ТҮКӨМ – КЫРГЫЗДЫН АЛА-ТООСУНДАЙ БИЙИК ЭЛЕ…

  • 12.05.2022
  • 0

Туура, Чыкем Түкөмдү тоого салыштырып, “тоо бөксөрбөйт, улам бийиктейт, Сиз да тоодой бийиктей бериңиз”, — деген экен. Анын сыңарындай Түгөлбай атабыз чындыгында эле чокусун ак кар, көк муз баскан, мойнуна ак булуттарды оронгон аскалардай бийик, заңкайып бараандуу да, караандуу да көрүнчү, ал киши басып келатса, Ала-Тоонун кичирейтилген бир бөлүгү жылып келаткандай сезилчү.

Түгөлбай атабыз сөөк-саактуу, узун бойлуу, олбурлуу, ак чачтуу чоң киши эле. Тулку боюнун мындай болушун мен үчүнчү атасы – бабасы Бегаалы баатырдын чөбүрөсү болгондугунанбы деп да эсептейм. Түгөлбай атабыз Саяктардын Кургак уруусунун аңыз кепке айланып эл ичинде айтылып жүргөн Болот баатырдын Бозала туйгун боз карчыга Бегаалысынын түз чөбүрөсү. Баатыр жүрөк, балбан билек зор аталардын тукуму, эл башкарып, эл сураган, элдин мүдөөсүн чечкен билгилердин урпагы.

ТҮКӨМ – КЫРГЫЗДЫН АЛА-ТООСУНДАЙ БИЙИК ЭЛЕ...

Түгөлбай Сыдыкбековду атабыз деп атканым жөн гана сыпайыгерчилик же көзү өтүп кеткен, же 110 жылдык мааракеси белгиленип жаткан адамга карата болгон гана сый-урмат эмес. Чындыгында эле Түкөм менин кандаш, тукумдаш жакын тууган атам. Бүгүн чыга калып эле атам деп жаткан жокмун.

Түкөм менен биздин ата-энелерибиз тээ 70-жылдардан бери бирин-бири билип, бирин-бири таанып, туугандык карым-катыш менен бирине бири барып-келип эле жүрүштү. Фрунзеде окуган агаларыбыз Исаев Букардин менен Мусаев Сагынаалы 1965-жылдары Тукем менен таанышып, туугандык жакындыкты такташып жүрүшүптүр. 1972-жылы болсо керек, Түкөм Асылгүл апа, кызы Динара менен жайында биздин айылга – Тоң районунун Көл-Төр айылына келип, үч-төрт күн жатып кетишкен. Көл-Төрдө Болот атабыздан тараган эки атанын – Иса менен Мусанын балдары жашачу элек.

Биздин Көл-Төрдө отурукташып калганыбыздын да узун тарыхы бар… Кыскача айтканда, 1813-14-жылдары Болоттун балдары Жумгалдын Соң-Көлүнүн Шарпылдак деген жеринен көчүшүнө тууган ичиндеги майда-барат чыр-чатак себеп болуп, Болот атабыздын балдары Кең-Сууну беттеп көчөт. Көчүп келип Тоңдун Айдың-Көлүн, азыркы Кескен белди мекендеп туруп калат, бир жылча. Кийинки жылы Бегаалы атанын балдары Оргочорго кышташат. Кийинки жылы Түптүн Кең-Суусуна көлдүн тескейи менен көчөт. Бекбоонун балдары Нурбай, Челибай, Сарыбай бала-бакырасы, мал-жаны менен Айдың-Көлдү байырлап калат. Анткени Түптүн Кең-Суусундагы туугандар менен жумгалдык Кызарттагы туугандардын ортосунда бололу, ары-бери тууганчылап жүргөндө жол ортосунда туугандар болсун деген кыязда менин ата-бабам Тоңдун Айдың-Көлүнүн жээгиндеги Көл-Төрдө калыптырбыз.

ТҮКӨМ – КЫРГЫЗДЫН АЛА-ТООСУНДАЙ БИЙИК ЭЛЕ...

Кийин мен студент болуп жүргөндө Түгөлбай атанын үйүнө каттап жүрдүм, иштеп жүргөндө байма-бай кездешип, Сагаалы Сыдыков агай менен туугандашып Түкөмдүн үйүнө барып жүрдүк, Асылгүл апанын колунан көп даам сыздык. Аман Саспаев да биздин кандаш тукумдашыбыз. Ал 1962-жылы Кытайдан кайтканда биздин үйгө – Көл-Төргө келген. Жаңы тууган деп Көл-Төрдөгү бүт Кургак келип учурашып, кийин Түкөм Кең-Сууга алып кеткен.

Болот атабыздын бир аялынан бир кыз, эки уул болгон. Кызы – Бекмырза, Бугунун манабы, байы Солтонкулунун байбичеси, сан жылкылуу Сарыбайдын энеси, улуу уулу – Бекбоо, кичүүсү – Бегаалы. Бекбоодон Нурбай, Челибай, Сарыбай, Нурбайдан Кудабай, Куланбай, Иса, Муса, Челибайдан Чалканбай, андан Саспа, андан Аман. Бегаалы атанын бир аялынан Садык андан Сыдыкбек, андан Түгөлбай. Ошентип, мен Түгөлбай ата менен төртүнчү атадан, Аман атабыз менен үчүнчү атадан кошулабыз. Демек, Түкөм жөнүндө эскерүүм адистин эскерүүсү эмес, баласынын чакан эскерүүсү катары кабылданышы шарт деп эсептейм жана 110 жылдык мааракесин утурлап эскерүү катары бир-эки ооз сөз жазууну милдетим деп түшүнөм…

Жогорто сөз болбодубу, 1972-жылдары Түкөм үй-бүлөсү менен биздин айылга келген деп. Мен анда азыркы Улуттук университеттин 1-курсун бүтүп айылда жүргөм. Биздин короого боз үй тигип бердик. Болот атанын балдары менен Сарт атанын балдары биринен сала бири коноктоп, тууганча баарлашып, черлерин жазышып, Түкөм Асылгүл апа экөө жалпы туугандарга аябай ыраазы болуп кайтышкан. Ошондо да Түкөм Болот атанын балдарын Кең-Сууга көчүрүп кетейин, Аман да Кең-Сууда, баарыңарга бул жердегиңердей эле шарт түздүрүп берем деп кайрылган экен. Зукай, Букардин, Сагынаалы авалар көчкөнгө макул болушса, Жолдош атам менен чоң энем Турсун (93 жашка чыгып 1993-жылы каза болгон) макул болбой коюшуптур. Кийин мен үйүнө барып калсам айтып жатпайбы: – Фрунзеде окуп жүргөн Букирдин менен Сагынаалы Кең-Сууга көчкөнгө макул болушкан, барганда эле чоң энең менен атаң Жолдош чалкасынан кетип, макул болбой коюшпадыбы. Силер Тоңдо Болоттун эки эле баласынын балдары турасыңар, Кең-Сууда Болот атанын балдары көп, жакшылык-жамандыкта чогуу болушсун бир туугандар десем болушпады. Эми мейли, ал жерге көнүп калышпадыбы, ар кимге өз жери, өлөң төшөгү, сен келип-кетип балдар менен катышып жүр, кол үзүлбөсүн деген аталык сөзүн айтты эле.

Мен барып-келип, кирип-чыгып жүрдүм, Түгөлбай ата менен көп сүйлөштүм. Динара кызы менен Москвада аспирантурада окуп, бир жатаканада жашадык, менден улуураак эле, эже деп жылуу мамиледе жүрдүк.

Бир жолу Түгөлбай атаныкына кечке маал барсам, ата жок экен. Асылгүл апа айтып калды: “Бульвар тарапка басып кетти эле” — деп. Кырткылап ал жакка барсам, эки аксакал басып жүрүшкөн экен, акмалап алыстан басып мен да бир аз жүрүп калдым. Бир маалда мени көрө койду окшойт, колун чекесине коё мен тарапка үңүлүп калды. Мен салам айтып басып бардым. Жанындагысы кыргыздын дагы бир залкары Абды Сүйөркулов аксакал экен.

ТҮКӨМ – КЫРГЫЗДЫН АЛА-ТООСУНДАЙ БИЙИК ЭЛЕ...

– Менин жакын тууганым, Москвадан кандидаттыгын коргоп келди, тилчи, академияда иштейт деп мени аксакалга тааныштыра кетти. Аңгыча дагы бир-эки аксакал келип учурашып калышты.

Түкөм араң эле турганбы же дагы башка жагдайбы, билбейм, тигилер менен кош айтышып, үйгө кетели деп мени ээрчитип жөнөдү. Биринчи май көчөсүндөгү өзү салдырган эки кабат үйүнө жеткенче Абды Сүйөркулов аксакалга байланышкан төмөнкү жагдайды айтып берген эле:

– Экөөбүз Биринчи май көчөсүндө маңдай-тескей үйдө жашайбыз. Абды министрлер кеңешинде төрага болуп иштеп жүрүп, эс алууга чыккан. Бош, бат-баттан кездешип, аркы-беркини сүйлөшүп, сейилдеп калабыз. Ал иштеп жүргөн күндөрүндөгүлөрүн айтып, “тиги тигинтип, ал минтип, мен муну кылып, тигини кылып” деп “чоң” кызматта иштеген учурларын эстеп айта бере турган. Ошондой күндөрдүн биринде Түкөм минтип сөз баштаган имиш: “Абды, менин романым орусча которулуп, Москвадан басылып чыгыптыр чоң тираж менен, баланча миң сом калем акы келиптир, дагы бир роман жаздым эле, басмага берсем, түкүнчө миң сом калем акы беришет экен десем,
Абдыке: “Түкө, мен баягы совминдин председатели болуп иштеп жүргөндө сенчилеп бир роман жазып койсом болмок экен, мен да сенчилеп гонорар алып турмак экенмин деп жатпайбы”, — деп бүткүл денеси менен күйшөлө күлүп, “балам, ушундай да болот, ал жазуучулукту оңой көргөн, аны партиялык жумуштай көргөн” деген кыязда. Мен да жөн баспай, Сиз жөн гана ал кишинин “көзүн кызартмакка” айттыңызбы же чын эле ошондо чоң калем акы алып жаттыңыз беле десем: – Калем акы алып жүрдүк го, бирок жөн гана тамаша иретинде айтып койгом. Анткени эс алып ары-бери басып жүргөнүбүздө чоң кызматта өзүнүн кылгандарын айта берчү, ошого өзү ыраазы болуп калчу, ошол кездерин эстеп, мен тамашалап жатпайымбы”, — деп…

Бир жолу короодо беседкада сүйлөшүп отурабыз. Анда Асылгүл апанын көзү бар, “Бел-белес” романы чыгып калган, мен окуп чыккам.Өзүнүн тегин жазыптыр. Болот атанын Бегаалысынан тарайт, а мен Бегаалынын агасы Бекбоодон тарайм. Бекбоо, анын тукумдары жөнүндө эч маалымат жок, Бекмырза эже жөнүндө да жазбаптыр. Сөздөн-сөз чыгып отуруп мен таарыныч кылгансып Түкөмө кайрылдым: «Ата, эмне үчүн өз атаңыз Бегаалынын тукумун толук жазгансыз да, анын эжеси Бекмырза жөнүндө, менин бубам Бегаалынын агасы Бекбоо жөнүндө эч нерсе жазбаптырсыз, бул эмнеңиз?» десем, адатынча бүт денеси менен бүлкүлдөй күлүп: «Өзүмдүн эле тегимди жазыптырмын, оюма деле келбептир, анын үстүнө атайылап изилдебегенден кийин, толук билбегенден кийин ага деле көңүл бурбаптырмын» деген кыяздагы жообун айтты. Кичине ыңгайсыздана түшкөнү мага көрүнүп турду. Бир саамдан өтүп, “Эми сен деле филологсуң, сен жаз, толуктап жаз”, — деп мага тике карады.

А мен дагы деле болсо демите, ооба, мен жазам, бирок мен сизче билбейм да, сиз бул тарыхты, санжыраны билген кишилерди, Соң-Көлдөн Түпкө көчүп келген, эмне үчүн көчүп келген тарыхты жакшы билген кишилерди көрүп, алардын сөзүн угуп калдыңыз да деп, моюн бербей атамды үстөмөндөтө бердим.

Кыйын киши эмес беле, сөздү акырын башка нукка буруп, минтип жатпайбы:

“Ооба, Бекмырза эжебиз, Бекбоо атабыз Бегаалы баатырдан улуу. Бекбоо олбурлуу, кунан-быштыларды кулактап токтоткон карылуу, түз сүйлөгөн, тартынбаган киши эле, Бегаалы иниси чапчаңыраак, бетке чапма, эр жүрөк, кайраттуу киши болгон, Бекбоо инисине жол берген, ар дайым инисин көтөрө чалып тизгин талашпаган деген сымал сөздөрдү укканым бар”, — деп келип: — Ошо заман болгондо экөөбүз эл оозунан түшмөк эмес окшойбуз. Мен – Болот баатырдын Бозала туйгун, боз карчыга Бегаалысынын тукуму, сен – Болот баатырдын албан-субандай олбурлуу, түз сүйлөгөн тартынбас Бекбоосунун тукуму. Мен башыма суусар тебетей кийип, суу төгүлгүс жорго минип, кемер курчалган чепкен жамынып көлдүн башынан аттанып чыгып, Боом капчыгайына киргенге чейин көл кылаасы жардана бир айылдан экинчи айылга узата жүрүп, бозала туйгун боз карчыга Бегаалынын тукуму баратат деп аңыз кылмак. Сен дагы куусаң куткарбас, качсаң жеткирбес жел менен кошо жарышкан күлүк минип, жигит пири Шаймерден сымал жигит башы болуп, мени жандай чаап жанымда жүрмөксүң. Биз Боом капчыгайына кирип, Сары-Өзөн Чүйгө түшкөндө Өзүбек байдын күйөө баласы жигиттери менен келатыптыр деп калк алдыдан тосуп алып турушмак, жетээр жерге узата барышмак деп менин көңүлүмдү таап, жубата сүйлөп, өзү үчүн кичине ыңгайсыз суроого жооп берүүдөн кутулуп кеткени эсимде…

Бир күнү Сагаалы агай айтып калды: – Сыртбай, Түкөмө барып учурашып келеличи, — деп. Сагаалы Сыдыков агай да жакын тууган – Кургак эле. Ал мезгилде Асылгүл апанын көзү өтүп кеткен, Түкөм да кичине сыркоолоп, колу калчылдагыраак болуп жүргөн учуру. Бардык, аркы-беркини сүйлөшүп, иш бөлмөсүндө отурдук. Бир маалда
Түкөм оор үшкүрүп алды да ден соолугу жөнүндө айтып келип: «Ушул үйдү Сталин атындагы мамлекеттик сыйлык алгандагы калем акыга тургуздум эле. Кийин менин көзүм өткөндө ушул үйүм музей болсо деген ниетим бар. Ошондой музей кылабы Өкмөт» деген ишенип-ишенбеген ички туйгусун билдирди эле… Ал кезде эмнеге музей кылбасын, кылат да, Түкөмдөй кишиникин музей кылбаганда кимдикин музей кылат деген сезим мени толугу менен бийлеп алган. А бирок ал кезде мен көп нерсеге маани бербепмин, өлгөн асыл арыстандан сойлоп жүргөн тирүү сөөлжылан артык окшойт. Мына бүгүн Түкөмдүн эстелиги эмдигиче коюлбай турат, бир чоңураак объектиге аты берилбей турат, шылдыңдагансып Өкмөт бир 20-30 үйдөн турган чолок көчөгө атын беримиш болду, үйү музейге айланбай турат, Кыргыз совет адабиятынын патриархы, негиздөөчүсү Түкөмдүн китептеринин тандалмасы жарык көрбөй турат… Түкөмдүн ошондогу оор үшкүргөнү бүгүн да угулуп тургансыйт. Кайран киши, зирек акылында баарын баамдаган бейм…

Сыртбай Мусаев,
филология илимдеринин
доктору, академик

 

Бөлүшүү

Комментарийлер