ӨСПҮРҮМДӨР КӨБҮНЧӨ ӨЗ ЖАКЫНДАРЫНАН ЖАПА ЧЕГИП КЕЛЕТ

  • 03.12.2021
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын он айында зордук-зомбулукка 400гө жакын бала кабылган. Сегиз жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр көбүнчө өз жакындарынан – өз ата-энеси, өгөй ата-энеси жана жакын туугандарынын ырайымсыз мамилесинен жабыр тартат. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынан алынган маалымат мына ушундай көңүл жубатарлык эмес.

Ата-энесинен колдоо эмес, кордоо көргөндөр

КР ИИМ Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылованын айтымында, балдарга карата туура эмес мамиле көбүнчө алардын өз ата-энелери, өгөй ата-энелер жана жакын туугандары тарабынан жасалгандыктан, түшүндүрүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чараларын балдарга жакын чөйрөдө жүргүзүү шарт.

– Кыргызстандын аймагында жашаган ар бир өспүрүм жашоого, ден соолугунун, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө укуктуу. Ар бир ата-эне өзүлөрүнүн каражатына, муктаждыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша жашы жете элек балдарын ыңгайлуу шарттар менен камсыздоого, ар тараптуу өсүшүнө кам көрүүгө жана тарбия берүүгө милдеттүү. Ал эми ата-энеси жок жаш өспүрүмдөр мамлекеттин камкордугуна алынып, мамлекет тарабынан тарбияланат жана камсыздалат. Арийне, статистикадан көрүнүп тургандай, тескерисинче, балдар өзүнүн эң жакын адамдарынан коргоо эмес, кордоо көрүп жабыркашат, тагыраак айтканда зордук-зомбулукка кабылышат. Жагымсыз болсо да цифраларга токтоло кетейин, жогоруда айтылган 400гө жакын баланын ичинен 177 эркек бала, 255 кыз бала өздөрүнүн эле жакын адамдарынын таш боор мамилесинен жапа чеккен. Ал эми бейтааныштардан 35 бала жабыркаса, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттарынын 23 баласы туура эмес мамилеге дуушар болгон. Бул расмий белгиленип, ачыкка чыккан фактылар, канчасы көмүскөдө калганы белгисиз, анткени бардыгы эле мындай фактыларды ачыкка чыгара бербейт, — дейт Нуржан айым кейиштүү.

ӨСПҮРҮМДӨР КӨБҮНЧӨ ӨЗ ЖАКЫНДАРЫНАН ЖАПА ЧЕГИП КЕЛЕТ

Жашы жете элек өспүрүмдөргө жакындары жасабаган жардамды сырттагылар, эл аралык уюмдар берип келатканы жашыруун эмес. Ошол эл аралык уюмдардын колдоосу менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери тиешелүү окуулардан өтүп, эл арасына сиңимдүү маалыматтарды даярдап, таратып келет. Ички иштер министрлиги ошондой коомдук уюмдардын бири “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” менен 2019-2021-жылдары иштелип чыккан “Аялдарга жана кыздарга карата жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча көп тармактык мамиле” программасынын алкагында пилоттук долбоорго 54 мектепти камтып, бул багытта ЖИИ кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер окуудан өткөн. Андан тышкары ушул теманы чагылдырган беш видео ролик, ар түрдүү багыттагы комикстер, буклеттер жана ЖИИ кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердүүлүгүнө багытталган методикалык жана практикалык нускамалар иштелип чыккан. Анткени маалымат канчалык жеткиликтүү жана ар тараптуу болсо, таасири да ошондой күчтүү болоору шексиз.

– Жыл башынан бери өспүрүм курактагы балдарды интеллектуалдык жагынан да, дене тарбия жагынан да коомго активдүү аралаштыруу максатын камтыган бир катар иш-чаралар аткарылды. Алсак, 23-февраль жана 8-март майрам күндөрүнө карата «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фонду менен биргеликте окуучу балдардын арасында футбол мелдеши, ал эми кыздар арасында “Кана эмесе, кыздар” конкурсу өткөрүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор, баалуу сыйлыктар жана белек катары ар бир катышуучуга футболкалар жана кепкалар тапшырылды. Ага жалпысынан 120 бала катышты.

Коомдун эң активдүү бөлүгү болуп жашы жете элек өспүрүмдөр эсептелет жана ошол эле учурда алар сырткы чөйрөнүн терс фактыларынан да көбүрөөк зыян тартат. Натыйжада эрте курактагы өспүрүмдөр бир чети өздөрү жабыркаса, экинчи жагынан кылмыштуулукка да эрте курактан аралашып жатышат, — дейт Нуржан Адылова.

Жакырчылык менен теңсиздиктин кесепети – кылмыш

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукка социалдык-экономикалык теңсиздик, ошону менен бирге реалдуу материалдык канааттандыраарлык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу, жакырчылык, ата-энелердин ажырашуусу, тагыраак айтканда, үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, туруксуз кырдаалдар жана эмгек миграциясы түрткү болууда. Адистердин пикиринде ошондой эле ата-энелеринин көзөмөлүнүн жоктугу, өзү курактуу же улуу балдар менен оюн-зоок кечелерине баруу, дайыма көчөдө өз алдынча жүрүү жаш өспүрүмдүн ар кандай кылмыштуулукка аралашып кетүүсүнө же спирт ичимдиктерин, тамеки чегүү сыяктуу жат көрүнүштөргө тартылышына алып келет.

ӨСПҮРҮМДӨР КӨБҮНЧӨ ӨЗ ЖАКЫНДАРЫНАН ЖАПА ЧЕГИП КЕЛЕТ

– Баланын өсүп өнүгүшүнө жана калыптануусуна массалык маалымдоо каражаттарынын таасири өтө чоң. Ошондуктан интернет, газета, телеберүүлөрдөгү зордук-зомбулуктардын көрсөтүлүшү балага терс таасир берет. Жеткинчек көп учурда тарбияны айлана-чөйрөдөн алат, ошол себептен жашы улуу адамдардын жүрүм-туруму да өсүп келаткан балага таасир берет. Андан тышкары, интернет айдыңындагы маалыматтарды көзөмөлсүз пайдалануунун кесепети да көп болууда. Балдарды, аларды эле эмес чоң адамдарды да интернет булактарындагы ченемсиз агылган маалыматтар терс адаттарга кандай калыптандырса, ошондой эле өлчөмдө оң өңүттөгү таасирдүү маалыматтар да кайдигер калтырбаса керек деп ойлойм. Андыктан бизге коомчулук да жакындан көмөктөш болуп, таалим-тарбиясы бар өрнөктүү окуялар камтылган маалыматтарды байма-бай таратып турушса дегим келет. Бул милдет бизге кандай жоопкерчилик артса, ата-энелерге, мугалимдерге да ошондой жоопкерчилиги күчтүү. Жоопкерчилик бар жерде милдет бар, өз милдетин так аткарган адамдар укуктук жагынан да сабаттуу болуп, өзүнө да, өңгөгө да зыяны тие турган көрүнүштөргө жол бербейт, — дейт полковник айым.

Милдет демекчи, ыйгарым укуктуу атайын тармак болгон соң, алар да өз милдеттерин так, эң негизгиси сабаттуу аткарууга аракеттенишет. Аларга жүктөлгөн милдеттердин бири “2017-2022-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программасын жүзөгө ашыруунун иш-чаралар планын” аткаруу максатында, ИИМдин кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 20-мартына чейин Ош шаарына жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында “Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу борборлорунун ролу” тууралуу лекцияларды өткөрүп келишти. ИИМ демилгеси жана “Людвиг Больцман Адам укуктары” институтунун колдоосу жана “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фонду менен биргеликте 2021-жылдын 22-мартынан 27-мартына чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ЖИИ кызматкерлерине “Зомбулуктун алдын алууда ЖИИ тескөөчүлөрү менен жаш өспүрүмдөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү” деген темада бир катар семинар-тренингдер уюштурулган. Андан тышкары, ушул жылдын 21-апрель айында КККнын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Д.П.Зубкова атындагы №1 мектеп-гимназиясынын жогорку классынын окуучуларына, мугалимдерине жана социалдык кызматкерлерине, үй-бүлөдөгү жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу, жашы жете электерди никеге тургузбоо жана башка ушул багыттагы иш-чаралар тууралуу лекциялар уюштурулду.

 

ӨСПҮРҮМДӨР КӨБҮНЧӨ ӨЗ ЖАКЫНДАРЫНАН ЖАПА ЧЕГИП КЕЛЕТ

Балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан канткенде коргой алабыз?

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталды. 10-декабрга чейин улантылган бул өнөктүк быйыл Баткенден старт алып, «Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!» деген ураан алдында өтүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 97-орунга түшкөн. Бул — Кыргызстанда аялдар, демек энелер, алардын балдары өз өмүрү, бакубат жашоосу үчүн ынанымдуу кепилдикке ээ боло албайт дегенди билдирет. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда быйылкы жети айда эле 8405 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Өткөн жылы жети айда 6060 кайгылуу окуя болуп өткөн. Бул 2020-жылдын жети айына салыштырмалуу 1179 көп.

Айыл жерлеринде зомбулукка кабылган балдарды айтпай эле коёлу, бойго жеткен кыз-келиндер өздөрү да кордолгон, ур-токмокко алган фактыларды ачыкка чыгаруудан айбыгышат. Анткени көпчүлүк учурда кыргыздын менталитети жол бербейт, натыйжада кайгылуу окуялар менен аяктаган фактыларга күбө болуудабыз. Ушунун баары энелердин укуктук жагынан сабатсыз болгондугунан жана кайдигерлигинен орун алып жатканы жашыруун эмес. Ушундай кемчиликтерди жоюу максатында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын ЖИИ кызматкерлери Бишкек шаарынын “Эсен” сейил багында Кыргызстандын юридикалык клиникалары тарабынан уюштурулган “Шериктештик ийгиликтин жүзү” аттуу укуктук акциясына катышып, анын катышуучуларына ар түрдүү багыттагы укуктук жардамдарды көрсөтүштү.

Азыркы учурда жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча иш алып баруучу тескөөчүлөр, аялдар жана балдар үчүн укук тартибин жана сот адилеттигин сактоо чөйрөсүндө базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык операциялык процедуралар иштелип чыгып, бекитилген.

Акыркы жылдары ИИМ, Эл аралык «Толеранттуулук үчүн» Фонду жана «Saferworld» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан «Кыргыз Республикасында милициянын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана калктын социалдык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоору ишке ашырылып келет.

Долбоордун негизги максаты – калктын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда ишенимдүү мамилелерди түзүү, республикалык жана жергиликтүү деңгээлде милиция менен калың катмардын социалдык өнөктөштүгүн калыптандыруу.

Долбоордун маанилүү компоненти жаштар жана аялдар менен иштөө, жаштар арасында укук бузуулардын алдын алууда инновациялык ыкмаларды өнүктүрүү.

Долбоордун алкагында “Заманбап” жаштар фестивалы жыл сайын ийгиликтүү өткөрүлүп келатат. Фестивалды өткөрүүдө жаш муундарды чыгармачылык менен алектенүүгө, маданий тарбиялоого багыттоо, алардын күчүн оң багытка бурууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул албетте жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга чоң салым кошмокчу.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер