗДАРДЫН САНЫ АРБЫДЫ

— “Илимдеги кыздар” долбоору —  келечектүү программа. Акыркы жылдары чындыгында табигый илимдерге, STEM багытындагы предметтерге көп көңүл бөлбөй келгенибиз. STEM программасы боюнча биздин райондогу пилоттук төрт мектептин 9-10-11-класстын бүтүрүүчүлөрү Ош мамлекеттик университетинин алдындагы  STEM программасы менен иштеген колледжине аптанын ишемби күндөрү барып, окуп турушат, — дейт жетекчи.

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча социалдык жактан колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарында көйгөй бар. Алар каражат төлөп, тестирлөөго даярдана алышпайт. Бул жагынан алганда “Илимдеги кыздар” долбооруна кирген окуучулар ЖРТга акысыз даярданып жатышканы ата-энелерди кубандырбай койбойт.

— “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду социалдык жактан колдооого муктаж бүтүрүүчүлөрүбүздү акысыз ЖРТга даярдап жатышат. “Илимдеги кыздар” бир эле тестирлөөгө  даярдабайт, ал жерде кесипке багыт берүү, лидерликке даярдоо, кыздардын санитардык-гигиеналык абалына чоң маани берген масштабдуу проект, — дейт Г.Машрапова.

Бул долбоор боюнча райондогу пилоттук төрт мектепте ийримдер уюштурулган. STEM программасы боюнча мугалимдер менен бирдикте ата-энелерди,  жергиликтүү бийликти, айрыкча,  коомчулук менен иштеген  жаштарды, аялдар  кеңештерин,  мектептеги ата-энелер комитеттерин, көзөмөлчүлүк кеңешин тартуу менен долбоор  жолго коюлуп, ишке ашырылып жатат.

— Чолпон-Атада өткөн эки күндүк семинар  абдан таасирдүү өттү. Мен ойлойм, семинардын жыйынтыгы натыйжалуу болот деп. Пилоттук гана мектептер STEM программасы кандай экенин, анын таасири, натыйжалуулугу, кыздарды илимге, лидерге тарбиялоодогу иштер менен алектенип келет, бирок көпчүлүк бул долбоор менен  тааныш эмес. Андыктан райондогу 132 мектептин, 93 бала бакчанын директорлорун чогултуп, семинарга катышкан төрт директордун прзентациясын даярдатып, STEM программасы эмне деген долбоор, кандай багыттар менен иштейт, долбоордун келечеги кандай деп жалпы мугалимдерге, ата-энелерге, коомчулукка жеткирүү жагын колго алдым, — дейт райондук бөлүмдүн башчысы. — КР билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев онлайн форматта жолукканы семинардын катышуучуларына чоң мотивация болду. Мугалим эмгек маянасынан кадыр-барк таппайт,  бул жеке менин пикирим.  Мугалим чыгармачылык изденүүсү менен окуучуга сапаттуу  билим берүү менен окуучунун, ата-эненин алдында кадыр-барктуу болот. Айрыкча STEM программасынын келечеги жөнүндө жакшы ойлорун, сунуштарын айтты. Алар иш жүзүнө ашат. Базистик окуу программасына STEM предметтери  киргизилет деп айтканы баарыбызга жакты. Эгерде STEM программасы менен окусак билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр аркылуу ийгиликтер болот.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер