КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: «МЕКТЕПТЕРДЕ «МОЗАИК» ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ОКУТУУНУ СУНУШТАЙМ»

  • 18.05.2023
  • 0

Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин «Санарип мектеп» санариптик технологияларын колдонуу менен окутуунун заманбап жана натыйжалуу системасын түзүү” аталышында Бишкек шаары жана Чүй облусундагы мектеп директорлору үчүн өткөн форумда эбегейсиз тажрыйбага ээ “Мозаик” программасы презентацияланды.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: "МЕКТЕПТЕРДЕ "МОЗАИК" ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ОКУТУУНУ СУНУШТАЙМ"

Мектеп заманбап, күчтүү мугалимге муктаж

Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев өз сөзүндө, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу 23,9%ды түзөөрүн, бала бакчага 600 миңден ашык бала барбай жатканын баса белгиледи.

— Бишкекте мектептер жык толгон. Мектептин долбоордук кубаттуулугунан сырткары 30 миңден ашык бала окуйт. Мунун баары билим сапатына терс таасирин тийгизбей койбойт. Бала бакчага барбаган балдар башталгыч мектепте кыйналып жатат. Мугалимдердин билими, ошондой эле маалыматтык технологияларды билүү деңгээли төмөн экендигин моюнга алуу керек. Биз биринчи жолу мугалимдерди аттестациялоодон автоматташтырылган форматта өткөргөнү жатабыз, бул мугалимдерге кошумча материалдык жана моралдык түрткү берет, — деди министр.

Ал эки айдын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, мектептерге барып, сабактарга катышып, мугалимдер, директорлор, окуучулар жана ата-энелер менен сүйлөшкөнүнө токтолду. Ошондой эле региондор, шаардык мектептер кызыктуу жана сапатуу билим берген заманбап, күчтүү мугалимге муктаж экенин баса белгиледи.

«Мозаика» программасы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

— Жакынкы келечек – бул биздин жашообуздун активдүү бөлүгүнө айланып бараткан жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу. Андыктан мектептеги билим берүү чөйрөсүнө алдыңкы технологияларды кечикпестен киргизүү зарыл. Мен муну “Мозаик” билим берүү программасы менен баштоону сунуштайм! – деди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: "МЕКТЕПТЕРДЕ "МОЗАИК" ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ОКУТУУНУ СУНУШТАЙМ"

Министрдин айтымында, “Мозаик” билим берүү программасы Кыргызстандын мазмуну менен толтурулуп, окуучуларга STEM- предметтерин үйрөнүүдөгү көндүмдөрүн, ошондой эле PISAдагы көрсөткүчтөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берип, Кыргызстандын тарыхы, география, Манас таануу, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сыяктуу стратегиялык предметтерди изилдөөгө жол ачат.

— Биз ыңгайлуу окутуу форматын издеп, дүйнөнүн 80 өлкөсүндө, өзгөчө пандемия убагында эбегейсиз зор тажрыйбага ээ болгон “Мозаик” билим берүү программасын аныктадык. Бул программа – заманбап, кызыктуу, натыйжалуу жана билим берүүчү! Биз санариптик технологияны тез өздөштүргөн жана колдонууну үйрөткөн балдарыбызга дал келишибиз керек, — деди министр.

Каныбек Иманалиев “Мозаик” билим берүү программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири — билим берүүнүн бардык деңгээлинде (бала бакча – мектеп – кесиптик лицей – колледж – жогорку окуу жай) колдонулгандыгын кошумчалады.

Санариптик технологияларды билбеген мугалимдер бар

«ББОУБ долбоорлорундагы санариптик технологиялар» презентациясында борбордун директору Чынара Батракеева, 2009-2023-жылдары – 2-11-класстын  412 659 окуучу көз карандысыз тестирлөөдөн өткөнүн белгиледи. Ал жетектеген борбордун санариптешүүгө киргенине бир топ жыл болуп калды. Маселен, 2021-жылдан бери ЖРТга онлайн каттоо Билим берүү жана илим министрлигинин кабыл алуу системасы менен айкалышкан. Борбордун маалыматтары биринчи министрликке берилет. Демек, абитуриенттер жеке кабинетин ачуу менен канча упай алганын, кайсы жожго тапшыра алганын, окуу жайлардын сайттарына кирүүгө, автоматтык түрдө упайына жараша конкурска катышып, жожго өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: "МЕКТЕПТЕРДЕ "МОЗАИК" ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ОКУТУУНУ СУНУШТАЙМ"

—  Тестке даярдануу ресурстары дагы – видеосабактар онлайн түрүндө жүргүзүлөт. Ал биздин ютуб каналда жүктөлгөн. Ал жерден ар бир каалоочу бекер эле жүктөп алып, даярданса болот. Андан тышкары онлайн сынак тест: кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлөт. Ал да сайтка жүктөлгөн. 2002-жылдан бери эле ЖРТ санарип форматта өтөт. Адамдык фактор жоюлган. Бардыгы тең компьютер аркылуу эсептелип чыгат. Упайларды бөлүштүрүү дагы автоматташтырылып, компьютердик программа аркылуу жасалат.  Биздеги кайсы долбоор болбосун баары тең санариптештирүү аркылуу өтөт, — дейт Чынара Батракеева.

Мектеп окуучуларынын бардык деңгээлдеги олимпиадасына Билимди баалоо жана окутуу усулдар борбору тапшырмаларды даярдап,  онлайн жөнөтөт.

— Дагы бир маселе, онлайн каттоо жүргөнү менен айрым мугалимдер, каттоого жооптуу адамдарда санарип көндүмдөр жок болуп жатат. Окуу, түшүнүү дагы өтө төмөн. ЖРТ боюнча атайын инструкция иштелип чыккан, тилекке каршы, жериндегилер аны так аткарбай келишет. Алсак, электрондук дарек менен иштегенди билишпейт, же башка даректи ката кылып берип коюп, тестирлөөнүн жыйынтыгын күтүп отура беришет. Жөнөкөй эле электрондук почтаны текшергенди билбегендери өкүндүрөт. Заман өзгөргөнү менен ошол талапка жооп бере албай жатышат, — дейт Ч.Батракеева.

Форумдун жүрүшүндө министрликтин санариптештирүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу баяндамалар угулуп, “Mozaik Education” венгер компаниясынын директору Петер Торок тарабынан “MozaBook билим берүүчү презентация программасы”, министрликтин ведомстволук мекемелеринин жетекчиери тарабынан “Билим берүү тутумундагы санариптик платформалардын келечеги жана көйгөйлөрү”, “PISA: Кыргыз Республикасындагы мектеп окуучуларынын санариптик көндүмдөрүн жана медиа сабаттуулук деңгээлин баалоо”, “ББОУБ долбоорлорундагы санариптик технологиялар”, “Компьютердик тестирлөө билим берүүнүн сапатын баалоо механизми катары” ж.б. темаларда презентациялар жасалды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер