ШЕЙХ МУХАММАД ИБН РАШИД АЛ-МАКТУМДУН “ОЙ УЧКУНДАРЫ” АТТУУ КИТЕБИНИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ КОТОРМОСУНА САРЕСЕП

  • 08.06.2021
  • 0

Жакында Бишкек шаарында Бириккен Араб эмирликтеринин вице-президенти жана өкмөт башчысы шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактумдун “Ой учкундары” аттуу китеби кыргыз тилинде жарык көрдү (англис тилинен которгон – Касым Машакбай уулу Рахманкулов, жооптуу редактор – профессор Тынчтыкбек Чоротегин. – Б.: Аркус, 2021. – 152 б. – “Өмүрү өрнөк инсандар түрмөгү”).

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан кыргызча котормо иш-чараларынын алкагында биринчи жолу жарык көргөн бул китеп Жакынкы Чыгыштагы өрнөктүү экономикалык реформаларды жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттин тарыхын жана азыркы жагдайын терең үйрөнүүгө көмөк кылат.

Ушул оригиналдуу китеп жана анын мазмуну, заманбап мааниси тууралуу азын-оолак пикир айткыбыз келди.

Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрү ХХ к. 60-ж. кийин дүйнөгө белгилүү боло башташты. Мунай жана газ кендери ачылып, ага болгон дүйнөлүк керектөөлөр арта баштаган эле. Экономиканын “каны” деп аталган мунай заттары Бириккен Араб эмирликтеринин, Сауди Аравиясынын, Оман, Кувейт, Катар сыяктуу өлкөлөрдүн экономикалык, социалдык-саясий өңүн түп тамырынан бери өзгөрттү.

Артта калган, примитивдүү балыкчылык, жармач жер иштетүүчүлүк жана төө багуу менен жан баккан араб ээликтери (өлкөлөрү) соңку жарым кылымдын ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү. Мындай экономикалык кубулуш Африканын түндүгүндөгү араб, бедуин, берберлер аралаш жашаган Ливияга да таандык болучу. Омейяддар жана Аббасийлердин замандарынан бери карай мамлекеттүүлүккө ээ болбогон, ириде көөнө маданияты терең арабдар (түрк-осмондор, англистер, француздар ж.б. баш ийишкен) ХХ к. 50-60 жж. көз каранды эместикке ээ болушуп, өз алдынча өнүгүүнүн жолуна түшүшкөн эле. ХХ к. 70-ж. дүйнөлүк экономикалык жана мунай кризисинен соң, аталган чөлкөмдүн араб өлкөлөрүнүн мунайга жана жаратылыш газына байланган экономикасы болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетише алышты.

Ириде, мунай долларына туйтунган араб шейхтери тек гана “керектөөчүлөргө” айланышып, экономика жана өнөр жайларга көңүл бөлүнбөй, мунай жана жаратылыш газын сатуудан түшкөн каражаттар менен жашай башташты. Экономикадагы бул кырдаал бангизат жүктөлгөн ийнеде олтуруу менен барабар болучу.

Муну араб башкаруучуларынын ичинен чыккан прагматиктер өз учурунда түшүнүшүп, өнүгүүнүн капиталисттик жана коммунисттик жолдорунан башкача болгон өнүгүүнүн атаандаш багыттарын издешип, иликтей башташты. Мында Ливия Жамахириясынын лидери Муаммар Каддафинин “арабдардын өзгөчө өнүгүү” жолу тууралуу теориясы мисал боло алат. Ливия диктаторунун “Жашыл китеби” дүйнөнүн көптөгөн тилдерине, анын ичинен кыргызчага которулуп басылып чыккандыгын билебиз. Ооба, “арабдык өзгөчө өнүгүү жана кайра жаралуу” идеясы ХХ к. 60-70 жж. эле калыптана баштагандыгын белгилөөгө болот.

Учурда Бириккен Араб эмирликтеринин да жетекчилери жашоодогу жана экономикалык өнүгүү жаатында бир катар түпкүлүктүү кайра курууларды, анын ичинен эң башкысы – БАЭде жашаган адамдын аң-сезиминде кайра жаралууну, жаңыланууларды ишке ашырышты. БАЭ – учурда дүйнөдөгү ишкердик чөйрөсүнүн кайнап жаткан ортолугуна, финансы (каржы) байланыштарынын жана туристтик бизнестин, жаңы технологиялардын жана сооданын логистиканын борборуна айланды. Мисалга алсак, “Эмираттар” учак компаниясы ж.б.у.с. ири ишкана-мекемелер дүйнөлүк эң алдыңкы бренддерден болуп калды.

Ооба, мындай кайра курууларын жана жаңылануулардын төл башында жаратмандар, калкка таянган өлкөнүн чыныгы лидерлери тураары шексиз. Алардын бири – шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактум. Ал – БАЭнин вице-президенти жана учурдагы өкмөт башчысы, эмирликтердин эң бир саясий таасирлүү адамдарынын бири.

Китептеги ой-толгоолор, негизинен, БАЭнин бүгүнкү экономикалык, социалдык-саясий абалы жана анын келечегине багышталган. Эмгектин уңгусуна шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактумдун “Дүйнөлүк өкмөт Саммитиндеги” чыгып сүйлөгөн программалык доклады негиз болуп берген.

Дегеле, кыргыз окурманы үчүн бул эмгектин кандай пайдасы бар ? Сингапурдагы “экономикалык укмуштун” автору Ли Куан Ю ишке ашырган экономикалык, каржылык жана социалдык реформалар сыяктуу эле, Бириккен Араб Эмирликтериндеги жаңылануулар биз, кыргыздар, үчүн – үйрөнчү жол, багыт.

Батыштын айрым укук коргоочулары шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактумдун аялы (эмирдин ханышасы) менен болгон жеке үй бүлөлүк алакаларын адам укугун бузуу учуру катары өзгөчө сөзгө алып, чуу көтөрүшкөндөрү болду жана ушундан улам анын китебин кыргызча которуунун кажети барбы? деген сыяктуу куш тилиндей каршы пикирлерди жазгандар эсибизде. Турмуш – алар ойлогондон да ар кыл түстө кубулжуп турат. Маселен, бир кара түстөгү жигитти ак түстүү полициячы өлтүрүп салгандыгы үчүн эле Жон Кеннединин чыгармасын англис тилинен кыргызчага которуудан баш тартышыбыз керекпи? Бардык жагдайлар эне тилибизде өз алдынча талданышы үчүн толук шарт жаратуубуз зарыл, реформачыл идеяларды камтыган китептерди өз эне тилибизде окушубуз талап кылынат, деп эсептейбиз.

Арийне, эмираттардын мунай-газ өнөр жайынан башка жеңил жана оор өнөр жайы, туризм, соода, логистика ж.б. багыттардын өнүгүүсү чакан өлкөнү дүйнөлүк эң алдыңкы сапка алып чыккандыгын, бул реформалар миллиондогон кишилердин жашоо-турмушун жеңилдеткендигин жогорудагы сынчылар, тилекке каршы, эч белгилешпейт.

Ооба, БАЭ коомдук жана инфраструктуралык өнүгүү, технологиялык өнүгүү, билимге таянган экономика, жарандардын жыргалчылыгы жана канааттануусу, эсенчилик, коопсуздук, соода, туризм жана толуп жаткан чөйрөлөрдө Жакынкы Чыгыштын биринчи орундагы өлкөсү болуп саналат жана анын өрнөгүн изилдөө үчүн ошол реформаны жүргүзүүчүнүн китебин эне тилибизде өз алдыбызча окушубуз абзел.

Эмгекте БАЭнин калкынын, экономикасынын, маданиятынын ж.б. коомдук жашоонун бардык катмарларына анализ жүргүзүлөт. Коом жана жеке адам, дин жана руханий байлык, тарбия жана илим-билим, мамлекеттик башкаруу, өнүгүүнүн багыттары, идеялар жана салымдар, ишкерлер чөйрөсү жана каржы маселеси, үй бүлө, лидерлик, күжүрмөн эмгек жана шыктануу, гендердик саясат, поэзия, илим, спорт ж.б. маселелерге жетишилген эбегейсиз зор ийгиликтердин жыйынтыктарынын негизинде ой-толгоо жүргүзүлөт.

БАЭнин реформачы лидерлеринин бири болгон автордун пикиринде мамлекет инсан үчүн кызмат өтөөсү керек. Мамлекеттик башкаруу тууралуу ал мындайча жазат: “Өкмөттүн иши – элдин жыргалчылык турмушун камсыз кылууда турат” (13-б). Лидерлик сапат тууралуу ал: “Биз лидерлик жобосун өзгөрткүбүз келет; жаңы маанинин негизинде өзүн өзгөртүүгө жана өз коомуна пайдалуу салым жаратууга дымагы жана эрки бар ар кандай киши лидер саналат” (133-б), – дейт. Мында лидер болууга карапайым атуулду да шыктандырчу илеп бар.

Өсүп келе жаткан муун жөнүндө: “БАЭнин жарандары – бул бардыгын калчай алган дилгир кишилер. Биз аларга толук ишенебиз. Алар өз тагдырларына өздөрү кожоюн” (25-б), – дейт ал-Мактум.

Учурдагы БАЭнин аткарып жаткан иштери боюнча ал төмөндөгүдөй тезисти айтат: “Балким, биз кылымдар бою жашабайт чыгарбыз, бирок биздин жаратмандыгыбыздын мөмөсү өмүрүбүз өткөндөн кийин узак мезгилдер бою мураска калышы ажеп эмес” (28-б).

Жаратмандык жана чыгармачылык жөнүндө: “Жаратман болуу – бул турмуштун тек гана жармач бөлүгүнө айланбастан, турмушка кандайдыр бир саамалык киргизүү дегендик. Эгер сиздер майда нерселерге да чыгармачыл мамиле жасоону үйрөнсөңүздөр, анда чоңураак денгээлдеги жаратмандык өзү эле келет” (30-31), – дейт ал-Мактум.

Шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактумдун биримдик тууралу айткан тезисин биз, кыргыздар, көңүл коюп талдап, үйрөнүп алганыбыз туура болот: “Биримдик руху” төмөнкү төрт өзөккү бөлүтөн турат: биздин жерибиз, биздин элибиз, биздин туубуз жана биздин президентибиз – шейх Халифа” (37-б). Чындыгында, биз элибиз, жерибиз, туубуз менен мамлекеттин гаранты президенттин айланасында биригүүбүз зарыл.

Адамдагы жөнөкөйлүк жана карапайымдуулук: “Өмүр өзү жөнөкөй эле жаралган, демек, аны карапайымдык менен кечирүү маанилүү” (40-б).

Ириде айта кетсек, чыгыштагы бир катар монархиялык мамлекеттерде тоталитардык башкаруу системасы үстөмдүк кылары белгилүү. Бирок, БАЭнин коомдук өнүгүү шартында өлкө атуулдарына жынысына карабастан теңчил мамиле жасалып келет. Коомдук турмушта аялдарга өзгөчө мамиле жасалат. “Биз аялдардын укуктук макамын чыңдоо баскычынан илгери кеттик. Албетте, биз азыр коомдун өзүнүн макамын андагы аялдардын көмөгү аркылуу чыңдап келебиз. Биздин милдетибиз, – деп жазат шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактум, – аялдарга өз мүмкүнчүлүктөрүн ачкандай чөйрөнү камсыз кылуу. Ушуга жетишсек, анда аялдар кереметке тете иштерди жасаарына мен ишенем” (46-47 бб).

Ар тараптан биринчи болууга умтулуу оор, ары жоопкерчиликтүү. Шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактум мындай деп айтат: “Бизде биринчи болуудан башка жол жок. Биз биринчи болууга гана татыктуубуз. “Мүмкүн эмес” деген сөздү БАЭнин сөздүгүнөн эч таба албайсыз”.

Супер-шаар Абу-Даби тууралуу анын айтканына кулак төшөйлү: “Абу-Даби атаандаш отун-кубат жаатында дүйнөлүк лидерликке умтулган эмеспи. Инвестиция жана инновациялардын аркасы менен Абу-Даби кайра калыбына келтирилүүчү кубат булактары боюнча Эл аралык баш кеңсесинин ордосу болуп тандалды”. Дал ушул Абу-Даби жергесинде экологиялык туруктуу технологияны көңүл чордонуна койгон Масдар шаары негизделди. Натыйжада, Абу-Даби отун-кубатты калыбына келтирүү багытында илимий изилдөө борборуна айланды. Мындан сырткары, Абу-Даби дүйнөнүн маданий борбору да болгусу келди.Ошондуктан мында музейлер курулуп, маданий иш-чаралар өткөрүлүп, көркөм өнөрдүн дүйнөдөгү мыкты чыгармалары топтолгон.

Шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактум жеке адамдын турмуштагы умтулуусу, жаңы бийиктиктерге жетүүсүнө эмгек гана себепкер болорун таасын белгилейт. Сиздин мүдөө үчүн чечкиндүүлүгүңүз менен кубатыңыз өз максатыңызга шайкеш үлөштүрүлөт. Ошондуктан сиздер максаттарды бийик коюшуңуздар керек жана эң мыкты натыйжадан башка чечимге алдырбаңыздар. Өзүңүздөрдүн жөндөмдүүлүгүңүздөрдөн эч качан шек санабасыңыздар жана эч качан өзүңүздөрдүн мүмкүнчүлүктөрдү төмөн баалабаңыздар. Алдыга койгон максаттан эч тайбаңыздар. Дайыма биринчиликке умтулуңуздар жана Алла таалага ишениңиздер, анткени Жараткан ийгилик багыштап берээрин жазган, дейт автор.

Биздин пикирде, шейх Мухаммад ибн Рашид ал-Мактум тарабынан жазылып, кыргыз тилине которулган бул кызыктуу эмгек жаңылануу жолуна түшкөн өлкөбүз, жарандарыбыз, өсүп келе жаткан муун үчүн пайдалуу, кайрылып турчу булак болорунда шек жок. Ааламдашуу шартында биз дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн тажрыйбасын колдонгонубуз өз пайдасын берет десек жаңылбайбыз.

Ушул китептин редактору, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.К.Чороев (Чоротегин) эмгектин аяк бөлүгүндө БАЭнин тарыхы, айрым терминдер, географиясы боюнча тыкан тариздеги кыскача түшүндүрмө берген. Мында да чыгыш таануунун кыргыз тилиндеги негиздери үчүн маанилүү усул сунушталат.

Жалпысынан, кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды өзүнө камтыган китеп жөнөкөй жана жатык тилде жазылып жагна которулуп, кыргыз тилдүү китепкөйлөрдүн бардык катмарларынын китеп текчесинен өз ордун табат деген пикирдебиз.

Олжобай Каратаев,

узак жылдар бою Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы жаатында дарс окуп келе жаткан адис, түрколог, тарых илимдеринин доктору, профессор

Э-дарек: [email protected] 

(Редакциядан: жакынкы мезгилге чейин О.К.Каратаев Түркиянын Кастамону университетинин профессору болуп иштеп келди).

Бөлүшүү

Комментарийлер