САБАК БҮТПӨЙ КАЛДЫ

  • 27.12.2023
  • 0

Мугалимдер, атаэнелер, окуучулар менен баарлашууга АтБашынын АчаКайыңды айылындагы ОйТерскен орто мектебине зыярат кылдык.

САБАК БҮТПӨЙ КАЛДЫ

— Сиздин семинарыңыз бир сааттан кийин.  Менин иш бөлмөмдө эс алып отурсаңыз болот,  — деди мектеп директору Мирбек Муталипов.

Программаны карасам мага чейин Нарын шаарындагы педагогикалык колледждин мүдүрү Казыбек мырза иш тажрыйбасы менен бөлүшөт экен.

— Казыбекти уккум бар, — деп макул болбодум.

Билим берүү тармагынын кесипкөй баба дыйканынын, ийгиликтүү менеджеринин сабагын кантип сая кетирейин. Мындай мүмкүнчүлүк дайым боло бербес.

***

САБАК БҮТПӨЙ КАЛДЫ

Күнгө ишемби экенине, убакыттын эртелигине карабай мектептин азем залы улам ээрчишип келген адамдарга толуп, жандана баштаган экен. Казыбек мырза атайын компьютерде даярдаган таанытмасын чоң экранга чыгарып сабагын баштады.

— Дарыгер ката кетирсе — бир адам, мугалим кайдыгер болсо — жалпы коом  зыян тартат”, — деп баштады ал сөзүн. — Окуучуга тек гана жаш бала эмес, колунан иш келген коомдук жараяндардын толук катышуучусу катары карашыбыз керек. Үйдө да,  мектепте да баласынтып: “Ага тийбе, муну кармаба, бузасың, талкалайсың, кыла албайсың”, — дей берсек чыгармачылык дараметин басынтып, көрөңгөсүн туулбай туна чөктүрөбүз. Алардан коруган буюм-тайымыңды кол тийгизбей аярласаң деле өзүнөн-өзү бузулат. Андан көрө бала колдонсун, пайдаланып үйрөнсүн.  Окуучуга эң сонун мотивация — бул ишеним. Ишенип иш, милдет тапшырыш керек. Мен кол эмгегин үйрөнүп жаткан мектеп окуучуларынан мага компьютер койчу стол жасап берүүнү сурангам. Алар долбоорун чийип, дизайнын тартып, пайдаланылчу материалдардын аянтын, кубун, баасын эсептеп, айтор, алган математикалык билимин турмушта колдонуп, столду жасашты. Билим турмушка жуурулушса гана эс тутумга бекем орноорун ошондо билишти. Доскага жазып түшүндүргөндө кабылдоого татаал формулалар, жашоодо пайдалана келгенде опоңой экенин байкап: “Агай, ушул элеби?”, — деп ийин куушуруп тим болушту.

Айтылгандарды тастыктай баш ийкегилеген мугалимдер менен кошо мен да муюп уктум.

***

— Булардын бири-биринен айырмасы эмнеде? — деп сурады Казыбек мырза экрандагы кичинекей бала менен компьютердин сүрөтүн көрсөтүп.

Ар кимден ар кандай ой чыгып, пикир айтылды.

— Компьютер маалымат сактаган сандык сыяктуу. Өз алдынча эчтеме кыла албайт. Аны иштетүү — адамдын колунда. Ал эми бала өз алдынча чечим кабыл алат. Балага маалымат жыйнап, сактачу компьютердей мамиле кылбашыбыз шарт, — деп Казыбек өз соболуна өзү жооп берди. — Аны турмушта кереги тийчү көндүмдөргө үйрөтүп, чечим таап, жол тандоого көнүктүрүү маанилүү.

45 мүнөттү бир гана сабакка багыштоо —  ошол аралыкта балага бир гана тамакты шыкап, мажбурлап жедиргенге тетелигин, ошон үчүн, бир предметти башка сабактар менен эриш-аркак кылып, интеграциялоо зарылдыгын белгиледи ал. Кадимки эле төрт буттуу отургуч жасоого бир канча илим — геометрия, физика, математика, биология ж.б. колдонуларын мисал келтирди.

— Балдар неге чоңойгон сайын окууга кызыкпай калышат? Мектепке сүйүнүп, шыктанып келген окуучулардын саны канча? — деген собол таштады Казыбек.

Мугалимдер жүйөөлөрүн келтиришти.

— Кыскасы, бала мектепте өзүн бактылуу сезиши керек. Ансыз билим алууга мойнунан байланган күчүктөй мажбурлагансып мамиле жасай беришет, — деп тыянактады Казыбек мырза бул суроонун тегерегиндеги ой-сунуштарын.

Колдонгон “Блумдун таксономиясы”, “Окурмандык жана функционалдык сабаттуулук”, “Глассердин пирамидасы” деген сыяктуу терминдерин google тармагынан карап, иликтеп көрүүм керек деп жазып алдым.

***

Жалгыз окуганга караганда команда менен иштегендердин илим-билим алуудагы сапары узак, жолу кенен жана шыдыр, өздөштүргөнү терең жана мол болот.  Узак аралыкка чогуу учкан каркыралар — ага таасын мисал. Алар үч бурч боло тизилип, кыркаар тартып учушат.  Көрсө, алдыдан тосчу шамал, борошондон бирин-бири ошентип калкалашып, жарым күчүн сакташат тура. Эң чоң оорчулук алдыда баратканына келет. Артындагылар кез-кез үн шаңшытып, ага дем берип турушат. Эгерде, арасынан бирине ок тийип же кандайдыр кеселге кептелип, жерге конууга аргасыз болсо, аны эки каркыра коштой түшүп, тигил ирденип, тыңып кайра учуп, катарга кошулганча жалгыз таштабайт экен.

Айбан да болсо адамдарга чыныгы бир боордуктун өрнөгүн көрсөткөн канаттуулар жөнүндө Казыбектин берген бул маалыматы сезимимди толкутту.

“Эки кичинекей бала  кыш күнүндө тоңгон көлмөдөн өтүп баратса, бут алдынан муз жарылып, бирөөсү сууга түшүп кетиптир. Экинчи бала кичинекей ташты ала коюп, чөгүп кетпестин алты айласын жасап чабалактаган шеригинин тегерек-четиндеги муздарды койгулап, сындыра салып, аны тартып куткарып алыптыр. Кырсык тууралуу кабар угулуп, чымын-куюн боло жете келген куткаруучулар эки наристенин тең аман экенин көрүшөт. Баштан-аяк чымкый суу болуп, суукка калчылдай үшүгөнүн жылуу көрпөгө орошуп, анан кантип балакеттен кутулганын сурашат. Болгон окуяны угушкан соң:

— Ушул кибиреген, кичинекей наристе мына бул тыпыйган таш менен ушунча калың музду жарып салдыбы? Кантип? Болушу мүмкүн эмес? — дейт куткаруучулардын бири.

Анда экинчиси:

— Мунун себебин мен билем, — дептир. — Жанында сага окшоп “кичинекейсиң, ташың да жарабайт, кыла албайсың, мүмкүн эмес” деп  демин мокоткон адам болгон эмес”.

Казыбектин бул аңызын угуп,  балдардын мээсине, аң-сезимине “колунан иш келбестик” ишенимин киргизип, келечегине жабыр берген — демейде аларга карата айтылчу “кыла албайсың” деген сөз экенине дагы бир ынандык.

“Жакшы мугалимдин сабагы бүтпөйт” дейт. Мен үчүн Казыбектин сабагы бүтпөй калды. Демек, кийинкисин чыдамсыздык менен күтөм.

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, Жогорку Кеңештин депутаты

Бөлүшүү

Комментарийлер