СЕКСЕН ЖАШТЫН СЕРЕСИНДЕ

  • 26.04.2024
  • 0

СЕКСЕН ЖАШТЫН СЕРЕСИНДЕ

Баатыр эне, ардагер мугалим Гүлзуура Абдинасирова ушул кезде уул-кыздарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн курчоосунда, бакубат карылыктын төрүндө 80 жаштын даамын сызып олтурган чагы.

Гүлзуура Абдинасирова 1944-жылы 20-мартта Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 1950-жылы Кызыл-Суу орто мектебинен 8-классты аяктаган соң, 9-классты Фрунзедеги №5 кыргыз орто мектебинде уланткан. Ошол мезгилде өзгөчө шык-жөндөмдүү балдарды спорт мектебине, музыкалык мектепке, бий мектебине тандап келип билим алуусуна шарт түзгөн жакшы салт бар эле. №5те окуп жүргөн Гүлзуура эжей музыкага шыктуу идиректүү балдарды тандаганы келген Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын мугалимдеринин көз кырына илинип, кийинки окуу жылынан тарта айтылуу Абдраевде окуп калат. Аны ийгиликтүү аяктаган соң, 1966-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун башталгыч класстардын мугалими факультетинде жогорку билим алып, алгачкы эмгек жолун Кызыл-Суу орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Илим-билимдүү жаш адистерди колдоого алган жетекчиликтин көрсөтмөсү менен Кемин райондук партия комитетинин каттоо бөлүмүндө жетектөөчү адиси болуп иштеп жүрүп, 1969-жылы Фрунзе шаарындагы №50 орто мектепте которулган. 1973-жылы үй шартына байланыштуу кайра эле өзү туулуп-өскөн Кызыл-Суу орто мектебине кайтып келип, бир топ жыл башталгыч класстардын окуучуларына билим-тарбия берип эмгектенип келди.

Өрнөктүү мугалим катары 1976-жылы Кыргыз ССРинин мугалимдеринин V курултайына делегат болуп шайланган. Гүлзуура Абдинасирова ачык сабактарга активдүү катышкан методист жана алдыңкы мугалим катары жогору бааланып, 1994-жылы “Улуу мугалим” наамы ыйгарылган. Мугалимдик кесипте жетишкен ийгиликтер үчүн Ардак грамоталар менен, мактоо баракчалары менен сыйланган.

Аны менен Кызыл-Суу орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп бирге иштеген Майрамкан Мамбеталиева устат кесиптеши тууралуу мына буларга токтолду.

— Мен да башталгыч класстын мугалими болуп 38 жыл мектепте иштедим. Гүлзуура эжей менен бирге иштеп жүргөн кезде иш тажрыйбасы бай, аракетчил, жаңычыл мугалим катары жогору баалачубуз. Окуткан балдары дайыма ийгиликтерге жетишип, алдыңкы орундарды ээлеп келген. Көрсөтмө куралдарды өз колу менен жасап, ар бир сабагын көрсөтмөлүү өтчү. Биз эжейибизден өз кезегинде көп жакшы нерселерди үйрөндүк, — деп эскерет бирге иштеген учурун.

СЕКСЕН ЖАШТЫН СЕРЕСИНДЕ

Гүлзуура Абдинасирова менен бир көчөдө жашап, бир чети энесиндей, бир чети эжесиндей көргөн кесиптеши Тамара Кененбаева да өз кесибин ардактап сүйгөн, эмгекчил пакиза адам катары сый-урматы жогору экендигин белгилеп өттү.

— Мугалимдин, айрыкча, аял мугалимдин мектепте да, үйдө да түйшүгү түмөн болот эмеспи. Ал үйгө келгенде үй оокатын жасап, түн күзөтүп дептер текшерип, балдарынын үй тапшырмаларын аткаруусун көзөмөлдөп, айтор,  жаны тынбайт, а бирок эртеси баарын унутуп, сенин оозуңду, көзүңдү карап олтурган балдарга сабак өтүшүң керек. Билим башаты башталгыч класстан башталат, андыктан башталгыч класстын мугалимдеринин иши эки эсе жооптуу. Гүлзуура эжейдин окуткан окуучуларынын баары учурда өз ордун таап ар кесиптин ээси болду. Ошонун өзү эле мугалимдер үчүн зор сыймык. Гүлзуура эжейди биз чарчадым-чаалыктым дебеген, чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улаган билерман, курак курап, кийиз жасаган уз аялзаты катары жакшы билебиз жана өзүбүзгө үлгү тутабыз. Анын жаны тынбаган мээнеткечтиги, тазалыгы өзүнчө кеп. Кээде кайсы маалда эс алат деп таң калабыз. Агабыз Алыбек экөө балдарын да эмгекчил, жогорку билимдүү кылып чоңойтту. Эжейибиз балдарынын ысык чайын ичип, нарктуу бай байбиче болуп 90 жашка чыксын, — дейт кесиптеши Тамара Кененбаева.

Ал эми бир чети жылуу чай ичишкен абысыны, бир чети көп жыл ийиндеш иштеген кесиптеши Саадат Жанузакова экөө тууган ичинде сыйлашкан, сырдашкан таттуу абысындардан экенин белгиледи.

— Гүлзуура жеңемди айыл ападагылар сыртынан “Сулуу жеңе” деп коюшат. Ал чынында эле бой келбети, өзүн алып жүргөнү, тазалыгы, уздугу жагынан жаштарга эле эмес, тууган арасында да улуу-кичүүгө үлгү десем болот. Мыкты эне, чоң эне, мыкты таяне катары да урмат-сыйга бөлөнүп, башындагы бактылуу учурлары көп болуп, ушундай сулуу бойдон жүрө беришин каалап, сөзүмдү бул саптар менен аяктап коеюн:

“Жеңе, бул жашың 105 эмес муңайгандай,

Же болбосо 25 эмес кубангандай.

Кудайым канча каалап жашты берсе,

Жүрө бер, эки бутка туралгандай” деген тамашалуу саптарын арнады.

Өмүрлөшү – Алыбек Ниязалиев көп жыл чарбада инженер-механик, башкы инженер, чарба жетекчиси болуп иштеп, өзүнүн мыкты уюштуруучулук сапаты менен эмгегин баар тапкан адис болгон.

Сегиз баланы тарбиялап өстүргөн баатыр эненин уул-кыздары учурда ийгиликтүү ишкер, фермер, бухгалтер-финансист, банк кызматкери катары ар түрдүү тармакта кызмат өтөп, баардыгы тең турмушта өз ордун таап, ата-эненин ак эмгегин актаган эр азаматтардан болуп чоңойду. Экономика илимдеринин кандидаты, Кыргызстан эл аралык университетинин доценти, кызы Жылдыз Осмонова апасынын жолун жолдоп агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келатат.

СЕКСЕН ЖАШТЫН СЕРЕСИНДЕ

— Апам 20-мартта туура 80 жашка чыкты. Мугалимдик кесипти туу туткан өз кесибинин чыныгы патриоту десек да болот, анткени ал ардактуу эс алууга чыккандан кийин да Кызыл-Суу айылындагы мектепте башталгыч класстарга сабак берип жүрдү. Ата-энебиз баарыбызга таалим-тарбия берип, жогорку билимдүү болушубузга кам көрүштү. Учурда бир туугандарыбыздын баары очор-бачар үй-бүлөлүү болуп, ар кайсы тармакта иштейт. Апам балдарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн урмат-сыйын көрүп, бактылуу карылыктын бакубат доорун сүрүп, алдыда дагы жакшылыктарыбызга күбө болсо деп тилейбиз, — дейт кызы Жылдыз.

СЕКСЕН ЖАШТЫН СЕРЕСИНДЕ

Гүлзуура Абдинасирова өзү да көп балалуу үй-бүлөдө тарбияланып өскөн. Ал 9-класста окуп жүргөн кезинде атасы кайтыш болуп, апасы өзү жалгыз сегиз баланы тарбиялап өстүргөн. Апасы кыйынчылыктарга кайышпаган кайраттуу мүнөзү, күжүрмөндүгү менен уул-кыздарына ошондой сапаттарды сиңирип тарбиялай алгандыгы, кара жанын карч уруп, балдарынын баарын жогорку окуу жайларда окутканы, келечекти көрө билген көсөмдүгүнөн кабар берет. Ошонун баары Гүлзуура эженин “кулагына күмүш сырга” болуп тагылып, турмуштагы кандай кырдаал болсо да, алдыга умтула билгенге, жоктон барды жаратууга жол салган жаратмандыкка үйрөтүп такшалтты. Эми минтип 80 жаштын төрүндө колунан ийнеси, көзүнөн көз айнеги түшпөгөн дилгирлүү, дем күчтүү ардактуу эжейибиз мындан ары да балдарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн курчоосунда бакубат карылыктын бактылуу күндөрүн көрө беришин биз да чын жүрөктөн каалайбыз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер