САЛЫМБЕКОВДУН БАТКЕНДИК БАЛДАРГА САЛЫМЫ

  • 01.09.2022
  • 0

Кыргыз элинин жоомарт уулу,  «Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков Лейлек районунун Максат айылына бала бакча куруп берип, мындагы мектеп жашына чейинки наристелерди, алардын ата-энелерин, жалпы коомчулукту кубанычка бөлөдү.

Максат айылынын тургуну Зууракан Мусаеванын беш баласы бар. Бул күнү ал жаңы ачылган бакчага кичүү кызын алып келди.

— Айылыбызда эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын белгилөө алдында  «Сейтек» бала бакчасы ачылып  жатат. Мында балдардын ар тараптан өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн көрүп кубанып турабыз, — дейт айыл тургуну.
Сметалык баасы 31 млн. сомду түзгөн бала бакчанын ачылыш аземине Баткен облусунун губернатору, район акими, билим берүү тармагынын алдыңкы өкүлдөрү, жаңыдан ишке берилген бала бакчанын  ата-энелер жамааты, анан албетте тарбиячылары да катышты.

— Былтыркы чек ара коогалаңында күйүп кеткенден кийин биз «Максат» мектебинин эки бөлмөсүндө кыска мөөнөттүү бала бакча ачып, күнүнө үч сааттан иштедик. Баштапкы бала бакча 80 орундуу болсо, азыркысы 100 орундуу, андыктан кошумча жумушчу орундары түзүлдү, — деп айтат «Сейтек» бала бакчасынын директору Гүлмира Халилова.

Өлкөбүздүн эң четки аймагында жайгашкан Максат айылы өткөн жылы чек ара жаңжалында өрттөлүп кеткен болчу. Айылдагы ураган үйлөрдү Түркия мамлекети тургузуп берген.  Жалпы журттан чогулган каражатка айылдын инфраструктурасы жаңыланып, айылдын кире беришине дарбаза орнотулган.
Ал эми былтыркы чек ара коогалаңда күйүп кеткен «Сейтек» бала бакчасын кайра куруу ишин Аскар Салымбеков өз эсебинен каржылады.

— Биз чек арадагы айылдарды колдошубуз керек. Каякта жашабайлы, Нарындабы, Көлдөбү, Таластабы, мына ушундай ынтымакта болсок, анан бизде өнүгүү болот, — дейт меценат.

Жаңы салынган «Сейтек» бала бакчасына учурда 75 бала кабыл алынып, 17 кызматкер иштей баштады. Кошумча 25 орунга жакынкы айылдардан мектепке чейинки курактагы балдар кабыл алынат.
Максат айылы жайгашкан Лейлек районунда 53 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 9 менчик бала бакчасы бар. Райондо 3-6 жаштагы балдардын 65 пайызы бала бакчага тартылган.

—  Быйылкы жылы биздин районго республикалык бюджеттен төрт мектеп жана бир бала бакча курулду, — деди Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жемуратов.

Чек ара калкына бала бакча куруп берген Аскар Салымбековго жалпы коомчулук Интернет айдыңында  өз ыраазычылыгын билдирип жатат.

Айбек Шамшыкеев:
-Өлкөгө пайда келтирем дегендер, айрыкча акчалуу ишкерлер Аскар байкебизден үлгү алгыла! Ар кайсы кепти айтпай, кур намысты жыйыштырып, болсоңор эле Салымбеков агабыздай болгула!
Чек ара калкына бала бакча куруп берген берешен ишкер агабыз Аскар Салымбековго жалпы коомчулуктун атынан ыраазычылык алкыш айтабыз.

Эля Адилетова:
-Салымбеков Аскар Мааткабыловичтей болуп, «Мыктымын!» деген бир адам кыргыз элине мынчалык кызмат кылган жок.
Ал жардамга муктаж болгондорго улутуна, жерлигине карабай  жардамын берип келет. Кыйынчылыкка туш болгон адам Аскар Мааткабыловичти издейт…
Баткен жергесиндеги Максат айылына заңгыраган сонун бала бакча салып берип, элди кубандырып турат.  Аскар Салымбековдун элге жасаган эмгектерин санай берсек толтура. Мамлекетибиздин тамырынын каны болуп жүгүрүп турат.
Аскар Мааткабылович  Кыргыз Эл Баатыры наамына татыктуу! Бул наам качан эле берилиши керек болчу.
Бийлик ушул ишти аткарса, акыйкат чечим кылган болот, эл да бийликтин элдик экенине ишенип, ыраазы болот!

Алмаз Чербеков:
-Өзүн эле эмес миңдеген адамдардын багын ачкан, мамлекетке миллиарддаган салыктарды төгүп келген Аскар Салымбеков Максат айылына өз чөнтөгүнүн заманбап бала бакча куруп берди. Ар кайсы чет элдикке сыйлыктарды таратканды азайтып, бул инсанга Кыргыз Эл Баатыры сыйлыгын бериш керек. «Дордойдон» эле 100-150 миң адам тиричилигин өткөрүп жатат.

Асан Турсункулов:
-Бир бай адамдын көп жылдар бою муктаж болгон адамдарга жардам берип жүргөнүн билем. Ал ким десеңиз? Айтамын мен: — Салымбеков! — деп.
Белгилүү коомдук ишмер, меценат, дүйнөгө таанылган бизнесмен Аскар Салымбеков быйыл да башкалардан өзгөчөлөндү.
Быйылкы жылы эле Бишкек шаарынын биринчи мэри Илья Терентьевдин үйүн калыбына келтирүүгө 11 миллион сом бөлдү. Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына 31 миллион сомго бала бакча куруп берди.
Мына бул да эрдик!
Ал ушундай элдик адам!
Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн бери Аскар Салымбеков миллиондогон каражатын спортко, көк бөрүгө, күрөшкө,
футболго, медициналык мекемелер менен
окуу жайларга бөлүп, мамлекеттик деңгээлдеги мааракелерди,  массалык оюн зоокторду өз жанынан каржылап келет.
Анын ушул аракети мамлекеттин ар тараптан өсүп-өнүгүшү үчүн,  элдин жашоо турмушунун оңолушуна кошкон опол тоодой ак эмгеги деп билсек болот.
Ак жүрөк менен элге жасалган эмгек мамлекет тарабынан өз баасын алса дурус болмок.
Аскар Салымбековго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин берсе ылайык болор беле…
Мамлекет үчүн жан аябай иштеген элдин анык уулдары сыйланууга татыктуу деп эсептейм!

Гулсара Мадаминова:
-Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына кыргыз-тажик чек ара чырында толугу менен өрттөлүп кеткен бала бакчанын ордуна Салымбеков Аскар Мааткабылович 31 миллион сомдук 100 орундуу бала бакча куруп берди.
Аскар Салымбековдун ишине ийгилик! Жаратканым ар дайым колдоп жүрсүн! Терең ыраазычылык!

Элибиздин мындай сунушуна, ак-тилек каалоолоруна биз да кошулабыз, анткени Аскар Салымбековдун башка кайрымдуулук иштерин айтпаганда да, бул жолку баткендик наристелердин кубанычына кубаныч кошуп, чек арадагы Максат айылына бардык шарттары бар заманбап бала бакча куруп бергени мактоого татырлык салым деп ойлойбуз.
Ата-мекендик ишкерлердин арасынан да Аскар Салымбековдун жолун жолдогон азаматтардын катары арбый берсин!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер