СОВЕТ БИЙЛИГИНИН АЛГАЧКЫ ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ (1920-1930-жж.)

  • 15.04.2024
  • 0

Маданиятты көтөрүү — социалисттик курулуштун маанилүү тармагы болгон. Эксплуататордук коомдон калган маданий артта калуучулукту, сабатсыздыкты жоюу, калкты билимге жана илимге тартуу керек эле. Булардын ичинен эл агартуу биринчи орундагы милдет катары аныкталган. 1918-жылы апрелде Түркстан крайынын Эл Комиссарлар Советинде эл агартуу комиссариаты түзүлүп, жер-жерлерде элге билим берүү бөлүмдөрү иштей баштаган. Кыргызстанда коомчулуктун өкүлдөрүнөн элге билим берүү cоветтери түзүлүп, мектептерде билим берүү иштери колго алынган.

СОВЕТ БИЙЛИГИНИН АЛГАЧКЫ ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ (1920-1930-жж.)

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛ

Пишпек уездинин жумушчу, дыйкан жана мусулман Советтеринин съездинин секциясынын 1918-жылы 11 -сентябрындагы протоколунан:

«Крайлык элге билим берүү советинин № 145-буйругу «Улутуна, диний ишенимине жана жынысына карабай жалпыга милдеттүү билим берүү жөнүндө» деп аталат. Секция комиссардан бардык кыргыз болуштарына, айылдагы үй ээлерин жана алардын 7 жаштан жогорку уулдарын жана кыздарын тактоону талап кылса деген сунуш киргизет. Маалыматтарды алгандан кийин дагы канча мектеп ачыш керек экендигин аныктап, ал үчүн керек болгон акча каражатын токтоосуз түрдө сураш керек».

1918-жылы Бишкек уездинде 8 миң окуучу окуган 69 мектеп, Пржевальск уездинде 56 мектеп болгон. Бул мектептердин теңине жакыны жаңы ачылган. Ош уездиндеги 13 мектепте 36 мугалим эмгектенген.

Жалпысынан алганда революцияга чейин Кыргызстандын калкынын негизинен сабатсыз болушу, эне тилиндеги жазуунун өнүкпөй калышы, улуттук кадрлардын жоктугу, патриархалдык- феодалдык мамилелердин үстөмдүк кылышы бул крайда маданий курулуштун ийгиликтүү жүрүшүнө тоскоолдук кылган.

Совет бийлиги орногондон кийин эле Кыргызстандагы бардык маданият мекемелери мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Бишкектеги типография, бирден-бир “Эдисон” кинотеатры, шаарлардагы бардык китепканалар мамлекеттештирилген. Жаңы китепканалар, кызыл боз үйлөр, өз алдынча драм ийримдери уюштурулган.

1918-жылы 9-мартта Кыргызстандагы эң биринчи гезит -“Пишпек баракчасы» чыккан. 1918-жылдын аягында Пржевальск уездинде “Пролетариаттын үнү” аттуу экинчи уездик гезит чыга баштаган. Кыргыз элинин жаңы коомдук аң-сезиминин калыптанышында Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Барпы Алыкулов, Калык Акиев, Ысак Шайбеков ж. б. акындардын ырлары да чоң роль ойногон.

Жаңы экономикалык саясаттын жылдарында Түркстан АССРиндеги бардык мектептер жергиликтүү бюджетке өткөрүлгөн. Бирок алар мектептердин жөнөкөй муктаждыктарын да канааттандыра алган эмес. Мугалимдер эмгек акысын натуралай алышкан.

1924-25-окуу жылында Кыргызстанда биринчи баскычтагы 465 мектеп, бир нече экинчи баскычтагы мектептер жана интернаттар иштеген. Окуунун бардык түрлөрү боюнча 32 миңден ашуун бала билим алган. Бирок алардын арасында кыздар өтө эле аз санда болгон. Эне тилиндеги жазуунун жоктугуна байланыштуу кыргыз балдары казак, татар, өзбек тилдеринде окуган. Кыргыз тилинде окуу китептерин жазып чыгарууда И.Арабаев, К. Тыныстанов өзгөчө эмгек сиңиришкен. 1924-жылы И. Арабаевдин “Кыргыз алиппеси» деген эмгеги Ташкенден чыккан. Бул кыргыз тилиндеги биринчи окуу китеби эле. Ошол эле жылы дагы 12 китеп 28 миң нускада чыгарылган. Алардын ичинде К.Тыныстановдун кыргыз тилине арналган окуу китептери бар эле.

Билим берүү ишинде мугалимдердин жетишсиздиги өтө курч маселе болгон. Аларды даярдоо үчүн атайын педагогикалык курстар, ийримдер уюштурулган. Мугалимдер Ташкен, Алматы, Москва ж. б. шаарлардан даярдалган. Туркстан университетинин студенттеринин ичинде кыргыз жана казак студенттери 1921-жылы 1 процентти гана түзгөн. Алар 1924-жылы — 4, 1925-жылы — 8 пайызга араң көтөрүлгөн.

Улуттук мугалимдердин пионерлери, ез заманынын берилген агартуучулары И. Арабаев, М. Байгазаков, Ш. Сатылганов, А.Исаева, Б. Данияров, Э. Сутичеров, 3. Кыдырбаев, А. Койгелдиев ж. б. болгон. Кыргыз улуттук мектептерин уюштурууда жана алардын иштерин жакшыртууга орус педагогдору Н. Ивановский, А. Лобанов, И. Локтионов, А. Сапожников ж. б. чоң салым кошушкан. Кыргызстандагы алгачкы мугалимдердин баатырдык эмгектери Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” аттуу повестинде реалдуу чагылдырылган.

1927-28-окуу жылында 548 мектепте 42,5 миң окуучу окуган. Алардын 5044 биринчи баскычтагы, 26 жогорку баскычтагы мектептер, 13 балдар үйү болгон. 1925-жылы Оштогу алты айлык курстардын негизинде бир жылдык педагогикалык техникум уюшулган. Ушул эле жылы Бишкек менен Караколдогу тогуз жылдык мектептер айыл чарба техникумдарына айланган.

1925-жылы Бишкекте агартуу институту ачылган. 1925-26-окуу жылында Бишкекте, Караколдо, Жалал-Абадда аялдардын кесиптик-техникалык мектептери ачылат. Мындан тышкары советтик- партиялык мектептер ачылып, анда келечектеги жетекчи адистер даярдала баштаган.

1929-жылы Кыргызстандын атайын орто окуу жайларын жүздөн ашуун адистер бүтүрүп чыккан. Ушул жылы Кыргыз педагогикалык техникумун 21, кийинки жылы 47 адис бүтүргөн. Алардын арасында кийин элге белгилүү болгон А. Малдыбаев, Г. Айтиев, К. Жантөшев, М. Элебаев, У. Абдукаимов, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев, А. Осмонов, М. Алыбаев ж. б. болгон.

Кийинки жылдары Кыргызстандын кесиптик окуу жайлары өнүгүү жолуна түшүп, анда миңдеген адистер даярдала баштаган. Мугалимдердин жана адистердин көбөйүшү калктын сабатсыздыгын жоюу ишин жакшырткан. Сабатсыздыкты жоюу иши 1920-жылдары эле башталган. Ушул максатта Кыргызстанда сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын комиссия жана “Сабатсыздык жоюлсун” аттуу ыктыярдуу коом түзүлгөн. Алгачкы жылдары окууга коммунисттер, комсомолдор, профсоюз кызматкерлери тартылган.

Кыргыз автономиялуу областынын биринчи бюджетинде эл агартууга бардык чыгымдардын 31,5 проценти бөлүнгөн. Соода жана кооперациялык уюмдардын бардыгында сабатсыздыкты жоюу боюнча фондулар түзүлгөн. Профсоюздар, “Кошчу” союзу сабатсыздыкты жоюу боюнча мектептерин ачышкан. Эл агартуу тармагына жетишсиз болгон мугалимдерди, адистерди даярдоо ишине чоң көңүл бурулган.

Областта сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын комиссия иштей баштаган. Дыйкандардын сабатсыздыгын жоюуга өзгөчө көңүл бурулган. 1925-жылы биринчи жарымында эле 156 сабатсыздыкты жоюу мектеби ачылып, алардын 134 айыл-кыштактарда иштеген. Бул мектептерден 8 миң адам сабатсыздыгын жойгон. 1925-1926-окуу жылында мындай мектептердин саны 246га жеткен. Мындан тышкары сабатсыздыкты жекече жоюу ыкмасы да кеңири пайдаланылган. 1926-жылы СССРдин калкынын сабаттуулугу 51,1 процентке жеткен. Ал эми бул көрсөткүч Кыргызстанда 15,1 процентти түзгөн.

1928-29-окуу жылында ликбездерде (сабатсыздыкты жоюучу мектептер) окуу латын алфавитинде жүргүзүлгөн. Бул алфавитте сабатсыздыкты жоюуга арналган X. Карасаевдин, А. Шабдановдун жана С. Нааматовдун китептери чыккан. Кыргызстанда сабатсыздыкты жоюу үчүн чыныгы күрөш башталып, ал: “Сабаттуу сабатсызды окут!” — деген ураан менен жүргөн. Малчылардын, аялдардын сабатсыздыгын жоюуга айрыкча көңүл бурулган.

Сабатсыздыкты жоюуда 1930-жылы башында Кыргызстанда жүргүзүлгөн маданий жүрүш чоң роль ойногон. Бул ишке атайын уюштурулган комиссия жетекчилик кылган.

СОВЕТ БИЙЛИГИНИН АЛГАЧКЫ ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ (1920-1930-жж.)

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛ

ВКП(б)нин Кыргыз обкомунун бюросунун токтомунан (1930-жылдын 25-июнь айы):

“1. Мамлекеттик, чарбалык жана коомдук уюмдардын маданий курулуш иштерине көңүлүн буруу үчүн июль айынан баштап Кыргызстанда маданий жүрүш уюштурулсун.

  1. Маданий жүрүштө жайында 3400 сабатсыздар жана 16000 чала сабаттуулар мектептерге тартылсын; Бул жүрүштө массаны китепке, гезит-журналдарга тартуу, радио жана кинону жайылтуу, диний ишенимдерге каршы күрөшүү, маданий-агартуу мекемелеринин ишин жакшыртуу, аларды адистер менен камсыз кылуу, турмуш-тиричиликтин маданиятын жакшыртуу иштери жүргүзүлсүн; “Сабатсыздык жоюлсун” коомунун иши жөнгө салынсын, коомдук тамак-аш тармактары кеңейтилсин, көчөлөр, аянтчалар, турак жайлар тазалансын. Райондорду, совхоздорду, колхоздорду жана айыл- кыштактарды маданияттуу тейлөө бирдиктүү план менен жүргүзүлсүн; Жайлоолорду революциялык, таптык, маданий тейлөө жакшыртылсын… ”

Аракеттердин натыйжасында 1929-30-окуу жылында ликбездерде 100 миң адам окуп, алардын 73 миңи окуганды жана жазганды үйрөнгөн. Ушундан кийин сабатсыздыкты жоюу ишинде бурулуш башталган. 1930-жылы чала сабаттууларга жардам катары “Сабаттуу бол!” деген гезит чыга баштаган. Республикада сабатсыздыкты жоюш үчүн Кыргыз АССРинин ЭКСинин терагасы жетектеген штаб түзүлгөн. Эгер буга чейин сабатсыздыкты жоюуга негизинен коомчулуктун каражаттары жумшалса, 1934-35-окуу жылынан тартып, бул иш мамлекеттин колуна өткөн. Ушул эле жылы республикада 181,5 миң адам сабатсыздыгын жойгон.

1936-жылы Кыргызстандын өкмөтүнүн алдында сабатсыздыкты жоюу боюнча башкармалык уюшулган. Райондук элге билим берүү бөлүмдөрүндө чоңдордун мектеби боюнча атайын инструктордун кызматы ачылган. Натыйжада миңдеген адамдар окууга тартылып, сабаттуулук үчүн жалпы элдик күрөш кеңири жайылтылган. Бул иштин жүрүшүндө алфавиттин эки жолу которулушу сабатсыздыкты жоюуда, жалпы эле эл агартуу ишинде тоскоолдук кылган. Бирок кыйынчылыктарга карабастан, 1939-жылы эл каттоо боюнча республиканын тогуздан 49 жашка чейинки адамдарынын сабаттуулугу 78,3, шаар калкыныкы — 85 пайызга жеткен. Ал эми элүүдөн өткөн адамдардын көбү сабатсыз бойдон калган.

Ошентип, 1940-жылга чейин республикада сабаттуулук үчүн күрөш чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок сабатсыздык биротоло жоюлган эмес.

Согушка чейин элге билим берүү сан жагынан гана өспөстөн, сапаты да жакшырган. Алсак, 1937-38-окуу жылында республикада 1358 башталгыч, 327 жети жылдык жана 62 орто мектептер болгон. Мугалимдер эки эсеге көбөйгөн. Бирок алардын көбүнүн атайын педагогикалык билими тургай орто билимдери дагы болгон эмес. I—IV класстардын мугалимдеринин 85 пайыз толук эмес орто билимдүү болсо, V-X класстардын мугалимдеринин жогорку билимдүүлөрү 11 пайызды гана түзгөн. Мугалимдердин квалификациясынын төмөндүгү, окутуунун сапатына тескери таасирин тийгизген.

Ошентип, 20-30-жылдары Кыргызстанда элге билим берүүнүн социалисттик системасы калыптанган. 1930-31-окуу жылында республикада жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү киргизилген.

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛ

Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин жана Эл Комиссарлар Советинин “Жалпыга милдеттүү башталгыч билим жөнүндөгү токтомунан (1930-жылдын 19-сентябры):

«1. 1930-31-окуу жылынан баштап Кыргыз АССРинде 8, 9 жана 10 жаштагы балдарга, 11, 12 жана 13 жаштагы өспүрүмдөргө жалпы башталгыч билим берүү иши эки жылда бүткүдөй болуп пландуу жүргүзүлсүн.

  1. 1930-31-окуу жылында, 8, 9 жана 10 жаштагы балдарды 11, 12, 13 жана 14 жаштагы өспүрүмдөрдү жалпы милдеттүү башталгыч билимге өткөрүү Кыргыз АССРинин Фрунзе, Беловодск, Аламүдүн, Чуй, Калинин, Жети-Өгүз, Араван-Буура жана Жалалабат райондорунун шаарларында, жумушчу посёлкаларында, райондук борборлорунда жүргүзүлсүн. Өспүрүмдөр үчүн бир жылдык мөөнөттөгү өзгөчө мектептер жана топтор уюштурулсун.
  2. Кыргыз АССРинин калган территориясында мектептердин саны 8, 9 жана 10 жаштагы балдардын кеминде 75 процентин камтыгыдай болуп көбөйтүлсүн. 11, 12, 13 жана 14 жаштагы өспүрүмдөрдү, алыскы жана көчмөн райондордогу батрактардын, кедейлердин жана колхозчулардын балдарын окутууга өзгөчө көңүл бурулсун».

Совет бийлигинин калктын, өзгөчө жаш муундардын билим деңгээлин көтөрүүгө кылган аракеттеринин натыйжасында 30-жылдардын аягында республикада жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү иши ийгиликтүү аяктаган. Ушул ийгиликтин негизинде 1935-жылы шаарларда, ал эми 1937-жылы айыл-кыштактарда жалпыга милдеттүү жети жылдык, шаарларда он жылдык билим берүү иши башталган.

Өскөн Осмонов, тарых илимдеринин доктору, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер