ШААРДЫК МЕКТЕПТЕРДИН ШАҢЫ МЕНЕН ЧАҢЫ

  • 02.06.2022
  • 0

Борбор калаабызда орто билим берүүчү мекемелердин формасы жана мазмуну жагынан ар түрдүү болгондуктан, колунда бар ата-энелер балдарына өздөрү каалагандай түрүн тандай алат. Мамлекеттик менчиктеги алдыңкы деген мектептерде орун жетишпейт, аларга баланы орноштуруу кыйын. Капчыгы жукалар балдарын ар бир класска 40-50 окуучу олтурган орто заар мектепке берет.

Азыр андай мектептердин жаандан кийинки козу карындай эле жылына ондоп ачылып жаткандыгы коомдогу суроо-талап жогору экендигин далилдейт. Жаркыраган мындай мектептер ата-энени эң биринчи материалдык жактан жакшы камсыз болгондугу менен өзүнө тартат: жагымдуу заманбап имарат, ар түрдүү түстөргө боёлгон, индивидуалдуу парта-отургучтары менен жагымдуу интерьери айкалышкан класс-кабинеттер көргөн адамдын көзүн кубандырат.

Маалымат технологияларынын акыркы үлгүлөрү менен жабдылган кабинеттер, ар бир окуучуга берилүүчү планшет, нетбуктар жана бирдей тигилген формалар чет эл стандартына жакындагандай өз балаң үчүн сыймыктануу сезимин алып келет. Балаң үч маал тамактанып, курсагы ток жүрөт. Эртең мененкиден кечке чейин сенин балаңдын үй тапшырмасы да толук аткарылат, түштөн кийин ар кандай ийримдер менен алектенет, көчөдө бош басып жүрбөгөндөн кийин шаардын ар түрдүү терс таасиринен да алыс болот эмеспи. Бул факторлор ар дайым убактысы аз болгон ата-энелерге абдан жагат! Эң негизгиси, ал жерде англис тилин алып жүрүүчүлөр же чет элдиктер менен баарлашып сүйлөшүү мүмкүндүгү түзүлгөн, бул шарт алардын борбордогу эң мыкты деген мектептерден да озуп кетишине өбөлгө түзүүдө.

Бирок бул көпчүлүк чиновниктерди да суктандырган сырткы көрүнүш гана! Мындай мектептердин биздин коомго пайдасы канчалык? Балдар кыргыз элинин жаркын келечегине жана бакубат жашоосуна алар чындап эле өзгөчө салым кошкон инсандар болуп чыгышабы?

Алар коомдун эмес, жеке адамдын заказын гана, ата-эненин эркин гана аткарышат. Анткени акчаны коом эмес, ата-эне төлөп окутуп жатат.

Биз азыр элибиздин эр жеткен миллиондон ашык атуулу мекенибизден чыгып кетти деп айтып жатабыз, бүгүнкү ушул партада олтурган биздин келечегибиз да эртең жарым бечел бечара журтубузду таштап алыска кетүүгө даярданып окуп жатышат. 90-жылдардын жокчулугунда эс тартып чоңойгон ата-энелери өз балдарын толук кандуу тарбиялап, өз эне тилине же маданиятына кандырууга убакыт-сааты да, каалоосу болгон эмес. Алар өздөрү биздин коомдун ар тараптан деградацияланып улуттук да, жалпы адамгерчилик да баалуулуктар тебеленген баш аламан замандын балдары, нигилизм доорунун туундулары.

Биринчи кезекте акчалуу, бакубат турмушка жетүүнү көздөгөн жаштардын мууну өз балдарынын келечегин өнүккөн өлкөнүн тили жана маданияты, коому менен гана байланыштырышат.

Мыкты карьера, бактылуу турмуш жана бакубат жашоо бул жерде, Кыргызстанда эмес, тигил чет жакта, башка жерде деген түшүнүк биздин коомдо бара-бара күчөп, тамыр жайып жаткандыгы жашыруун эмес. Мектептеги окуу-тарбия системасы да так ушул максатка багындырылган. Чет тилдер жумасына 8 -10 саат окутулуп, бардык сабактар англис класстарында бир гана англис тилинде жүргүзүлөт. Ар бир класска тилди алып жүрүүчү чет элдик жана англис тилинде сүйлөгөн жардамчысы бекитилген.

Бирок балдардын таалим-тарбиясы таптакыр башка нукка бурулуп, англис тилинен башкага кызыкпай жерип, ал тургай өз тилин жана маданиятын кедей тууганындай жек көргөн инсандар калыптанып жатпайбы. Эми аларды кыргыздын кылымдык тарыхы да, укмуштуу элдик дастандары да, уккулуктуу обондору да кызыктырбайт. Улууга урмат, ыйбаа кылуу, жалпы жамааттын ою же кызыкчылыгы дегенди уруп ойнобой калышат!

Поюз менен жарышкан кара байыр

Жумасына 2 саат берилген мамлекеттик тил менен 1 саат бөлүнгөн адабият менен, артта калган методика жана баш аламан жазылган окуу китептери менен англис тилине атаандаша албайсың! Жан талашып поюз менен жарышкан илгерки көчмөн бабаңдын өпөңдөгөн ат үстүндөгү таскагы эске түшүп, ушундай абалга кептелген тилибизди да, маданиятыбызды жана мамлекетибиздин келечегин да аяп кетесиң. Англис тилин деңгээлдер боюнча окутуу демилгелери, алдыңкы окутуу ыкмаларын колдонуу менен сабак өтүү жана кыргызча бирин-экин аудио-видео материалдарды берүү менен жалпы көйгөйдү чече албай жатабыз да. Мындай мектептерди ачууда эң биринчи улуттук мамлекеттин кызыкчылыгын жана келечегин эске алган приоритеттүү мамиле, жалпы системалуу талап керек эмес беле.

Биз тилибизди таңуулабайбыз деп олтуруп, өзгөлөрдүн маданиятын өзөлөнүп үйрөнгөн муунду пайда кылдык. Бул мамиле жана кайдигерлик менен биз эртеңки келечегибизди жоготуп жатпайбызбы! Азыркы нигилист ата-эненин балдары, эртеңки эң билимдүү жаштарыбыз үйдө да, мектепте да улуттук кыртыштан аргасыз ажырым менен билим алып жатышы эртеңки элибиздин трагедиясы болбойт деп ким кепилдик берет?

Курманкан Абдиева,
кесиптик билим берүүнүн мыктысы, кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча окуу-методикалык басылмалардын автору, ”Кыргыз тили”, “КР алдыңкы айымы” төш белгилеринин ээси. Бишкек шаары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер