Т.КАСЫМБЕКОВДУН “СЫНГАН КЫЛЫЧ” РОМАНЫНЫН ПОЭТИКАСЫ

  • 01.06.2022
  • 0

 

Т.КАСЫМБЕКОВДУН “СЫНГАН КЫЛЫЧ” РОМАНЫНЫН ПОЭТИКАСЫ

 

 

________________________♦_________________________

                            Абдылда МУСАЕВ

                           филология илимдеринин доктору,

                           профессор

________________________♦___________________________

 

 

 

Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романы изилдөөгө алган турмуштук материалы, көтөргөн проблемалары, идеялык концепциясы жагынан эле эмес көркөм — эстетикалык касиет — сапаттары жагынан да кызыгууну туудурбай койбойт.

Алды менен бул чыгарма ички полемикага эгедер экендигин белгилөө абзел. Ал полемика 19 — кылымдагы биздин элдин турмушун, Россия менен кыргыздардын алгачкы алака-катыштарын жасалма жасап-түзөп, жымсалдап, бир беткей, бир түстө сүрөттөгөндөргө каршы багытталган. Жазуучу тарыхый чындыкка ылайык, историзм принцибин бекем тутунуу, илимий фактыларга, колдо бар хроникалык-документалдык материалдарга негизденүү менен бул мезгилдик тилкебиздеги турмушубузду бүтүндөй ички татаалдыктары, карама -каршылыктары менен аеосуз, катаал  реализмдин  нугунда сүрөттөйт. Жөн гана сүрөттөө менен чектелбейт, изилдейт, ой жүгүртөт, өз баасын, көз карашын, тарыхый объективдүү дүйнөнүн көркөм интерпретациясын берет. Турмуш чындыгын көркөм чындыкка айлантууда сүрөттөөнүн объективдүү-концептуалдык, объективдүү – документалдык принциптерин колдонот.

Элдин өнүгүш жолундагы чоң — чоң урунттуу өнүгүш тенденциялар, мерчемдүү окуялар жана бурулуш учурлар гана тарыхтын «эсинде» сакталып калып, ал эми күнүмдүк, “майда-барат” жагдайлары мезгилдин кучагына кирип, сиңип кетээри белгилүү. Жазуучу өткөн кылымдагы кыргыздардын коомдук — саясий, социалдык — психологиялык ал — абалын, тагдырын аныктай турган чечүүчү кыймыл — аракеттерин чагылдырууда ошол “майда –бараттарды” кошо берет, тарыхый турмуштун жандуу, элестүү сүрөтүн тартат.

Романдагы сүрөттөөнүн негизги объектиси мезгил. Бирок ал объект гана эмес, субъект дагы. Автор мезгилдин көркөм образын жаратат, кыйла татаал психологиясын иликтейт. Ошол эле учурда ал композициянын элементи, сүрөттөөнүн каражаттарынын бири катары кызмат кылат.

Окурмандын көз алдынан ар кыл социалдык катмарлардын  өкүлдөрүнүн тагдырлары, ордодогу бийлик үчүн айыгышкан кармаштар, купуя жана ачык күрөштөр, Сарыбай, Кулкиши, Теңирберди өңдөгөн карапайым, көптүн бири болгон жай адамдардын күндөлүк тиричилиги, Айзаада, Эшимдердин  баштарынан кечирген драмалары, стилистикасы, тактыгы, жалаң фактыларга гана таянгандыгы жагынан кээде илимий эмгек менен чектешип кеткен хроникалык материалдар, социалдык — психологиялык жүк көтөрүп турган пейзаждык сүрөттөөлөр, көптөгөн лирикалык, публицистикалык чегинүүлөр ж.б. чубап өтөт. Мындай мол жана ар кыл маанайдагы материалды бириктирүү, монтаждоо, бир бүтүн жандуу эстетикалык организмге жеткирүү оңойлукка турбайт. Көркөмдүүлүктүн негизги критерийлеринин бири — биримдүүлүк эмеспи. Мунсуз көркөм чыгарманын структурасы борпой болуп, ыдырап, ажырым-ажырым болуп калышы мүмкүн. Буларды бир түйүнгө баш коштуруп, бир бүтүн чыгарма жаратууда негизги кызмат, аны баштан аяк аралап өткөн бир каарман же бир үй бүлөнүн таржымасы ж.б. эмес, алды менен автордук концепцияга, идеяга таандык.

Сүрөттөөгө алынган материалдын мүнөзү чыгарманын сюжеттик-композициялык бөтөнчөлүгүн да аныктайт. Анын композициясын салттуу болгон тепкичтүү /ступенчатый/, айлампа /кольцевой/, удаа өнүккөн / пaраллельный/ типтеринин бирине толугу менен ыйгаруу кыйын. Анткени, романда булардын бардыгынын элементтери ар кыл формада, ар кыл эстетикалык карым- катышта кездешет.

Көп пландуу, көп катмарлуу, “Сынган кылычта” мезгилдик чен-өлчөмдөр менен алганда окуялар кеңдикти көздөй да, тереңдикти көздөй да өнүгүп, бир илгерилеп, бир кетенчиктеп, болгондо да бир нече кылымга артка кайрылып, кайрадан сүрөттөлүп жаткан учурду кууп жетип, бир учурда параллель көрсөтүлүп, салаа — салаа боюнча өнүп — өрчүп, ошентсе да барып-келип, негизгиси, тарыхтын арымы менен адымдаш, үзөңгүлөш чагылдырылып отурат. Мунун баары чыгарманын мезгилдик жана мейкиндик чектерин кыйла кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бу таризде бөтөнчө орун ретроспекцияларга, тарыхый экскурстарга, каармандардын эске түшүрүүлөрү, ой  — жүгүртүүлөрү ж.б. таандык.

Чыгарма башталганда эле сүрөттөөнүн хронологиялык принциптери бузулуп, окуянын кайнап, оргуштап турган учуру, чок ортосу – 1865-жылдагы генерал Черняев баштаган орус аскерлери менен Алымкул аталык жетектеген Кокондуктардын ортосундагы кандуу кагылыш чагылдырылат. Мына ушул чакан баталдык сценанын ички микродүйнөсүндө эле Т.Касымбековдун поэтикасынын бөтөнчөлүктөрү, кесиптик маданияты, чеберчилиги астейдил көрүнө баштайт. Кан майдан, андагы кызыл кыргынга аралашкан адамдар бир гана, кандайдыр бир кыймылсыз чекиттен гана көрсөтүлбөйт, байкоо жүргүзүүнүн ыңгайы дайыма динамикада, дайыма ийкем. Ар кыл ракурстар, ар кыл пландар пайдаланылат. “Генерал Черняев боз чаңдуу дөңдө жалгыз көздүү дүрбү салып турду. Бет алдындагы түз талаа гана эмес, те алда кайда карарган чоочун Ташкен дубалы, мунарыктын алдында жаткан дарактуу кыштактар, сай бойлорундагы күдүрөйгөн камыштар, андар бери канаттуу чегирткедей жайнап, акырын жылып келаткан көп аскер даана жатты. Кылка-кылка атчандар. Арты көрүнбөй ийрилип, чубалган жөөлөр. Боз чаң ар жерден бирткелеп түтөп, кайра жерге сүйрөлүп, суйдан сарала чөптөргө, жалгыз аяк көк жантактарга самсып төгүлөт. Алыстан ат кишенейт. Адамдын жаңжуңу кулакка илешет. Кокондуктар мынчалык камдуу келерин генерал күткөн эмес”. Көрүнүп тургандай, Кокон аскеринин жалпы көрүнүшү генерал Черняевдин көзү менен көрүлүп, байкоо жүргүзүүнүн ыңгайы анын образынын тулкусуна сиңирилет. Мындан соң Черняевге бул көрүнүштөр кандайча таасир калтырганы автордук психологиялык талдоо, каармандын речи, ички туйгулары, ички монологу аркылуу берилет. Бир эле көрүнүшкө түрдүү өңүттөн байкоо жүргүзүү, сүрөттөө, баа берүү ыкмасы Т.Касымбековдун поэтикасында кеңири кездешет. Ал эми жазуучу тандап алган объективдүү, автордук баяндоо чыгарманын көркөм мейкиндигинде ээн эркин жылып жүрүүгө, улам бир каарманды, окуяны сүрөттөөдөн экинчи бир каарманды, окуяны сүрөттөөгө табигый түрдө жеңил өтүүгө, аларды сырттан, ичкертен, алыстан, жакындан ж.б. чагылдырууга мүмкүнчүлүк ачат.

“Ушул учурда Кокондуктардын аскер башчысы да мерчемдүү өңүткө келген. Ак-боз аргымактын тизгинин жыя тутуп, сары талаанын туш-тарабына, боз чаптуу майда адырларга, өңүт тандап, бөлүнүп кетип жатышкан кошун кыйрына назар таштады”. Бул айтылуу Алымкул датка. Согуш өнөрүн мыкты билген, бул кармаштын жоопкерчилигин толугу менен өз мойнуна алып, ошондон улам далай санаа чегип, жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, азаптанып турган адам. Булар анын “көздөрү канталап, иреңи кубарып, бырышы көбөйүп, уйкудан жүдөгөн” өңдүү учкай берилген психологиялык портретинен деле сезилип турат.

Окуялар салгылашка аралашкандардын арасынан буларга тиешеси жок, сырттан байкоочунун позициясынан да сүрөттөлүп отурат. Кокондуктар согуштун толгомо ыкмасын чебер колдонуп, душманын эки капталдан ороп, ок жеткидей аралыкты шамалдай кесип өтүп, кылычташууга, көптүккө салып, бир ууч орус аскерин тебелеп кетүүгө жакындап, жеңиш үмүтү бүлбүлдөп көрүнө баштаганда аталык киши колдуу болду. “Жанындагы нөкөрлөрүнөн кымкуутта аскербашы ажырай түшкөн эле. Бир гана удайчы ээрчип жүрдү… Аты да кара, өзүнүн иреңи да кара, түнөрүңкү, суз муздак болучу… Анын агы көрүнбөгөн жылтыр көздөрү диртилдеп аскербашынын далысынан өтө баштады… Кара атынын далысына өзүнүн кара денесин жашыра берип, атынын кара жалынан мылтыктын учун ашыра сунду… Көз ирмемде мылтык үнү тып этти”. Салттуу кара деген түс, деталь мында символикалык даражага көтөрүлөт. Баары кара, ою да, ниети да, иши да, ошого жараша өңү да, аты да кара, а тургай, анын көздөрүнүн агы да көрүнбөйт. Бул символикалык деталь Т.Касымбеков тарабынан түрдүү маанайда, сюжеттик кырдаалда, ар түрдүү формада кыйла эле пайдаланылат. Кийинки бөлүмдөрдө бечара Мадылдан хан салыгы катары беш сары таман атты доолап, далай кордук көрсөтүп кеткен киши да кайра-кайра “кара атчан” деп гана мүнөздөлөт. Ага карата автордук мамилени ушундан эле баамдоого болот, каарманды жазуучу бул эпизоддо таптакыр атынан атабайт, атагысы келбейт. Бул милдетти экинчи каарманга жүктөп салат. Мадылдын “ Э… келиңиз… хантагасы келиңиз…”деген сөзүнөн кийин гана бул Домбу экенин баамдайбыз. “Келкел” романында да мындай терең маани камтылган деталдарды, штрихтерди кыйла эле кезиктирүүгө болот.

