STEM БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ДҮЙНӨ МЫНЧАЛЫК ЭМНЕ КЫЗЫГЫП ЖАТАТ?

  • 20.08.2021
  • 0

Бул ирет окурмандарды кызыктырган үч суроонун тегерегинде сөз кылалы деп чечтик. Алар: Чын эле STEM билим берүүгө дүйнө эмнеге мынчалык кызыгып калды? Деги STEM деген эмне жана анын кандай артыкчылыктары бар? Кыргызстанда STEM билим берүүнүн абалы кандай болууда? Эмесе, бул суроолорго жоопторду окуп көрүңүз.

“Эгерде балдарды кечээгидей эле окута берсек, анда биз алардын эртеңин уурдаган болобуз”. (Джон Дьюи)

STEM билим берүүгө дүйнө эмнеге мынчалык кызыгып калды?

STEM БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ДҮЙНӨ МЫНЧАЛЫК ЭМНЕ КЫЗЫГЫП ЖАТАТ?

STEM билим берүү бүгүнкү күндө дүйнөдө абдан белгилүү болуп, өтө тез жайылууда жана дүйнөлүк эмгек рыногундагы STEM адистерге суроо-талап абдан жогору. АКШнын Эмгек статистикасы бюросунун аналитиктеринин божомолу боюнча алдыдагы он жылда STEM адистерге болгон муктаждык башка адистиктерге караганда 76%га жогору болот. Американын эмгек рыногуна эле 10 млн. STEM адис керек болот. Ошондуктан Америка STEM багытындагы студенттерге 36 айга кеңейтилген виза берүүдө, ал эми калгандарга 12 айга эле берет. STEM адистерди даярдоо Америка өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты болууда. Алардын айлык акысы да жогору болуп, өлкө боюнча жылына орточо – $86 980, ал эми жылдык орточо айлык – $39 810. Россия Федерациясында санарип технологиялар жаатындагы адистерге муктаждык өсүп, эмгек рыногундагы муктаждык учурда 222 миң болсо, 2024-жылга карата бул көрсөткүч 300 миңге чейин өсөт. Австралия, АКШ, Кытай, Великобритания, Израиль, Корея, Сингапур, Финляндия сыяктуу мамлекеттер STEM билим берүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырышууда. Кытай Республикасынын өнөр жай ишканалары санарип технологиялардын натыйжасында 2020-жылы $4 трлндон ашык кошумча каражат тапты (https://trends.rbc.ru/trends/education/5f6399a69a79471ec02bfe4f)

STEM деген эмне жана анын артыкчылыктары

«STEM (табигый предметтер, технология, инженерия жана математика)» деген аббревиатура биринчи жолу америкалык бактериолог Р.Колвэлл тарабынан 1990-жылы сунушталган, бирок ал 2000-жылдары активдүү колдонула баштады. Анын негизинде бул түшүнүктүн жаңы варианттары пайда болду: STEAM (илим, технология, инженерия, искусство жана математика), STREM (илим, технология, робототехника, инженерия жана математика) (Тен А. С. Новые тренды в современном образовании. Электронный ресурс: URL: http://zkoipk.kz/ru/2016smart3/2541-conf.html).

STEM билим берүүнүн негизги артыкчылыктары катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот:

  1. Окуу предметтердин жуурулушуусу, интеграциясы. Натыйжада балдардын дүйнөгө карата илимий көз карашы комплекстүү калыптанат, дүйнөнү бүтүн кабыл алат, изилдөө көндүмү өөрчүйт.
  2. Теория менен практиканын логикалык тыгыз байланышы, жуурулушуусу, окуучулардын алган билимин дароо практикада колдонушу, өзүнүн продукциясын даярдашы (мисалы, робототехника) ж.б. Бул окуу материалын терең өздөштүрүүгө жана окуу процессин жандуу, кызыктуу кылууга жардам берет.
  3. Ишмердик аркылуу креативдүү ой жүгүртүү, сынчыл ойломду ишке ашыруу. Окуучунун өзүнө болгон ишеними артат, жаңы, тааныш эмес материалдарды туура кабыл алуу компетенциясы калыптанат.
  4. Долбоордук ыкманы колдонуу. Бул окуй алуу, окуп кетүү көндүмдөрүн, компетенциясын калыптандырып, командада жана өз алдынча иштей алууга үйрөтөт, баланы социалдаштырат. Окуучулар натыйжа үчүн иштешет, алардын логикалык ой жүгүртүүсү өсүп, тактыкка, маселени убагында чечүүгө машыгышат.
  5. Гендердик теңчиликке жол ачат, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат. Учурда табигый илимдер менен көбүрөөк эркек балдар алектенүүдө. Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 80%дан ашыгы гуманитардык багыттагы окуу жайларга тапшырууда. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, гимназияда гуманитардык багыттагы предметтерге басым жасалып, гимназиялык билим берүү 5-класстан башталат. Ал эми лицейде табигый предметтер күчөтүлүп окутулуп, лицейдик билим берүү 7-класстан башталат. Тескерисинче лицейдик билим берүүнү эртерээк баштоо зарылдыгы абдан жогору.

Айтмакчы, STEM билим берүүгө кыздарды тартуу, кызыктыруу, деги эле STEM билим берүүнү баары үчүн жеткиликтүү кылуу максатында Intel корпорациясы (Intel Foundation)
2020-жылы Gordon and Betty Moore Foundation жана Charles Stewart Mott Foundation фонддору менен биргеликте Million Girls Moonshot программасын ишке киргизди. Уюм гранттарды каржылоо, STEM билим берүүнү жана коомчулукту колдоо аркылуу бир миллион кызга ар тараптуу жардам берүүнү көздөөдө. (https://www.intel.ru/content/www/ru/ru/education/k12/teachers/stem-education.html).

Кыргызстандагы STEM билим берүүнүн абалы

STEM билим берүү боюнча бирдиктүү көз караш, бирдиктүү модель болбогондуктан, учурда Кыргызстанда аны ар ким ар башкача түшүнүүдө. STEM билим берүүгө кирген окуу предметтерине сааттарды көбөйтүп коюу эле жетиштүү болуп, STEM билим берүү ишке ашып калат дегендер да бар.

Ошол эле учурда STEM билим берүүнү жакшылап терең түшүнүп, аны бала бакчадан баштап илгерилетүүгө өз алдынча салым кошуп жаткандар да бир топ (“Как в условиях детсада реализовать STEM образование?”, “Кут Билим”, 30.07.2021). Бул багытта “Р.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду, Борбор Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи, Борбор Азиядагы университет, Lingva билим берүү борбору ж.б. эл аралык уюмдардын жардамы менен колунан келишинче аракеттерин жасашууда.

Жаңы долбоор жана келечек пландар тууралуу

UNICEF уюмунун каржылык колдоосу менен “Р.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду, Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Инновациялык колледжи биргелешип STEM билим берүү багытында “Кыздар илимде” аттуу жаңы долбоорду башташты. Натыйжада беш багытта (математика, физика, химия, биология, информатика) окуу модулдары иштелип чыгып, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринде апробациядан өткөн. Жаңы модулдардын негизги өзгөчөлүктөрү катары жогоруда белгилегендей STEM билим берүүнүн артыкчылыктарын окуу процессине киргизүү менен катар, гендердик теңдикке, креативдүү ой жүгүртүгө басым жасоону көрсөтүүгө болот. Жаңы долбоор жана анын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу 2021-жылдын 19-майында Бишкек шаарында өткөн республикалык тегерек столдо кеңири сөз болду. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Р.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдун фондунун түзүүчүсү Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүнүн орун басары Юлия Олейник, ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси, Британиядагы кыргызстандык белгилүү окумуштуу Асель Сартбаева (онлайн режимде), Кыргыз Республикасыны Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова жана STEM билим берүүгө кызыккан адистер катышып, STEM билим берүү багытынын келечегине байланышкан пикирлер кеңири талкууланды.

Бул долбоорго Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (Республикалык институт) да катышып, БААУнун Инновациялык колледжинин модулдарды иштеп чыккан окутуучулары Республикалык институттун бул багыттагы окутуучулары үчүн 2021-жылдын 24-26-июнунда үч күндүк тренинг өтүштү.

Республикалык институттун жана БААУнун Инновациялык колледжинин окутуучулары биргелешип жаңы модулдардын мазмунун, түзүмүн, аны педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстарына кантип киргизүү маселесин кеңири талкуулап, жаңы модулдагы материалдарды курстардын модулдарына сиңирүү, жуурулуштуруу иши учурда аяктап калды. Алар расмий бекитилгенден кийин сентябрь айынын башында республикалык конференция жана облустук билим берүү институттарынын /усулдук борборлордун аталган окуу предметтерди тейлеген адистери үчүн эки күндүк тренинг өткөрүү пландалууда. Тренингди Республикалык институттун жана БААУнун Инновациялык колледжинин окутуучулары биргелешип өткөрмөкчү. Тренингден өткөн облустук билим берүү институттарынын /усулдук борборлордун окутуучулары ал модулдарды андан ары колдонууну колго алышмакчы.

STEM билим берүүнү, жалпы эле билим берүү жаатындагы технологияларды илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде атайын Координациялык кеңеш түзүү максатында учурда иш жигердүү жүрүүдө.

Алмазбек Токтомаметов,
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институттун директору

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер