СССР масштабындагы лидер

  • 24.05.2024
  • 0

СССР масштабындагы лидерЧыгаан дипломат, СССРдин Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, мамлекеттик жана коомдук ишмер Кеңеш Кулматов 90 жашка толду. 

 

Сухарто, Суслов жана| тагдырдагы бурулуш

СССР доорунда башка социалисттик өлкөлөргө делегацияны адатта орус улутундагы идеолог, же он беш союздук республиканын идеология боюнча катчысы жетектей турган. Барганда СССРдин жетишкендиктери, мамлекеттик түзүлүш, съезддин чечимдеринин ишке ашырылышы тууралуу баяндама жасап, суроолорго жооп берип, ошол өлкөнүн компартиясы менен алака-катыш түзүп, келишимдерге кол коюу адаты бар болчу.

Жаш коммунист К.Кулматов Кыргыз ССРинин 3-катчысы болуп келгени 1980-жылдан кийин Польшага (2 ирет), Югославия, Конго, Чехословакия жана Лаоста болуп, дээрлик баарысында тең мыкты баяндама жасады. Андан калса ошо жылдары илим менен алек болуп, бирин-экин монографиянын автору да болуп калган эле (“Идеологиялык иштердин натыйжалуулугун жана сапатын көтөрүү боюнча Кыргыз ССРинин партуюмдарынын ишмердүүлүгү (Ф.1981); Улуттун тил өнүгүүсүнүн кубаттуу фактору (Ф. 1982).

Социалисттик багыт алган өлкөлөрдөгү кыргызстандык коммунист К.Кулматовдун баяндамалары, суроого жооптору, өзүн алып жүрүүсү Борбордук комитет, тышкы иштер министрлиги, коопсуздук комитети (аларсыз ал кезде чет өлкөгө чыгуу мүмкүн эмес эле) тарабынан кызуу таасир калтырган өңдөнөт.

Кийинки коммунисттик иш сапар жылына экономикасы 6-7% күрдөөлдүү өнүгүп аткан, калкынын саны 230 миллиондон ашкан, ири Индонезия өлкөсүнө болуп, СССРдин деллегациясын Кеңеш Нурматович Кулматов жетектеп бармай болду. Ошондогу биринчи секретарь Т.Усубалиевден, Кремлдин баш төбөлдөрүнөн тийиштүү көрсөтмөлөрдү алды. Толкунданды. Абдан дыкат даярданды. Ар бир кездешүүдө өзү ачып сүйлөп, СССРдин тышкы саясаты тууралуу маалымат берип, ар кандай суроолорго жооп берип жатты. Иш-чаралар көп. Миссия жооптуу. Ошондо дүйнөнү титиретип турган СССР державасын башка бир өлкөгө уят кылбайын деген гана аракет.

Индонезиянын мамлекет башчысы М.Сухарто менен кезигип баарлашып, экөөнүн жылдызы келишти көрүнөт. Сухарто өзү генсекретарь Л.И.Брежневге телефон чалып “Жолдош коммунист К.Кулматовдун лекциялары биздин элге жагып атат, мүмкүн болсо иш сапарын дагы он беш күнгө узартып бериңиз” деп суранат.

СССР тарыхында мындай окуялар сейрек болоор эле. Л.И.Брежнев дароо макул болот. Ал тууралуу 3-катчы М.Сусловго айтат. М.Суслов болсо Кремлдин аппараттык жыйынында К.Кулматовду үлгү катары көрсөтүп, эми республикалык жогорку жетекчиликке кадрдык резервге алганын жарыя кылат. Бул чогулушта жалпы бөлүмдүн башчысы, студент кезден берки таанышы Т.Усубалиев менен Кремлде бирге иштешкен К.К.Черненко да катышып отурган эле. Бул кабар Фрунзеге чагылгандай тез жетет.

Иш сапар бүткөндө Индонезиянын президенти Мухаммед Сухарто II даражадагы мамлекеттик орден менен кыргызстандык жаш коммунист Кеңеш Нурматовичти сыйлайт. Көкүрөгү жаркырап, ордени көркүн ачып Кремлдин 2-кабатында келатса алдынан К.Черненко чыгып, “Что за орден?” деп кызыгып сурайт. Болгонун болгондой айтат.

“Кыргыз ССРинин болочок биринчи секретары Кремлдин 2-кабатында көкүрөгүнө орденин тагып, Сусловго баарлашууга кирип баратат” деген айың кеп Т.Усубалиевдин өзүнө ошол эле саатта түз жетет. Дал ошол күндөрү Токмоктогу эт комбинатындагы “Бостоновдордун чуулгандуу  иши” уланып жаткан. Бостоновдун архивинен Гаграда эс алып жүргөн кыргызстандыктар менен түшкөн сүрөттө К.Кулматов да бар эле. “Оп бали, таппасаң сыйпалап кал” деп ал маалымат өйдөгө тез жетет. К.Кулматов Москвадан Фрунзеге келсе Борбордук комитет ушак-айың, будуң чаң болуп калат. Эң токтоо, сабырдуу Т.Усубалиев да жай кепке келбей калган кези экен. “Көрсө Бостоновду үстү жактан К.Кулматов колдоп жүрүптүр” деген жалаа жабышат. Түпкүлүгүндө К.Кулматов эзели Т.Бостонов менен сүйлөшүп да көргөн эмес. Гаграда Кыргызстандан келгендер менен чогулуп сүрөткө түшкөнү эле болбосо. Бирок, аны кимге далилдей аласың. К.Кулматовдун үстүнөн кара булут айланды.

Алгачкы ийгиликтер

…Зор келечек күтүп жаткан эле. Дагы далай ашуулар алдыда эле. Билимге зирек, ишке тың, коммунисттик идеаларга берилген, сөзгө чечен, адамга күйүмдүү К.Кулматов чын эле эл оозуна алынып келаткан. Атасы Нурмат 1942-жылы Ленинграддагы согушта курман болуп, апасы Кулматова Сакан, карындашы Шалиман менен 8 жашында атасыз калып, бир үй-бүлөдө жалгыз эркек болуп түйшүк тартты. Атасы Жаналы уулу Кулматтан күжүрмөндүгүн тартса, чоң апасы Муратбек кызы Бурмакеден дөөлөт маңдай тер агызган мээнет менен гана келерин үйрөндү. Билимин казык, ак эмгегин азык кылып өз күчү менен гана бийиктикке көтөрүлүп келаткан жаш кадрга не болот? КМУну бүтүп комсомолдо иштеп, тез таанылып, Чүйдө райкомсомолдун 1-катчысы, Ош шаардык комсомолдун 1-катчысы, 60-65-жылдары болсо Кыргызстан ВЛКСМдын 1-катчысы кызматында оозго алынып, көзгө көрүндү.

СССР масштабындагы лидер

“Бир шиңгил окуя”

Аны жөнү мындай Бүткүл союздук лениндик жаштар союзунун XIV съезди Москвада жүрүп аткан. Кыргыз ССРинен К.Кулматов делегат болуп катышып жатып, съезддин акыркы күнү резолюциянын долбоору талкууланып жатканда 28 жаштагы кыргызстандык жаш лидер “Токтогул ГЭСин – бүткүл союздук күрдөөлдүү комсомолдук курулуш” деп жарыялоону сунуш кылат. Бир канча мүнөттөн кийин Борбордук комитетке чакырып, неге мурда эч ким менен макулдашпай туруп күн тартибине киргизилбегендигин сурашат. Так, даана жооп берип, бул долбоор бүт Орто Азия республикалары үчүн ири долбоор экенин ишендирет. Ошол эле күнү Н.С. Хрущевго алып киришет. Ошол кездеги генералдык секретарь и СССРдин Министрлер советинин төрагасы кыргызстандык комсомол жетекчисин иштиктүү жана прогрессивдүү сунушу үчүн алкыш айтып, “Токтогул ГЭСинин курулушу – жалпы союздук күрдөлдүү курулуш деп жарыялоо” токтомго кирет.

 

 

Фрунзе шааркомун жетектеп, ордо шаарда  көпчүлүк ишенимине ээ болуп, үчүнчү катчы кызматында болсо улуттук кадрлар, улуттук интеллигенция менен тыгыз иштешип, кеңири чөйрөнүн сый урматына ээ болуп бараткан. К.Кулматов үчүнчү секретарь болуп турганда К.Каракеев илимдер академиясын жетектеп, экөө эриш-аркак иштешип, кыргыз илимпоздорду  күрдөөлдүү өркүндөөгө жетишет. Айдан жерге топурак алып келген аппаратты ойлоп табууга, уран боюнча илимий ачылыштар, сейрек металлдардын геологиялык картасын түзүү боюнча ачылыштар, Алтымышевдин атактуу бальзамы, Фрунзедеги “космостук иликтөө борборун” түзүү сыяктуу жетишкендиктер болгон. Айтмакчы академик К.Каракеев Кеңеш Нурматовичтин илимий жетекчиси да болгон. Маданиятта К.Молдобасанов, С.Чокморов, Т.Садыков, Т.Океев, Б.Шамшиев, Б.Миңжылкиев, А.Токомбаев, Т.Касымбеков, К.Сартбаева, ж.б. жылдызы жанган доор да ошол жылдарга туш келет. Маданият министри К.Кондучалова менен бир максатта илгиртпей иштешет.

Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романын окуп чыгып, ачыктан ачык Сталиндик сыйлыкка татыктуу деп колдоп чыккан, кийин “Көк Асаба” романын окуп чыгып, андагы байыркы тарых менен, эзелки сөздөргө суктанганын  жашырбай айтат. Түкөбүздү куттуктап, дем, кайрат берет. Роман али кол жазма кезинде окуп чыгат. Бирок, тилекке каршы китеп болуп чыгышына али эрте эле. Ошондогу бийликтин мүнөзүнө анча жага бербеген, элдик нукура таланттар төкмө акын А.Айталиев, сатирик акын Б.Сарногоевге үй алып берип, ур-токмокко алынып жаткан “Мезгил” романын автору, жазуучу Казат Акматовго чечкиндүү колдоо  көрсөткөндүгү маданий чөйрөсүндө кеңири билинип калган. Анын айрыкча лидерлик касиеттерин Москва дагы угуп, билип калган.

Ошол доордо кылымдын дөө-шаалары болгон И.Раззаков, Т.Кулатов, А.Сүйүнбаев, К.Каракеев, С.Ибраимов менен иштешип, алардын көбүн өзүмдүн устатым деп айтып келет.

“Бир шиңгил окуя”

Кечээ эле “Эмгек баатыры” болгон эл сүйгөн ырчы Элмирбек Иманалиев минтип эскерип атат, Назира Айтбекова менен болгон маегинде “Тууганбай Абдиев  борбор шаардын биринчи катчысы К.Кулматов ошол кезде алты баласы бар Т.Абдиевге беш бөлмө үй берип жатып, бетме-бет көрүшүп, бир суроо берет. Төкмө өнөрү сейрек өнөр. Мына ошону улантып кетчү ким бар? Алты балаңыз бар экен, ичинен ким уланта алат? Деп кабыргасынан суроо салат. Тууганбай Абдиев “Осмонкул, Калык деген залкарлар төрөтө албаган бала менин колуман келбейт экен дедим” дейт. Ал киши күлдү дейт. Анан “Балаңыздан чыкпаса элдин ичинен издеп чыкпайсыңарбы, мына мен көргөндөн төрт акын жүрөсүңөр, эл ичинен чыгат, бул өнөр өлбөш керек, өчпөш керек дейт. Тууганбай Абдиев айылдагы иниси Койчубайга айтат, айылда шыгы бар балдар барбы дейт. Ноорузда эл астында ырдап чыкканында Койчубай көрүп калып Т.Абдиевге айтат.

Эшмамбеттин небереси экен дейт. Ошондо Т.Абдиев кандай ырдайт экен деп сураса, ал киши силердей эле ырдап атат деп жооп берет. Кокуй анда мен өзүм барам деп, Кетмен-Төбөгө келип, угуп, таанышым, жактырып Бишкекке алып келет.

…Жакшы ниет менен себилген үрөн эртеби, кечпи өнүп чыгып, жемишин элге берет эмеспи.

Ошентип акыркы доордун залкары, эл сүйгөн Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөрүнүн өркүндөп кетиштне кезинде Тууганбай Абдиев жөлөк болсо, анын антип эл ичинен жаш талант издегенине К.Кулматов себеп болуп калган экен.

 Дипломатия майданында

СССР масштабындагы лидер

…Ошондой уйку качып тынчсызданган 1983-жылдын жайкы таңында Москвадан телефон шыңгырады. Эртең эртең менен СССР БКнын бөлүм башчысы С.Червоненко кабыл алмак болду. Баарлашуу узак, мазмундуу болуп, анын тажрыйбасын дипломатия чөйрөсүндө колдонуу керек экендигин “Өкмөт менен партия” чечкиндигин айтышты. “Дипломатиялык тажрыйбам жок эле” дегенде, “Биз сиздин чет өлкөдө делегация жетектеп, мыкты колдоого ээ болгондугуңду билебиз” дешти. Идеологиялык иштен дипломатиялык миссияга бурулуш жасап, 1985-жылы СССРдин элчиси деген указ даярдалып жатканда М.С.Горбачев улуу державанын жетекчиси болуп калды. М.Горбачев болсо ММУнун юрфагында К.Кулматовдун өмүрлүк жубайы Сакен Кыдыралиева менен бир группада окуган эле.

…1985-жылы СССРдин тарыхында тунгуч ирет улуту кыргыз жигит СССРдин Шри-Ланка жана Мальдив өлкөсүндөгү элчиси болуп дайындалып, ошол эле күнү Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси деген наам ыйгарылды. Адатта бул наам элчи болуп бир канча жыл эмгектен дипломаттарга ыйгарылат. Сыягы К.Кулматовдун дээрлик он жыл бою республикада үчүнчү катчы болгон эмгек тажрыйбасы эске алынган шекилдүү. Кийин гана СССРдин И.Абдразаков Саппородо генконсулу (1990). Н.Кемелбаев болсо Нигерияда генкосул (1990) болуп эмгектеништи.

Дипломатия бул камырдан кыл сууругандай чеберликти, ар бир сөзүңдү он ирет ойлонуп, салмактап, анан “жети өлчөп бир кескендей” этияттап, таразадай тактыкты, көзгө же мээге микрохирургиялык татаал операция жасагандай көрөгөчтүктү, барган өлкөнүн майда-чүйдө салт-санаасына чейин билүүнү талап кылган өзгөчө кесип. Артыңда дүйнөнү титерип турган эки өлкөнүн бири – СССР деген үлкөн держава турат. Ката кетирсең кечирилбейт. Ар бир кадамыңды “центр” менен макулдашып туруп гана иштөөгө туура келет. Эл билги, тил билги, сыр билгиликти талап кылат. Шри-Ланка 20 миллион чукул калкы бар, буддизм, индуизм, християнчылык жана ислам дининдеги, Инди оеканындагы аралдагы социалисттик өлкө. Ат чаап, улак тартып, кымыз ичип чоңойгон кыргыз баласы үчүн жалаң маймылдар, кабылан, пилдер, павлиндер, жапайы токойлору жана цейлон чайы менен атагы чыккан өлкөгө элчи болуу оңойго турбады. 1988-90  эми Непал өлкөсүндө элчи болуп, кийин болсо (1992-1997-жылдары) беш жыл бою Танзания өлкөсүндөгү элчи болду. Кения, Уганда, Мозамбик, Замбия, Конго жана Руанда сыяктуу Африка өлкөлөрү менен чектешкен, Занзибар аралдары кирген түбөлүк жай мезгили өкүм сүргөн миң сырдуу, жаратылыш парктары менен таанылган, ЮНЕСКОдо катталган кооз жаратылыш менен миң түркүн жапайы жан жаныбарлар өлкөсү. 50 миллионго чукул калкы бар. Негизинен дипломатиялык иш сапары жемиштүү болду. Совет Өкмөтү кийин Россия Өкмөтү тарабанынан мамлекеттик, өкмөттүк сыйлыктарга татыды.

1-секретарлыктан баш тартуу

…1990-жылдын жай айы эле. Кыргызстанда Ош окуясы башталып, улут аралык жаңжал күчөп, бир канча адамдар курман болуп кеткенин угуп Кеңеш Нурматович жүрөгү опкоолжуп, кыжаалат болуп,уктай албай чыкты. Непал – тоолуу өлкө. Бирок, кыргыздын тоолоруна кайдан жетсин. Өзү Непалда, бирок көзү, ою, жүрөгү – Кыргызстанда. Күтүүсүздөн СССРдин тышкы иштер министрлиги, Кеңеш Нурматовичке өтө сый мамиледеги Э. Шевернадзе капыстан телефон чалып, тезинен Москвага учуп келүүсүн өтүндү.

Тышкы иштер министри жайма жай кабыл алып, Кыргыз ССРинде абал тынч эмес экенин айтып, ушул маселе боюнча СССРдин коопсуздук комитетинин төрагасы В.Крючковдун өтүнүчү менен чакырганын, ал күтүп жатканын айтты. В.Крючков менен баарлашуу узакка созулду. Ал-жайды сурашкан соң атайын кызматтын башчысы Кыргыз ССРиндеги чукул жагдайды түшүндүрүп, аягы барып республиканын жетекчилиги абалды көзөмөлдөн чыгарып баратканын кыйытты. Эгерде абал тынчыбаса жетекчиликти алмаштыруу маселесин айтып,, “Сиздин тажрыйбаны эске алып, республиканы жетектеп берүүнү өтүнөбүз” деп күтүүсүз собол салат. Жүрөгүндө өз элине кайтып келүүнү эңсеп турса да, бул күтүлбөгөн сунушка даяр эмес экендигин, ойлонуп көрүп жооп берейин дейт.

“Бир шиңгил окуя”

Таанымал инсан, Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Р.Качкеев таланттуу журналист Б.Сутенова менен болгон маегинде минтип эскерет, “Мен өмүрүмдө бир инсанга өтө ыраазымын. Ал киши К.Кулматов, мен жаш кезимде ТЭЦге иштеп жүргөнүмдө Свердлов райондун 1-секретары экен. Жалаң орустар иштейт. Мени көрүп, жетекчиликтен сурайт. Бул ким деп. Күндүзү кара жумушта иштейт, кечкисин сырттан окуйт деп ТЭЦтин жетекчиси жооп берет. Өндүрүрүштө мындай жаш кадрларды колдообуз керек, КПССке мүчөлүккө алгыла дейт.

Ошентип катардагы жумуштан кадимки коммунист Р.Качкеевге айланып, андан кийинки өмүр жолу комсомолдук, партиялык, кийин мамлекеттик иштер менен айкалышып өнүгүп-өсөт. Катардагы жумуштан ЦКнын жоопутуу кызматтарына чейин К.Кулматов мага устат болуп жүрдү дейт. Бул бир гана адамга кылган жакшылыгы, бул сыяктуу не деген көп инсандарга жардамы тийет.

 

В.Крючков “Саясий кырдаал күн сайын эмес, саат сайын курчуп баратат, жообун бүгүн бериңиз” деп шаштырат. Экөө эки саатта 3-4 ирээт кофе ичти. Кабинеттеги сааттын дабышы менен жүрөктүн кагышы бирдей согуп жаткандай туюлду.

Көзүнө кыргыз тоолору, …көгүлтүр Ысык-Көл, өзү иштеп кеткен жашыл бактуу Фрунзе шаары, эли эмгекчил, меймандос Ош шаары элестейт, Ошто комсомолду жетектеп 2 жыл иштеген эле, мына ошол комсомолдо иштеп жүргөндө Ю.Гагариндин жубайы менен кызын коштоп жүрүп, эли дайым күлүп жайнап тосуп алган, кыргыз эли менен өзбектин достугунун символу болгон ордолуу Ошто адам каны төгүлүп жатканы көзүнө элестейт. Мындай болбошу керек эле, эмнеге болуп кетти деп миң түйшөлөт.

…Дүйнөнүн көп жерин аралап көрдү. Бири да касиеттүү кыргыз жергесине кетпейт. Деги эле кыргыз жергеси кан төгүлүп, уруш болчу жер эмес деп кайра-кайра ой түйшөлтөт.

Эки жакка телефон шыңыратып, жети өлчөп, бир кесип, кабыргасы менен кеңешип али Непалда тынч уйкуда жаткан үй-бүлөсүнө кеңешип көрүүнү эп көрөт.

Крючковго “Партия менен Өкмөт ишенген кызматты аркалап, дипломатиялык миссияны уланта берүүнү эп көргөнүн” айтат. Ошондо А.Крючков “Өкүнүчтүү, сиздин талапкерликти Михаил Сергеевич өзү колдоп жаткан эле” деп айтат.

…Балким, ошол учурда Кеңеш Нурматович республиканын жетекчилигине кайтып келгенде  кийинки эгемен өлкөбүздүн да, К.Кулматовдун тагдыры да башка жол менен кетер беле, ким билет! Болгону тарых агымы кайра кайрылып келбейт эмеспи.

…1991-1992-жылдары болсо ал киши СССР тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи кызматын аркалады.

Бир күнү, сыягы 1997-жылдын соңунда болсо керек, Кыргызстандан андагы мамлекет башчысы А.Акаев өзү телефон чалып, өлкөдө кадр маселеси аксап жаткандыгын айтып, тышкы иштер министр болуу менен бирге вице-премьер министр болуп иштөөнү сунуш кылат. Макул болот. Ошондогу Россиянын тышкы иштер министри Е.М.Примаковго кирип, өз өлкөсүнө кетип жатканын айтат. Тажрыйбалуу дипломат жана чебер саясатчы Е.М.Примаков “Сиздей тажрыйбалуу дипломат бизге да керек. Сиз Кыргызстанга бул жерден туруп жардам бериңиз” дейт. “Жок, болбойт, мен Президент А.Акаевге убада берип койгом” десе, “Анда мен А.Акаевичке өзүм чалып, суранайын” деп, ошол жерден эле телефон чалып, көндүрөт.

…Көрсө тагдыр жолу кээде адам өзү каалай бергендей боло бербейт шекилдүү.

 

СССР масштабындагы лидер

Дипакадемияда

Кыргыз дипломатиясынын тарыхы тереңге кетет. Ошол себептен “Элчи менен ырчыга өлүм жок” деген макал калса керек. Элчиге зор урмат менен мамиле кылып, башка өлкөнүн элчисин падышадан кем эмес ардактап келишкен. Улуу “Манас” эпосунда болсо сөз билги, чечен Ажыбай элчи минтип сүрөттөлөт. “Аргын кан уулу Ажыбай, алтымыш түрдүү тил билет”.

Барсбек кагандын тушунда бир тууган иниси Ынанчу Алп Сангун, түргөштөргө элчи болгон, Чабыш Тон Таркан аттуу элчилери болгон. Улуу Кыргыз каганаты доорунда Эрен Улук, Тапказ Сангун, Дулуй Төөлөс Алп, Топек Алп Солу, Тутук Инанчи, Дадас Ынангор сыяктуу элчилер өткөн.

…648-жылы эле кыргыз ажосу Элтебер Ишбара Таң бийлигинин ордосу Чаң-Ан шаарына келип, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер жөнүндө кеп болуп, өз элчиси Фань Цянди кыргыздарга жиберген экен.

Мындан миң жыл илгери эле улуу ойчул Жусуп Баласагын элчи кандай болуш керек дегенде минтип жазат:

Амалкөй эптүү болсун элчи, чечен,

Пайдасын шыктык көрүп далай, нечен.

Бөлөктүн сөзүн төлдөп терең кирсин,

Кандай сыр жаткандыгын ачсын, билсин

Кызматка дайындалган сенин элчиң

Аркалап энчи кылсын өнөр кенчиң.

…Мына XI кылымда эле кыргызда элчилик институту болгон.

Кеңеш Кулматов дипломатиялык кызматты аркалап жүрүп, СССР тышкы иштер министри адегенде А.Громыко кабыл алып, кийин Э.А.Шеварнадзе менен эриш-аркак пикирлеш мамиледе болуп, кийин болсо Россия Федерациясынын тышкы иштер министрлери Е.М.Примаков, И.С.Иванов, С.В.Лавров менен ийиндеш иштешип сый, жакын мамиледе болду. Айтмакчы, К.Кулматов Шри-Ланкада элчи кезинде азыркы министр С.В.Лавров анда кеңешчи эле. Азыр да өтө сый урмат мамиледе. Ар кандай майрам, мааракелерде куттуктоосун жиберип турат. Атактуу дипломат, Америкада 24 жыл СССРдин элчиси болгон А.Ф.Добрынин өтө урматтайт, Кулматовдун китеп текчесинде ал кишинин даңазалуу, бүт дипломаттар сүйүп окуган “Сугубо доверитиельно” деген китеби дайым татыктуу орунда турат.

Эгерде МГИМО негизинен болочок дипломат кадрларды даярдаса, Дипломатиялык Академия болсо дээрлик мурда элчилик, консулдук же ар кандай дипломатиялык кызматтарга билим берип, эс алууга чыккан чебер дипломаттар сабак берет. Аналитикалык иштер менен алек болушат. Кеңеш Нурматович ошол окуу жайдын “Эл аралык актуалдуу проблемалар” институтунда директордун биринчи орун басары болуп эмгектенип келди. Тарых илимдеринин доктору, профессор. Кеңеш Кулматовдун 2006-жылы Россия Федерациясында жарык көргөн “ Мир в начале XXI века” деген китеби Россиянын жогорку окуу жайларында “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча кошумча христоматия катары окулуп келет. Ал эми Москвада 2010-жылы А.В.Митрофанов менен бирдикте жазган “Региональные аспекты международных отношений” деген окуу китеби жогорку окуу жайлардын “Регион таануу”, “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча Россиянын окуу жайларында окутулат.

“Бир шиңгил окуя”

Адамзатынын эң сүйүктүү инсаны Ю.Гагарин өзгөчө жылдыздуу инсан эмес беле. Ал кокусунан кайтыш болгон соң Кремль анын өмурлүк жарын жана кызын он беш союздук республиканы кыдыртып чыкмакчы болушат. Сыягы кайгы, капа, стресстен арылталы дешсе керек.

Кыргызстанга болгон иш сапары К.Кулматовго  жүктөлөт. Адегенде Фрунзе шаары, анан Ысык-Көлдө бир жума эс алышып, андан ары Ош шаарында уланат.

Ошко барганда комсомолдун 2-секретары, али бойдок орус жигит тосуп алып, Гагариндин кызы экөөнүн жылдызы келише түшөт. Кетээринде Ю.Гагариндин жалгыз сүйүктүү кызы ал жигитти жактырып калат. Бул кабар Фрунзеден, анан Москвага жетет. Эмне кылуу керек. Гагариндин кызы сүйүп калган (анда 10-класста гана окучу) жигитти тезинен Москвага жогорку кызматка которушат.

…Ал доордо адамзаттын Ю.Гагаринге сыйы укмуш эмес беле.

 

Бишкектеги тунгуч Дипломатиялык Академияны түптөөдө да алгачкы ректор Н.Кемелбаев экөө бирдикте үзүрлүү салып кошкону маалым. КРСУ жана Дипломатиялык академияны ардактуу профессору, эки жолу  “Эмгек кызыл туу”, “Ардак белгиси” жана “Элдердин достугу”, ошондой эле Эгемен Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Бир оканча жыл Россия Федерациясынын президентинин алдындагы маданият боюнча кеңеште мүчө болуп эмгектенди. 17 кандидаттык жана 4 доктордук диссертацияга жетекчи болду.

“Бир шиңгил окуя”

…2010-жыл. Июнь айы. Ош окуясы. Күнү-түнү уйкусу качты. Колу жетип, үнүн уккандарга окуя эң начар сценарий менен баратканын Тышкы иштер министрлиги, Кремлге чейин айтты. Ал кишини ошондогу Президенттин кеңешчилеринен (Москваны айтып жатам) абдан сыйлай турган. Бир жыл мурун эле Президент Д.А.Медведевдин кабыл алуусунда болгон. Балким, Оштогу өртүү окуянын өз убагында өчүп калганына К.Н.Кулматовдун да салымы болгондур. Тарыхтын ал күндөрүн ачык айтуу азырынча эртелик кылар.

2010-жылы мен дагы Россиядагы Дипломатиялык академиядан докторлук диссертациямды коргоо үчүн барып, андагы ректор Ю.Е.Фокинге жолугуп калдым. Ошондо ал ректор мындай деди: “Сиздер Кеңеш Нурматович Россияда иштейт деп ойлойсуздар. Бирок, ал Россияда туруп алып өз өлкөсү үчүн өзгөчө иштейт. Анын бир далили жалпы Орто Азиядан 12 аспирант, студент окуса, жалгыз Кыргызстандан андан эки эсе көп жаштар билим алат” деп суктануу менен айтты. Андан чыгып агай менен узакка маектештик. Дал ошондо Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 90 жылдык маарекеси өтүп жаткан эле. Ал кишинин опол тоодой эмгеги жөнүндө калыс сөзүн айтты. Ичинде буудайдын бүдүрүндөй болгон дагы таарынычы жок экенин баамдадым. Айкөл инсандарга гана ушундай мүнөз таандык эмеспи.

Кеңеш Нурматович менен ийиндеш иштешип, үзөңгүлөш жүрүп калган улуу инсандар А.Жумагулов, М.Шеримкулов, Т.Ишемкулов жана көркөм өнөрдүн залкарлары Т.Садыков, К.Сартбаева, С.Токтакунова менен бул инсан тууралуу сүйлөшүп калганыбызда анын өзгөчө адамгерчилигин, маданияттулугун, билим-илимге карк экенин, киши жылдыздуулугун, калыстыгын, уюштургуч талантын баса белгилешти.

Бир гана жагдай, мындан 40 жыл илгери К.Кулматов келкели келип, кемелине толуп турган кезде дипломатиялык ишке кетпей, балким Кыргызстандын өзүндө жетекчи болуп калганда өзүнүн да, өлкөнүн да тагдыры балким башкача болмок беле? Бирок, окулган китептин барагын айрып салса болот, өткөн өмүрдүн бир да күнүн кайра алмаштыруу мүмкүн эмес.

“Мен тышта жүрсөм да өз мекеним жүрөгүмдө ар дайым жүрдү”, — дейт Кеңеш агай, биз менен болгон маегинде, “Колумдан келген жеринде, эч болбосо Кыргызстандан келген студенттерди, аспиранттарды окутканда өз жардамым тийгендир” дейт, мындан 14 жыл мурда баарлашып жатып.

Менин тарых, адабият темаларына кызыгарымды баамдаган чыгар, “Каныбек, мен үчүнчү секретарь кезде өзүм окуп чыккам. Ал доордо мүмкүн эмес эле. Келечекте Арстанбек ырчы менен Калыгул олуя терең иликтениши керек” деген оюн айтты. Өзүм мугалимдин баласы болгондуктан агайдын жөндүү сөзүн жерде калтырбадым. Өмүрлүк жарым Шаткүл Кулматова кандидаттык диссертациясын “Арстанбек ырчы” тууралуу коргоду. Мен болсо “Калыгул Олуяны” киносценарий кылып жазып бүттүм. Агайымдын өтүнүчүн орундаттым.

Орус тилинде “государственник” деген түшүнүк бар. Кыргызча “мамлекетке жан дили менен берилген инсан”. Кеңеш Кулматов ошондой, өз өмүрүн мамлекетсиз элестете албай турган мамлекеттик ишмер. 90 жылдык нарктуу өмүрүнүн дээрлик 70 жылы комсомол, партия, өкмөт, дипломатия, педагогика менен айкалыштырып үзүрлүү, жигердүү жашады.

Эң ириде кыргыз элинин даңктуу улуу, даражалуу жана кадырлуу инсаны. Бул маареке өлкөбүздө бийик деңгээлде татыктуу белгиленет деген үмүттөбүз.

…Бишкек шаарынан түштүктү көздөй кеткен даңгыр жолдун эки жээгинде өскөн укмуш мырза теректер бар. Шаардын көркү. Келген меймандар да суктанышат. Кулматов шаар башчысы болуп турганда көчөт болуп тигилген экен. Көккө боюн керип өскөн теректер, бактар. “Бак”, “бак таалай” деген сөз мына ошол бүрдөгөн, гүлдөгөн бактан алынган бейм. Кыргыздын эң ширин сөзү – “бак-таалай”.

Кыргыздын дагы бир залкар инсаны Кеңеш Кулматов бак таалайлуу, нарктуу 90 жаш өмүр сүрдү. Болгону, азы билсе да көбү биле бербеген сиздин калк билги, 40 жылга тете алыс жерде жүрсөңүз да салт билги жана адамгерчилиги менен даанышмандыгы терең нарк билги инсан экениңизди кыргыз окурмандарына айтып берейин дегем.

Бак таалайыңыз кут болсун, Кеңеш агай.

 

К.Иманалиев,

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, коомдук ишмер, саясат таануу илимдеринин доктору

Бөлүшүү

Комментарийлер