Ошентип, туусунан, акылман кол башчысынан айрылуу Кокондуктардын колу үчүн жалындап, улам күчөп бара жаткан өрткө суу сепкендей эле болду. Сурөткер мына ушундай шартка кириптер болгон көпчүлүктүн, массанын психологиясын, эмоционалдык — экспрессивдик абалында ишенимдүү тартат.  “Баары көрүштү. Жабыла чаап, акбозду кармашты. Ошол замат аларды түкшүмөл ойлор бийлеп, бирин-бири алдыртан тиктешип, бири-биринен коркушуп, шектенип, томсоруп туруп калышты… Чуу көтөрүп кайра токтошту. Эмне кылаарын билишпей баары шылкыйып туруп калышты. Кай бирөөлөр шыпшынды. Кай бирөөлөрдүн бул топтон канткенде суурулуп чыгып кетишин камына түшө эриндери ортозаар кымтылып, көздөрү ойноду». Сүрөттөлгөн окуялардын маанайына жараша бул эпизоддогу баяндоонун ыргагы шар, ыкчам, темпераменттүү. Анткени турмуштук кырдаал ички динамикалык күчкө ээ болуп турса, инерттүү, жансыз тил менен сүрөттөөгө, же сюжеттик окуя трагедиялуу, драмалуу тенденцияны камтып турса ал жөнүндө бейкапар, кайдыгер тил менен сөз кылууга таптакыр жарабайт. Мындайда дароо чыгарманын эстетикалык гармониясы бузулат. Жогоркудай шакардай кайнап, оргуштаган окуялардан соң, экинчи эпизоддо бул көрүнүштөргө контрасттык мүнөздөгү бейкут, жай турмуш сүрөттөлөт. Баяндоонун ыргагы да ошого ылайыкташат. “Чоң ак — сары көпөлөктөр бейкут учушуп… серүүн абада кылактап жүрүшөт. Ойноп жүрүшкөн чымчыктардын тилинен башка эчтеке магдыроосун ойготпой, аба тыптынч”. Ушуга байланыштуу Теңирберди карыянын кыймылын да “жай”. “акырын”, “шашылбай” деген эпитеттер коштоп, бир жер де Кан күйгөн алаамат согуш болуп жатса да, турмуш мезгил өз табигый мыйзамы, нугу менен жайбаракат өтүп жатканын туюнтат. Мындан соң Абил бий, Бекназар баштаган тоолуктар Алымкул аталыктан айрылгандан соң эрегишүүнү токтотуп, өз айылдарына кайтып келиши, Абил менен Бекназардын ортосундагы купуя тирешүү, мамлекет кызыкчылыгы, эл биримдиги деген жалган шылтоо менен көпчүлүктү орустарга каршы шыкактап, күрөшкө көтөрүүгө аракет кылган Абдрахман абтабачыга байланыштуу ж.б. окуялар, негизинен, бир мезгилдик тилкеде өз ирети менен берилет. Экинчи бөлүмдө автор өткөнгө тарыхый экскурс жасап, сүрөттөлгөн окуялардан ал канча мурунку, тээ 1842-жылдын жай айынан баштап, “Ээн жайытта оттоп жүргөн мал сыяктуу бейгам”, өзүнүн түпкү  теги тууралуу таптакыр кабарсыз болуп, Ажыбай датканын эшигинде баш паана кылып жүргөн Шералинин кыргыз уруктарынын жардамы менен хан көтөрүлүшүн, Нүзүп аталык, Мусулманкулдардын трагедиялуу тагдырларын ж.б. 1865-жылга, башкача айтканда, чыгарманын биринчи беттериндеги эпизодго чейин баяндайт. Демек, бул эки бөлүмдүн окуяларынын өнүгүүсү кайсы бир деңгээлде айлампа композицияны эске салат. Мезгил сызыгы имерилип келип, кайрадан түзөлөт. Мезгил демекчи, сүрөткер ар бир окуянын качан өтүп жатканын, адатта, эпизоддордун башында так, данаа белгилеп жүрүп олтурат. “Ошол 1845-жылдын жазында Мусулманкул миңбашы ордодо жокто Исфара вилаетинин беги Сатыбалды датка капысынан ордону басып, Шерали ханды өлтүрүп, Алим хандын Ибрагим бектен кийинки уулу Мурад бекти хан деп жарыялап жиберди. Мурад бек он бир гана күн таажы кийди. Мусулманкул аскер күчүнө салып, Мурад бектин биртике колун бытчыт кылып ордого кайра кирип,   Шерали хандын он төрт жашар баласы Кудаяр бекти хан көтөрдү” Тарыхый өнүгүштүн урунттуу учурларын, ички механизмин мүмкүн болушунча толугураак камтуу, мезгилдин коомдук-саясий фонун, жалпы контурларын тартуу үчүн сүрөткер мына ушундай хроникаларга да кайрылууга мажбур болот. Автор окуялардын өнүгүшүн өзүнүн табигый жолуна коюп, анын жүрүшүнө зордук-зомбулук кылбай, ачыктан — ачык аралашпай, мүмкүн болушунча объективдүү болууга аракет кылганы менен анын образы романдын бүтүндөй тулкусунан, ал эле эмес, майда — барат деталдарынан да сезилип турат. Ал эми өзүнүн субъективдүү көз караштарын, мамилелерин, баасын публицистикалык жана лирикалык чегинүүлөрдө түздөн-түз берет.

Ушул эле бөлүмдө ретроспективдүү сүрөттөөнүн алкагындагы ретроспекцияларды да көрөбүз. Алар чыгарманын мезгилдик жана географиялык кулачын андан ары кеңейтет. Маселен, Ажыбай датканын кыргыз уруктарынын билермандарына, алды менен Шералиге, Амир Темир Көрөгөндүн урпактары, Кокон ордосунун таржымалы жөнүндөгү куруп берген баяны психологиялуулукка, окуялуулукка караганда көбүнчө информативдүүлүк маанайга ээ. Ал эми он миңден ашуун колу менен   Коконду камап коюп, түнкү отту тиктеп отурган Нүзүп аталыктын өзү, баскан жолу жөнүндөгү эскерүүлөрү анын мүнөзүнүн калыптанышы, экспозициясы катары кызмат аткарып, кийинки кыймыл-аракетинин ишенимдүүлүгүн арттырат. Формалдуу түрдө бул эскерүүлөр Нүзүпкө тиешелүү болгону менен иш жүзүндө алар үчүнчү жактан эле баяндалат.  “Нүзүп ата мээримин көрбөдү. Эсенбай бий анын энесин салынды кылып таштап, энеси экөбү айылдын четинде боз төбөл үйдө эптеп, түтүн булатып, карыптын оокаты менен жан сакташчу. Нүзүп кичинекейинде таз болуп кетип, төбөсү жылтырап, чачы жок болуп айыкты…” Мындай стиль каармандын өзүнө эмес, аукториалдык баяндоого тиешелүү экендиги көрүнүп турат. Мында эпизоддор ушунчалык деталдаштырылып, жандуу, элестүү берилип, этиш сөздөр өткөн чакта эле эмес, учур чакта да пайдаланылгандыктан окурман менен окуялардын ортосундагы эпикалык дистанция анча сезилбей, сүрөттөлгөндөрдүн эмоционалдык сапаты артып, алар тээ мурун эмес, куду эле бүгүн, азыр көз алдыбызда өтүп жаткандай таасир калтырат. Бул бөлүм абдан сыйымдуу, курч, кызыктуу материалдарга жыш. Ушуга жараша мезгилдин арымы абдан тез болуп, окуялар бирин-бири бат-бат алмаштырып турат. Үчүнчү бөлүмдө  негизинен окуялар биринчи бөлүмдүн аягындагы мезгилдин үзүлгөн жеринен кайрадан уланат. Муну автордун “Темир шейит болгон жылы Болот тогузда эле. Ана ыйлуу, муңдуу үч жыл өттү” деген учкай эскерүүсүнөн эле билебиз. Сарыбай, Айзааданын тагдыры, Домбунун кунун кубалоо, ордонун ачыктан-ачык зомбулугу ж.б. белгилүү бир тартип менен чагылдырылып отурат да,  кыскача ретроспективдүү баяндоодо Темир менен Айзааданын алгачкы махабаты, баш кошуусу берилет.

Чыгарманын идеялык — эстетикалык тулкусунда негизги орундардын бирин ээлеген  Исхактын образына кийинки бөлүмдөрдө гана кездешебиз. Миң тукумунун түгөнгүс чырынан көңүлү калып, ордонун күндөн-күнгө күчөп бара жаткан кысымына чыдай албаган эл Исхакты туу кылып, көтөрүлдү. Элет менен ордонун ортосунда дайыма ортомчу, данакер боло жүргөн, ооз жүзүндө мамлекет кызыкчылыгын, биримдигин көздөгөн киши болуп, а иш жүзүндө, бийлик башындагыларга жагынуу, алынууну көксөгөн айлакер Абил бийдин колдоосу менен Абдырахман абтабачы зөөкүр Наум пансатты курмандыкка чала коюп, Шер датка баштаган элеттин билермандарынын көңүлүн таап, көтөрүлүшчүлөрдүн ыркын кетирди. “Э, атасы башка менен коен уулаба деген ушубу?! Сызга отургузуп кетишеби? Исхак санаага чөктү. Жигит оюну, саркерлердин кылчаңдоосуз колдоосу, ишеними анын сынган көңүлүн жубата албады. Канткен менен, бийлердин ордо кишиси менен урук башчыларынын тил табышып кетиши арттан келип төбөгө чапкандай, күтүлбөгөн сокку болду. Эрегиш толкуну басылган көлдөй дароо дымый түштү”. Дароо эле эрегиштин ташкындап, күчөп турган учуру сүрөттөлгөндүктөн, окурмандын көкүрөгүндө “бул эрегиш кайдан келип чыкты, анын башындагы Исхак ким, элдин колдоосуна кантип жетти?” деген өңдүү табышмактуу соболдор улам туула бериши түшүнүктүү. Каарман жогоркудай жалгызсырап, санаа тартып, көңүлү сынып турган чакта автор бул табигый суроолорго жооп берүү үчүн окуяларды дал ушул жерде токтото туруп, артка чегинип, Исхактын чоо — жайын баяндайт. Эшим менен Айзааданын тагдырлары да ушундай таризде сүрөттөлөт.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер