САКАДАЙ БОЮ САРЫ АЛТЫН

  • 25.03.2022
  • 0

Кыз баланын жан дүйнөсү назик, мүнөзү жумшак келет эмеспи. Ушундан уламбы айтор, бардык эле кыздар дене тарбия мугалими болууну каалай бербейт. Бүгүн биз сөз кыла турган Айтымбекова Догдурбүбү болсо тескерисинче, башка кыздардан айырмаланып бала кезинен дене тарбия мугалими болууну эңсеп, ал кыялына жетүү үчүн окуучу кезинен даярданып, Дене тарбия институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, дээрлик кырк беш жылдан бери өмүрүн өзү сүйгөн кесибине арнап келет.

Догдурбүбү эжей, Талас районундагы Балбал айылынын Балбал орто мектебинин дене тарбия сабагынын мугалими. 67 жашка келип калса дагы кабагым-кашым дебей иштеп, балдарды спортко шыктандырып, саламат жашоого үндөп келет. Сакадай бою бар, бир айылдын алтынга тете мугалими эч качан карыдым, чарчадым дебейт, тескерисинче, окуучулары менен тең жарыша чуркап, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, дайыма шайдоот жүрөт.

САКАДАЙ БОЮ САРЫ АЛТЫН

– Догдурбүбү эжейдин дайыма шайдоот жүргөнү жагат. Кандай иш болбосун анча-мынча жаш мугалимдерди, келиндерди жолго эле коет. Азыр дагы окуучуларын олимпиадага даярдап, районго, облуска чейин алып барып жүрөт. Тазалыкты абдан жакшы көрөт. Директор кезинде дайыма мектепке эртең менен эрте келип, класстардын, бөлмөлөрдүн тазалыгын текшерип чыкчу. Кемчиликтердин баарын өз убагында жойгонго аракет кылчу, — дейт кесиптеши Молдокулов Уланбек.

Айтмакчы, Догдурбүбү Какышевна бул мектепти сегиз жыл жетектеген. Ага чейин төрт жыл директордун тарбия иштери боюнча орун басары болгон. Өзү болсо Талас районуна караштуу Шверник айылынын кызы. 1972-жылы Бүлкүлдөк орто мектебин аяктап, 1973-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия институтуна кирип, 1977-жылы дене тарбия мугалими квалификациясын алып чыккан. Эмгек жолун 1977-жылы Кырк-Казык орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштеп баштаган. 1978-жылы райондук пионерлер үйүнүн директору, 1980-жылы райондук ВЛКСМ бөлүмүнө сектор башчысы болуп иштеп, 1982-жылы үй шартына байланыштуу иштен бошогон. Бирок анын спортко болгон сүйүүсү 1983-жылы Талас шаардык балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебине алып барган. Ал жакта инструктор-методист болуп иштеп жүрүп, 2002-жылы Бүлкүлдөк орто мектебине келет. Бир жылдан соң азыркы иштеп жаткан Балбал орто мектебине которулуп келген. Балбал айылы чакан болгондуктан, мектепте да балдардын саны аз. Бирок Догдурбүбү эжей жетектеп турганда чакан мектеп көп ийгиликтерге жетишип, окуучулары алдыга чыккан.

– Мектепти жетектеп турган кезде окуучуларды спортко кызыктырып, дени сак жашоого үндөп, бир топ райондук, облустук мектептер аралык спартакиадаларга катыштырып, байгелүү орундарды алышты. Мисалы, 8-класстын окуучусу Алымкулова Гүлсайра 11-класска чейин райондо 100, 800 метр аралыктарга чуркоодо биринчиликти бербей жүрдү. Облустук спартакиадаларда да чемпион болуп, жогоруда көрсөтүлгөн аралыктарда Талас облусунун намысын коргоп, республикага чейин барып келди. 2013-жылы 10-класстын окуучусу Бурхан кызы Каным кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча Монголияда өткөн Евразия биринчилигине катышып, коло медалдын ээси болгон. Бул менин кичине кезимден эле дене тарбия мугалими болсом деген изги тилегимдин, каалоомдун жемиши деп билем. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле спортту сүйүп, өзгөчө волейбол жана жеңил атлетикага абдан кызыгып, райондук мелдештерге катышчумун. Азыр да жаш муундун ден соолугун чыңдоо максатында көп аракетимди көрүп келем, — дейт Догдурбүбү эжей.

Кесиптештеринин айтымында, Догдурбүбү Какышевна иште тартипти бекем кармап, талапты катуу койгону менен жүрөгү өтө назик, чыгармачыл, мектептин жамаатынын гана эмес, бүтүндөй айыл элинин кадыр-баркына татыган кадырлуу инсан.

– Өтө адамгерчиликтүү, адамдар менен мамиле түзгөндү билген адам. Баарыбыз эжекелеп сыйлап турабыз. Абдан таланттуу, ырдаганды абдан жашы көрөт, үнү сонун. Биз тамашалап “мектепте эмне жүрөсүң, ырчы болсоң эмдигиче башка жакта жүрмөксүң” деп тамашалап калабыз. Өтө ак көңүл, жүрөгү жушмак адам, кино көрүп жатып деле, бир окуяны угуп жатып деле ыйлай берет, — дейт Уланбек Молдокулов.

Айтымбекова Догдурбүбү бир уул, эки кызды тарбиялап эрезеге жеткирген. Учурда неберелердин сүйүктүү чоң апасы, таенеси болуп бактылуу өмүр сүрүүдө. Ал өзүн эң бактылуу айыммын деп эсептейт, себеби эртең менен шашкан жумушу, сүйүктүү эмгек жамааты, кечинде кайра шашкан үйү, уул-кыздары, неберелери бар.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер