ТӨРӨКУЛ АЙТМАТОВДУН ЭЛ АГАРТУУ ИШИНИН ӨНҮГҮШҮНӨ КОШКОН САЛЫМЫ

  • 04.10.2021
  • 0

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын улук илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Жаманкараев Айтбек Байчерикович агайдын жаркын элесине арналат).

Төрөкул Айтматов 1924-жылдан баштап  1936-жылы Москвага Кызыл профессура институна окууга кеткенге чейин он жылдан ашык жетекчи кызматтарда иштеген мезгилде республикабыздын агартуу ишине ар дайым көңүл буруп турган.

1924-1929-жылдары Кыргыз обкомунун үгүт-саясат бөлүм башчысынын орун басары, андан кийин башчысы болуп жана Каракол, Жалал-Абад кантондорунда жетекчи кызматтарда иштеп турган убактарда Бишкекте (Фрунзе), Ошто жана башка шаарларда техникумдарды, курстарды ачууда Төрөкул Айтматов да демилгечилердин бири болгон. Ал партиянын Кыргыз обкомуна берген сунуштарынын биринде, биринчиден, ишканалардын алдында жергиликтүү улуттардан жогорку квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо курстарын, экинчиден, курулуш техникумун ачуунун зарылдыгын баса көрсөткөн. Өлкөбүздүн тарыхына көз чаптырып карасак ошол мезгилде кайсыл тармакта болсо да кадрлар жетишсиз эле. Окуу жайлардын жалпы эле эл чарбасына кадрларды даярдоонун эки жолу бар болчу. Биринчиден, аларды башка жактардан (шаарлардан) чакырып келүү, экинчиден, Москва, Ленинград,Ташкент, Тверь ж.б. шаарларга жергиликтүү элден балдар-кыздарды окууга жиберүү эле. Мына ушул иш боюнча Төрөкул Айтматов комиссиянын башчысы болуп турганда  чоң уюштургуч иштерди жүргүзгөн. (Бобордук мамлекеттик архив Фонд 10, оп.1.л.181.)

Эл чарбасында адистердин жетишпей жатканы Төрөкул Айтматовдун көңүлүнүн борборунда турган. Ал 1930-жылы партиянын VI областтык конференциясында өзүнүн жасаган докладында өнөр жайлар үчүн жогорку квалификациялуу кадрлардын жакшы даярдалбай жаткандыгын жана бул иштерди кечиктирбей жүргүзүүнү  баса белгилеген. Өнөр жайда иштеген жумушчу кыргыз жаштарынын аз экендигине байланыштуу (кесиптик) профтех окуу жайларынын санын көбөйтүү жана ошондой эле жергиликтүү калктан  техниктерди, инженерлерди даярдоо милдеттери тургандыгын айткан. Кийинчерээк ушул маселелер боюнча бир аз жылыштар болот. 1934-жылы Кыргызстанда 16 техникум жана 3 жогорку окуу жайлары иштеп жаткан. Бирок ошондой болсо да 1934-жылы январда партиянын VII областтык конференциясында Т.Айтматов кадрларды даярдоо маселесине токтолуп дагы деле жеткиликтүү көңүл бурулбаганын айткан. Анда окутуу ишинин жүрүшү канааттандырарлык эмес, баардык эле окуу жайларында мугалимдердин жетишпегенин, жергиликтүү улуттун жаштарынын  орто жана жогорку окуу жайларында аз окуп жатканын жана бул маселелерге  көңүл буруунун зарыл экендигин белгилеген.

Т.Айтматовдун агартуу ишине салым кошуп, анын жалпы билим берүү мектептериндеги окутуу ишин жакшыртуу боюнча ВКП (Б)нын Кыргыз обкомунун II  пленумунда “Башталгыч жана орто мектептер тууралуу” жасаган мазмундуу докладынан ачык көрөбүз.

Ал өзүнүн докладында республикабызда эл чарбасынын өнүгүшүнө кыскача токтолуп, мектептерде окутуу ишине толук анализ берген. Элдин сабаттуулугунун 50 пайызга жетиши, мектеп тармактарынын өсүшү жана мектептерде окуган балдардын саны көбөйгөндүгүн белгилейт. Эгерде 1928-жылы мектептерде 30 миң бала окуса, 1933-1934-окуу жылында 128 миңге жеткен. Бирок мектептерде окутуу ишинин жалпы жүрүшү алымсындырарлык эмес эле. Борбордук Комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн негизги кемчиликтердин көбү жоюлбагандыгын айтып келип, Т.Айтматов төмөнкү кемчиликтерге токтолот: башталгыч кыргыз жана өзбек  мектептеринде география, коом таануу, жаратылыш таануу сабактары киргизилбеген, окуучулар арасында сабакка жетише албагандардын саны орто эсеп менен алганда 25-27 пайызга чейин барат, физика, химия, тарых  жана эне тил сабактары толук өткөрүлбөйт, мектептерде окутуунун сапаты төмөн. Мына ошондуктан техникум менен жогорку окуу жайларында окуган студенттердин ичинен физикадан 37, математикадан 25 пайызы жаман бааларды алышкан. Башталгыч мектептерде экинчи же үчүнчү класс гана болгондуктан, программаны толук өздөштүрбөй жатышат, өзгөчө алыскы тоолуу райондордо. Докладчы сабак берүүдө методика жактарына токтолуп келип айыл-кыштак мектептеринде  мугалимдердин окуу процессине жоопкерчилик менен карабай программасыз окутуу, бир нече ай бою бир эле предметти окута берүү (Өзгөн, Ноокат, Лейлек) орун алгандыгына тынчсызданат. Докладчы мектептерди политехникалаштыруу боюнча 1934-1935-окуу жылында баардык мектептерде  биринчи класстан баштап политехника окуусун киргизүүнү сунуш кылат. Докладдын негизинде пленумга катышкандар  мектептердин жанында жумушчу бөлмөлөрү, мастерскойлор уюштурулсун; мектептерде политехникалык окуу колхоз, совхоз жана МТС өндүрүштөрү менен байланыштырылып, келишим негизинде жүргүзүлсүн; чакан политехника музейи жана республикалык музейдин алдында политехника бөлүмүн уюштуруу каралсын деген чечимге келишет. Т.Айтматов мектептерди туруктуу окутуу китептери менен камсыз кылуу маселесине да кеңири токтолот. Мектептердин көпчүлүгүндө кыргыз тилинде окуу китептери эки-уч окуучуга бир китептен туура келет, айрыкча, эне тил китептери жетишпейт. Кыргызстандын тарыхы, кыргыз адабияты, кыргыз тилинин синтаксиси, жалпы эле тарых жана география  окуу китептери тартыш экендигин айтып келип кыргыз тилин окутуунун сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгилейт.

Мектептерде кыргыз адабий тилин окутууну жакшыртуу республикабызда жалпы эле элдин маданий деңгээлин көтөрүүгө чоң жардам берээрин айтып келип, аны илимий жагынан изилдөө зарылчылыгына токтолот. Андан ары  кыргыздардан жалпы эле илимий кызматкерлерди даярдоо канааттандырарлык эмес абалда экендигин белгилейт. Эл агартуу комиссариатына жакын арада бул маселе боюнча иш-чараларын иштеп чыгууну сунуш кылат.

30-жылдардын баш ченинде өлкөдө жалпы башталгыч билим берүү жана сабатсыздыкты жоюу күн тартибинде турган орчундуу маселе эле. Бирок бул ишти аткарууда мугалимдер жетишсиз болгон. Т.Айтматов өзүнүн докладында Кыргызстандагы мектептерде иштеп жаткан мугалимдердин 66,1 пайызы башталгыч, 31 пайызы орто билимдүү, ал эми жогорку билимдүү мугалимдер араң эле  1,7  пайызды түзгөнүн айтып, орто жана жогорку  билимдүү мугалимдерди даярдоону күчөтүү керектигин баса көрсөтөт. 1934-1935-окуу жылына карата мектептерге 1000 мугалим жетишсиз эле. Бул үчүн тез арада  мугалимдик курстарга, орто жана жогорку окуу жайларга окуучулардын контингентин көбөйтүү керектигин айтат.

Мектептерде мугалимдер жетишпегендиктен республикабызда 1933-жылы сабатсыздыкты жоюу иши солгундап кеткен. Буга бөлүнгөн каражат азайып, окуу класстарынын жетишпегендиги да бул ишке тоскоол болгон. Т.Айтматов сабатсыздыкты жоюу элдин маданий жагынан өсүшүнүн бир белгиси болгондуктан, жогорудагы көрсөтүлгөн милдеттерден башка дагы сабатсыздыгын жоюучулар үчүн окуу китептерин кайтадан басып чыгууну зарыл деп эсептеген.

Т.Айтматовдун  Кыргыз обкомунун II пленумунда жасаган бул докладынын негизинде атайын резолюция кабыл алынат. Ушунун негизинде кийинки жылдарда республикабыздагы агартуу ишинде бир топ жылыштар болду. Т.Айтматовдун мектептер, илим-билим педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча сунуштары, ойлору бүгүн да актуалдуулугун жоготкон жок.

 Айсара Ботобекова,  Архив агенттигинин кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер