САНАРИПТЕШТИРҮҮ ШАРТЫНДА ОКУУ ЖАЙЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО

  • 03.03.2022
  • 0

Келебаев Касымбек Кенешович

Бишкек техникалык колледждин директору  т.и.к

Билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын стратегиялык максаты: сапаттуу кесипкөй кадрлардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Билим берүү экономиканын инновациялык өнүгүүсүнө жооп берген, , коомдун жана ар бир инсандын заманбап талаптарын канааттандыруу.

Өлкөнүн ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ачкычы,  кесипкөй билимдүү ыймандуу жаш адистерди даярдоо. Бирок ошол эле учурда билим берүү уюмдары өтө татаал процесстен өтүүсү керек, ал кесиптик билим берүүнү санариптик  трансформациялоо, мезгилдин  кыйынчылыктарына ийкемдүү жооп кайтаруу.

Трансформация жаңы интерактивдик билим берүү системасын курууну көздөйт, студент мүмкүнчүлүгүнө жараша окуу темпин, программасын, бош убактысын жана баштапкы деңгээлин эске алуу менен тандайт.

Санариптик трансформациянын стратегиялык максаты: заманбап технологияларды  колдонуунун натыйжалуулугун жана ийкемдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат, жеке инсанга багытталган жогорку сапаттагы натыйжа берүүчу билим берүү процессин калыптандыруу.

Санариптик трансформация процессинде ар бир билим берүү мекемеси анын өнүгүшүнүн белгилүү этаптарынан өтөт: автоматташтыруудан, жаңы кайтарым байланыш системаларынан, интерактивдүү билим берүү процессин куруудан. Бирок, жалпы санариптик трансформацияны ишке киргизүүнүн жана өнүктүрүүнүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн белгилесек.

Биринчи этап — бизнес процесстерин автоматташтырууну камтыйт, негизинен өз алдынча же белгилүү бир буйрук менен иштелип чыккан , маалыматтык система, окуу жайга кабыл алуудан буткөнгө чейинки процессти камтыйт, окуу процессин уюштуруу (окуу графигин түзүү, окуу процессин пландаштыруу, билимди текшерүү жана башкалар), ошондой эле мекеменин локалдык компьютердик тармагын өнүктүрүү жана оптималдаштыруу. Бул этапта кунумдук  процесстерди электрондук форматка өткөрүү, бирок процесстердин өзү, ошол эле учурда, эч кандай сапаттык өзгөрүүлөр белгиленбейт (байкалбайт).

Окуу процессинде алмаштыруу жана өркүндөтүү процесси жүрөт жана билим берүү мазмунун: санариптештирүү жүргүзүлөт, «сүйлөшүүчү баш» принциби боюнча электрондук курстар, электрондук портфелди түзүү процесси. Окутуучулар маалыматтык технологияларды өздөштүрүү менен аларды окуу процессинде активдүү колдонуу кучөйт, аралыктан окутуу технологияларын колдонушат, негизинен колдонулуп жаткан окутуу методдорунун алкагында.

Экинчи этап — билим берүү процесстерине өзгөртүүлөрдү киргизет, маалыматтык технологияларды колдонууга болгон мамилени өзгөртөт, аларга айкалыштырып билим берүүдө жана тарбиялоодо, интерактивдүү ыкмаларды активтүү колдоно баштайт. Ага ылайык аралаш (күндүзгү жана дистанттык аралыктан) окутуу процесси  күндүзгү жана аралыктан окутуунун белгилүү пропорциялары менен ишке ашырыла баштайт.

Бул этапта автоматтык баалоо механизмдери киргизилет. Окутуунун натыйжалары, электрондук портфолио автоматтык түрдө түзүлөт,методикалык материалдар электрондук форматка которулат.

Маалыматтык системаларды ишке киргизүү процессинде системалуу башкаруу процесстерин талдоо жана оптималдаштыруу олуттуу сапаттык  өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.

Үчүнчү этап — маалымат системалары бирдиктүү булуттуу санариптик мейкиндикти түзөт «бир терезе» принцибинде. Окуу процессинин жүрүшүн визуализациялоо жана билим берүүнүн натыйжалары ачык активдүү колдонулат, билим берүү ресурстары, санариптик платформалар,  студент жеке билим берүү маршрутун пландаштыруу жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Колледждин окутуучулары жана студенттери активдүү булут кызматтарын колдонушат. Өзгөртүлгөн талаптарды эске алуу менен санариптик коомдун жаңы ыкмалары иштелип чыгып, ишке ашырылууда окутуу процессинде, окутуучулар тарабынан активдүү колдонулат. Ошентип, инфраструктура санариптик колледжге өтүүнүн акыркы этабына даяр деп айттууга болот.

Акыркы этап — процесстин акыркы абалын чагылдырат билим берүүдө активдүү колдонууну камтыган трансформация санариптик лабораториялардын процесси, окуу тренажерлору, симуляторлор, виртуалдык лабораториялар, интерактивдүү оюндар, анда ар бир студент индивидуалдуу билим курууга мүмкүнчүлүгү бар траекториясы менен билим берүү процесси ийкемдүү болуп, жекелештирилген  натыйжага багытталган болот.

Санариптик трансформациянын маанилүү элементи болуп уюмдун санариптик жетилгендигинин аудити саналат.

Open College 4.0 жаңы муундун билим берүү мекемеси болуп саналат.

Мында Индустрия 4.0 технологиялары жигердүү колдонууга (окуу фабрикалары / фирмалар, кайноо пункттары, сүйлөшүү аянтчалары ж.б.), мүмкүндүк берет, камтыган социалдык-билим берүү мейкиндигинде, социалдык өнөктөштөр менен керектөөчүлөрдүн катышуусунда, кызыктар тараптар менен активтүү иштөө.

Билим берүү мекемеси ишинин келечектүү багыты болуп, бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү болушу мүмкүн, бизнес-өнөктөштөр/жумуш берүүчүлөр бири — бирин өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Тармактык кооперация (бирдиктүү башкаруу системасын киргизүү, өнөр жай өнөктөштөрү менен кызматташуу; бирдиктүү системаны иштеп чыгуу, өнөктөштүк муктаждыктарын талдоо, иштеп жаткандардын натыйжалуулугун баалоо, IT өнөктөштүктү башкаруу системаларынын маалыматтарын эске алуу менен кызматташуу).Ар кандай маселелер боюнча тармактык өнөктөштөр менен системалуу өз ара аракеттенүү, практикалык окууларды уюштурууга мүмкүндук берет, келечектеги адистин жеке өнүгүү траекториясы андан ары жумуш менен камсыз кылуу.

Мекемелердин байланыш «жакындыгы» маселелерди чечүү кесиптик билим берүү системасынын коммуникативдик түзүлүшү болот, ар кандай курактагы максаттуу аудитория үчүн мейкиндиктер, жаңы иш форматтары: коворкинг мейкиндиктери, кайноо пункттары, жаштар борборлору стартаптар, биргелешкен коомдук долбоорлор ж.б.

Колледж ар кандай категориядагы жарандарды тартуучу жайга айланат. Мектеп окуучуларына, кары-картаңдарга, алар учун шарттар түзүлгөн өз ара аракеттенүүгө, негизги улуттук баалуулуктар менен тааныштыруу, өнүктүрүү таанып билүү жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, коомдук жана жарандык активдүүлүктөрүн, өз алдынчалык  жоопкерчиликти өркүндөтү ж.б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер