СУУ БОЮНДА, БАК ИЧИНДЕ САБАК ӨТӨБҮЗ
- 13.09.2021
- 0
Кочкор районунун Кара-Суу айылында Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеп бир караганда башка мектептерден айырмасы аз, элеттеги бир чакан мектеп, тегереги бак-шак. Бирок ушул мектептин эки жетишкендиги кубантат. 600 орундуу чакан мектеп 2002-жылы ачылган. Салынышына жана ачылышына тике тиешем болгондуктан ушул мектеп тууралуу кеп кылып отурганым жок. Жакында Кочкорго барганымда насили кесибим тарыхчы болгондуктан мектептин тарыхый-край таануу музейин жана бак ичиндеги этноклассты көрүүгө чакырып калышты.
Музей 2014-жылы уюшулган экен. Мектептин жаш директору Бообек уулу Болот жетине албай кадырэсе гид сымал музей, айыл турган жердин байыркы жана кечээки тарыхы тууралуу кесипкөй маалымат берип, чыныгы энтузиаст экенин көргөздү. Негедир атактуу украин педагогу Василий Сухомлинскийдин “Сердце отдаю детям” чыгармасындагы мектептин жаш директорунун образы көз алдыма тартылды. Отузга жаӊы толгон, иш билги педагог, мектеп десе ичкен ашын жерге койгон, билимдүү, дилгир жетекчинин балдар жана айыл эли үчүн эмгеги баалуу. Кара-Суу айылынын үстүндөгү тарыхый жерлерге бир нече жыл бою белгилүү археолог Кубат Табалдиев агайыбыз тээ таш доорунан тартып орто кылымдарга таандык конуштарга, анда табылган буюмдарга изилдөө жүргүзүп келет. Бул жагдай да мектептин тарыхый музей түзүлүшүнө чоӊ таасир берген. Мектеп окуучулары, айыл тургундары да ар кокту-колоттон тапкан түркүн буюм-тайымдарды, балбал таштарды мектеп музейине тапшырып, этият мамиле кылышат экен.
Мектептин тарыхый музейчеси ошентип түркүн буюмга толуп, 500 жүз ашуун экспонаттын ар бири орду менен, хронологиялык тартипте, тиешелүү маалыматтары менен кошо жазылып, иреттүү жайгаштырылган. Аянты чакан болгон менен экспозициясы бай. Көбүбүз фольклордук же тарыхый чыгармалардан атын гана кездештирип, бирок өзүн көрө элек байыркы буюмдар, алардын функционалдык же сакралдык мааниси, колдонулушу, таш бетиндеги жазуулар жана символдор, алардын чечмелениши көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Тарыхка кызыгуусун арттырат, өткөн доорлор тууралуу кабары азыраак кишиге да бир топ маалымат бергидей баалуу экспонаттар менен тааныша алат. Элеттиктердин жана окуучулардын билимин байыткан, тарыхка аяр мамиленин үлгүсү жана айыл калкынын, педагогикалык коллективдин ынтымагынын белгиси болгон чакан музей мектептин жетекчисинин демилгеси жана айыл калкынын колдоосу менен уюштурулган.
Мектептин эски имаратынын ордуна бак-шактар тигилип, алма-өрүктүн көчөттөрү отургузулган экен. Бул өзгөчө деле жаӊылык эмес. Бирок бактын ичине, бир эсе алты канат боз үйдү, бир туруп эски кашааны элестеткен, ичине жыгачтан жасалган түркүн формадагы отургучтар, кечээ эле колдонулуп, бүгүн эскирген буюмдардан ылайыкташтырылып жасалган окуу куралдары топтолгон бул жай этнобакча экен. Ачык асман астында, жайы-кышы тынбай аккан кара суунун боюна жасалгаланган этнобакча сабак өтүүгө да, жөн эле кеӊеш курууга, ар кандай дискуссияларды, интеллектуалдык оюндарды уюштурууга жагымдуу шарт түзгөн өзгөчө жай экен. Аурасы мыкты.
Финляндия, Жапония, Англия, Австралия сыяктуу айрым мамлекеттерге барып келгендер мектептеринде сабак эшикте эле өтөт экен, атайы класска караганда кээде тыштагы, токой ичиндеги, тоо-таш арасында өтүлгөн сабак жугумдуу тура деп тамшанганын укканым, окуганым бар. Андай тамшанчулар Шапак Рысмендеев мектебинин бак ичиндеги этноклассын көрсө ыраазы болуп, сыймыктанарына шек жок. Үч-төрт класс бир мезгилде бири бирине жолтоо болбостон же бир нече топ атаандаш сабак өтсө болчудай. Эми бул этнокласс чыгармачылыкка кеӊири мүмкүнчүлүк бере турган мыкты табылга. Мектеп директору Болот мырза так ушул жерде далай дискуссиялар, мугалимдер кээ бир предметтер боюнча сабактарды темасына жараша өтөөрүн, натыйжасы жакшы болорун эргип айтып берди.
Эми миӊ айткандан, бир көргөн артык дейт. Ушул мектептин дурус тажрыйбасы, жаӊычыл ыкмалары жана мектеп жамаатынын изденүүлөрү колдоого арзый турган жаӊылык, колго ала турган изги иш.
Мектеп жетекчиси Бообек уулу Болот тарых илимине кызыгуусун элет түйшүгүнө көмүндүсүндө калтырбай, “Кыргыздардын жашоо-турмушунда жылкынын орду” деген темада кандидаттык диссертациясын аяктаган экен. Буюрса, илимий ишин ийгиликтүү коргоп алса, анда элет жеринде илимдин кандидаты директор болгон алгачкы мектеп болмокчу.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер
Комментарийлер