САНАРИП ДООРДОГУ МУГАЛИМ: ЭСКИРГЕН ЭРЕЖЕЛЕР, ӨЗГӨРГӨН ТАЛАПТАР

  • 01.04.2022
  • 0

 “Таалим-Форум” коомдук фонду билим берүүнү санариптештирүү маселесин талкуулоону улантууда. 17-мартта «Билим берүүнү санариптештирүү: мугалимдин өзгөрүлгөн орду» аттуу кезектеги тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш-чара “Билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аралыктан окутуу” долбоорунун алкагында Эл аралык өнүгүүнү изилдөө борборунун (IDRC, Канада) колдоосу аркылуу, Билимдер жана инновациялар менен алмашуу (KIX) жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк (GPE) программалары менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуу маселелери тууралуу ар тараптуу ой бөлүштү. Эң көп талкууланган темалар төмөнкүлөр болду: Санариптешүү шартында мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана кайра даярдоо системасынын эффективдүү жүргүзүлүүсүнө кантип жетишүү керек? Мугалимдер менен мектеп жетекчилерине зарыл болгон керектөөлөр кайсылар? Мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу системасын өркүндөтүүнүн кандай жолдору бар?

САНАРИП ДООРДОГУ МУГАЛИМ: ЭСКИРГЕН ЭРЕЖЕЛЕР, ӨЗГӨРГӨН ТАЛАПТАР

– Эки жыл аралыгында өлкөбүз кыйын кезге туш болду. Пандемия учурунда биз санариптешүүгө даяр эмес экенибизди түшүндүк. “Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн аралыктан окутуу” долбоору санариптештирүү процессин изилдөө, мугалимдердин санарип технологияларын колдонуусу боюнча көптөгөн иш-чараларды өткөрүп жатат. Өлкөбүздө мугалимдин МКТга байланышкан компетенттүүлүгү боюнча кесипкөйлүк талаптар иштелип чыккан. Алар кесипкөйлүктү жогорулатуу институтунун, педагогикалык университеттердин программаларына киргизилген. Биз, мугалимдердин көпчүлүгү, санарип технологияларын колдонуу менен иштеп, окутуунун майнаптуулугун арттырат деген ишеничтебиз. Ушундай жол менен сапаттуу билим берүүгө жетише алабыз, — деди талкуу башталганда билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов.

Азыркы мезгилдин мугалими медиа жана санарип жагынан сабаттуу болуш керек экени калетсиз. Бирок аралыктан сабак өтүүгө кыргызстандык мугалимдердин чамасы чак, даярдыгы төмөн экенин пандемия кашкайта көрсөттү. Ошол себептүү Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдердин МКТ компетенциясын жогорулатуу боюнча жаңы модулдарды иштеп чыгып, аны ишке ашырууга киришкенин анын директору Алмазбек Токтомамбетов билдирди.

 

САНАРИП ДООРДОГУ МУГАЛИМ: ЭСКИРГЕН ЭРЕЖЕЛЕР, ӨЗГӨРГӨН ТАЛАПТАР

Мугалимдердин санарип тажрыйбасын өнүктүрүү облустук билим берүү институттарынын дагы артыкчылыктуу багытына айланды. Бирок бул жакта көптөн келаткан эрежелер мезгил талабына жооп бербей калды.

Тынчтыкбек Досмуратов, Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары:

– Мугалим беш жылда бир билимин өркүндөтүп турушу керек деген эреже бар. Менимче, бул эреже СССР убагынан калса керек. Ал учурда инновация тенденциясынын интервалы узак болгондуктан беш жыл деп каралган. Бирок бүгүнкү күндө технология өнүгүп жатат, коммуникациянын методдору өзгөрүүдө, квалификацияны жогорулатуу мөөнөтүн кыскартуу керек. Эки-үч жылда бир мугалим кайра окуп турушу зарыл. Бизде Республикалых педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту бар, андан сырткары, Ошто жана Ысык-Көлдө усулдук институттар бар. Бул институттардын бирдиктүү окутуу программасы жок. Институттарды бирдиктүү программага салып, мугалимдердин муктаждыктарын изилдөөнүн негизинде программаларды иштеп чыгуу керек.

Гүлмира Артыкбаева, РКЖИжАКДКнын мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча инновациялык технологиялар борборунун башчысы:

– Пандемия мугалимдердин жаңылыкка көнүүсү, ыңгайлануусу жогорку деңгээлде экендигин көрсөттү.

Көпчүлүгү инновациялык ыкмаларды колдонууну өз алдынча үйрөнүштү. Инновациялык ыкмалар менен иштей алгандары менен иштей албаган мугалимдердин арасында чоң айырмалар бар. Мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу институттары бул айырманы жоюшу керек. Мугалимдердин кесипкөйлүгүн өркүндөтүү үчүн кесипкөйлүктү жогорулатуу институттары, методикалык борборлор, Өкмөттүк эмес уюмдар, кыска мөөнөттөгү курстар, вебинарлар ж.б. аркылуу жүргүзүүгө болот. Глобалдык дүйнө жүзү ачык, мугалимдер каалаган жерден билимин өркүндөтө алышат.

САНАРИП ДООРДОГУ МУГАЛИМ: ЭСКИРГЕН ЭРЕЖЕЛЕР, ӨЗГӨРГӨН ТАЛАПТАР

Тегерек столдо педагогикалык адистикке окутулуп жаткан студенттердин окуу программалары жана мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстарындагы МКТнын компетенцияларын калыптандыруучу окуу программалары талдоого алынды. Талдоонун негизинде окутуу ишинде кездешкен көйгөйлөр табылып, курстардын мазмунун жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу менен окутуу процессин эффективдүү уюштуруу зарылдыгы баса белгиленди. Презентациялар кызуу талкуу жаратып, катышуучулар жогоруда аталган суроолор боюнча пикир алмашты.

Мугалимдердин МКТ компетенттүүлүгү тууралуу мамлекеттик стандарт 2015-жылы кабыл алынган. Аны дагы толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы бар экени айтылды.

Жолдошбек Мокешов, И.Арабаев атындагы КМУнун маалымат технологиялары жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы:

Азыркы тапта мамлекеттик стандарт жаңыланууга муктаж. МКТ боюнча компетенттүүлүктү камсыз кылуу боюнча информатика жана маалымат технологияларынын негизи аттуу сабактарды изилдеп чыктык. Сабактардын мазмуну толук түрдө МКТ аркылуу компетенттүүлүктү камсыз кылат дегенден алыспыз. Кээ бир темалар боюнча толуктоолор, кошумчалар болушу керек, анткени замандын талабына ылайык МКТ компетенттүүлүгү боюнча жаңы толуктоолорду киргизишибиз керек. МКТ тууралуу азыркы стандартта абдан кыска жазылган, биз жаңылап жазып, толуктоолорду кылышыбыз керек.

Таштанбай Сартов, И. Раззаков атындагы КМТУнун машина куруу технологиялары кафедрасынын профессору:

– РКЖжАКДИнын билим берүү программасын талдоонун жүрүшүндө, бул курстар кандайча түзүлө тургандыгы тууралуу нормативдик-укуктук камсыздоону, тематика кандайча тандаларын жана башкаларды карап чыктык. Талдоодо мындай курстар зарыл экендигин байкадык. Азыркы учурда беш курс ачуу сунуш кылынат, алардын ичинде окуу процессин компьютер менен жүргүзүү, негизги компьютердик көндүмдөрдү изилдөөгө багытталат. Бардык мугалимдер мындай кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Бирок сунуш кылынган программалар мурунку принциптерге таянат, алар бүгүнкү күнү жарабайт, эскирди. МКТ компетенциялары боюнча мугалимдерге коюлган жаңы кесипкөйлүк талаптар пайда болду, алар программаларда чагылдырылышы зарыл. Биз бул курстардын мазмунун кайра карап чыгууну сунуш кылабыз. Бул чоң иш, бирок бүгүн мугалимдер сабак берген предметтеринен сырткары МКТ көндүмдөрүнө ээ болушу зарыл.

Гульнара Ботоканова, К.Карасаев атындагы БМУ, философия илимдеринин доктору:

– Мугалимдердин билимин өркүндөтүү системалуу түрдө болушу керек. Мугалим диплом алгандан баштап пенсия алганга чейин окуп, өзүн өркүндөтүшү зарыл. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү көп баскычтуу болушу оң – жаңы баштаган педагогдор үчүн өзүнчө, тажрыйбалуулар үчүн өзүнчө. Деңгээлине жараша бөлүп окутуу керек.

Талкуу убагында көз карандысыз эксперттердин жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү боюнча жеке демилгечилердин пикирлери угулду. “MUGALIM” онлайн мектебинин негиздөөчүлөрү мугалимдер үчүн түзгөн курстары тууралуу айтып беришти. Пандемия учурунда эксперттер тобу тарабынан түзүлүп, кыргызстандык мугалимдерге колдоо көрсөтүү үчүн ачылып, аралыктан окутууда түрдүү технологиялар менен окутуу программаларын колдонууда кездешкен көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Азыркы учурда “MUGALIM” санарип педагогика, онлайн окутуунун ачкычтары, нейропедагогика, окуучуларды шыктандыруу, мугалимдердин кесиптик жабыркоодон сактоо боюнча беш курсту уюштурушту. Платформаны негиздөөчүлөр мугалимдердин кесиптик коомдорун түзүүгө аракеттенген, кесипкөйлүктү өркүндөтүүнү тажрыйба алмашуу аркылуу, ошондой эле окутуучу курстарды ачуу, вебинарлар менен башка иш чараларды онлайн мектептин базасында жана социалдык тармактар аркылуу өркүндөтүү максатында ачышкан. Мугалимдин статусун жана шыктануусун жогорулатуу үчүн «Биринчи мугалим» сыйлыгын жыл сайын өткөрүүнү пландашууда.

Айсулуу Жамангулова “MUGALIM” долбоорунун менеджери:

– Мамлекеттик уюмдар жеке секторлор менен кызматташууга ачык болушу керек. Жеке секторлор мугалимдерди үйрөтүүдө мамлекетке жардам бере алат. Бизде мугалимдерге пайдалуу ар түрдүү багыттар боюнча курстар бар, бирок Билим берүү жана илим министрлиги оффлайн сабак өтүүчү жайыңар жок деген шылтоо менен бизге лицензия бербей жатат. Биз сабакты онлайн өткөрөбүз. Мугалимдер өздөрү үчүн ыңгайлуу учурда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Биздин иштөө ыкмабызды туура түшүнбөй жатышат. Мугалимдерди оффлайн окутуу заманбап багыттарга дал келбейт. Ааламдашуу шарттарында биздин эле платформага эмес, дүйнө жүзүндөгү курстарга да катыша алышат. Мугалимдер кандай форматта жана эмнелерди үйрөнө аларын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Мамлекет бардык мугалимдерди окутуп үйрөтүүгө жетише албайт, алар окутуунун сапатын тестирлөө же аттестациялоонун жардамы менен көзөмөлдөй алышат.

Гульнара Каликова, “KG Analytics” интеллектуалдык фонду:

– Мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселеси билим берүү системасын өнүктүрүүдө негизги маселелердин бири. Жалпыга маалым болгондой, билим берүүнүн сапаты биринчи кезекте мугалимдин сапаттуу иштөөсүнө көз каранды деген пикир бар. Менимче, “кесипкөйлүктү жогорулатуу” деген термин эскирди, “кесипкөйлүктү өнүктүрүү” деп атоо орундуу, көпчүлүк мамлекеттер ушул жол менен бара жатышат. Азыркы кезде кесипкөйлүктү жогорулатуу бул – мугалим 5 жылда бир окуудан өтүшү керек дегенди түшүндүрөт. Кесипкөйлүктү өнүктүрүү – бул таптакыр башкача жол, анда окутуу, коммуникациялар, устаттыкка арналган ментордук программалар камтылат. Биздин мамлекет ушул ыкмага өтүшү керек. Бүгүнкү күндө жеке секторлор, көпчүлүк ЖОЖдор кесипкөйлүктү жогорулатууну өткөрүүгө даяр. Сапаттуу өткөрө алышат. Мамлекет кесипкөйлүктү жогорулатууда бир институтту монополия кылуудан баш тартуусу зарыл. Биздин өлкөбүздө 82 000 мугалим бар. Ар бир мугалим кайсы жерде, кантип окуйт өзү билет, сөзсүз РАКДИге окуу керек деп таңуулоо туура эмес, кайсы жерден кааласа, ошол жерден окууга, ошондой эле онлайн окууга да мүмкүнчүлүк берүү керек.

“Таалим-Форум” коомдук фонду жогоруда аталган долбоордун алкагында изилдөө иштерин жүргүзөт. Бул изилдөөлөрдө аралыктан окутуу боюнча ата-энелердин, окуучулардын, мугалимдердин жана мектеп жетекчилеринин пикирлерин угуп, инновациялык ыкмалардын колдонулуу жолдорун иликтешүүдө. Ушул жылдын октябрь айынын башында “Санариптешүү доорундагы билим берүүнүн стратегиялары менен инновациялары” аттуу эл аралык конференция өткөрүү пландалууда. Конференцияда билим берүүдөгү актуалдуу маселелер каралып, билим алуунун бирдей жеткиликтүү болушун камсыздоо тууралуу, пандемияга жараша окутуунун ыкмалары жана алдын алуу чаралары, мектептерде МКТны колдонуу, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана башка маселелер каралмакчы. Конференцияга катышууну каалагандардын бардыгы онлайн катталуудан өтүшү зарыл.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер