САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОЛДОНУУ, БӨЛҮШҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯ

  • 06.02.2024
  • 0

2024-жылдын 30-31-январында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги, Кытай Эл Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы жана Шанхай элдик өкмөтү тарабынан уюштурулган “Санариптик билим берүү: колдонуу, бөлүшүү жана инновация” аталышындагы Дүйнөлүк конференцияда STEM билим берүүнү киргизүү практикасы жөнүндө баяндамасы конференциянын  катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты.

САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОЛДОНУУ, БӨЛҮШҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯ

Билим берүү — эки өлкөнүн данакери

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кытай Эл Республикасынын билим берүү министри Хуай Цзиньпэндин жеке чакыруусу боюнча аны менен жолугушту. Алар тоо-кен, суу маселелери жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу багыттар боюнча илимдер академияларынын кызматташтыгын түзүү, STEM предметтерин, экология жана жашыл экономиканы окутуу боюнча тажрыйба алмашуу, мугалимдер менен директорлордун такшалмаларын (стажировка), студенттер үчүн жайкы лагерлерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Ошондой эле Кытайда билим алуу үчүн студенттердин санын көбөйтүү боюнча сунуштарын айтышты.

САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОЛДОНУУ, БӨЛҮШҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯ

САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОЛДОНУУ, БӨЛҮШҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯ

Министр Догдуркүл Кендирбаева Шанхай шаарынын мэри, Шанхайдын билим берүү департаментинин жетекчиси, Гонконгдун жана Макаонун алдыңкы техникалык университеттеринин ректорлору менен да жолугушту. Тараптар билим берүү жана илим тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти. Мындан сырткары  конференциянын жүрүшүндө министр Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын билим берүү жана илим министри Лувсанренцэнгийн Энх-Амгалан менен санариптик окутуу, мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоо жана китеп басып чыгаруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн  кызматташууну макулдашты.

Билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу демилгеси

Дүйнөлүк конференцияга делегациянын катарында барган И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаевге бир нече суроолор менен кайрылдык.

САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОЛДОНУУ, БӨЛҮШҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯ

— Мирлан мырза, алдыңкы технологияларды колдонуу менен билим берүүнү жогорку деңгээлге алып чыгууну көздөгөн дүйнөлүк конференция Кыргызстан үчүн мааниси канча?

— Өзгөчө пандемиядан кийин билим берүү системасы трансформациядан өтүп, санариптештирүү активдүү түрдө ишке ашып жатат. Мурда санарип кошумча билим берүү болуп саналчу, кошумча платформалар колдонулчу. Азыр билим берүү процесси жалпы гибриддик форматка өтө баштады. Мугалимдер окуучуларга тапшырмалдарды онлайн форматта интернет аркылуу дагы, ошол эле кезде аудиторияда дагы берип жатат. Ошондуктан  Кытай Республикасы дүйнөлүк  масштабда өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүү максатын көздөп, демилге көтөрүп 70тей өлкөлөрдөн келген 800дөй адамдын башын бириктирип,  ушул теманын тегерегинде чогуу иштерди алып баралы деген дүйнөлүк конференция уюштурду.

— Кайсы маселелер талкууланды?

— Санариптештирүү билим берүүдө кайсы форматта өнүгүш керек, жасалма интеллектин этикасы кандай болуш керек деген суроолор талкууланды. Билим берүүгө жасалма интеллекти сөзсүз киргизүү керек, бирок этикалык нормалар болуш керек. Мисалы, балдарга тапшырма берип жатканда ал өзүнүн оюн жазышы керек, жөн эле жасалма интеллекти көчүрүп койбой. Аны деле техникалык жактан текшерсе болот. Анткени тапшырманы жасалма интеллектпи же бала өзү аткарганын текшерүү мүмкүнчүлүктөрү азыр бар.

Конференцияда бир мектептин директору өзүнүн тажрыйбасын айтып берди. Мектептин форматында  маалыматтык система, жасалма интеллект жана Big Data ар бир баланын кызыккан  темаларын анализ кылып турушат экен. Балдар кайсы темага кызыгып жатса, ошого жараша  тапшырмалар берилет. Андыктан балдар кызыгып окушат экен. Андан тышкары санариптештирүүнү дене тарбия сабагына да киргизишиптир.  Ар бир баланын өзүнүн сааттарын колдонуп,  ал жерге окуучунун кан басымы, жүрөктүн согушу текшерилип, анализделип турат. Бул система мугалимге абдан чоң жардам берип, эгер окуучу дарыланууга муктаж болсо, түз эле баланы текшерүүдөн өткөрүш керек деген жыйынтык чыгарылат ж.б.у.с.  Биз окуучуну болобу, студентти болобу окууга  келген, келбегенин журнал аркылуу текшеребиз, ал эми Кытайда система өзү ким сабакка келди, ким келе элек деп санап берет. Министрликтин  жетекчилеринен тартып мектеп администрациясына чейин  мектепте, окуу жайда мугалим/окутуучу кандай сабак өтүп жатканын система аркылуу көрүп турушат. Кыскасы, окуганга, сапаттуу билим алганга бардык шарттар бар экен. Ал  жерден уккан, көргөн тажрыйбаларды өзүбүздө пайдалансак болот. Чогуу биргелешип, долбоорлор менен дагы иштеп жатабыз. Биздин  Билим берүү жана илим министрилиги жаңы платформаны долбоор кылып түзүп жатат. Дегеле ар бир өлкөнүн өзүнүн платформасы бар, т.а. ата-энелерге, администрацияга, окуучуларга  жеңил шарттарды түзүп беришибиз керек. Эгерде башкаруу системасын түзсөк, ага окуу-методикалык маалымат дагы, окуу жайдын өзүнүн инфраструктурасы дагы, окуу процесси дагы кирет.

Иш-чаранын ачылышында санариптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ассоциация түзүү үчүн глобалдык өнөктөштүк демилгеси көтөрүлдү.

— Өнүккөн Кытай мамлекетинде заманбап технология шаар менен айылдын ажырымын жоё алабы?

— Кытайда бардык мектептер макулдашып, бир программага методикалык ресурстар иштелип чыгат экен. Бул анимация, тесттер ж.б.у.с. Алыскы аймактагы мектептерде интернет жок болсо, ал жерге локалдуу серверлер коюлуп, ал башкы серверлер менен синхрондоштуруп, жок дегенде бир-эки айда тапшырмалар жаңыланып турат экен. Анан бала үйүнө барып, телефонунан же планшетинен ошол тапшырмаларды көчүрүп алса болот. Шаардагы абал, албетте, айылга салыштырмалуу жеңил. Ал  жерде деле биздикиндей кыйынчылыктар жок эмес. Бирок техникалык жактан маселелерди чечип жатышыптыр. Биз дагы ошол тажрыйбаларды колдонуп, технологияларды пайдалансак болот.

Кытай чиновниктери айылдарда жана алыскы аймактарда мүмкүн болушунча көп окуучуларга жетүү үчүн «акылдуу» класстарды, мектептердеги Интернетти жана башка технологиялык куралдарды кеңейтүүнүн прогресси жана маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөштү.

КЭР Мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери Сун Чунлан кийинки он жылдагы санариптик билим берүүнү оптималдаштыруу пландары жөнүндө айткандан кийин, бул ресурстар айыл менен шаардын ортосундагы ажырымды жоюуга жана билим берүүдө теңчиликти камсыз кылууга жардам берет деп баса белгиледи. Ал Кытай мугалимдерди даярдоого көбүрөөк көңүл бурат, технологиялык продукциянын сапатын жогорулатат жана таланттарды даярдоодо аларды колдонууга үндөйт деп ишендирди.

Ошол эле учурда, Бириккен Улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Одри Азуле да азыркы доордо санариптик билим берүүнүн артыкчылыктарын белгилеп, ал көбүрөөк инклюзивдүү болушу керектигин кошумчалады. Бирок ал билим берүүнүн мындай формасы эч качан бетме-бет окутууну алмаштыра албасын баса белгиледи.

Конференцияда төрт сессияда негизги, кесиптик жана жогорку билим берүүнүн абалы, ошондой эле интеллектуалдык окутуу программаларынын эволюциясы каралды. Мындан тышкары, санариптик  ресурстарды жана окутууну колдоо тутумдарын колдонуу, мугалимдер жана студенттер үчүн алардын жеткиликтүүлүгүн оптималдаштыруу жолдору жана жакшыраак башкаруу эрежелери талкууланды.

Көп өлкөлөрдө мугалим статусу өзгөчө каралган. Кытайда мугалимдик кесип өзгөчө бааланат. Ошондуктан алар жакшы эмгек акы, жакшы пенсия алышат. Мугалимдерге бардык шарттар түзүлөт. Престиждүү кесип деп эсептелет.  Биздин өлкөдө деле ошол мугалимдин аброюн көтөрүү аракети жүрүп жатат.  Мугалимдин статусун жогорулатууга баратабыз.

— Санариптештирүүдө Кытай кандай секирип жасаптыр?

— Санариптештирүү трансформация бизде да өтүп жатат.  Кээ бир багыттар боюнча тажрыйба алдык. Кытайда кошумча IoT, же “интернет нерселерди” колдонушат экен. Окуу жайларда  ошол жабдыктарды окуу процессинде көбүрөөк колдонот. Бул, биринчиден, камералар орнотулуп, сабактын жүрүшү, статистика ошол аркылуу алынат. Экинчиден, камералар аркылуу окуу процессин  жаздырганды көбүрөөк колдонушат экен.  Мугалимдин сабагын  кошумча видеого жаздырып, ал серверлерге жайгашат. Окуучу  үйдөн да ошол өткөн теманы карап, кайталап  алса болот. Ошондой технологиялдар көбүрөөк колдонулат экен.

Ушул жылы биз Кытай өлкөсү менен  “Мастерская Лу Баня” деген ишти чогуу ишке ашыралы деп жатабыз. “Мастерская Лу Баня” — Кытайдын билим берүү министрлигинин жетекчилиги астында Тяньцзинь муниципалитети тарабынан түзүлгөн жана жайылтылган кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү белгилүү эл аралык бренд. Академиялык билимди кесиптик даярдык менен айкалыштырып, Кытай стандарттарын колдонуп, жергиликтүү мугалимдерди даярдап, андан кийин студенттерди окутат.

Проект ичинде биз эки ошондой смарт аудитория түзөбүз. Ал жерде бардык заманбап техникалык шарттар  көрсөтүлгөн. Быйыл ишке киргизебиз. Бизге салыштырмалуу Кытай университеттери  кампустары, масштабдары, имараттары көбүрөөк, инфраструктурасы менен айырмаланат. А бирок ал жерде  элдер көп, жогорку окуу жайга тапшырам дегендердин көбү тапшыра албай калат. Өткөн жылдары 320 млн киши жожго өтпөй калган. Ал жерде квотага жараша өтөт. Биз Цзянь шаарындагы  түндүк-батыш университети менен кызматташуу боюнча келишим түздүк.  Биринчиден, биргелешкен окуу программаларды ачалы дедик. Кытайда эки нерсеге басым жасалат — логистикага жана эл аралык  соодага. Эл аралык соода боюнча биргелешкен программаны ачабыз. Экинчиден, химиялык инженерия, химиялык технология деген бар, ошол боюнча дагы бир программаны чогуу иштетели деп жатабыз.

— Кытайда компьютер чыгарчу заводдор менен сүйлөшө алдыңыздарбы?

— Биздин мамлекет жетекчилери ар бир мугалимге ноутбук деп жакшы демилге көтөрүп жатат. Биз Кытайга барганда ноутбук чыгарган заводдорго бардык, алар кандай шартта чыгарарын көрүп, тааныштык. Алардын талаптары, сунуштары көп экен. Мисалы, студенттерге, окуучуларга башка конфигурация сунушталат. Мисалы, мектеп окуучуларына суу кирбеген, түшүп кетсе жарака кетпегендей компьютерлерди чыгарышат, ал эми мугалимдерге көбүнчө  күчтүрөөк  конфигурация сунушталат экен. Бардык конфигурациясын  биз азыр салыштырып,  анализ кылып жатабыз. Ар бир компьютерди чогулткан завод эң арзан бааны айтып жатат.  Дүйнө боюнча ошол завод чыгарган компьютерлер арзан болот экен. Биздин бюджетке дагы жакшы болчудай. Эгерде арзан баада мугалимдерди ноутбук менен камсыз кылсак, кийинки  кадамдарга, т.а. санариптештирүүнү реалдуу ишке ашырганга мүмкүнчүлүк болот.

Бул идеяны ишке ашыруу үчүн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана ОшМУнун базасында өлкөбүздүн мектептеринде колдонула турган компьютердик техникаларды тейлөө борборлору ачылат.

Жалпысынан Кыргызстанда санариптештирүү боюнча көп иштер жасалып жатат, дээрлик бардык мамлекеттик кызматтар санариптештирилген, билим берүү мекемелерине кабыл алуу дээрлик толугу менен санарип форматта жүргүзүлөт. Жалпысынан билим берүү системасын санариптештирүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги мектептик билим берүү программаларын өркүндөтүү жана билим берүү ресурстарын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Кийинки кадам – санариптик технологиялар боюнча мугалимдерибиздин квалификациясын жогорулатуу, аларды өз алдынча колдонууга жана окуу материалдарын өз алдынча иштеп чыгууга жана окуу процессинде колдонууга үйрөтүү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер