САГЫНДЫРГАН САЛТТУУ НУКТАГЫ САБАК

  • 17.09.2021
  • 0

Жаңы окуу жылы башталгыч,  орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында да 15-сентябрда  салттуу режимде башталды. Окуу жараяны Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан   билим берүүнүн сапатын жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен окутуунун коопсуз шарттарын камсыздоо максатында атайын иштелип чыккан  алгоритм менен жүргүзүлөт. 

САГЫНДЫРГАН САЛТТУУ НУКТАГЫ САБАК

 

КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРДА ОКУУ БАШТАЛДЫ

Баарыбызга белгилүү болгондой, студенттер дагы мектеп окуучуларындай эле бир жылдан ашуун   аралыктан билим алып, билим уясын сагынып, окуу жылынын салттуу башталышын күтүштү. Окуу адаттагыдай башталганы менен алар дагы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, министрлик иштеп чыккан алгоритмди   сактоого милдеттүү. Себеби оору бизден алыстап кеткен жок жана жугуштуу оорулар сезону дагы алдыда турат.

Министрликтин буйругуна ылайык, ар бир окуу жайы окуу процессин, экзамендик сессияны, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны, консультацияларды, өндүрүштүк практиканы уюштуруу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдин талаптарын эске алуу менен ички документтерди/колдонмолорду иштеп чыгуусу керек. COVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча, анын ичинде вакцинация жана эпидемияга каршы режимди сактоо, студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүү үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгуусу абзел. Окуу жараянын болсо атайын иштелип чыккан алгоритм боюнча жүргүзүүгө милдеттүү.

ТАЛАПТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Алгоритмге ылайык, окутууну салттуу форматта уюштурууда окуу жай бир учурда студенттердин минималдуу саны болгондой  сабактардын ийкемдүү ырааттамасын түзүүсү зарыл. Танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияларда студенттердин топтолуусуна жол берилбеши керек.  Азырынча  массалык иш-чараларды өткөрүүгө да тыюу салынат.

САГЫНДЫРГАН САЛТТУУ НУКТАГЫ САБАК

Студенттер менен окутуучулардын арасында тынымсыз байкоо жүргүзүлүп, эмдөөдөн өткөн студенттер эсепке алынууга тийиш. Эгерде ооруп калган студенттердин жана окутуучулардын саны көбөйсө кырдаалга жараша дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин аралыктан уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралат. Студенттердин жана окутуучулардын арасында COVID-19 алдын алуу чаралары жана вакцина алуунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт. Мисалы, атайын лекциялар уюштурулуп, видео роликтер, материалдар окуу жайлардын сайттарына жайгаштырылат.

Чет өлкөлүк студенттерге  окуу процессине  катышууга эмдөө жөнүндө сертификат болгон учурда гана  уруксат берилет. Студенттерди жатаканаларга жайгаштырууда коронавирус инфекциясына каршы эмделгенин тастыктаган документтерди талап кылуу сунушталат.

САГЫНДЫРГАН САЛТТУУ НУКТАГЫ САБАК

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте, билим берүү мекемелеринде окутуучулар жана кызматкерлер үчүн эмдөө пункттарын уюштуруу дагы жетекчилерге жүктөлдү.

КИРҮҮ ФИЛЬТРИ  УЮШТУРУЛАТ

Ар бир окуу жайда жана жатаканада сөзсүз түрдө кирүү фильтри  уюштурулат. Талап боюнча ал колду дезинфекциялоо үчүн антисептиги бар санитайзер жана тийгизбей текшерүүчү электрондук термометр менен (контактсыз) жабдылышы керек. Кирүү фильтрине жооптуу адам имаратка кирген баардык адамдардын дене табын өлчөп, жөтөлдүн, энтигип дем алуунун, сасык тумоонун болуусуна байкоо жүргүзөт жана ал жөнүндө кыскача сураштырат. Имаратка кирүү учурунда адамдардын ортосундагы 1-1,5 метр аралыктын сакталышын камсыздап, дене табы жогору болгон жана/же инфекциянын белгилери бар адамды аныктоодо сыпайы жана сылык формада имараттын ичине кирбөөнү жана ҮМБдагы дарыгерге же колл-борборго кайрылууну сунуштайт.

БЕТКАПСЫЗ ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ

Окуу имараттарына беткапсыз кирүүгө жана беткапсыз жүрүүгө тыюу салынат. Аны дагы талаптагыдай, оозду, мурунду жана ээкти жапкандай кылып тагынуу зарыл. Окуу жайдын, кафедранын кире бериш жеринде беткап режимин сактоо, колдун гигиенасы, жөтөл этикетин сактоо жөнүндө маалыматтар илинип турууга тийиш.

Аралыктын сакталышы дагы катуу талап кылынат.  Адамдардын ортосунда минималдуу 1-1,5 метрден кем эмес аралыкты сактоо зарыл. Ошол эле учурда бул физикалык аралыкты ар бир жерде: окутуу аудиторияларында, фойеде, көчөдө сактоо керек. Бири-бирине тийип калуудан, анын ичинде кол берип саламдашуу жана кучакташуудан баш тартуу зарыл. Адамдардын топтолуусунан жана адамдар көп чогулган жерлерге баруудан, сабактардан кийин жана бош убакытта биргелешип убакыт өткөрүүдөн баш тартуу керек.

ОКУУ ИМАРАТТАРЫН ЖЕЛДЕТҮҮ ЖАНА ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО

Ар бир сабактан кийин студенттер жок болгон учурда жок дегенде эки саатта бир жолудан окуу бөлмөлөрүн, лекциялык залдарды, спорт залды, окутуу устаканаларын желдетип туруу талап кылынат. Мүмкүнчүлүккө жараша аба чөйрөсүн дезинфекциялоону абаны зыянкечтерден тазалоо үчүн шаймандарды колдонуу менен камсыздоо (бактерициддик рециркуляторлор, кварц лампалары) керек болот. Аба ырайынын шарттарын эске алуу менен дене тарбия сабактарын ачык абада өткөрүү сунушталат.

Танапис учурунда (күнүнө эки жолудан кем эмес) жана сабактар бүткөндөн кийин жумушчу орундарды, полду, эшиктин туткаларын, азык-түлүк блокторунун имараттарын, эмеректерди, санитардык түйүндөрдү, крандардын вентилдерин, унитаздардагы бочоктордун баскычтарын дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоону уюштуруу зарыл.

Жатаканаларда болсо  студенттердин ден соолугуна күн сайын көзөмөл кылынып, алардын дене табын текшерип,  инфекциянын белгилери боюнча сурамжылоолор уюштурулушу керек.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер