ТҮРК ОКУРМАНДАРЫНА СЕНСАЦИЯ ЖАРАТКАН КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУ

  • 27.09.2021
  • 0

Бишкекте жазуучу Арслан Капай уулунун Түркияда түрк тилинде жарык көргөн “Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси” деп аталган китебинин бет ачаары болду. Жыйындын башында Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуб Өмероглу Арслан Капай уулунун чыгармаларына дүйнөдөгү түрк окурмандарынын кызыгуусу өсүп жатканын билдирип, кыргыз жазуучусуна өзү жетектеген жазуучулар уюмунун мүчөлүк билетин тапшырды.

ТҮРК ОКУРМАНДАРЫНА СЕНСАЦИЯ ЖАРАТКАН КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУ

«Чыңгыз Айтматовдун артынан жаңы кыргыз жазуучулар чыгып атат. Алардын ичинде Султан Раевдин, Арслан Койчиевдин орду бөлөк. Алар кыргыздын психологиясын, жаңы кыргыз адабиятын дүйнөгө чыгарат деп ойлоймун», — деди Якуб Өмерлогу.

Мындан мурда Арслан Капай уулунун эки чыгармасы — «Беделдеги каргыш» жана «Бакшы менен Чыңгызхан» романдары түрк тилине которулуп, Түркияда жарык көргөн.

«Кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүндүн окуясын баяндаган «Беделдеги каргыш» түрк окурмандарына бир жагынан сенсация болду. Калктын өз жеринен качкандагы көргөн кыйынчылыгы окурманды таңкалтырды. Андан кийин «Добул-Таштын икаясы» деген дагы бир китеп чыкты. Анын ичинде дагы тарыхый окуялар бар. Арслан Капай уулунун китептеринин адабий эстетикасынын баасы жогору», — деди Якуб Өмероглу.

“Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси» көлөмү боюнча повесть, бирок аны адабиятчылар романдын жүгүн көтөрө алган повесть деп аташты.

Чыгармада репрессия темасы тарыхый глобалдык деңгээлде козголот. Анда Кыргызстанда 90-жылдардын башында Кыргызстанда сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү табылган окуялар тарыхый контекстте көркөм баяндалат.

“Ошол окуялардын контекстинде репрессия эмнеден келип чыкканы, кандай из калтырганы, репрессия сыяктуу окуялар атам замандан бери эле кайталанып келгени чечмеленет”, — деди Арслан Капай уулу.

Чыгармада адамзат тарыхындагы эзелтен келаткан кыргын темасын ачуу үчүн Библиядагы сюжеттер, окуялар өзүнчө бир көркөм интерпретация болот. Библияда еврейлерге кандаш тууган мадийлердин Моисейдин буйругу боюнча кыргынга учурашы жөнүндө жазылган жери бар.

«Арслан Койчиев бул темага биринчи кайрылган сүрөткер. Бар болгону Маскөөнүн Кремлинде Алтын палата аталган кеңбөлмөсүндө XVI кылымга таандык сүрөттө ушул окуянын элеси чагылдырылган. Аты да так жазылбайт, бирок Библияны тереӊ окуган, ошол мезгилден кабары бар киши гана сүрөттөгү адамдардын кийими, окуянын мүнөзүнө карап мадийлердин кыргыны экенин баамдай алат. Болду. Бир эл – мадийлер тукум курут болгон эзелки кандуу кыргын негедир көркөм адабиятка сюжет болбоптур, ырдалбаптыр, музыкага кайрык болуп арман күүгө салынбаптыр, сүрөткө тартылбаптыр. Чанда гана чыгармаларда үзүл-кесил эскерилбесе, мурда же кийин бүкүлү чыгарма арналбаптыр. Тарыхчылар деле кыйгап өтчү экен», — деп жазган эле бул чыгарманы биринчилерден болуп окуган автордун жакын санаалашы, досу Алмаз Кулматов.

Арслан Капай уулу Евразия жазуучулар бирлигине Кыргызстандан мүчө болгон үчүнчү калемгер. Биринчи болуп Чыңгыз Айтматов, андан кийин Султан Раев мүчөлүккө кабыл алынган экен.

«Бул түрк дүйнөсүнүн анын чыгармачылыгын таанып жаткандыгынын, чыгармаларын билип жаткандыгынын чоңбелгиси, ошонун өзүнчө бир баасы деп айтсак болот. Ага баардык эле адамдар мүчө боло бербейт. Бул биринчи кезекте кыргыз адабиятынын бийиктиги», — деди Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев.

Жазуучунун соңку чыгармасы эки жыл мурда жазылып бүткөн, кыргызча айрым гана үзүндүлөрү жарыяланган. Автор анын кыргыз тилинде толук жарыялана элек себебин айрым бир толуктоолордун зарылдыгы болгон деп түшүндүрдү.

Түрк окурмандарына таанылып калган калемгер кыргыз жана түрк окурмандарына “Беделдин белиндеги каргыш”, «Айта бер менин кебимди”, “Бакшы жана Чыңгыз хан” романдары жана “Тагдыр жөнүндөгү ыр” аңгемеси менен таанымал.

“Айта бер менин кебимди” романы Кыргызстанда “Арча” адабий сыйлыгына татыктуу болгон. “Бакшы менен Чыңгыз хан” 2016-жылдын мыкты романы болуп таанылган.

 

Кубат Чекиров

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер