САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

  • 01.10.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  30-сентябрдан 1-октябрга чейин “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагын өткөрүп жатат. Сынактын негизги принциптери — ачыктык, сынактын өткөрүү процедураларынын айкындуулугу жана баардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү, талаптарды камсыз кылуу. Сынактын төртүнчү туруна өлкөнүн жети дубанынан жана Ош, Бишкек шаарынан үчүнчү этапта биринчиликти багындырган мугалимдер, тарбиячылар келип, билим сынагында  күчтөрүн сынап жатышат.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

 

Мугалим – кесиптердин каймагы

Мугалим ким? Шыктандырган максатка,

Асыл ойду, айтып келет ар саатта.

Мугалимдик кесип улуу чынында,

Асман жолун ачып берген адамзатка.

Мугалим ким? Сүйүп турган балдарды,

Окуучусун өздөй сүйгөн жан барбы?

Булак көзүн ачкан өңдүү чын дилден,

Мугалим бул – кесиптердин каймагы, — деген ыр саптары менен  “Жылдын мыкты мугалими — 2021” республикалык сынагы борбор калаадагы А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин  базасында  ачылып, өлкөбүздүн булуң-бурчунан тандалып келген мыкты мугалимдер, тарбиячылар сахнанын көркүн ачты. Алар: Ош облусунун Кара-Суу районундагы №79 Чолпон атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Феруза Мирзаева, Баткен облусунун Лейлек районундагы №5 мектеп-гимназиянын математика мугалими Бактыгүл Сагыналы кызы, Бишкек шаарындагы №57 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлзат Жапарова, Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-түрк достугу” мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ы.Туманов атындагы орто мектебинин математика мугалими Нурзада Абдыкалыкова, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы №29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Акылай Мараимова, Талас шаарындагы №1 А.Чолпонкулов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эльмира Бегалиева, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы И.Айдарбеков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Мария Медведева, Нарын облусунун Нарын районундагы Керимбай уулу Сарыбай орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Таалайкүл Куленбекова.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

 

Изденүүдөн ийгиликтер жаралат

Чу дегенде эле сынактын биринчи турунда өзүн-өзү тааныштыруу тапшырмасында тогуз катышуучунун ичинен иргелип үч нукура мугалим чыга келди. Алар баскан-турганы, сүйлөгөнү, өзүн тааныштыра билгендиги, калыстар тобунун берген суроолоруна так жана туура жооп бергендиги менен залда отургандардын жүрөгүнөн түнөк табышты. Алардын бири Оштон келген Илгиз Шамырзаев, конкурсанттардын ичинен жалгыз эркек, болгондо да жаш мугалим. Анын мектепте иштегенине беш жылдын жүзү болуптур.  Илгиз Шамырзаев өзүн тааныштырууда заманбап технологияны мыкты өздөштүргөнүн, жаш болсо дагы методикага  байланыштуу үч китепти жазып койгонун, облустук, шаардык деңгээлде ар кандай сынактарга катышып, дайыма байгелүү орундарды багынтып келатканын анын видеоролигинен көрдүк.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

— Окуткан, окуттурган,

Азга да топук кылган.

Жакшыга эшик ачып,

Жамандан тосуп турган.

Мекенге ар жыл сайын,

Мекенчил уул-кыздарды кошуп турган,

МЕН МУГАЛИММИН! – деп ал сөзүн баштады.

Мугалимдикке болгон анын кызыгуусу окуучулук партадан эле башталган экен. Ошол кызыгуусу аркылуу мугалимдик кесипке  кадам таштаганын айтты.

— Эмгек жолумда ийгиликтин башкы тепкичи кесипти туура тандоодон башталарын түшүндүм. Өз кесибимди жаңылбай тандадым. Кесибиме болгон сүйүүм студенттик чагымда эле ийгилик жаратуума себеп болду. Анын натыйжасында 2016-жылы студенттердин «Педагогикалык дебют — 2016» республикалык сынагында баш байгени жеңип алдым.

Кесибиме кантип кадам таштадым,

Өнүгүүнү кайдан, кантип баштадым?

Өсөм дедим өзгөлөрдөн жол издеп,

Барактадым көп китепти жооп издеп.

Ар бир китеп ачып каткан сырларын,

Айтты акыл, тажабастан тыңдадым.

Кесиптик өнүгүүмө өбөлгө болгон дагы бир таасир катары педагогикалык кызматташтыкты айтар элем. Мыкты мугалимдердин, кесиптештеримдин сабактарына катышып, педагогикалык чеберчиликтин сырларын өздөштүрдүм. Ошол эле учурда өзүм өткөн сабактарга кесиптештеримдин берген баалары мени жаңы идеяларга багыттап турду. Ар күнү сабакка иштелме жазуудан тажабайм. План-иштелме мугалимдин алдыдагы сабагына даярдыгы, жоопкерчилиги экенин жакшы түшүнөм. Бул мени мыкты сабактарды өтүп гана тим болбостон, мыкты план-иштелмелер сынактарында бир нече жолу жеңүүчү болууга да жеткирди, — деди Илгиз.

Ал өз тажрыйбасы менен башкалар менен бөлүшүп тураарын баса белгиледи. Анын эмгектери мезгилдүү басылмаларда жарыяланып келатканы да айтылды.

— Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар – окуучунун өнүгүүсүнө өбөлгө боло тургандыгын ар дайым эске алам.

Ушул собол тынчтык бербей түйшөлтөт,

Окуучулар качан, кантип өнүгөт?

Жообун таптым: суроо жана тапшырма,

Багытталса окуучуга дайыма.

Ойго салып, сезимдерде күү чертип,

Туруш керек өнүгүүгө дем берип.

Албетте, бул тапшырмаларды бала аткаргандан кийин, анын өнүгүүсү бааланып турууга тийиш. Бул үчүн баалоо каражаттарын мезгил талабына ылайык түзүп, пайдаланып келем. Биздин ишибиздин натыйжасы окуучуларыбыздын жетишкендиги менен бааланат эмеспи. Алардын окуудагы, шаардык жана республикалык сынактардагы ийгиликтери изденип иштөөгө түртүп келет. Изденүүдөн ийгиликтер жаралат, — деди Илгиз Шамырзаев.

Илгиздин өзүнүн сайты, каналы да бар экен.

Андан соң калыстар тобунун баардык суроолоруна такалбай туруп жооп бергени баарыбызды кубандырды. Уучубуз кур эмес экен. Нукура мугалимдердин жаш мууну келатканы жүрөгүбүздү жылытты.

“Мен тандаган, менин сүйгөн кесибим”

Философ Сократ айтканындай, экинчи тубаса мугалим алыскы Лейлектен келген Бактыгүл Сагынаалы кызы болду. Бул дагы жаш мугалим.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

Бактыгүл Лейлек районундагы №5 мектеп-гимназиясында математика мугалими болуп эмгектенип келет.

— Бүгүнкү күңдө өнүккөн өлкөлөр ар тараптуу инсанды тарбиялоо үчүн колунан келген баардык күч-аракеттерди жумшашууда. Анткени өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу адистерден көз каранды. Сапаттуу инсанды даярдоо мугалимдин ийгилигине байланыштуу. Андыктан мугалимдик кесип – тынымсыз изденүүнү жана жоопкерчиликтүүлүктү шарт кылган кызмат. Мугалим окуучулары жана чөйрөсү үчүн билим булагы болуп, келечекти, бүтүндөй бир муунду калыпка салган кеменгер инсан. Ал эми мен азыркы маалыматтык технологиянын өнүгүү доорунун мугалими – өткөндө калыптанган, тарбия системасынын жетишкендиктерин сактай билген, жаңысын жаратып, аны өз ишинде чыгармачылык менен колдоно алган кесипкөй инсан катары өз ишмердүүлүгүмдө негизги үч сапатты өнүктүрүүнү максат кыламын. Алар: билим, жөндөм жана инсандык сапаттар. Анткени, билими, жөндөмү жана инсандык сапаттары өнүккөн мугалим өзүнө жана чөйрөсүнө жарык бере алат, — деди Бактыгүл.

Билим – бул күч, энергия. Жашоонун кыйынчылыктарын билим менен жеңип, тоскоолдуктарынан билим менен гана өтө алаарыбызга токтолду.

— Бул бөлүмгө менин предмет боюнча, методика, педагогика, психология, андрогогика жана санариптик технология боюнча билимдерим кирет. Окуучулар мугалимдин катуулугун, урушкандыгын кечирет, бирок өзүнүн предметин билбегенди кечирбейт деп улуу педагог Макаренко айткан. Ошондуктан ар дайым өз предметим боюнча билимимди өнүктүрүү менен ар кандай курстарга, семинар, конференцияларга  катышып, математика сабагын турмуш менен байланыштырып, башка предметтер менен айкалыштырып өткөнгө аракет кыламын. Натыйжада окуучуларымдын бул илимге болгон кызыгуусу артып ар кандай олимпиада, конкурстарда өздөрүн активдүү көрсөтүп келүүдө. Мисалы, 2020-2021-окуу жылында 6-класстардын республикалык математика боюнча олимпиадасында жети окуучум облуска өтүп, жакшы жыйынтык бере алды жана азыркы учурда бир окуучум жеңилдетилген төлөм менен “Сапат” билим берүү мекемесинде окуусун улантууда. Ошону менен катар эле 7-класстын окуучусу Катраң айыл Өкмөтүнүн мектептеринин арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиадада 1-орунду ээледи. 9-класстын окуучусу математика боюнча райондук турда байгелүү 3-орунду камсыз кылды. Окуучуларымдын ийгилиги менин сыймыгым деп билемин, — деди конкурсант.

Андан соң ал аныкталган максатты ишке ашыруудагы окуучу менен мугалимдин биргелешкен иш-аракети, окутуунун бир канча ыкмаларын өздөштүрүү менен окуучуларга аңгеме-сабак, жомок-сабак, саякат-сабак, сахна-сабактарды максаттуу өтүп келгенин айтты.

Ал эми интерактивдүү окутуу  – бул  мугалим менен окуучунун, окуучу менен окуучунун биргелешкен иш-аракети, бири-бирине билгенин бөлүшүү менен билим куржуну толуп, сабактын натыйжалуу болушуна жардам берерине токтолду.

— Ал эми педагогика, психология, андрогогика боюнча билимдеримди пайдаланып туткасы жок каалгалардын ичине кирип, жан дүйнөсүнүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп, аларды сүйүү милдетим деп билемин. Сүйүүнүн символу – мугалим. Сүйө алган, сүйүлгөн жана сүйдүргөн мугалимге өлкөбүз гана эмес, бүтүндөй дүйнө муктаж. Мен окуучулардын жүрөгүнө жол тапкан бир жолду билемин, ал аларды сүйүү деп эсептеймин.  Ошондой эле окуучу куш сыяктуу. Мугалим бир канаты болсо, ата-эне экинчи канаты. Качан гана эки канат бирдей күүлөнгөндө гана куш алыска жана бийикке уча алат. Ошол себептен ата-энелер менен байланышты бекемдөө максатында ар кандай сынактарды уюштуруп турамын. Бул ата-энелер менен тыгыз байланышта болуунун эң жакшы ыкмасы деп билем. Мисалы, ата- энелер менен биргеликте өткөрүлгөн “Келгиле, китеп окуйлу” сынагы, “Брейн- Ринг” интеллектуалдык таймашы. Ошондой эле айыл өкмөттүн деңгээлинде уюштурулган “Билерман ордо” сынагын айталамын. Окуучуларды, ата-энелерди китеп окууга тарбиялоо менен алардын дүйнө таанымын кеңейтип, ой-өрүшүн өстүрүп, чечендикке, тапкычтыкка тарбиялай аламын жана байланышты бекемдеймин. Санарип мугалим болуу заман агымы эмес, заман талабы. Анткени, илим дүйнөсүндөгү өнүгүүлөр, байланыштын тездиги, технологиялык каражаттардын көбөйүшү, адамдын тынымсыз изденүү менен өзүн-өзү жаңылап туруусун талап кылууда. Андыктан окуучудан ат чабым алдыда болуу менен жаңы технологияларды колдонуп, ар кандай жаңы программалар менен кызыктуу сабак өтүү биздин башкы милдетибиздин бири болууда, — деди Б. Сагыналы кызы.

Ал XXI кылымдын заманбап жаш мугалими катары, multiurok, Infourok, сайттары аркылуу башка мугалимдер менен тажрыйба алмашып, өзүнүн ютубдагы жаш мугалим каналы аркылуу видеосабактарын, маалыматтарды  бөлүшүп турат. Plickers,  ZipGrade, Kahoot, Rindome, Socrstive, Edpuzzle аркылуу окуучулардан тесттердин ар кандай түрлөрүн алып, билимдерин текшергенге жетишкен заманбап мугалим. Андан сырткары bb.edu.gov, eldemi, bilim.kg  сайттарынан өзүнө керектүү маалыматтарды алып, ишмердүүлүгүндө пайдаланат. Ошону менен катар мектептин медиа бурчун жана өзүнүн жеке сайтын  түзө алган. Мектептин медиа бурчунда мектеп жөнүндө жалпы маалыматтар, иш-чаралар, жаңылыктар, жетишкендиктер  инстаграмм жана фейсбук баракчасына жайгаштырылып турат. Ал эми өзүнүн жеке сайтында анын мугалимдик ишмердүүлүгүндөгү  баардык  маалыматтары жайгаштырылып келет.  Бактыгүл жаңы технологияны өздөштүрүү менен мугалимдик жолунда бир канча ийгиликтерге да жеткен.

— Эң биринчи жеңишим окуучуларга кызыктуу, ар тараптуу сабак өтүүнү үйрөндүм, андан сырткары ар кандай конкурстарда активдүү катышып байгелүү орундарга жете алдым. Мисалы,  республика боюнча өткөрүлгөн “Санариптик педагогика” сынагында  4-орунду камсыз кылдым. Жалпылап айтканда санарип технологиялары – мугалимдик ишимди жеңилдетип, ар тараптан өнүгүүмө эң жакшы шарт түзүүдө. Жөндөм – бул жеке адамдын артыкчылыгы, мүмкүнчүлүгү. Мугалимдин жөндөмдүүлүгү – өз билимин, тажрыйбасын, мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу түрдө колдоно билүүсү. Андан сырткары сүйлөө маданияты, жүрүм- туруму, өзүн алып жүрүүсү, чечендиги, уккулуктуу так сүйлөө жөндөмү да мугалим үчүн өтө маанилүү. Анткени мугалим канчалык көптү билип, мыкты болуп турса да аны окуучуга жеткиликтүү айтып, түшүндүрүп бере албаса, билими жугумдуу боло албайт. Ошондуктан жөндөмүн колдоно билген мугалим – келечекке ишенимдүү карай алат жана окуучуга эң жакшы үлгү болуп бере алат, — дейт элеттик мугалим.

КРнын Президенти  С.Н.Жапаровдун 2021-жыл “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” Жарлыгында баса белгилегендей, инсандын, анын ичинде мугалимдин руханий адеп-ахлактык сапаттары өзгөчө мааниге ээ. Анткени мугалим жан дүйнөсү таптаза келечек ээлерин тарбиялайт. Алар мугалимден үлгү алышат. Ошондуктан эң биринчи — адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү, билимдүү, эмгекчил, сылык, жөнөкөй, адилеттүү болууга аракет кылуу жана окуучуларынын да эң мыкты инсандык сапаттарга тарбиялоо Бактыгүлдүн башкы максаты.

— Балдар кеңеш сөздөргө кулагын жаап, үлгүлүү жүрүм-турумга көзүн ачат деген жакшы сөз бар. Андыктан окуучуларга ар тараптан үлгү болуу менен негизги үч сапатымды өнүктүрүү аркылуу өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келемин.

Арасынан көп тандаган кесиптин,

Аруу балдар дүйнөсүнө кезиктим,

Окуу билим тарбиясын бүт көрүп,

Эң бир таза тунук үндү эшиттим.

Мен тандаган, менин сүйгөн кесибим,

Менин жолум, бүт ырысым кешигим.

Талбай кызмат кылгым келет өзүңө

Ката кетсем сурайм сенден кечирим.

Бейпил күндүн ачып билим эшигин,

Бергим келет менден алчу кешигин,

Аларга эмес анан кимге арналмак,

Эл агартуу мугалимдик кесибим, — деп тааныштуруу тапшырмасын жыйынтыктады. Бул жолу Бактыгүл дагы калыстар тобунун берген суроолоруна буйдалбай жооп берип жатты.

Сынактын биринчи турундагы тапшырмалардын жыйынтыгы менен алдыга Илгиз Шамырзаев, Бактыгул Сагыналы кызы, Феруза Мирзаевалар чыгышты. Албетте, жыйынтык чыгаруу али эрте. Анткени сынактын экинчи турунда дагы мыкты мугалимдер аныкталышы ыктымал.

Экинчи тур — ачык сабак

Сынактын экинчи күнү борбор калаадагы №67 мектеп-гимназиянын базасында өтүп жатат.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Хусеинованын берген маалыматына таянсак, эки күндөн бери өтүп жаткан “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун Жобосу өзгөртүлүп, жаңы иштелип чыккан.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

— Жаңы жобого ылайык ар бир облустан биринчи орунду алган мугалимдер келип, катышып жатышат. Биринчи күнү педагогикалык тажрыйбанын презентациясы, мастер-класс болду. Ачык-айкын адилеттүү өткөрүүдө күйөрмандардын, жюрилердин катышуусунда сынактын 1-туру, т.а. презентациянын жыйынтыгы ошол эле жерде чыкты. Адилеттүү, калыс баалоо максатында ар бир тапшырмага өз-өзүнчө калыстар тобу бекитилген. Калыстар тобунун мүчөлөрүнө көз карандысыз уюмдардан, жогорку окуу жайдан, мектептен, Билим берүү академиясынан, республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунан да алынган. Сынактын эң негизги өзгөчөлүгү – үч тапшырманы аткарышат. Презентация, мастер-класс жана ачык сабак. Жобо боюнча сабактын темасы ушул мектептин календардык планда кайсы сабак, кайсы теманы өтүш керек болсо конкурсанттар ошол теманы шаардык №67 мектептин окуучуларына өтүп жатышат. Сабак 40 минута болот, 5 минута анализге берилет. Ар бир тапшырмага критерийлер иштелип чыккан. Ал критерийлер мугалимдерге да берилген. Эми эсептөө комиссиясы эки күндүн тапшырмаларынан алынган баллдарды санайт, кечинде женип чыккандарды жарыялайбыз, — деди А.Хусеинова.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

Ошентип сынактын экинчи күнүндө мугалимдер мыкты сабактарын берип жатышат. Бизди сүйүндүргөнү бул жолку сынакта мугалимдердин баары заманбап технологияны колдоно билгенинде болду. Пандемияда мугалимдердин технология жаатында билимдери абдан өркүндөгөнүн байкадык.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

Америка университетинин кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучусу, жюринин мүчөсү Бурул Шамбаеванын айтуусуна караганда, өтүп жаткан сабактар жалпы жонунан жакшы деп айтса болот.

САНАРИП МУГАЛИМ ЗАМАН АГЫМЫ ЭМЕС, ЗАМАН ТАЛАБЫ

— Анткени мугалимдер жаңы сабактын түрлөрүн өткөрүп, жаңыча багытта билим берүү, сабактарынын структурасын өзгөртүүдө бир топ жакшы иштери бар экен. Конкурстун өзүнүн өтүү ыкмасы, Жобосу дагы жаңы экен. Ар бир комиссиянын мүчөсү өзүнүн көз карашы менен мугалимдин ишин баалап, аныктама бердик. Сынактын экинчи турунда мыкты мугалимдерди алдыга алып чыгабыз деп ишенем. Биз окутуудагы интерактивдүү ыкмаларды кандай колдонуп жатат, ушулар натыйжа берип жатабы же берген жокпу, окуучулардан кандай жыйынтык чыгып жатат дегенди карадык, — дейт калыстар тобунун мүчөсү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер