САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ – ЖАҢЫЛАНУУНУН МААНИЛҮҮ ФАКТОРУ
- 03.07.2024
- 0
Билим берүү тармагына тиешеси бар адамдардын баары (билим берүү ишин уюштуруучулар, көзөмөлдөөчүлөр, насаатчылар, мугалимдер, окуучулар, ата-энелер ж.б.у.с) заман талабы болгон санариптик көндүмдөргө жетик ээ болмоюнча, алдыдагы 12 жылдык мектепке шыр өтүү тууралуу кыялданбай эле койгонубуз оң. Бул тууралуу 3-июнда Бишкекте өз ишин жыйынтыктап жаткан билим берүү форумунда ачык-айкын сөз болду.
Форумда чыгып сүйлөгөн Билим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Шаршенбай уулу Нурлан билим берүү системасын санариптик трансформациялоонун учурдагы абалына, программалык табылгаларды ишке киргизүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдоруна, учурда колдонуудагы маалыматтык системаларга, дагы кандай маалыматтык системалар колдонууга киргизилерине кенен токтолду.
— Ковид-2019 кыргызстандыктар үчүн зор сыноо болгону менен жалпы элибиздин санариптик көндүмдөрүнүн тездик менен калыптануусунда зор роль ойноду. Адамдар биринчи жолу билим берүүчү менен түздөн-түз контакт болбой, аралыктан билим алууга мүмкүн экенин иш жүзүндө көрүштү, — деди Шаршенбай уулу Нурлан.
Анын сөзүнө караганда, тоолуу өлкөбүздөгү 2350 мамлекеттик, муниципалдык жана менчик мектептердин ичинен 2161 билим берүү мекемеси же 92,6%ы Интернетке туташкан. Мамлекеттик казынадан ай сайын ар бирине 2040 сом бөлүнсө, баарына жыл сайын 48 492 840 сом жумшалат. Тилекке каршы, бизде Интернетке туташпаган 185 билим уясы бар. Алар жалпы мектептердин 7,4%ын түзөт. Чүйдө 70, Жалал-Абадда 59, Нарында 24, Ош облусунда 14, Таласта 11, Ысык-Көл облусунда 2 мектеп Интернет байланышы жок балдарга билим берүүдө.
-Бул мектептердин баарын ушул жылдын аягына чейин Интернетке кошобуз. Ошондо өлкөбүздө бардык билим берүү мекемелери Интернет байланышы менен толук камсыз болот. Бирок бизде дагы деле байланыштын сапаты суроо жаратышы мүмкүн. Бир класстан 15 окуучу бир заматта Интернетке киргенде, маалымат алуу бир топ кечеңдейт же күчү жетпей калат. Айрым аймактарда жетекчилер бул көйгөйдү жергиликтүү бийликтин кошумча каржылоосу аркылуу чечүүдө, — деди баяндамачы.
Форумда өлкөбүздүн мектептери компьютерлер менен жетиштүү санда камсыз болгонбу же дагы деле муктаждык барбы деген суроого айкын жооптор берилди. Мисалы, Ош облусунун билим берүү уюмдары 9883 компьютерге ээ болушканы менен дагы 5677 компьютерге муктаж. Жалал-Абадда бул көрсөткүч 8342 (-4148), Чүйдө 7065 (-3125), Баткен облусунда 5097, (-1553), Ысык-Көлдө 3746 (-1368), Нарында 3334 (-1305), Таласта 1679 (-1220) компьютерди түзөт.
Заманбап компьютерлерге болгон зор муктаждыктарга карабастан, өлкөбүздүн билим берүү системасын санариптештирүү аракеттери учурда өз жемишин берип жатканын эч ким тана албайт. Азыркы тапта бизде ким болбосун, мектеп окуучусубу, мугалимби, жетекчиби, ата-энелерби Интернетке кирип, өзүнө керектүү маалыматты издеп тапса болот. Окуучулардын, мугалимдердин ар кандай предметтик олимпиадаларга, конференцияларга, семинар, вебинар, тренингдерге онлайн форматта катышуусу адатка айланды. Бүтүрүүчүлөр ЖРТга даярдануудан баштап, анын жыйынтыгын сурап-билүүгө чейинки бардык этаптарын Интернетсиз элестетүү кыйын. Учурда бизде мектепке чейинки билим берүү мекемесине кезекке туруу, мектепке электрондук каттоо (https://mektep.edu.gov.kg), ЖОЖдорго, колледждерге, профлицейлерге бирдиктүү каттоо порталы (https://2020.edu.gov.kg), ведостволор аралык (https://esia.tunduk.kg) “Түндүк” маалымат алмашуу бирдиктүү порталы, «Электрондук журнал», «Электрондук күндөлүк» (https//ds.edu.gov.kg), «Санарип сабак» (https//oku.edu.gov.kg) видео порталы, Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлүк ЖОЖдорго Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу окууга тапшыруусу (https: //student.edu.gov.kg), башка өлкөлөрдөн Кыргызстандын ЖОЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу (https//edugate.edu.gov.kg) порталы, Окуу китептерин башкаруу (окуу китептерин арендага берүү) https://kitep.org.kg) маалыматтык системасы иштейт.
Жыйында окуу китептерине байланышкан көп көйгөйлөр билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен келген окуу китептери боюнча маалыматтардын так эместигинен пайда болуп жатканы белгиленди. Ошондуктан санариптик трансформациялоонун ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн бардык маалыматтар так жана негиздүү болууга тийиш.
Министрликтин Санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Шаршенбай уулу Нурландын айтуусунда, билим берүүгө байланышкан бардык зарыл маалыматтарды, б.а. мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин реестрин “Балалык” (https//balalyk.edu.gov.kg), аттестат менен күбөлүктөрдүн реестрин “Күбөлүк” (https//attestat.edu.gov.kg), мугалимдер тууралуу маалыматты “Вакансиялар” (https//sanario.edu.gov.kg) маалыматтык системасынан оңой тапса болот. Ал эми өзгөчө таланттуу жаштарды колдоого багытталган “Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлер өз документтерин онлайн форматта жыл сайын 1-майдан 30-майга чейин (https//umut.edu.gov.kg) маалыматтык системасына жөнөтүшөт. Ошентип, билим берүү тармагын санариптик трансформациялоо аркылуу Шаршенбай уулу Нурландын бекем ишениминде билим берүүдөгү резонанстуу маселелердин коррупциясыз, бат жана ачык-айкын чечилиши камсыздалат.
Санариптик трансформациялоо бөлүмү демилгелеп жаткан бир катар өзгөрүүлөр форумдун катышуучуларынын зор кызыгуусун жаратты.
— Мындан ары бардык билим берүү порталдарына жана маалыматтык системаларына бир жерден кирүү үчүн bilim.gov.kg маалыматтык системасы иштей баштайт. Бул жерден жаңы ачылган бала бакчалар, педагогикалык кадрлар, аттестациялар, бош орундар, конкурстар жана алардын жыйынтыгы, дайындоолор, мугалимдерге берилүүчү ведомстволук сыйлыктар, авариялык абалдагы мектептердин курулушу, мониторинги, мигранттын балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган “Онлайн мектеп», мектеп документтерин сактоону мамлекеттик ЭДО системасынын эсебинен автоматташтыруу, тамак-ашты ар бир окуучуга эффективдүү бөлүштүрүү, коомдук-резонанстуу маселелерге чейинки так маалыматтарды тапса болот, — дейт министрликтин Санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы.
Ошол эле учурда форумдун айрым катышуучулары жаңы окуу жылында мурдагыдай эле электрондук журнал, электрондук күндөлүк менен катар кадимки журнал, күндөлүктөр колдонула береби деген суроону коюшту. Министрликтин Санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Шаршенбай уулу Нурлан учурда аталган порталдарды модернизациялоо иштери жүрүп жатканын жана жаңы окуу жылында документтердин электрондук гана форматы колдонуларын айтып өттү. Анын пикиринде мектептерде мурдагыдай эле Интернетке байланышкан бүтүндөй ишти жалгыз информатика мугалимине табыштап коюу менен санариптик трансформациялоону ишке ашыра албайбыз. Ар бир мектепке, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө министрлик менен көпүрө болуп бере алган мыкты IT адистер керек.
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер