ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ –ТАРЫХТЫ КӨРКӨМ ЧАГЫЛДЫРУУНУН ЧЕБЕРИ

  • 15.07.2021
  • 0

Кыргыз элинин чыгаан калемгери, тарыхты шөөкөттөп жазуу устаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Менин макалам мына ошол таризде болмокчу.

Акыркы жылдары азыркы жаштарды китеп окууга багыттоо маанилүү маселелердин бирине айланды. Анткени адамдын руханий керектөөсү башка баардык табигый-коомдук керектөөлөр сыяктуу маанилүү болуп саналат. Азыр дале ошондой ойдомун. Бирок азыр, тилекке каршы, китептин ордун башка санарип булактар толуктап, анын керектүүлүгү башка планга түшүп, инсан китептен руханий азык издебей калды. Мына ошондой шартта китеп окуунун инсандын калыптанышы жана тарбиясындагы маанисин түшүнгөндөр аны маанилүү-актуалдуу маселе катары көтөрүп чыгышты. Атайын программалардын алкагында китеп окутуп, биргеликте китеп окууга чакырып, ал эмес айрым китептерди конкурс менен байгелүү орундар, материалдык белектерди берүү менен окутуудабыз. Китепке болгон мамиле азыркы тапта кыргыз коомунун деңгээлинде эмес, жалпы эле азыркы цивилизациянын деңгээлинде ушундай. Бирок айрым чыгармаларды китеп окууга чакырган иш-чараларсыз эле, өз каалообуз менен окуйбуз. Мына ошондой кызыктуу китептердин катарында Төлөгөн Касымбековдун тарыхый чыгармалары бар. Тарыхты үйрөнүүнү мектептен тарыхты үйрөтүп жатып гана колго алуу боло турган көрүнүш, бирок тарыхты үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө кызмат кылган өбөлгөлөрдүн бири бул — көркөм адабият. Кыргыз көркөм адабиятында тарыхты үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө үндөгөн бир гана жазуучу бар экен.

Ал — Төлөгөн Касымбеков.

Көз жүгүртүп ачсаңар барактарды,

Көкүрөгүм төшөлгөн санат калды.

Кызыл жалын өрт кезим аралашып,

Кырчын курак кыялдуу адат калды.

Кыргыз баскан кыйла жол тарых калды,

Караланып булганбай жарык калды.

Кайра улантып бүгүндү жазсам десем,

Калем деле картайып карып калды, — деп өмүрүнүн акыркы жылдарында карылыкка баш коюп, бирок калемгерлик кызматын улагысы келген жазуучунун өкүнгөнү бар экен.

«Бүгүнкүң эртең тарых» дегендей, Т. Касымбеков тарыхты көркөм баяндоонун чебери катары тарыхта калды. Доорлорду, кылымдарды, замандардын карытып, жазуучу тарыхты үйрөнүүгө үндөп жашай берет. Жазуучу өзү айткандай, колубуздагы китептер — анын бизге калтырган белеги!

“Бул менин жана мен жашап жаткан өткөн мезгилдерден калган таберик, ар бир учуру уурдалбай, шурудай тизилген отчетум”- дейт жазуучубуз өз сөзүндө, өз өмүрүндөгү калемгерлик милдетин, озуйпасын аткарып кеткендигин ачыктап жазып жатып.

Чынында эле бул милдет ага кудайдан даарып, ал өз милдетин аткарып жашап өтүптүр. Даарыбаса кайдагы талант, кайдагы өнөр! Төлөгөн Касымбековдун романдары – тарыхтын көркөм дастаны. Анын “Сынган кылыч” романы элибизге 18-кылымдын акыры 19-кыламдагы тарыхты кылдат таразалап кароого чакырган атуулдук таберик. Тарыхчылар жазуучунун тарыхый романдарын окуп чыгып чоң руханий сабак алышат.

Т.Касымбеков тарыхый роман жазуунун принцибин, мыйзам ченемдүүлүктөрүн мыкты билген, тарыхты бөксөртпөстөн жазуу милдетин аркалаган, тарыхый окуялардын хронологиясын билип, анын иреттүү байланышын сактоодо илимий тарыхка дагы маяк болуп бере алат. Ал өзүн «заман жөнүндө жазган жазуучу» катары белгилейт.

Өткөндү даңазалап дастан кылып,

Тарыхтын эртеңкисин көргөн инсан.

Өнөрдүн белесинде бийик туруп,

Уламыштан чындыкты бөлгөн инсан.

Кел-келин замананын айгинелеп,

Кеп кылып тарыхыбыз берген инсан,

Сыныгын улап-курап өтмүшүбүз,

Билсин деп табериктеп берген инсан.

Заманды талдап, жикке бөлгөн инсан,

Тарыхты атуулга сабак кылып,

Закымдап убакыттар өтсө дагы,

Заманга миң кайрылып келген инсан.

Жазуучу эч нерсени текке кетирбей эки доордун элесин чагылдырып, сегиз томдук эмгегин окурмандарына, тарыхын сүйгөн, тарыхына кайрылган келечек үчүн сунуш кылып кеткен. Биз, жазуучунун окурмандары, тарыхый чыгармаларды окуп, аны окууга үндөп жүрүүгө милдетүүбүз. Жазуучунун жазуучулук керээзин түшүнгөн инсан катары ар бир инсанды тарыхый чыгармаларды окуй билүүгө жана тарыхый сабаттуулукка чакырам.

Ф.Тагаева, Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер