СЕКСЕН ЖАШТАГЫ УЗ АПА

  • 27.03.2022
  • 0

Немец жазуучусу Гёте сексен жашында  «Фаустту» жазса, кыргызстандык уз Тотукан Өскөнбаева энелер мурасы кол өнөрчүлүк менен алектенип  келет. Колунан көөрү төгүлгөн чебер устаттын шакирттеринин саны учурда 400дөн ашты.

СЕКСЕН ЖАШТАГЫ УЗ АПА

Элдик чеберди мен Ош базарындагы кол өнөрчүлөрдүн ордосу  «Кыял» бирикмесинин үчүнчү кабатынан издеп таптым. Жүргөн-турганы тың, ачык маңдай байбиче өз курагынан кыйла жаш көрүнөт экен.

-Жашым 80ге келип калды.  Дагы бир жыл иштейминби, эки жыл иштейминби, кудай билет, максатым көбүрөөк жаштар энелер өнөрүн мурастап калса дейм. Баланы багып өстүрүү да эне үчүн чоң эмгек дечи, бирок иш билги адамдын артында сөзсүз эмгеги да калышы керек, — дейт элдик чебер.

СЕКСЕН ЖАШТАГЫ УЗ АПА

Анан өнөрканасы менен тааныштырды. Мындагы боз үйдүн жасалгасы көргөн адамдын көз жоосун алат. Чачылары түркүн түстөгү чаян желбоону таңыркап карап калыпмын.

—   Бул чынында боз үйдүн көркүнө көрк, кереметине керемет кошкон ажайып буюм. Чаян желбоону жаш жубайларга арналып тигилген боз үйгө илишкен, —  дейт ал желбоону колуна алып.

СЕКСЕН ЖАШТАГЫ УЗ АПА

Азыркы жаштар баш кошкондо Батыштын салты менен үйлөнүшөт эмеспи, ал эми Тотукан апанын айтуусунда анын күйөөгө узатуу салтанаты нукура кыргыз салтында өткөн экен.

— Он алты жашымда турмушка чыктым. Жолдошум менден үч жашка улуу болчу. Ата-энем эки боз үй тиктирип, өлөң айттырып, кыз узатуу кошогун коштуруп, сайма тердик, күмүш жабдыктар менен жабылган атка отургузуп, бешенемден өөп, батасын берип, мени шаан-шөкөт менен узатты, — деп эскерет апа ошондогу өмүрүнүн эң кубанычтуу ирмемдерин.

Жаш жубайлар айылда бир жума болгондо эл менен жайлоого көчүшөт. Айылда өскөн Тотукан бат эле бээ саап, сабоо бышканды, оймо боорсок, каттама бышырганды үйрөнүп алат. Кошуна ападан  өрмөк сокконду, чий чырмап, шырдак оюп, тон бычканды да үйрөнөт.

Жайлоонун түйшүгүнөн колу бошой калганда эринбей жастыкка, туш кийизге сайма сайып, өрмөк согуп, андан шалча, дикек, куржун жасап, куюшкан өрүп, басмайыл чырмап, жүн сабап, кийиз жасап, шырдак шырат.  Бул өнөрү өзгөчө кайын энесине жакты.

Кийинки жылы жайлоого барбай айылда тиричилик кылып, жашылча бригадасында эсепчи болду. Көп өтпөй Токмоктогу маданий агартуу окуу жайында сырттан окуп, дээрлик отуз жыл Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик айылынын китепканасында эмгектенди.

— Башында мектепте окуучуларга кружок өттүм. Китепканада да иштеп жүрдүм. Иштеп жүрүп боз үйдү жасаганды үйрөндүк. Анткени  боз үйүбүз унутулуп бараткан. Жалаң Европанын буюмун  колдонуп калганбыз. Ушуга ичим ачышчу, өзүбүздүн жүндөрүбүз өрттөлүп жатат, чийибиз, таарыбыз согулбай, өрмөгүбүз өрүлбөй, шырдагыбыз шырылбай калды деп аябай өкүнчүмүн, — дейт элдик уз.

1970-жылы айылдагы кыз-келиндерди уюштуруп, бир килодон жүн чогултуп, боз үйгө төгөт.

— Аракетимди жетекчилер колдошту. Кыздарга, келиндерге термени үйрөттүм, аялдарга кийиз жасатып, туурдуктарын жасаттырдым, ошентип бир жылда боз үйдү даярдап бүтүрдүк. Аксакалдардын батасын алдык. Кийин шаарга, районго, облуска боз үй тигип бердик. Ошентип бизди эл тааный баштады, — дейт демилгечи.

СЕКСЕН ЖАШТАГЫ УЗ АПА

«Өнөр өргө жеткирет» деп элибизде бекер айтылбаса керек. Тотукан эженин өнөрү арткан сайын, ийгилиги да көбөйө берди.
Окуткан окуучуларынын арасынан бешинчи класстан онунчу класска чейин үзбөй катышкан бир кыз кароо-сынакта  Гран приге чейин жетти. Бир шакирти азыр балдар чыгармачылык үйүнүн директору болсо, дагы бирөөсү мугалим болуп иштеп жатат.

СЕКСЕН ЖАШТАГЫ УЗ АПА

Энелер өнөрүн аздектеген уз ар кандай кароо-сынак, фестивалдарга байма-бай катышып, Америкадан баштап, Түркия, Кытай, Чехословакия, Венгрия, Англия, Франция, Индия, Казакстан, Өзбекстан менен Тажикстанга чейин барды.
Өлкө ичиндеги баардык иш-чараларга да үзбөй катышып турду. Барпы атанын 120 жылдыгына, айтылуу акын Жеңижоктун мааракесине, жаштардын шаары аталган Жалал-Абаддын 120, 130 жылдыгына, Курманбек баатырдын 500 жылдыгына, «Ош — 3000», «Манас — 1000» салтанаттарына, Токтогулдун 150 жылдыгына, Алай ханышасы Курманжан датканын 200 жылдыгына, ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн бир нече курултайына, көптөгөн сынак, фестивалдарга өз колу менен жасаган буюмдары менен барып, Ардак грамота, дипломдор менен сыйланды.  «Баатыр эне», «Манас-1000», «Кыргыз тил», «Эл агартуу отличниги», «Эмгек ардагери» төш белгилеринин ээси Тотукан Өскөнбаева   ушул күндөрү да элдик өнөрдү жайылтып, жаштарга үлгү, шакирттерине устат болуп талыкпай эмгектенип жатат.

— Эне мурастарын, ата мурастарын пайдаланганда элибиз оңолот, бийлик оңолот, өзүбүз да оңолобуз, — дейт Тотукан Өскөнбаева мени менен коштошуп жатып.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер