ШААРБҮБҮ АБЫКЕЕВА: “БИЗДИН КЕСИП – БАЛДАРГА МЭЭРИМ ЧАЧУУ”

  • 14.10.2021
  • 0

Талас облусунун Манас районундагы №5 “Бакыт” балдар бакчасы жаңы ачылгандан бери иштеп келаткан Шаарбүбү Абыкеева, бүгүнкү ийгиликтерге жетишкенге чейин далай-далай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, тээ токсонунчу жылдары башка бала бакчалардын баары жабылып калганда да жаппай, жетекчилик менен урушуп-талашып, балдарга тамак-ашты үйлөрүнөн ташып жүрүп сактап калышканын, эми минтип райондо эле эмес, облуста да эң мыкты бала бакча катары жогору бааланып келатышканын айтып, ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүштү.

ШААРБҮБҮ АБЫКЕЕВА: “БИЗДИН КЕСИП – БАЛДАРГА МЭЭРИМ ЧАЧУУ”

Бала бакчаны жаппай да, сатпай да сактап калган

Шаарбүбү Абыкеевна “Бакыт” бала бакчасынын башчысы болуп иштеп келатканына 40 жылдан ашты. Анын пайдубалын курбаса да, ички жасалгаларын нөлдөн баштап жасап, аны талкалануудан сактап калган десе да болот.

— Мен өзү Нарындын кызы болом. 1967-жылы жолдошум экөөбүз баш кошкондон кийин, Манас районунун Покровка айылына көчүп келдик. Биринчи кесибим медицина кызматкери болчу, ал тармакта он жылдан ашык иштеп жүрүп, ушул бала бакчага которулуп иштеп калдым. Бала бакчанын короосуна киргенде эле жүрөгүмө жакын сезилген. Ал кезде жаңы ачылып жаткан эле, жетекчиси орус улутундагы айым негедир иштей албай кетип калды. Жан дүйнөңө жаккан ишке четтен карап тура албайт экенсиң, бакчанын кем-карчтарын толуктап чуркап жүргөнүмдү көргөн жетекчилер: “Сен ушул бала бакчанын жетекчилигин колуңа алып иште”, — деп сунуштап калышты. Адегенде арсар болуп, чоочулаганым менен тез эле аралашып кеттим. Мына, андан бери бир топ жылдар өттү, азабын да, жыргалын да тарттык дегендей. Айрыкча, союз тараган жылдары өтө кыйын болду. Райондогу 14 бакчанын баары жабылды, мен жаппай тырышып кармап турдум. Ал үчүн далай тил угуп, ыйлаган күндөрүм да болду. Азык-түлүк тартыш маал, бала бакча каржыланбай калганда, балдарга тамак-аш жасап бериш үчүн картошка, унду үйдөн алып келчүмүн. Ата-энелер да балдарынын жанына бир-эки кесимден нан салып жөнөтүшчү. Балдардын саны аз, кайра-кайра текшерүүлөр келет, кээде балдардын санын көбөйтүп жазып, үстүндөгү кийимдерин алмаштырып кийгизе койчубуз. Менчиктештирүү башталганда, бала бакчанын имаратын талашкандар четтен чыкты. Анан кудай жалгап, 2000-жылдардын башында Аскар Акаевдин бала бакча имараттары сатылбасын деген буйругу чыгып калды. Ошондон баштап жаныбыз тынып, бир жактуу иштей баштадык. Балдардын саны көбөйгөн сайын сүйүнчүбүз. Мен имаратты эле эмес, ичиндеги эмеректерди да таратпай, бекитип койгом, жаңы тайпалар ачылганда ошол эмеректердин жардамы тийди, — деди, Шаарбүбү эже ошол учурду эсеп.

Ичтеги ынтымак — ийгилик арттырат

Бөбөктөрдүн баео дүйнөсүнөн ырахат тапкан Шаарбүбү эже, ал кезде кандай кыйынчылыктар болсо да көтөрүүгө даяр эле, бир тилеги бала бакча жабылбаса экен, эртерээк ушул бакчанын ичинде балдардын күлкүсү жаңырса экен деп тилечү. Анан айткандай эле, абал акырындап оңолуп, балдардын саны көбөйө баштаганда, эженин кубанычына чек жок эле.

— 2004-2005-жылдардан баштап абалыбыз кыйла жакшыра баштады. Анан ар кандай сынактарга катыша баштадык. Райондогу эң мыкты жыйынтыктардын натыйжасында облустук, республикалык деңгээлге чыгып, эки жолу республикалык сынакта 3-орунду ээлеп келдик. Кандай жумуш болбосун, менин жеңилимди жерден, оорумду колдон алган менин кыздарым, жардамчыларым бар. Аларсыз менде эч бир иш бүтпөйт. Көбү 11-классты бүтөөр замат эле мага жардамчы болуп келишип, анан сырттан окуп билим алышат. Диплому бар адистер деле методистибиз Элмира Жумашбекованын элегинен өтүшөт. Теорияны практика менен бекемдебесе, алган билим жугумсуз болот эмеспи, анын үстүнө бөбөктөр менен иштөө өзгөчө мүнөздү талап кылаарын жакшы билем. Эгерде балдарды жан дүйнөсү менен сүйүп, аларды чын ниети менен кабыл албаса, андан жакшы тарбиячы чыкпайт. Эки жолу республикалык сынакка катышып, байгелүү үчүнчү орунду алган кызым Гүлнара Абдылдаева да жаштарга насаатчы катары көп нерселерди үйрөтүп келет. Ушул командам менен бала бакчанын ысык-суугун көтөрүп келатабыз, — дейт Шаарбүбү Абыкеевна.

ШААРБҮБҮ АБЫКЕЕВА: “БИЗДИН КЕСИП – БАЛДАРГА МЭЭРИМ ЧАЧУУ”

Жүрөгүм менин балдарда

Тажрыйбалуу насаатчы, көсөм жетекчи катары Шаарбүбү эже өзү айткандай жаңы эле мектепти аяктап келген адистерине билбегенди билгизип, мүнүшкөрдөй таптап, керек жерден көтөрмөлөп, керек жерден канатына калкалап дегендей, бир команда болуп иштеп келатканы – ички тылдын бекемдигинен кабар берет.

Жетекчилик кызматта жүргөн адам үчүн, айрыкча аялзаты үчүн дагы бир өтө маанилүү тыл болот эмеспи, ал – үй-бүлөсү, балдары. Бул жагынан да Шаарбүбү эженин көңүлү тынч. Борбор калаадан жарым кылым илгери арзышып табышкан жолдошу Кожомкул Шакетаевдин кесиби куруучу. Шаарбүбү эже тамашалап айткандай, аны менен 1966-жылы таанышканда, жакшы көрүп калып, Таласка ээрчип кете берген.

— Аялзаты үчүн үй-бүлөлүк тылдын бекемдиги өтө маанилүү экени ырас. Жолдошум мени ар тараптан колдоп, түшүнүп мамиле кылган үчүн ушул даражага жетип, иштеп келатам деп ойлойм. Экөөбүздүн ортобузда бир уул, үч кыз бар. Балдарыбыздын баары жогорку билимдүү. Арасында тарбиячысы да, экономисти да, юристи да, жеке ишкери да бар. Бир кызыбыз — Айнура Шакетаева менин кесибимди улап тарбиячы болуп иштеп жүрүп, кийинчерээк башка тармакка иштеп кетти. Дагы бир кызыбыз Элеонора Шакетаева “Учкун” концернинде иштейт. Уулум Нурландын кесиби юрист, жеке ишкер. Венера кызыбыз айылда каржы бөлүмүн жетектейт. Кудайга шүгүр, тогуз небере, үч чөбөрөлүү болдук. Неберелерибиздин алды жогорку билимге ээ болушуп, өздөрү тандаган тармакта иштеп жүрүшөт. Азыр уулубуздун баласы биздин колубузда. Небере келиним Бурулкан мени менен бала бакчада иштейт. Жолдошум экөөбүздү кубантканы – баары турмушта өз ордуларын таап, очор-бачар, эл катары тирлик өткөрүп жүрүшкөнү. Ата-энеге мындан артык кубаныч, мындан өткөн бакыт барбы?!

Азыр биздин эл арасында кадыр-баркыбыз чоң, анын баары бала бакчада балдар менен иштегенибиз үчүн деп билем. Анткени мен балдарга чын жүрөгүм менен берилип мамиле жасайм. Ишиңе канчалык берилсең, ийгилиги да ошончолук таттуу болот эмеспи. Тарбиячыларыма да ар дайым: “Балдарга өз энесиндей мээрим бергиле, силердин кесибиңер ушул” — деп айтып келем. Биздин бала бакчага балдарын башка жактардан атайын алып келишет. Мектептер да силерден келген балдарды окутканда кыйналбайбыз деп, биздин бала бакчанын балдарын талашат. Ушунун баары биздин тарбиячыларыбыздын баа жеткис эмгеги, — дейт Шаарбүбү Абыкеева сыймыктануу менен.

Тарбия бала бакчадан башталат

“Бакыт” бала бакчасы өзү 140 орундуу болгону менен, учурда 270ге жакын бала тарбияланат. Пандемия шартында оюн залы менен уктоочу бөлмөлөрдү бөлүп, эки тайпа кылып коюшкан. Учурда Шаарбүбү Абыкеевнанын кол алдында бир методист, 18 тарбиячы, эки музыкант жана башка кызматкерлердин баарын кошкондо, жалпысынан 35 кызматкер иштейт.

— Бала менен иштеген канчалык кызыктуу, канчалык жагымдуу болгону менен, ошончолук түйшүгү, ошончолук жоопкерчилиги бар. Муну биз жакшы билебиз. Балдарга азыр эмне керек? Биринчи кезекте – ата-энелердин мээрими, камкордугу керек. Балдарды дени сак өстүрүү үчүн кенедейинен витаминдүү тамактандырып, иммунитетин бекемдөөгө кам көрүшүбүз абзел. Дени сак балага эч кандай илдет жолобойт. Бала бакчадан тартып балдарды туура тамактандырып, ден соолугун чыңдаса, алар мектепте да, андан кийинки турмушунда да чыйрак болот. Ден соолугу алсыз баланын кабыл алуусу да жайыраак болуп, сырткы чөйрөгө аралаша албай кыйналат. Андыктан балага бакчадагы кезинен мыктылап ар тараптуу шарттарды түзүп берүүгө тийишпиз.

Ушуну жетекчилерге “күмүш сырга” катары айткым келет. Ата-энелер үчүн да, биз үчүн да баланын ден соолугу чың болушу өтө маанилүү. Мурда союз учурунда балдардын тамагына витаминдерди кошуп берчү элек, азыр тилекке каршы, шарт андай болбой калды. Ошентсе да баарыбыз жалпылап дени сак балдарды тарбиялап өстүрүүгө өз салымыбызды кошконго аракеттенишибиз керек. Кээ бири кичинекей баланын көйгөйү жок дегендей, майда деп маани беришпеген сыяктуу. Чындыгында баланы тарбиялоо иши бала бакчадан башталат. Баланы мектепке биз тарбиялап, даярдап беребиз, — дейт Шаарбүбү эже.

Бала бакчадагы балдарды эң негизги азык-түлүк менен камсыздоо милдети жергиликтүү бийликтегилерге жүктөлгөн, ага ата-энелердин ай сайын төлөмү кошумчаланат.

Шаарбүбү Абыкеевадай жүрөгүн эле эмес, бүтүндөй өмүрүн бала тарбиялоо ишине арнаган адамдар чынында эле таңдан кечке балдар дүйнөсү менен жашайт. Алардын бир мүдөөсүн ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ортого сала кетели. Мурда тарбиячылар 12 саат иштеп, эмгек акы алып келишсе, кийинчерээк 10 саат кылып кыскарып калган. Бул албетте, каржыны үнөмдөө саясатынан келип чыкса керек, а бирок эки сааттык үнөмдөн эне-ата деле, башкалар деле пайда көрүшкөн жок. Тарбиячылар ишке шашкан эне-аталардын балдарын эртерээк алып калуу үчүн эрте барууга мажбур болсо, кечинде деле алар жумушунан кайтып келгиче, балдарды карап отурушат. Ушуну жок дегенде 11 саат кылып койсо жакшы болот эле деген бала бакча кызматкерлеринин мүдөө талабы өз дарегине жетет деген ишенимдебиз.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер