СҮЙҮНТБЕК АГАЙДЫН САЯБАЛУУ БАГЫ

  • 11.05.2024
  • 0

СҮЙҮНТБЕК АГАЙДЫН САЯБАЛУУ БАГЫ

Сүйүнтбек Шүкүрбаевди жолдоштору, айылдаштары: “Биздин Сүйүнтбекти апасы директорлук кызмат үчүн төрөп койсо керек” — деп айтышар эле. Чындыгында эле ал өзүнүн 30 жылдык педагогикалык тажрыйбасынын 28 жылын завуч жана директорлук кызматтарга арнады” (шакирти Анарбек Кыдыршаевдин эскерүүсүнөн).

Токтогул районундагы Кызыл-Ураан айылынын тургуну, өмүрүнүн акырына чейин мугалимдик кесипти аркалап, ардактап сүйүп өткөн Сүйүнтбек Шүкүрбаевди жердештери тубаса педагог катары жогору баалашар эле. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен тарта өзүнүн уюштуруучулук, аткаруучулук шык-жөндөмүн көрсөтүп, мектептеги бардык иш-чаралардын башында туруп, кандай демилге болсо да аны аягына чейин сөзсүз мактоого татырлык аткарар эле деп эскеришет замандаштары.

Шакирттеринин бири Анарбек Кыдыршаев 2015-жылы райондук гезитке “Мен Сүйүнтбек агай менен бир айылда, бир көчөдө чоңоюп, бир мектепте окудум. Горький атындагы мектеп Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү орусча да, кыргызча да окуу-тарбия процессин жүргүзгөн окуу жай эле. Ошол мектептин комсомол комитетинин катчысы Сүйүнтбек аке мен үчүн дайыма бийиктеги булут, баа жеткис үлгү, мен самаган, жүрөгүмдү түрсүлдөткөн умтулууларымдын идеалы болчу. Сүйүнтбек агайыбыз жетектеген комсомолдун бөбөгү пионер катары анын алдында солдат катары тыкыйып туруп калар элек” — деп эскерип жазганы бар. Шакиртинин айрыкча “Мен сөз кылып жаткан адамды эскерүү жаңы муундун балдары үчүн керек. Анткени агай чабылган арык да, саябалуу дарак да боло алды. Демек, андан мөмө да, адамды жыргаткан көлөкө да калды” деген баасы далай устаттын тымызын көксөгөнү, тилегени эмей эмне?!

Сүйүнтбек Шүкүрбаев 1952-жылы 17-майда Үч-Терек айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Кыргызда “Аккан арыктан суу агат” деген жакшы кеп бар, анысыңарындай, анын атасы Шүкүрбаев Абдыбай, апасы Бектеналиева Сатинбүбү өз доорунун активдүү жарандары эле. Экөөнүн өз өрөөнүнө сиңирген өтөлүү эмгегинин айкын далили катары А.Шүкүрбаевдин ысымы Кызыл-Ураан айылындагы клубга, С.Бектеналиеванын ысымы өзү жашаган көчөгө ыйгарылгандыгын айтсак болот. Үч-Терек айылында “Сатинбүбү апа” аталган бала бакча да бар.

СҮЙҮНТБЕК АГАЙДЫН САЯБАЛУУ БАГЫ

Биздин каарманыбыздын жубайы, бир чети кесиптеши Айдың Абдраимованын эсинде жолдошу үйдө да, кызматында да темирдей бекем тартипти талап кылган, улуу-кичүүгө бирдей мамиле жасаган, кол алдында иштеген адамдарды ийгиликке үндөп, ага жетүүсүнө өбөлгө түзө билген иштерман жетекчи, камкор ата катары сакталып калды.

– Кайын атам да, кайын энем да өз заманынын алдыңкы адамдары эле. Экөө тең айыл эле эмес, ошол өрөөндө аты чыккан кадыр-барктуу, билимге умтулган, коомдук иштерге активдүү катышкан инсандардан болгону биз үчүн чексиз сыймык. Абдыбай атабыз алгачкы учкуч болгон, кийин сот жана башка коомдук көптөгөн кызматтарды аткарган. Сатинбүбү энебиз 7-класстан кийин кечки мектепти аяктап, орто билими менен райкомдо аялдар бөлүмүнүн башчысы, райондук керек-жарак коомунун дүкөнчүсү, анын жетекчиси, андан кийин Үч-Терек айылдык кеңешинин төрайымы, Жетиген айылынын башкармасы, бир нече жолу райондук, айылдык кеңештердин депутаты болгон. Ошондон болсо керек, балдары, неберелеринин жогорку билимдүү болушуна кам көргөн. Жолдошум экөөбүз баш кошкондо “Сен да окуп билим ал, сен өмүрлүк жарың менен тең катарда жүрүшүң керек” — деп балдарыбызды багып, мени окууга жөнөткөнүн эч унутпайм.
Сүйүнтбек экөөбүз билим берүү тармагында алдыңкы катардан калбай иштеп келгенибизге апабыздын салымы аябай чоң. Айрыкча, жолдошумдун кызматындагы ийгиликтерине тыкыр көз салып, кеп-кеңештерин айтып турар эле”, — деп эскерет.

СҮЙҮНТБЕК АГАЙДЫН САЯБАЛУУ БАГЫ

С.Шүкүрбаевдин өтөлгөлүү өмүр жолун кийинки муундарга үлгү катары бааласак, аша чапкандык болбос. 1973-жылы Ош педагогикалык институтун аяктагандан тарта мектеп турмушуна баш-оту менен киришкен, мектеп менен ооруп, мектеп менен айыккан, мектеп менен жаны бирге адам эле. Өзү жетектеген эмгек жамааттарынын ынтымагын бекем кармап, “Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн” деген девиз менен биримдикти туу туткан жетекчи болгон. Айрыкча, заман аңтар-теңтер болгон токсонунчу жылдарда бир да мугалимдин ишин таштап башка жакка кетүүсүнө жол берген эмес деп эскеришет кесиптештери. Мугалимдерди жыл мугалими сынактарына байма-бай катыштырып такшалтса, өзү да мыкты директор сынагына катышып, үлгү болуп, айткан акыл-насааттарын иш жүзүндө далилдеп турган.

Табиятынан сергек, зээндүү, бала кезинен элдик оозеки чыгармачылыкты туу тутуп, комузда кол ойнотуп, ыр жазып, өзү да обон созуп ырдап жибермейи бар Сүйүнтбек агай чыгармачылык кечелердин, драмалык ийримдердин жаны эле деп эскерет шакирти.

– Агай өзү уюштурган драмалык сахна оюндарынын кейипкерлерин К.Жантөшевдин “Каныбек” романынан, Т.Абдымомуновдун пьесаларынан, Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинен жана башка кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан алып, сахнанын жүгүн көтөрө тургандай кылып жөнөкөйлөштүрүп, көрүүчүлөргө жеткиликтүү тартуулачу. Өзгөчө анын орус тилчи агайлардын жардамы менен “Бир мужиктин эки генералды кантип тойгузгандыгы” жөнүндөгү жомогунун негизинде коюлган инсценировкасына окуучулар эле эмес, айылдаштарынын баары боору эзилгенче күлгөнү эсимде. Роль аткаруу үчүн балдарды атайын конкурстун негизинде тандап алчу, балким ошондон улам көрүүчүлөргө өтө таасирдүү болсо керек” — деп жазат шакирти Анарбек Кыдыршаев.

Сүйүнтбек агай эмгектенген Кызыл-Ураан мектеби ар кандай даталарга арналган кароо-сынактарда көп жыл бою биринчи орунду колдон чыгарбай келгенин жердештери сыймыктануу менен айтышат. Анын мына ушундай чыгармачылык көрөңгөсү окуу-тарбия ишиндеги салттуу элдик педагогиканын тереңдешине, педагогикалык кызматташуунун зор мүмкүнчүлүктөрүн мектепте пайдалануусуна шарт түзгөн. Натыйжада, окуучулардын билим сапаты, коомдук иштерге активдүүлүгү жагынан алдыңкы орунду бербей келген.

Ал кайсы мектепке жетекчи болуп барбасын, биринчи кезекте мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кошумча кааналарды ачууга, мектепти мыкты кадрлар менен толуктоого жана класстарды мезгил талабына ылайык жасалгалоого басым жасаган. Ушунун баары анын бийик акыл парасаты, уюштуруучулук жөндөмүн жана көсөм жетекчилик сапатын айгинелеп турат. Айрыкча, мектептин айланасын жашылдандыруу анын дилгирленип чын ыкласынан жасаган иштеринен эле. Ал тиктирген бак азыр дүпүйгөн паркка айланып, айылдаштарынын сүйүктүү жайы болуп калды. Мектепте тарых музейин уюштуруп, айылдын мыкты инсандарынын өмүр баяны чагылдырылып, окуучулар эски муундун тарыхы менен тереңирээк таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн. Табиятынан адилеттүү, чындыкты туу туткан, жаратман эмгекти кадырлай билген Сүйүнтбек агайды кесиптештери, жердештери “Биздин Сүйүнтбек агайыбыз” деп ушул убакка чейин терең ызааттоо менен эскерип келишет.

Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан анын уюштуруучулук жөндөмү, жетекчилик таланты жогору бааланып, 1986-жылы райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы болуп шайланган. Кесиптештеринин ден соолугу, маданияты, спорт тармагы жана башкалар ар дайым анын көңүлүнүн түпкүрүндө болгон.

Ал жеке эле билим берүү майданында алдыңкы жоокер болбостон, коомдук иштерге да активдүү катышып, бир нече жолу айылдык кеңештин депутаты болгон. Агайдын кадрлар менен иштөө, алардын ички мүмкүнчүлүктөрүн көрө билүү, көтөрмөлөө, устат катары өзүнө шакирттерди даярдай билүү сапаттары өзгөчө баса белгилөөгө татыйт. Ал тарбиялап-өстүргөн О.Мамытов, Ж.Бешкемпиров, М.Нактаев, О.Калдарбаев, Ч.Сатыбалдиев, Б.Термечиков, А.Үтүров сыяктуу шакирттери өзүнө окшоп директорлук кызматты аркалап, устатынын ак эмгегин актай алды.

СҮЙҮНТБЕК АГАЙДЫН САЯБАЛУУ БАГЫ

Республикалык деңгээлдеги саясий-коомдук иштерде эмгектенген инсандар да Сүйүнтбек агайдын мектебинен өткөнү маалым. Алсак, О.Артыкбаев, П.Жумагулов, К.Шүкүрбаев, К.Кадыралиев ж.б. агайдын мектебинен өсүп чыккан кадрлары.

Сүйүнтбек Шүкүрбаев кыргыз классикалык адабиятын, поэзиясын терең түшүнө билчү жана аналитикалык терең ой жүгүртүп, өзүнүн аңгемелерин, лирикалык ырларын, сатиралык жанрды колдонуп, көптөгөн чыгармаларды жаратты. Поэзияда көптөгөн одаларды, балладаларды, жолдоштук шарждарды жазып, алар мезгилдик басма сөз беттеринде байма-бай жарыяланып турган. Анын ырларына жаралган обондор көптөгөн угармандардын көңүлүнөн орун тапты. Кесиптештеринин баамында адабиятта өзүн күйөрман эле эмес, сырдаш, дос катары сезер эле. Айрыкча, А.Осмоновдун, Ж.Бөкөнбаевдин, Р.Шүкүрбековдун, М.Алыбаевдин, Б.Сарногоевдин, О.Султановдун ж.б. акындардын ырларынан жатка айтып, отуруштун көркүн ачар эле.

Ден соолугунан жабыркап, жабышкан дарт менен алышып жүргөн өмүрүнүн акыркы мезгилинде “Айылым – айтып бүткүс тарыхым” деген китеп жазып жарыкка чыгарган.

Эки педагогдун таалим-тарбиясын алып чоңойгон беш баласы учурда канат бутак жайып, очор-бачарлуу. Дээрлик баары педагогикалык кесиптен алыс экенине карабай, баары тең чыгармачылыкка жакын. Айрыкча тун кызы Махабат Шүкүрбаева ыр жазууга көбүрөөк ыктап калат. 2007-жылы аска зоодой атасын жоготкондо “Кызымын ошол атанын” деген ыр чыгарган.

Сүйүүдөн тапкан сүйүнүп күткөн атанын,

Сүйүктүү кызы, кызымын ошол атанын.

Чачымдан сылап, эркелеп жүрүп чоңойгон,

Ай чолпон кызы, ардагы элем атамдын.

Айылга барсам, атакем көзгө элестеп,

Мончоктоп кулап, жүзүмдү жууп жаштарым.

Алдымдан тоспойт, сүйүнүп кызым келди деп,

Бозоргон бейит, чым баскан жерде жатканың…

Айылдын ата, ардактуу агайы элең,

Азыр да сизди сыймыктап баары баркташат.

Артыңда калды элиңе кылган эмгегиң,

Даңаза менен дагы эле сизди даңкташат.

Руханий дөөлөтү, инсандык парасаты бийик, көрөңгөсү терең нукура интеллигент адам жөнүндө кандай айтсаң да жарашып, анын өзү, сөзү канча мезгил өтсө да көөнөрбөс табериктей унутулбайт тура.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер