«САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ МЕНЕН ИННОВАЦИЯЛАРЫ»

  • 05.03.2022
  • 0

 «Таалим-Форум» коомдук фонду «Санариптешүү доорундагы билим берүүнүн стратегиялары менен инновациялары» деп аталган эл аралык конференцияга катышууга чакырат.

«Таалим-Форум» коомдук фонду (Кыргызстан), «NNK» (Монголия), «Анахита» (Тажикстан) уюмдары менен биргелешип: «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуунун инновациялык ыкмалары» аттуу долбоорун GPE KIX тажрыйба алмашуу жана инновациялар программасы жана Эл аралык өнүгүүнү изилдөө борборунун колдоосу (IDRC, Канада)  ишке ашырууда. Конференция Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө.

Аталган конференция билим берүү тармагындагы изилдөөчүлөрдүн, эксперттердин, мугалимдердин, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесипкөйлүк боюнча баарлашуусун кеңейтүүгө, пикир алмашууга жана тажрыйба бөлүшүүсүнө арналат. Конференциянын катышуучуларына берилген бул аянтчада: билимдерди топтоо, аны пайдаланган тармактарга инновациялык ыкмаларды, аралыктан билим берүү технологияларын киргизүү, улуттук билим берүү системасы туш болгон маселелерди чечүү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жана келечекти көрө билүү, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана бардыгына жеткиликтүү билим менен камсыз кылуунун ачкычтары менен стратегияларын аныктоого багытталган.

Конференцияны Бишкек шаарында 2022-жылдын 5-6-октябрында өткөрүү пландалууда. Өтүүчү форматы – гибриддүү (офлайн/онлайн); кыргыз, орус жана англис тилдеринде өткөрүлөт.

Конференциянын программасы: пленардык жыйналышта билим берүүнүн стратегиялары, саясаты жана инновациялар боюнча жетектөөчү эксперттердин сөзү; темалар боюнча сессиялык жыйындар; жолугушуулар, практикалык сессиялар жана маданий программалар.

Сессиялык жыйындарда төмөндөгү темалар каралат (бирок чектөө коюлбайт):

  1. COVID – 19 пандемия учурундагы мектепте жүргүзүлгөн иш чаралар жана билим берүү ыкмалары.
  2. Мектеп билим берүүсүндөгү: мыкты тажрыйбалар жана инновациялар, МКТны колдонуу (маалымат-коммуникация технологиялары).
  3. Билим берүүгө бирдей даражада жеткиликтүү болуу: стратегиялар жана аткарылган иштер.
  4. Билим берүүнү баалоо жолдору: жаңы ачкычтары жана ыкмалары.
  5. Мугалим – инновацияларга багыттоочу адам.
  6. Санариптешүү шартында мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу.
  7. COVID – 19 учурундагы билим берүү тармагын изилдөө.
  8. Мектептерди санарипке өткөрүү жана мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу: эл аралык тажрыйба.

Конференцияга катышуу үчүн төмөндө берилген форманы 2022-жылдын 15-апрелине чейин толтуруу зарыл: https://forms.gle/bRFN3DcAYXt9dLyt6.

«САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ МЕНЕН ИННОВАЦИЯЛАРЫ»

Макаланын толук варианты чакыруу жиберилгенден кийин жөнөтүлүшү керек. Макаланын кыскача мазмуну менен таанышкандан кийин, катышуучуга макалага коюлуучу талаптар өзүнчө жиберилет. Макаланын толук вариантын жөнөтүү мөөнөтү  2022-жылдын 15-июнуна чейин.

 

Конференция жыйынтыкталган соң макалалардын жыйнагы чыгарылат.

Уюштуруу комитети

Эл. дарек: [email protected]

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер